Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 22-майы № 104
Автомобиль жолдору жөнүндө
(КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 177 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам автомобиль жолдорунун тармагын өнүктүрүү, автомобиль жолдорунун курулушун, сакталышын камсыздоого жана техникалык деңгээлин жана эксплуатациялык абалын жакшыртууга багытталган жол ишин жүзөгө ашыруу максатында автомобиль жолдорун башкаруунун жана пайдалануунун укуктук, экономикалык жана уюштуруу негиздерин аныктайт.
Ушул Мыйзамдын колдонулушу менчигинин түрүнө жана маанисине карабастан Кыргыз Республикасынын бардык автомобиль жолдоруна, ошондой эле аларды бардык пайдалануучуларга жайылтылат.
2-берене. Ушул Мыйзамдын максаттары
Ушул Мыйзамдын максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) жол ишин жүзөгө ашыруунун негиздерин белгилөө жана автомобиль жолдорун долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо, оңдоо жана күтүү жана аларды пайдалануу жаатындагы мамилелерди жөнгө салуу;
2) автомобиль жолдорун мамлекеттик саясатка ылайык оңдоону жана күтүүнү камсыз кылуу;
3) Кыргыз Республикасын коргоо жана экономикасын өнүктүрүү кызыкчылыктарына ылайык автомобиль жолдорунун коопсуздугун жана өнүктүрүүнү камсыздоо, алардын техникалык абалын жакшыртуу;
4) автомобиль жолдорун өнүктүрүүнү мамлекеттик пландоо;
5) жол ишине жаңы технологияларды жана стандарттарды киргизүүгө көмөктөшүү;
6) жол ишинде инвестициялык жагдайды жакшыртуу;
7) жумуштар жана (же) кызмат көрсөтүүлөр рыногунда натыйжалуу жана таза атаандаштыкты камсыздоо;
8) Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорунун бирдиктүү тармагын түзүүнү камсыздоо;
9) эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү жана автомобиль жолдору тармагын карым-катыш жолдорунун эл аралык системасына интеграциялоого көмөктөшүү.
3-берене. Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдору жөнүндө мыйзамдары
1. Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдору жөнүндө мыйзамдары ушул Мыйзамдан, ага ылайык кабыл алынуучу башка ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.
2. Муниципалдык жолдорду, ошондой эле ведомстволук жана жеке менчик жолдорду ошол жолдордун менчик ээлеринин кызыкчылыктарында гана пайдалануу менен байланышкан иш, эгерде бул ушул Мыйзамга каршы келбесе, башка ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынышы мүмкүн.
3. Мамлекеттик органдардын, мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз компетенцияларынын чегинде алардын карамагында турган автомобиль жолдорун пайдалануу маселелери боюнча кабыл алынган чечимдери ушул Мыйзамдын талаптарын жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоонун жана жол ишин жүргүзүүнүн укуктук негиздерин жөнгө салуучу жоболорду бузууга тийиш эмес.
4-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) автомобиль жолу - транспорт каражаттарынын ченемдик укуктук актылар менен аныкталуучу белгиленген ылдамдыктар, жүктөр жана габариттер менен коопсуз жана ыңгайлуу жүрүүсүн камсыз кылууга арналган жана өзүнө автомобиль жолунун бөлүнгөн тилкесинин жана жол жээгиндеги тилкесинин (транспорт жерлеринин) чектериндеги жер участокторун, алардын үстүндө же алардын астында жайгашкан конструкциялык элементтерди (жол полотносу, жол каттамы жана ушул сыяктуу элементтер), анын технологиялык бөлүгү болуп саналган жол курулмаларын жана алардын үстүндөгү аба мейкиндигин камтыган транспорттук инфратүзүм объекти;
2) транспорт каражаттарын салмак жана габариттик контролдоонун автоматтык пункту - автомобиль жолунун участогунда жайгашкан, транспорт каражатынын салмак жана габариттик параметрлерин автоматтык режимде өлчөөнү камсыздаган жабдуулардын комплекси. Бул комплекстин курамына ошондой эле фото жана кино тартуу, видео жазуу функциялары бар, автоматтык режимде иштөөчү атайын техникалык каражаттар же фото жана кино тартуу, видео жазуу каражаттары кирет;
3) автомобиль жолдорунун менчик ээлери - менчик укугунда жана (же) башка мүлктүк укуктарда автомобиль жолдоруна ээлик кылган мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жеке же юридикалык жактар;
4) кепилдик мөөнөтү - автомобиль жолунун участогун куруу, реконструкциялоо жана оңдоо боюнча жумуштарды аткарган подрядчы заказчыга мындай жумуштардын сапатынын автомобиль жолун эксплуатациялоо эрежелерин сактоо шартында коюлуучу талаптарга шайкештигине кепилдик берген убакыт аралыгы;
5) жол активдери - иш жүзүндөгү транспорттук-эксплуатациялык абалын жана нарктык баасын эске алуу менен автомобиль жолдору жана алардагы курулмалар;
6) жол органдары - жол ишин башкаруу функцияларын ишке ашырууга ыйгарым укуктуу, өз балансында автомобиль жолдорун күткөн жана бир эле учурда аларды өнүктүрүүнү, оңдоону жана күтүүнү камсыздоочу ишканалар жана уюмдар;
7) жол иши - автомобиль жолдорун түзүү жана пайдалануу, автомобиль жолдорун изилдөө, долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо, оңдоо жана күтүү боюнча иш;
8) жол курулмалары - жолдун конструкциялык элементтери болуп саналган Курулмалар, жасалма курулмалар (көпүрөлөр, жол өткөөлдөрү, эстакадалар, түтүктөр, тоннелдер), коргоочу курулмалар (кардан коргоочу токой тилкелери, кардан туруктуу коргоочу дубалдар, ызы-чуудан коргоочу орнотмолор, жолдорду кар көчкүлөрдөн жана жер көчкүлөрдөн коргоо үчүн түзүлүштөр), жолдорду ыңгайлаштыруу элементтери (жүргүнчүлөр үчүн токтотуучу жана түшүүчү аянтчалар жана павильондор), эс алуу аянтчалары, автомобилдердин токтоосу жана токтоп туруусу үчүн атайын аянтчалар;
9) жол консультациялык кызмат көрсөтүүлөрү - автомобиль жолдорун курууда, реконструкциялоодо, капиталдык, арадагы оңдоодо туруктуу техникалык көзөмөл жүргүзүү жана жол жумуштарын жүргүзүүнү уюштуруу жана технологиялары боюнча подрядчы аткарууга милдеттүү болгон сунуштамаларды иштеп чыгуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр;
10) жол активдерин башкаруунун бирдиктүү маалымат системасы - транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жолдордун жана курулмалардын транспорттук-эксплуатациялык абалы жөнүндө, автомобиль жолдорунун транспорттук-эксплуатациялык абалы; автомобиль жолдорунун диагностикасы; транспорттук агымдардын мүнөздөмөлөрү жөнүндө маалыматты, ал эми зарыл болгон учурда оңдоо иш-чараларына болгон керектөөнү аныктоо, ошондой эле автомобиль жолун андан ары эксплуатациялоо процессинде анын абалын баалоо жана болжолдоо үчүн башка маалыматты камтыган автомобиль жолдорун пайдалануучулар үчүн ачык маалымат банкы;
11) заказчы - автомобиль жолу карамагында (балансында) турган мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жеке жана юридикалык жактар;
12) транспорт каражаттарын автоматтык түрдө салмак жана габариттик контролдоо зонасы - жол кыймылын уюштуруунун техникалык каражаттары менен белгиленген жана анын чектеринде транспорт каражаттарын салмак жана габариттик контролдоонун автоматтык пункту орнотулган автомобиль жолунун участогу;
13) инженер-консультант - жол консультациялык кызматтарын көрсөтүүчү (туруктуу техникалык көзөмөл) жана подрядчынын түзүмдүк бөлүмү болуп саналбаган жеке жана юридикалык жак;
14) ири габариттүү транспорт каражаты - өлчөмдөрү жүк менен же жүксүз бийиктиги, туурасы жана узундугу боюнча жол берилген сандардан ашкан транспорт каражаты;
14-1) Автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын куруунун, реконструкциялоонун, оңдоонун сметалык паркын эсептөө методикасы - жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана негизги материалдардын рыноктук наркына мониторинг жүргүзүүгө негизделген эрежелердин жана жол-жоболордун жыйындысы;";
