Загрузка документа…
КР 2023-жылдын 22-майындагы № 104 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 26-июлу № 132
"Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., № 9, 322-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 17-статьянын 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Максималдык салмак-габариттик параметрлер боюнча талаптарды сактаган жол кыймылынын катышуучулары, жалпы пайдалануудагы бардык автомобиль жолдору боюнча, ошондой эле жалпы пайдалануу үчүн ачык болгон ведомстволук, менчик жана муниципалдык автомобиль жолдору боюнча өтүүгө укуктуу."".
2. 18-статьяда:
5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча максималдык өлчөмдөрү, массасы, октук жүк көтөрүмдүүлүгү жана башка линиялык параметрлери боюнча белгиленген ченемдерден ашпаган транспорт каражаттарына, өзү жүрүүчү машиналарга жана механизмдерге өтүүгө уруксат берилет.";
статья төмөнкүдөй мазмундагы 6 жана 7-бөлүктөр менен толукталсын:
"Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүрүүгө уруксат берилген транспорт каражаттарынын максималдык өлчөмдөрү, башка линиялык параметрлери жана октук жүк көтөрүмдүүлүгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча транспорттук каражаттарды өткөрүүнүн жана алардын максималдык өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин таразага тартуу жана өлчөө үчүн жыйымдарды алуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.".
3. 19-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"19-статья. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча атайын
жана бөлүнгүс жүктүү транспорт каражаттарын өткөрүүнүн
тартиби
Автомобиль жолдорунан атайын жана бөлүнгүс жүктүү транспорт каражаттарынын өтүүсүнө Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин атайын уруксаты болгон учурда гана жол берилет.
Атайын жана бөлүнгүс жүктүү транспорт каражаттарынын кыймылынын маршруттары жол кыймылынын коопсуздугу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу боюнча Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.
Атайын жана бөлүнгүс жүктүү транспорт каражаттарынын өткөндүгү үчүн бул каражаттардын ээлеринен Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жол органдары тарабынан атайын жыйым алынат, анын максаттуу багыты болот жана автомобиль жолдорун пайдалануучуларды келтирилген материалдык зыяндын ордун жабуудан бошотпойт.
Атайын жана бөлүнгүс жүктүү транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн жыйымдарды алуу жана бөлүштүрүү тартиби, ошондой эле жыйымдардын өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.".
4. Мыйзамдын бардык тексти боюнча "Кыргыз Республикасынын ИИМ Мамлекеттик автомобиль инспекциясы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдө турган "Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
"Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча оор салмактуу жана ири габариттүү транспорт каражаттарын өткөргөндүк үчүн жыйымдарды алуунун жана бөлүштүрүүнүн тартибин жана Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча оор салмактуу жана ири габариттүү транспорт каражаттарын өткөргөндүк үчүн жыйымдардын өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2006-жылдын 2-июнундагы № 1025-III токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |