Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1996-жылдын 26-июну № 23
Эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди, стипендияларды жана башка социалдык төлөөлөрдү өз убагында берүүнү камсыз кылуу жөнүндө
(КР 2011-жылдын 19-июлундагы № 113, 2015-жылдын 18-декабрындагы № 227, 2023-жылдын 9-мартындагы № 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Бул Мыйзам белгиленген социалдык төлөөлөрдү толук көлөмдө алууга болгон граждандардын укуктарын камсыз кылуунун механизмин жана менчигинин жана чарба жүргүзүшүнүн түрүнө карабастан, бардык ишканалар, мекемелер жана уюмдары тарабынан эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди, стипендияларды жана башка социалдык төлөөлөрдү төлөп берүүнүн мөөнөттөрүн бузууда күнөөкөрлөрдүн жоопкерчилигин Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Эмгекти Эл аралык уюштуруу Конвенциясына ылайык аныктайт.
(КР 2023-жылдын 9-мартындагы № 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-статья.
Эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди, стипендияларды жана башка социалдык төлөөлөрдү төлөп берүүнү кечиктирүүгө жол берилбейт. Каражаттардын жоктугу эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди, стипендияларды жана башка социалдык төлөөлөрдү мөөнөтүндө жана толук көлөмдө төлөп берүү үчүн жоопкерчиликтен бошотпойт.
(КР 2023-жылдын 9-мартындагы N 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-статья.
Эмгек акы, пенсиялар, пособиелер, стипендиялар жана башка социалдык төлөөлөр Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы менен гана төлөнөт.
(КР 2023-жылдын 9-мартындагы N 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-статья.
Ишканалар тарабынан эмгек келишимине ылайык эмгек акыны жана башка социалдык төлөөлөрдү, ошондой эле компенсацияларды, пособиелерди жана стипендияларды төлөп берүүнүн мөөнөттөрү жамааттык келишимдерде, макулдашууларда жана контракттарда айына кеминде бир жолу белгиленет.
(КР 2023-жылдын 9-мартындагы № 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-статья.
Пенсияларды жана пособиелерди төлөө мөөнөттөрү төлөп берүүнү жүзөгө ашырган ишканалар менен социалдык жана пенсиялык камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардын же мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун (мындан ары - фонддор) ортосундагы келишимдерде белгиленет (айына кеминде бир жолу).
(КР 2011-жылдын 19-июлундагы № 113 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
5-статья.
Эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди, стипендияларды жана башка социалдык төлөмдөрдү берүүнү беш күндөн ашык кечиктирүүдө күнөөлүү болгон мамлекеттик башкаруу органдары, ишканалар жана жумуш берүүчүлөр аларды алуучуларга инфляциянын официалдуу белгиленген деңгээлин эске алуу менен төлөп беришет, ошондой эле ар-бир кечиктирилген күч үчүн төлөнө элек сумманын 0,15 проценти өлчөмүндө үстөк төлөшөт.
Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн үстөктүн жалпы суммасы карыздын негизги суммасынын 200 процентинен ашуусу мүмкүн эмес. Үстөктүн эң жогорку суммасынын ушул чектөөсү мамлекеттик башкаруу органдары, ишканалар жана жумуш берүүчүлөр тарабынан эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди, стипендияларды жана башка социалдык төлөмдөрдү төлөп берүүнүн мөөнөтү өтүп кеткен учурдан тарта мезгилге карата жана кызматкер тарабынан жумуш берүүчүгө карыздын мөөнөтү өтүп кеткен суммасын төлөп берүү тууралуу жазуу жүзүндө талап койгонго чейин гана колдонулат. Кызматкер мамлекеттик башкаруу органдарына, ишканаларга жана жумуш берүүчүлөргө карыздын мөөнөтү өтүп кеткен суммасын төлөп берүү тууралуу талап койгондон кийин үстөктүн эң жогорку суммасынын чектөөсү колдонулбайт жана ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн үстөк иш жүзүндө эсептешүү күнүнө чейин кошуп эсептелет.