15) бөлүнбөс жүк - автомобиль жолу боюнча ташуу учурунда керектөөчүлүк касиеттерин жоготуусуз же аны бузуу тобокелдигисиз эки же андан көп бөлүккө бөлүнбөй турган жүк. Ири габариттүү транспорт каражаты менен ташууда габарити (габариттери) боюнча бөлүнбөс болуп саналган, ага мындай жүктү жүктөөдө транспорт каражатынын жол берилүүчү габариттеринен аша турган (ашык) жүк бөлүнбөс деп эсептелет;
16) жол сервис объекттери - бөлүнгөн тилкенин чектеринде жайгашкан жана жол кыймылынын катышуучуларын тейлөөгө арналган имараттар менен курулмалар (автобустардын токтоочу пункттары, анын ичинде павильондор менен, транспорт каражаттарынын кыска мөөнөткө токтоосу үчүн аянтчалар, транспорт каражаттарын токтотуучу жайлары бар эс алуу аянтчалары, авариялык-чакыруу байланыш түзүлүштөрү, электр транспорту үчүн электр менен заряддоо комплекстери жана заряддоо станциялары жана башка курулмалар);
17) жол жээгиндеги сервис объекттери - жол жээгиндеги тилкеде жайгашкан жана бараткан жолдо жол кыймылынын катышуучуларын тейлөөгө арналган имараттар жана курулмалар (мотелдер, мейманканалар, кемпингдер, техникалык тейлөө станциялары, автомай куюучу станциялар, электр транспорту үчүн электр менен заряддоо комплекстери жана заряддоо станциялары, электр байланыш операторунун инженердик-техникалык инфратүзүм объекттери, тамактануу, соода, байланыш, медициналык жардам, транспорт каражаттарын жуу пункттары, жарнама каражаттары жана башка курулмалар);
18) автомобиль жолдорунун сакталышын камсыз кылуу - Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорун пайдалануу жаатындагы мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде белгиленген талаптарды автомобиль жолдорунун ээлери (автомобиль жолдорун оңдоо жана күтүү бөлүгүндө), автомобиль жолдорун пайдалануучулар (автомобиль жолдорун пайдалануу бөлүгүндө), кызмат адамдары, юридикалык жана жеке жактар (автомобиль жолдорунун бөлүнгөн тилкесин жана (же) жол жээгиндеги тилкесин пайдалануу бөлүгүндө) тарабынан сактоону камсыз кылууга багытталган иш-чаралардын комплекси;
19) жалпы пайдалануудагы жолду кайтаруу - автомобиль жолунда кандай болбосун мыйзамсыз иштин алдын алуу, укук бузууну кароо жол-жобосун козгоо, ошондой эле транспорт каражаттарынын салмак-габариттик параметрлерин контролдоо үчүн зарыл болгон чаралардын комплекси;
20) акы төлөнүүчү автомобиль жолу - ушул Мыйзамга ылайык акы төлөнүүчү негизде пайдаланылуучу автомобиль жолу;
21) автомобиль жолдорун пайдалануучулар - жол кыймылынын катышуучулары болуп саналган, ошондой эле автомобиль жолдорунун жерлеринин чектеринде иш жүргүзгөн юридикалык жана жеке жактар;
22) автомобиль жолдорун пайдалануу - жол кыймылын камсыздоо максатында юридикалык жана жеке жактардын иши, анын ичинде автомобиль менен жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташуу, ошондой эле автомобиль жолдорунун жерлеринин чектеринде башка ишти жүргүзүү;
23) бөлүнгөн тилке - автомобиль жолунун тиешелүү конструкциялык элементтерин жана инженердик курулмаларын, ошондой эле аларды эксплуатациялоо үчүн зарыл имараттарды, курулмаларды, коргоочу жана декоративдүү токой тилкелерин жана түзүлүштөрдү жайгаштырууга арналган жер участоктору;
24) подрядчы - автомобиль жолдорун куруу, реконструкциялоо, оңдоо жана күтүү боюнча жол жумуштарын жүргүзүүгө заказчы менен келишим түзгөн, менчигинин түрүнө карабастан жеке же юридикалык жак;
25) туруктуу техникалык көзөмөл - автомобиль жолдорун курууда, реконструкциялоодо, капиталдык, арадагы оңдоодо жол жумуштарын жүргүзүүнү уюштуруу жана технологиясы боюнча подрядчы аткарууга милдеттүү болгон сунуштамаларды иштеп чыгуу боюнча жол консультациялык кызмат көрсөтүүлөрү;
26) жол жээгиндеги тилке - автомобиль жолунун бөлүнгөн тилкесине эки тараптан тең жанаша болгон жана алардын чектеринде жол кыймылынын коопсуздугунун талаптарын, ошондой эле автомобиль жолун реконструкциялоо, капиталдык ондоо жана эксплуатациялоо үчүн тийиштүү шарттарды, автомобиль жолун өнүктүрүү келечектерин эске алуу менен анын сакталышын камсыздоо максатында аларды пайдалануунун өзгөчө режими белгиленүүчү жер участоктору (транспорт жерлери);
27) жолдон өткөндүгү үчүн акы алуунун программалык-аппараттык комплекси - жолдон өткөндүгү үчүн акы алууга арналган автомобиль жолунун жабдууларынын, программалык камсыздоосунун жана элементтеринин жыйындысы;
28) автомобиль жолун реконструкциялоо - аларды аткарууда автомобиль жолунун, анын участокторунун параметрлери өзгөртүлүүчү, автомобиль жолунун классынын жана (же) категориясынын өзгөрүшүнө алып келүүчү же болбосо автомобиль жолунун бөлүнгөн тилкесинин чектеринин өзгөрүшүнө алып келүүчү жумуштардын комплекси;
29) автомобиль жолун оңдоо - аларды аткарууда автомобиль жолунун ишенимдүүлүгү менен коопсуздугунун конструкциялык жана башка мүнөздөмөлөрү козголбогон, өзүнө учурдагы, арадагы жана капиталдык оңдоолорду камтыган автомобиль жолунун транспорттук-эксплуатациялык мүнөздөмөлөрүн калыбына келтирүү боюнча жумуштардын комплекси;
30) автомобиль жолун күтүү - автомобиль жолун талаптагыдай техникалык абалда кармоо, анын техникалык абалын баалоо боюнча, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун уюштуруу жана камсыздоо боюнча жумуштардын комплекси;
31) автомобиль жолун куруу - автомобиль жолун куруу боюнча технологиялык, инфратүзүмдүк жана башкаруу процесстеринин комплекси;
32) автомобиль жолунун сакталышы - анын эксплуатациялык касиеттерин колдоону жана коопсуз пайдаланууну камсыздоочу техникалык курулма жана мүлктүк комплекс катары автомобиль жолунун бүтүн абалы;
33) оор салмактуу транспорт каражаты - жүгү менен же жүксүз массасы жана (же) огуна жүк келүүсү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленүүчү транспорт каражатынын жол берилген массасынан жана (же) огуна жол берилген жүк келүүдөн ашып кеткен транспорт каражаты;
34) жол активдерин башкаруу - автомобиль жолдорун оңдоого жана күтүүгө бюджеттик чыгымдарды натыйжалуу пландаштырууга багытталган жол активдерин диагностикалоо жана инструменттик текшерүү, ошондой эле жол инфратүзүмүнүн коопсуздугуна мониторинг жүргүзүү боюнча иш;
35) автомобиль жолдорун жабдуу элементтери - курулмалар, аларга жол белгилери, жол тосмолору, светофорлор, жол кыймылын жөнгө салуу үчүн түзүлүштөр, жол кыймылынын эрежелерин, автомобиль жолдорунун сакталышын, ошондой эле жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдоруна келтирилген зыяндын ордун толтуруунун эсебинен Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү, салыктык эмес кирешелер жөнүндө жана автомобиль жолдорун пайдалануу жөнүндө мыйзамдарында каралган автомобиль жолдорун пайдалануу жана акыны чогултуу эрежелерин бузууларды каттоо үчүн фото жана кино тартуу, видео жазуу функциялары бар автоматтык режимде иштөөчү атайын техникалык каражаттар, эс алуучу жерлер, токтоп туруучу пункттар, автомобиль жолдорун жарыктандырууга арналган объекттер, жөө адамдар жүрүүчү жолдор, акы алуу пункттары, транспорт каражаттарынын токтоп туруучу жайлары (парковкалар), автомобиль жолдорун жана жасалма жол курулмаларын кайтарууга арналган курулмалар, тротуарлар, жол кыймылын, анын ичинде анын коопсуздугун камсыздоого арналган башка курулмалар, буга жол сервис объекттери кирбейт;
36) эксперименттик долбоор - даярдоочу заводдордун маалыматтарына жана/же башка өлкөлөрдө мурда ишке ашырылган долбоорлорго негизделген болжолдуу сметалык наркын камтыган, автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын курууда, реконструкциялоодо, оңдоодо жаңы технологияны, жаны материалды же жаны жабдууну колдонуунун сыпаттамасы.
(КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 177 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-глава. Автомобиль жолдору
5-берене. Автомобиль жолдорунун классификациясы
1. Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдору алардын функциялык багытына жараша төмөнкүлөргө бөлүнөт:
1) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдоруна;
2) ведомстволук автомобиль жолдоруна;
3) муниципалдык автомобиль жолдоруна.
2. Менчик укук субъекттери боюнча автомобиль жолдору төмөнкүлөргө бөлүнөт:
1) мамлекеттик менчикте турган автомобиль жолдоруна;
2) муниципалдык менчикте турган автомобиль жолдоруна;
3) юридикалык жана жеке жактардын менчигинде турган автомобиль жолдоруна (жеке менчик автомобиль жолдору).
3. Автомобиль жолдору пайдаланууга уруксат берилген түрүнө жараша жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдоруна жана жалпы пайдалануудагы эмес автомобиль жолдоруна бөлүнөт.
4. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдоруна адамдардын чектелбеген чөйрөсүнүн транспорт каражаттарынын жүрүүсү үчүн арналган жана өлкөнүн социалдык-экономикалык жана коргонуу муктаждыктарын жана калктын муктаждыктарын канааттандыруу үчүн жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташууну камсыздоочу автомобиль жолдору кирет.
5. Жалпы пайдалануудагы эмес автомобиль жолдоруна мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын, жеке жана юридикалык жактардын менчигинде, ээлигинде же пайдалануусунда турган жана алар тарабынан жеке муктаждыктарды камсыздоо үчүн же болбосо мамлекеттик же муниципалдык муктаждыктар үчүн гана пайдаланылуучу автомобиль жолдору кирет.
6. Автомобиль жолдору геометриялык параметрлерине, ошондой эле жол кыймылынын интенсивдүүлүгүнө жараша автомобиль жолдору чөйрөсүндөгү техникалык регламенттерге ылайык классификацияланат. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун классификациялоонун жана номерлөөнүн талаптары жана тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
7. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору, ведомстволук, муниципалдык, жеке менчик автомобиль жолдору транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте мамлекеттик эсепке алынууга тийиш, ал төмөнкүлөрдү карайт:
1) автомобиль жолунун расмий картасын киргизүүнү;
2) ар бир жолдун аталышын, индексациясын жана узундугун көрсөтүү менен автомобиль жолдорунун тизмегин түзүүнү;
3) автомобиль жолунун баланстык наркын өзгөртүүнү жана эскиришин;
4) автомобиль жолунун техникалык паспортун, жол маалыматтарынын банкын, автомобиль жолу ээлеген жерлердин аянттары жөнүндө маалыматты киргизүүнү.
6-берене. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору
1. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору өзүнүн чарбалык жана административдик мааниси боюнча эл аралык, мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги автомобиль жолдоруна бөлүнөт.
2. Эл аралык маанидеги автомобиль жолдоруна көз карандысыз мамлекеттердин борборлорун бириктирген, ошондой эле мамлекеттер аралык макулдашууларга ылайык автомобиль жолдорунун эл аралык тармагына кирген автомобиль жолдору кирет.
3. Мамлекеттик маанидеги автомобиль жолдоруна республиканын административдик, маданий жана өнөр жай борборлорунун ортосундагы, ошондой эле кошуна мамлекеттер менен транспорттук байланышты камсыздоочу жолдор кирет.
4. Жергиликтүү маанидеги автомобиль жолдоруна республиканын жана облустардын административдик борборлорун райондордун административдик борборлору, айылдык калктуу конуштар менен, ошондой эле мамлекеттик маанидеги жолдору бар райондук борборлорду бириктирүүчү автомобиль жолдору кирет.
5. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолунун комплексине ошондой эле бөлүнгөн тилкедеги жана жол жээгиндеги тилкедеги аба мейкиндиги жана жер кыртышы кирет.
6. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору, аларды күтүү жана башкаруу үчүн зарыл болгон инженердик жол курулмалары жана жабдуулар, ошондой эле бөлүнгөн тилкенин жана жол жээгиндеги тилкенин чегиндеги автомобиль жолдорунун жерлери жол мүлкүн түзөт. Жол мүлкүнүн таандыктыгы Кыргыз Республикасынын жарандык жана жер мыйзамдарында белгиленген тартипте алынуучу укук күбөлөндүрүүчү жана укук белгилөөчү документтердин негизинде аныкталат.
7-берене. Ведомстволук автомобиль жолдору
1. Ведомстволук автомобиль жолдоруна жолдордун ээлеринин муктаждыктарын тейлөөчү ички чарбалык, кирүүчү, технологиялык, кызматтык, кайгуулдук автомобиль жолдору кирет.
2. Ведомстволук автомобиль жолдору чарба жүргүзүүгө же оперативдүү башкарууга өткөрүп берилиши мүмкүн.
3. Ведомстволук автомобиль жолдорун өнүктүрүү, оңдоо, күтүү жана сакталышы бул жолдор карамагында турган ведомстволордун каражаттарынын эсебинен камсыздалат.
4. Ведомстволук автомобиль жолдору транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча алардын ээлеринин чечими боюнча жалпы пайдалануу үчүн ачылышы мүмкүн.
8-берене. Жеке менчик автомобиль жолдору
1. Жеке менчик автомобиль жолдоруна юридикалык жана жеке жактар тарабынан курулган, алардын менчиги болуп саналган жана Кыргыз Республикасынын архитектура жана курулуш чөйрөсүндөгү жана автомобиль жолдору жөнүндө мыйзамдарында аныкталган тартипте эксплуатациялоого киргизилген жолдор кирет.
2. Жеке менчик автомобиль жолдору транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча алардын менчик ээлеринин чечими боюнча жалпы пайдалануу үчүн ачылышы мүмкүн.