(КР 2015-жылдын 18-декабрындагы № 227, 2023-жылдын 9-мартындагы № 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
6-статья.
Банк мекемелеринде эсептик жана агымдагы эсептерди ачууда банк мекемелери менен ишканалардын ортосунда эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди, стипендияларды жана башка социалдык төлөөлөрдү төлөп берүү үчүн накталай акча берүүнүн мөөнөттөрүн жана алардын аткарылышы үчүн тараптардын жоопкерчилигин көрсөтүү менен кассалык-эсептешүү боюнча тейлөөгө келишим түзүлүүгө тийиш.
Банктын эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди, стипендияларды жана башка социалдык төлөөлөрдү накталай акчалар менен ишкана тарабынан белгиленген мөөнөттө төлөп берүү милдеттенмелери боюнча тейлөөнү келишимге киргизүүдөн баш тартуусу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке, анын ичинде банк операцияларын жүзөгө ашырууга болгон лицензиясынан ажыратууга кириптер кылат.
Эгерде келишимде башкача каралбаса, кардарлардын эсептеринде каражаттар болгон учурда эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди, стипендияларды жана башка социалдык төлөөлөрдү төлөп берүүгө накталай акчаларды келишимде белгиленген тейлөө күнүндө берүүдөн банк баш тартканда жана кардар фонддор менен толук эсептешүү жүргүзгөндөн банк ишкананын тарткан зыяндарын банктык эки күндөн кийин, Мыйзамдын 5-статьясында каралгандай компенсациялайт.
(КР 2023-жылдын 9-мартындагы № 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-статья.
Пенсияларды жана пособиелерди, пособиелерди, стипендияларды жана башка социалдык төлөөлөрдү төлөп берүүнү кечиктирүүдө күнөөлүү болгон фонддор, социалдык камсыздоо органдары жана байланыш мекемелери, банктар банктык эки күндөн кийин социалдык камсыздандыруу боюнча чыгымдарды жана ишканалар тарткан зыяндарды алар төлөгөн суммалардын өлчөмүндө компенсациялайт.
(КР 2023-жылдын 9-мартындагы № 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
8-статья.
Өз убагында финансылоону ачпаган финансы органдары, мамлекеттик бюджеттен финансылануучу ишканаларга, мекемелерге каражаттарды өз убагында которууну кечиктирген жогору турган уюмдар алардын тарткан зыяндарын алар төлөгөн сумманын өлчөмүндө компенсациялайт.
9-статья.
Ишканалар фондуларга каражат которууну жамааттык келишимдерде, макулдашууларда, контракттарда белгиленген эмгек акы бериле турган күнү жүргүзүүгө милдеттүү.
Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн мөөнөттөр бузулган учурда ишканалар фондулардын ушул Мыйзамдын 5-статьясында каралган зыяндарын төлөп берет. Зыяндарды эсептөө жана төлөп берүү талашсыз тартипте тиешелүү бухгалтериялар аркылуу жүргүзүлөт.
10-статья.
Социалдык жана пенсиялык камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда пенсияларды, пособиелерди, стипендияларды жана башка социалдык төлөөлөрдү төлөөгө каражаттардын жетишсиздиги республикалык бюджеттин каражаттарынан толтурулат.
(КР 2011-жылдын 19-июлундагы № 113, 2023-жылдын 9-мартындагы № 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
11-статья.
Эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди, стипендияларды жана башка төлөөлөрдү өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн күнөөлүү болгон жана аларды инфляциянын официалдуу белгиленген деңгээлин эсепке албастан төлөп берген, ошондой эле үстөктөрдүн ордун толтурбаган кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
(КР 2023-жылдын 9-мартындагы № 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
12-статья.
Бул Мыйзам жарыялангандан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Акаев |