9-берене. Муниципалдык жолдор
1. Муниципалдык жолдорго калктуу конуштардын чек араларынын чектеринде жайгашкан жана транспорттук байланышты камсыз кылган жана алардын инфратүзүмүнүн курамдык бөлүгү болуп саналган жолдор, көчөлөр, өтмөктөр жана транспорттук жолдор кирет.
2. Муниципалдык жолдор жалпы пайдалануу үчүн ачык болуп саналат, сатылууга тийиш эмес жана жеке менчикке өткөрүп берилбейт.
10-берене. Автомобиль жолдоруна менчик укугу
1. Автомобиль жолдору мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчикте турушу мүмкүн.
2. Мамлекеттин менчигинде турган автомобиль жолдору чарба жүргүзүү же оперативдүү башкаруу укугунда мамлекеттик юридикалык жактарга бекитип берилет.
3. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору республикадагы негизги карым-катыш жолдору болуп саналат жана мамлекеттин менчигинде турат, сатылууга тийиш эмес жана жеке менчикке өткөрүп берилбейт.
4. Ведомстволук автомобиль жолдоруна менчик укугу көрсөтүлгөн жолдор карамагында турган ишканалардын жана уюмдардын менчигинин түрү менен аныкталат.
5. Муниципалдык жолдор жергиликтүү коомдоштуктардын менчиги болуп саналат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ээлигинде, пайдалануусунда, тескөөсүндө болот.
6. Автомобиль жолдоруна менчик укугу жана башка буюмдук укуктар алар мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып келип чыгат.
11-берене. Акы төлөнүүчү автомобиль жолдору
1. Транспорт каражаттарынын кыймылынын жогору ылдамдыктагы жана коопсуз режимин камсыздоочу, анын бардык узундугунда сервистик тейлөөнүн деңгээли жогору болгон автомобиль жолдорунда (участоктор, көпүрөлөр, жол өткөөлдөр) транспорт каражаттарынын жүрүүсү үчүн ушул Мыйзамда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө жана инвестициялар жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте акы алынат (акы төлөнүүчү автомобиль жолдору).
2. Акы төлөнүүчү автомобиль жолдору аркылуу транспорт каражаттарынын жүрүүсү үчүн акы бир эле учурда төмөнкү шарттар сакталганда киргизилиши мүмкүн:
1) транспорттук-эксплуатациялык көрсөткүчтөрдүн Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорунун коопсуздугу жаатындагы техникалык регламентгер жана стандарттар жөнүндө мыйзамдарынын талаптарына шайкештигин камсыздоо;
2) жүрүү убактысын кыскартуу;
3) карама-каршы жана кесилишкен багыттардагы транспорттук агымдардын кыймылынын коопсуздук чараларынын болушу.
3. Автомобиль жолун акы төлөнүүчү негизде пайдалануу жөнүндө чечим төмөнкүлөргө карата кабыл алынат:
1) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолуна - транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан;
2) ведомстволук автомобиль жолуна - ведомстволук автомобиль жолунун менчик ээси тарабынан;
3) жеке менчик автомобиль жолуна - мындай автомобиль жолунун менчик ээси тарабынан;
4) муниципалдык автомобиль жолуна - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан.
4. Автомобиль жолун акы төлөнүүчү негизде пайдалануу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын архитектура жана курулуш чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык акы төлөнүүчү автомобиль жолунун долбоордук документтери бекитилгенден кийин кабыл алынууга тийиш.
5. Автомобиль жолун акы төлөнүүчү негизде пайдалануу жөнүндө чечимде төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
1) альтернативдүү акысыз автомобиль жолунун болушу;
2) автомобиль жолунун баштапкы жана акыркы пункттары;
3) башка автомобиль жолдору менен кесилиштердин жана башка автомобиль жолдоруна туташуулардын тизмеги;
4) автомобиль жолунун техникалык мүнөздөмөлөрү;
5) автомобиль жолунун узундугу;
6) транспорт каражаттарынын жүрүүсү үчүн акынын өлчөмү;
7) жанаша жайгашкан калктуу конуштардын тизмеги;
8) автомобиль жолун акы төлөнүүчү негизде пайдалануунун мөөнөтү.
6. Автомобиль жолун акы төлөнүүчү негизде пайдалануу жөнүндө чечим көрсөтүлгөн чечим кабыл алынган күндөн тартып отуз күндүн ичинде ченемдик укуктук актыларды жана башка расмий маалыматты жарыялоо үчүн каралган тартипте жарыяланууга тийиш.
7. Акы төлөнүүчү автомобиль жолдору мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын, тартылган инвесторлордун каражаттарынын, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк келишимдеринен каражаттардын, жеке же юридикалык жактардын өздүк жана (же) зайымдык каражаттарынын эсебинен түзүлүшү мүмкүн.
8. Жеке же юридикалык жактардын (башкаруучу уюм) жүрүү үчүн акы алуунун программалык-аппараттык комплекстеринин түзүлүшү аркылуу акы төлөнүүчү автомобиль жолдору боюнча транспорт каражаттарынын жүрүүсү үчүн акы алуу, ошондой эле акы төлөнүүчү автомобиль жолун куруу, реконструкциялоо, күтүү жана башкаруу боюнча иш-чаралары акы төлөнүүчү кыймылды уюштуруу болуп саналат.
9. Башкаруучу уюмду тандоо ушул беренеде белгиленген акы төлөнүүчү жолду түзүү каражаттарына жараша Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, инвестициялар жөнүндө жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
10. Акы төлөнүүчү автомобиль жолу боюнча жүрүү башкаруучу уюм менен акы төлөнүүчү автомобиль жолун пайдалануучунун ортосундагы акы төлөнүүчү автомобиль жолун пайдалануу жөнүндө келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат. Акы төлөнүүчү автомобиль жолуна кирүү пунктун кесип өтүү учуру келишим түзүлгөн учур болуп саналат. Башкаруучу уюм менен акы төлөнүүчү автомобиль жолун пайдалануучунун ортосундагы акы төлөнүүчү автомобиль жолун пайдалануу жөнүндө келишим ачык болуп саналат. Келишимди түзүү фактысы жүрүүгө акы төлөнгөндүгү жөнүндө документ менен ырасталат.
11. Акы төлөнүүчү автомобиль жолунун башкаруучу уюму келишим түзүү жагынан акы төлөнүүчү автомобиль жолунун башка пайдалануучуларынын алдында анын бир пайдалануучусуна артыкчылык берүүгө укуксуз. Акы төлөнүүчү автомобиль жолу боюнча жүрүү мүмкүнчүлүгү болгон учурда башкаруучу уюмдун акы төлөнүүчү автомобиль жолунун пайдалануучусу менен келишим түзүүдөн баш тартуусуна жол берилбейт.
12. Акы төлөнүүчү автомобиль жолу боюнча жүрүү үчүн акыны эсептөө методикасы транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
13. Акы төлөнүүчү автомобиль жолдорун эксплуатациялоонун тартиби жана шарттары транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
14. Транспорт каражаттарынын акы төлөнүүчү автомобиль жолдору боюнча жүрүүсү үчүн алынган акы төмөнкүлөр менен байланышкан чыгымдарды каржылоого багытталат:
1) акы төлөнүүчү автомобиль жолдорун (участокторун) оңдоо жана күтүү, транспорт каражаттарынын жүрүүсү үчүн акы алуунун программалык-аппараттык комплексин күтүү менен;
2) транспорт каражаттарынын жүрүүсү үчүн акы алуунун программалык-аппараттык комплекстерин киргизүү жана орнотуу максаттары үчүн тартылган инвестицияларды кайра кайтаруу менен;
3) акы төлөнүүчү автомобиль жолдорун (участокторун) күтүү үчүн жол-эксплуатациялык техниканы сатып алуу жана тейлөө менен;
4) автомобиль жолдорун реконструкциялоо жана куруу үчүн пайдаланылган каражаттарды кайра кайтаруу менен.
15. Жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына акы төлөнүүчү автомобиль жолдорун пайдалануучулардан аларды колдонуу автомобиль транспорту менен жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү эркин ташууну түз же кыйыр түрдө чектеген жыйымдарды жана төлөмдөрдү белгилөөгө тыюу салынат.
12-берене. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуулардын негизинде акы төлөнүүчү автомобиль жолдорун куруу, реконструкциялоо жана пайдалануу
1. Акы төлөнүүчү автомобиль жолдорун куруу, реконструкциялоо жана пайдалануу ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө мыйзамдарына ылайык мамлекеттик-жеке өнөктөштүк тууралуу макулдашуулардын негизинде жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
2. Акы төлөнүүчү автомобиль жолу жагынан мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө мыйзамдарында каралган маанилүү шарттар менен бир эле учурда төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) акы төлөнүүчү автомобиль жолу боюнча транспорт каражаттарынын жүрүүсү үчүн акыны аныктоонун жана өзгөртүүнүн тартибин жана шарттарын, аны алуунун тартибин, анын максималдуу өлчөмүн жана аны индексациялоо тартибин;
2) жол кыймылынын катышуучуларына алар бараткан жолдо акы төлөнүүчү автомобиль жолу бар экендиги жөнүндө, анын узундугу, ал аркылуу транспорт каражаттарынын жүрүүсүнүн наркы тууралуу маалыматты күн мурунтан берүү боюнча жеке өнөктүн милдеттенмесин;
3) жеке өнөк мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуу боюнча, анын ичинде акы төлөнүүчү автомобиль жолунун иштен чыгуу же анын бузулуу тобокелдигин камсыздандыруу боюнча өзүнүн милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылуусунун ыкмаларын;
4) мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуунун колдонулушунун мөөнөтү бүткөндөн кийин акы төлөнүүчү автомобиль жолун мамлекеттик өнөккө өткөрүп берүү тартибин.
3. Акы төлөнүүчү автомобиль жолу жагынан мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө мыйзамдарында жана ушул берененин 2-бөлүгүндө белгиленген олуттуу шарттар менен катар төмөнкүдөй шарттарды камтышы мүмкүн:
1) акы төлөнүүчү автомобиль жолун долбоорлоого, курууга, реконструкциялоого чыгымдардын бир бөлүгүн өзүнө алуу боюнча мамлекеттик өнөктүн милдеттенмелерин;
2) акы төлөнүүчү автомобиль жолунун долбоордук документтерин даярдоонун тартибин жана мөөнөттөрүн;
3) акы төлөнүүчү автомобиль жолун оңдоого жана күтүүгө карата жеке өнөктүн милдеттенмесин;
4) акы төлөнүүчү автомобиль жолунун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн камсыздоого жана пайдалануу режимине талаптарды;
5) пайдалануу процессинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууда белгиленген акы төлөнүүчү автомобиль жолу боюнча транспорт каражаттарынын кыймылынын интенсивдүүлүгүнүн көрсөткүчтөрүнө жетишилбеген учурда макулдашуунун шарттарын өзгөртүү боюнча мамлекеттик өнөктүн милдеттенмелерин;
6) акы төлөнүүчү автомобиль жолун пайдалануудан алынган кирешелердин бир бөлүгүн жеке өнөк мамлекеттик өнөккө которушунун тартибин;
7) жеке өнөктүн мамлекеттик өнөктүн ыйгарым укуктарынын жана функцияларынын бир бөлүгүн жүзөгө ашыруу өткөрүп берилип жаткан орган же уюм менен өз ара аракеттенүүсүнүн тартибин жана шарттарын;
8) мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууну бузуунун негиздерин жана тартибин жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууну мөөнөтүнөн мурда бузууга байланыштуу чыгымдарды компенсациялоо жана жоготуулардын ордун толтуруу боюнча тараптардын милдеттенмелеринин көлөмүн аныктоону;
9) ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына карама-каршы келбеген башка шарттарды.
13-берене. Акы төлөнүүчү автомобиль жолдору боюнча жеңилдиктер менен ЖҮРҮҮ же акы төлөөсүз жүрүү укугу
1. Акы төлөнүүчү автомобиль жолдорун пайдалануу үчүн акы төлөөдөн төмөнкүлөр бошотулат:
1) кызматтык милдеттерди аткаруу учурунда ички иштер, саламаттык сактоо, мамлекеттик чек араны кайтаруу, коргоо, өзгөчө кырдаалдарды жоюу, авариялык-куткаруу кызматтары чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардын атайын автотранспорт каражаттары;
2) жакынкы транспорт түйүндөрүнүн ортосундагы бөлүктөрдүн чектеринде дөңгөлөктүү өзү жүрүүчү айыл чарбалык, мелиорациялык машиналар;
3) бир райондун чегинде жүрүү учурунда акы төлөнүүчү автомобиль жолуна жакын жайгашкан райондордо жашаган, белгиленген тартипте тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында катталган, жеке жана юридикалык жактарга таандык болгон жеңил автомобилдер.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган транспорт каражаттарын кошпогондо, жаңы курулган автомобиль жолдорун пайдалануу үчүн жол жүрүү үчүн акы төлөөдөн бошотуу каралбайт.
14-берене. Акы төлөнүүчү автомобиль жолун пайдаланууну токтотуу жана токтото туруу
1. Акы төлөнүүчү автомобиль жолун пайдаланууну токтотуу акы төлөөнүн негизинде автомобиль жолун пайдалануу жөнүндө чечимде көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндөн кийин, ал эми акы төлөнүүчү автомобиль жолун пайдаланууну мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуунун негизинде токтотуу - мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууда белгиленген учурларда жүзөгө ашырылат.
2. Акы төлөнүүчү автомобиль жолун пайдаланууну токтото туруу согуштук же өзгөчө абал колдонулган мезгилде, экологиялык, табигый же техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал келип чыккан учурда белгилүү бир мөөнөткө жүргүзүлөт.
3. Акы төлөнүүчү автомобиль жолун пайдаланууну токтото туруу жөнүндө чечим жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жагдайлар келип чыккан учурдан тартып кабыл алынат.
4. Акы төлөнүүчү автомобиль жолун мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуунун негизинде пайдаланган учурда акы төлөнүүчү автомобиль жолун пайдаланууну токтото туруу жөнүндө чечим ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жагдайлар келип чыккан учурдан тартып бир сутканын ичинде жеке өнөк тарабынан жүзөгө ашырылат жана көрсөтүлгөн жагдайлар аракетте болгон мөөнөттөн ашпаган мөөнөттүн ичинде колдонулат.
15-берене. Автомобиль жолдорун бир категориядан башкасына которуу
1. Ведомстволук, муниципалдык жана жеке менчик автомобиль жолдорун же алардын участокторун жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун категориясына которуу ведомстволук, муниципалдык жана жеке менчик автомобиль жолдорунун ээлеринин өтүнүчү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен жүзөгө ашырылат.
2. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун же алардын участокторун муниципалдык жолдордун категориясына которуу "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын арызы боюнча транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен жүзөгө ашырылат.
3-глава. Автомобиль жолдорунун жерлери
16-берене. Автомобиль жолдорун жайгаштыруу үчүн жерлерди берүү
1. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун жерлери транспорт жерлеринин курамына кирет жана өзүнө автомобиль жолунун категориясына жараша белгиленген ченемдердин негизинде бөлүнгөн тилкенин жерлерин жана автомобиль жолдорун куруу, реконструкциялоо, ондоо жана күтүү боюнча жумуштарды аткаруу үчүн жол жээгиндеги тилкенин участокторун өзүнө камтыйт жана жол-эксплуатациялоо кызматынын иштөөсүн камсыздоочу имараттар менен курулмаларды, жол жана жол жээгиндеги сервис объекттерин жайгаштырууга, ошондой эле транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол органдарына атайын зоналарды түзүүгө арналган.
2. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун муктаждыктары үчүн жерлер транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга туруктуу жер пайдаланууга берилет, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана ушул Мыйзамда белгиленген тартипте автомобиль жолдорун курууну, реконструкциялоону, ондоону жана башкарууну жүзөгө ашыруучу жеке өнөктөргө - убактылуу жер пайдаланууга берилет.
3. Ведомстволук, жеке менчик жана муниципалдык автомобиль жолдору үчүн жерлер Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында белгиленген тартипте берилет.
4. Транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол уюмдарына ошондой эле автомобиль жолдорун салуу жана пайдалануу үчүн зарыл болгон жерлер туруктуу жана убактылуу пайдаланууга берилиши мүмкүн.
17-берене. Автомобиль жолдорунун жерлерин эксплуатациялоо тартиби
1. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору ээлеген жерлер мамлекеттик менчикке кирет, ажырагыс болуп саналат жана жеке менчикке өткөрүп берилбейт.
2. Автомобиль жолдору ээлеген жерлер Кыргыз Республикасынын жер жана жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик каттоого алынат.
3. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун жерлери транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол органдарынын карамагында турат.
4. Ведомстволук жана жеке менчик автомобиль жолдорунун жерлери алардын менчик ээлеринин карамагында турат.
5. Калктуу конуштардагы муниципалдык автомобиль жолдору ээлеген жерлер тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турат.
6. Автомобиль жолдорунун бөлүнгөн тилкесинин жана жол жээгиндеги тилкесинин жерлери жол жана жол жээгиндеги сервис объекттерин өнүктүрүү, жакшыртуу жана жайгаштыруу үчүн гана колдонулат.
7. Автомобиль жолдорунун жерлерин пайдалануу автомобиль жолдорун куруунун, оңдоонун жана күтүүнүн долбоордук документтеринин, ченемдеринин жана эрежелеринин, жол кыймылынын коопсуздугунун, автомобиль жолдорунун коопсуздугу жаатындагы техникалык регламенттердин талаптарынын жана автомобиль жолдору чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актылардын негизинде аныкталат.
8. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун жерлери (жерлердин участоктору) транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жеке жана юридикалык жактарга ижара келишиминин шарттарында убактылуу жер пайдаланууга берилет.
Бөлүнгөн тилкеде жана жол жээгиндеги тилкеде сервис объекттерин жайгаштыруу жолдордун транспорттук-эксплуатациялык сапаттарынын төмөндөшүнө жол бербөө, транспорт каражаттарынын кыймылынын коопсуздугунун талаптарын сактоо жана курчап турган чөйрөнү коргоо шарттарында ишке ашырылат.
Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун жерлерин ижарага берүү тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
9. Автомобиль жолдорунун бөлүнгөн тилкесинде ошол жерлерди пайдалануунун белгиленген тартибин бузуу менен тургузулган ар кандай конструкциялар, курулмалар жана жайлар мыйзамсыз деп таанылат жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарда белгиленген тартипте автомобиль жолдорунун ээлери тарабынан өзүм билемдик менен курулушту жүзөгө ашырган адамдардын эсебинен бузулууга тийиш.
10. Автомобиль жолдорунун жерлерин өзүм билемдик менен пайдалануу ошол жерлерди мыйзамсыз пайдалануу мезгилинде жүргүзүлгөн өндүрүштүк чыгымдардын ордун толтуруусуз токтотулат.
18-берене. Бөлүнгөн тилке жана жол жээгиндеги тилке
1. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолунун бөлүнгөн тилкесинин өлчөмү анын категориясына жараша белгиленет, атап айтканда:
1) I техникалык категориядагы жолдор үчүн - жолдун огунан 32 метрден;
2) II техникалык категориядагы жолдор үчүн - жолдун огунан 16 метрден;
3) III техникалык категориядагы жолдор үчүн - жолдун огунан 14 метрден;
4) IV техникалык категориядагы жолдор үчүн - жолдун огунан 13 метрден;
5) V техникалык категориядагы жолдор үчүн - жолдун огунан 12 метрден.
2. Жол жээгиндеги тилкелер калктын коопсуздугун камсыз кылуу жана жол кыймылынын коопсуздугунун талаптарын эске алуу менен автомобиль жолдорун эксплуатациялоонун шарттарын түзүү үчүн, ошондой эле аларды реконструкциялоо, оңдоо жана күтүү, жол инфратүзүмүнүн объекттерин өнүктүрүү жана жайгаштыруу келечектерин эске алуу менен сактоо мүмкүнчүлүктөрү үчүн орнотулат.
Калктуу конуштардан сыртынан өткөн участоктордо жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору үчүн жол жээгиндеги тилкенин туурасы бөлүнгөн тилкеден тартып эсептелет жана төмөнкү өлчөмдөрдө белгиленет:
1) I техникалык категориядагы жолдор үчүн - 50 метрден;
2) II техникалык категориядагы жолдор үчүн - 40 метрден;
3) III техникалык категориядагы жолдор үчүн - 20 метрден;
4) IV техникалык категориядагы жолдор үчүн - 10 метрден.
3. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун бөлүнгөн тилкесинде жана жол жээгиндеги тилкесинде жол жана жол жээгиндеги сервис объекттерин өнүктүрүүнүн, жакшыртуунун жана жайгаштыруунун башкы схемасы транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
Жол жана жол жээгиндеги сервис объекттерин жайгаштыруу, куруу жана иштетүү жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү техникалык шарттарга ылайык жүзөгө ашырылат.
4. Калктуу конуштарда жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун бөлүнгөн тилкесиндеги жол жана жол жээгиндеги сервис, ошондой эле электр байланыш операторунун инженердик-техникалык инфратүзүм объекттеринин жарнамасы жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган долбоорго ылайык жол органдары аныктаган жерлерде жайгаштырылышы мүмкүн.
5. Бөлүнгөн тилкенин чектеринде орнотулуучу жарнамалык конструкциялар, башка маалыматтык белгилер жана көрсөткүчтөр техникалык шарттарга же ченемдерге жана стандарттарга ылайык аткарылууга жана орнотулууга тийиш.
6. Жетүү үчүн кирүү жолу талап кылынган жол жана жол жээгиндеги сервис объекттерин жайгаштыруу үчүн жер участокторун берүү жөнүндө чечимдер транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кабыл алынат.
7. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун муниципалдык, ведомстволук жана жеке менчик автомобиль жолдору менен кесилишкен жерлеринде жол жана жол жээгиндеги сервис объекттерин жайгаштыруу автомобиль жолдорунун менчик ээлери менен макулдашуу боюнча жүзөгө ашырылат.
8. Жол жана жол жээгиндеги сервис объекттерине, ошондой эле алардын иштөөсү үчүн зарыл болгон курулмаларга кирүү жолдорун долбоорлоого, курууга, реконструкциялоого, күтүүгө жана оңдоого чыгымдарды алардын ээлери көтөрөт.
19-берене. Автомобиль жолдоруна чектеш участоктордун жер пайдалануучуларынын жана жер ээлеринин милдеттери
Өздөрүнүн аймагы аркылуу автомобиль жолдору өткөн жер ээлери жана жер пайдалануучулар төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) жалпы пайдалануудагы жолго чыгууларды жана ага кирүүлөрдү техникалык жактан оң абалда кармоого;
2) тротуарларды, жөө адамдар үчүн жолдорду таштандыдан, кирден жана кардан тазалоого;
3) бак-дарактарды сактоого жана талаптагыдай өсүшүнө көмөктөшүүгө;
4) жолго жакын тосмолорду жана курулмаларды оң абалда кармоого;
5) таштарды, чырпыктарды жана башка материалдарды жолго 50 метрден жакын жерде жыйноого жол бербөөгө;
6) автомобиль жолдорун пайдалануунун ушул Мыйзамда белгиленген эрежелерин бузууга жол бербөөгө.
20-берене. Топурак карьерлерин, резервдерин жана жергиликтүү курулуш материалдарынын карьерлерин уюштуруу
1. Топурак карьерлерин, резервдерин жана жергиликтүү курулуш материалдарынын карьерлерин (трассанын жээгиндеги карьерлер) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолунун бөлүнгөн тилкесинин чектеринен сырткары жайгаштыруу жолдун долбоору менен жана жергиликтүү мамлекеттик администрация же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча жол органдары тарабынан аныкталат.
2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары автомобиль жолдорун куруу жана оңдоо үчүн карьерлерди жайгаштырууга жер участокторун Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында каралган тартипте берет.
3. Карьерлерди рекультивациялоо жана жерлерди жер пайдалануучуларга берүү Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
4-глава. Автомобиль жолдорун жана жол ишин башкаруу
21-берене. Автомобиль жолдорун башкаруу органдары. Жол органдары
1. Жол ишин мамлекеттик башкаруу төмөнкүлөр аркылуу жүзөгө ашырылат:
1) транспорттук коммуникациялардын бирдиктүү системасына байланган автомобиль жолдорунан турган, Кыргыз Республикасынын калкынын, экономикасынын жана коргонуусунун ташууларга болгон муктаждыктарын камсыздаган республиканын автомобиль жолдорунун тармагын түзүү;
2) үзгүлтүксүз жана коопсуз жол кыймылын камсыздоо үчүн автомобиль жолдорун пайдалануунун жалпы принциптерин белгилөө;
3) жол ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу;
4) автомобиль жолдорун салуу жана пайдалануу боюнча мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоо;
5) автомобиль жолдорунун абалын жана пайдаланылышын мамлекеттик көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруу;
6) жол жумуштарын пландаштырууну жана каржылоону камсыздоо;
7) автомобиль жолдорунун сакталышын камсыздоо.
2. Жол иши төмөнкүдөй принциптердин негизинде жүзөгө ашырылат:
1) жол ишин жүзөгө ашыруу учурунда уюмдардын жана жарандардын укуктарынын теңдиги;
2) автомобиль жолдорунун менчик ээлеринин транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчеттуулугу жана анын контролунда болуусу;
3) автомобиль жолдору жана кыймылдын шарттары жөнүндө маалыматтын жеткиликтүүлүгү;
4) жол жумуштарынын атаандаштыгын жана рыногун өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
5) келишимдик негизде жол жумуштарын жүзөгө ашырып жаткан уюмдар менен өз ара мамилелерди түзүү;
6) подряддык иште бир эле жак заказчынын жана подрядчынын функцияларын айкалыштыруусуна жол бербөө.
3. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун мамлекеттин атынан башкаруу транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат, ал алардын өнүгүшүн, сакталышын, оңдолушун жана күтүлүшүн камсыз кылуучу чарба жүргүзүү же оперативдүү башкаруу укугуна ээ.
4. Ведомстволук жана жеке менчик автомобиль жолдорун башкаруу ошол жолдордун ээлери тарабынан жүзөгө ашырылат.
5. Муниципалдык автомобиль жолдорун башкаруу тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүзөгө ашырылат, алар жолдордун сакталышын, оңдолушун, күтүлүшүн жана өнүгүшүн өз каражаттарынын эсебинен камсыздоого милдеттүү.
6. Башкаруу ишин ушул Мыйзамда, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө жана инвестициялар жөнүндө мыйзамдарында каралган ыкмалар менен жана шарттарда жеке же юридикалык жак жүргүзүшү мүмкүн.
7. Стратегиялык мааниге ээ болгон ведомстволук, жеке менчик жана муниципалдык автомобиль жолдору же алардын участоктору мамлекеттин жана улуттук коопсуздукту камсыздоонун кызыкчылыктарында ошол автомобиль жолдорунун менчик ээлеринин макулдугу менен транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга убактылуу оперативдүү башкарууга өткөрүп берилиши мүмкүн.
8. Транспорттук мааниге ээ болгон жана жолдордун менчик ээлери тейлебеген автомобиль жолу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга оперативдүү башкарууга өткөрүп берилиши мүмкүн.
22-берене. Жол ишин каржылоо
1. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка булактардын, ошондой эле юридикалык жана жеке жактардын каражаттарынын, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө жана инвестициялар жөнүндө мыйзамдарында каралган тартипте жана шарттарда тартылган каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат.
2. Жол кыймылынын коопсуздугунун, айлана-чөйрөнү коргоонун, автомобиль жолдорун сактоону камсыз кылуунун талаптарына таянып жол ишине кезектеги финансылык жылга жана пландалган мезгилге республикалык бюджеттен чыгымдарды түзүү автомобиль жолдорунун транспорттук-эксплуатациялык мүнөздөмөлөрүн техникалык регламенттердин талаптарына ылайык келтирүү зарылдыгын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында аныкталат.
3. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун каржылоого бөлүнгөн каражаттар максаттуу багытка ээ жана жол ишине байланышкан муктаждыктарга чыгымдалат.
4. Ведомстволук, жеке менчик жана муниципалдык автомобиль жолдорун каржылоонун булактары болуп балансында ошол автомобиль жолдору турган ведомстволордун жана жактардын каражаттары саналат.
5. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууда каралган милдеттенмелерди аткаруу үчүн жеке өнөккө өткөрүп берилген автомобиль жолдору жагынан жол ишин каржылоо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө мыйзамдарына жана көрсөтүлгөн макулдашууга ылайык жүзөгө ашырылат.
5-глава. Жол иши
23-берене. Жол ишин пландаштыруу жана болжолдоо
1. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору менен байланышкан жол ишин пландаштыруу жана болжолдоо Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү мамлекеттик пландаштыруунун жана болжолдоонун курамдык бөлүктөрү болуп саналат.
2. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору менен байланышкан жол ишин пландаштыруу жол тармагын өнүктүрүүнүн болжолдорунун негизинде транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
3. Транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү, он жана андан ашык жылдарга автомобиль жолдорун куруунун жана реконструкциялоонун артыкчылыктарын, жолдорду өнүктүрүүнүн жана техникалык тейлөөнүн максаттары менен негизги милдеттерин аныктоочу Автомобиль жолдорун өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгат.
24-берене. Жол ишин жүзөгө ашыруу
1. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору жагынан жол ишин жүзөгө ашырууну транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган камсыздайт.
2. Ведомстволук жана муниципалдык маанидеги автомобиль жолдору, ошондой эле жеке менчик автомобиль жолдору жагынан жол ишин жүзөгө ашыруу алардын менчик ээлери тарабынан камсыздалат.
25-берене. Автомобиль жолдорун долбоорлоо, куруу жана реконструкциялоо
1. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун долбоорлоо, куруу жана реконструкциялоо жол-жоболору жана мөөнөттөрү жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. Кыргыз Республикасынын аймагындагы шаарларды транспорттук пландаштыруу функциялары архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Автомобиль жолдорунун долбоорлору, ошондой эле аларды куруу жана реконструкциялоо долбоорлору жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүгүндө жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен милдеттүү түрдө макулдашылууга тийиш.
3. Автомобиль жолдорун куруу жана реконструкциялоо үчүн иштелип чыккан долбоордук документтер ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык экспертизадан, ал эми жалпы пайдалануудагы колдо болгон автомобиль жолдорун капиталдык жана арадагы оңдоо үчүн документтер - транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген тартипте ведомстволук экспертизадан өтүүгө тийиш.
4. Автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын куруу, реконструкциялоо, оңдоо үчүн иштелип чыккан долбоордук документтер, долбоорлонуп жаткан автомобиль жолунун курулушу жана реконструкциясы үчүн зарыл болгон материалдарга кетүүчү финансылык чыгымдарды, алардын рыноктук баасын, жумуштардын наркын эске алуу менен, ошондой эле долбоорлонуп жаткан автомобиль жолун бойлоп кетүүчү электр байланыш операторунун инженердик-техникалык инфратүзүмүн жайгаштырууну камсыз кылуу боюнча чараларды камтууга тийиш.
Автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын курууда, реконструкциялоодо, оңдоодо алдын ала финансылык чыгымдарды эсептөө методикасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте аныкталат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген учурларда жана тартипте автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын куруу, реконструкциялоо, оңдоо үчүн иштелип чыккан долбоордук документтер эксперименттик долбоорду ишке киргизүү боюнча чараларды, атап айтканда, башка мамлекеттердин тажрыйбасын эске алуу менен автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын курууда, реконструкциялоодо, оңдоодо жаны ыкмаларды, технологияларды жана материалдарды ишке киргизүү боюнча чараларды камтууга тийиш.
4-1. Долбоордук документтерде көрсөтүлгөн, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда экспертизадан өткөн долбоордук чечимдер жана финансылык чыгымдар мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүдө тиешелүү бааларды белгилөө үчүн негиз болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган учурларда гана кайра каралышы мүмкүн.
Автомобиль жолун жана жол курулмаларын куруу, реконструкциялоо, оңдоо келишиминде көрсөтүлгөн нарктын жана долбоордук-сметалык документтерде аныкталган нарктын ортосундагы айырма 5 пайыздан ашпоого тийиш.
5. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун куруу, реконструкциялоо, оңдоо жана күтүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу, аларда акы төлөнүүчү кыймылды уюштуруу, ошондой эле жол жээгиндеги сервис объекттерин өнүктүрүү максатында транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген каржылоонун башка булактарын тартууга жана пайдаланууга укуктуу.
6. Автомобиль жолдорун курууга жана реконструкциялоого кызыкдар болгон юридикалык жана жеке жактар транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен тиешелүү макулдашууну түзгөндөн кийин ушул иш-чараларды каржылоого катыша алат.
7. Автомобиль жолдорун өнүктүрүүнү стратегиялык пландаштырууну, аларды жаңы куруунун жана реконструкциялоонун стратегиялык пландарына киргизүүнүн тартибин жана критерийлерин транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекитет.
8. Республикалык бюджеттен каржылануучу автомобиль жолдорун куруунун жана реконструкциялоонун планы транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
(КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 177 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
26-берене. Автомобиль жолдорун оңдоо жана күтүү
1. Автомобиль жолдорун оңдоо жана күтүү төмөнкүлөр тарабынан камсыздалат:
1) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда - алар карамагында болгон транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ошондой эле жол участокторунда жана жол курулмаларында аларды күтүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу келишиминин негизинде жеке менчик жол-куруу уюмдары тарабынан;
2) ведомстволук жана жеке менчик автомобиль жолдорунда - тиешелүү ведомстволор жана ошол жолдордун ээлери тарабынан;
3) муниципалдык автомобиль жолдорунда - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан.
2. Кыргыз Республикасында жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын оңдоо жана күтүү боюнча жумуштарды пландаштыруунун жана жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
3. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун оңдоо жана күтүү боюнча жумуштарды пландаштыруу жол активдерин башкаруунун бирдиктүү маалыматтык системасын милдеттүү түрдө пайдалануу менен жүзөгө ашырылат. Ушул системага карата негизги талаптар, аны түзүү, өнүктүрүү, эксплуатацияга киргизүү жана эксплуатациядан чыгаруу маселелери транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын электрондук башкаруу жөнүндө мыйзамдарына ылайык белгиленет.
4. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун оңдоого жана күтүүгө ченемдик финансылык чыгымдар транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
5. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун оңдоо жана күтүү боюнча ар жылдык план транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет. Бул планга долбоордук документтери жана финансылык ырастоосу жок объекттерди киргизүүгө тыюу салынат.
6. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана алардагы жасалма курулмаларды оңдоо жана күтүү боюнча жумуштардын классификациясы транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
7. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын күтүү алар боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу келишиминин негизинде жүзөгө ашырылышы мүмкүн, аларга акы аларды күтүү деңгээлине ылайык төлөнөт. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун күтүү тартиби жөнүндө жобо аларды күтүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу келишиминин негизинде автомобиль жолдорунун участокторунун тизмегин, аларды күтүү боюнча жумуштарды аныктоо менен транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
Автомобиль жолдорун күтүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу келишимдери орточо эмгек акынын өлчөмүнүн жана негизги курулуш материалдарына баалардын өзгөрүшүн эске алып, жумуштардын наркын индексациялоону белгилөө менен беш жылдан кем эмес мөөнөткө түзүлөт.
8. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун караган транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол органдары, ведомстволук, жеке менчик жана муниципалдык автомобиль жолдорунун менчик ээлери автомобиль жолдорун жол кыймылынын коопсуздугунун талаптарына жооп берген абалда оңдоого жана күтүүгө, ушул жолдорду жакшыртууну, алардын тармагын өнүктүрүүнү камсыздоого милдеттүү.
9. Автомобиль жолдорунун транспорттук-эксплуатациялык мүнөздөмөлөрүнүн техникалык регламенттердин талаптарына шайкештигин аныктоо максатында автомобиль жолдорунун менчик ээлери автомобиль жолдорунун техникалык абалын транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген тартипте баалоону жүргүзөт.
27-берене. Жол ишин жүзөгө ашырууга контролду камсыздоо. Техникалык жөнгө салуу обьекттерине карата коопсуздук талаптары
1. Автомобиль жолдорунун жогорку транспорттук-эксплуатациялык көрсөткүчтөрүнө (ылдамдык, тегиздик, узакка чыдамдуулук, автотранспорттун кыймылынын жогорулатылган коопсуздук шарттары) жетишүү үчүн жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо, оңдоо жана күтүү долбоордук документтердин, ушул Мыйзамдын, Евразия экономикалык бирлигинин автомобиль жолдорунун коопсуздугу чөйрөсүндөгү техникалык регламенттеринин жана автомобиль жолдорунун коопсуздугу жаатындагы улуттук стандарттардын талаптарына ылайык келүүгө тийиш.
Жол-курулуш материалдары жана буюмдары Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарына жана автомобиль жолдорунун коопсуздугу жаатындагы улуттук стандарттарга ылайык келүүгө тийиш.
2. Жол-транспорттук коопсуздук чөйрөсүндөгү техникалык регламенттердин талаптарынын сакталышына мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.
3. Автомобиль жолдорун курууга, реконструкциялоого, капиталдык, ортодогу оңдоого туруктуу техникалык көзөмөл Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жол консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу аркылуу заказчы тарабынан жүзөгө ашырылат. Туруктуу техникалык көзөмөлдү жүргүзүү жана заказчынын, подрядчынын жана инженер-консультанттын ортосундагы өз ара мамилелер жөнүндө жобону транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекитет.
4. Жол консультациялык кызматтарын көрсөтүүнүн тартиби жана көлөмдөрү, жол консультациялык кызмат көрсөтүүлөрүнө бааларды аныктоонун методикасы транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
5. Автомобиль жолдорун куруу, реконструкциялоо, оңдоо жана күтүү боюнча жумуштарды мыйзамдардын талаптарын бузуу менен аткаруу Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке алып келет.
28-берене. Автомобиль жолдорун куруу, реконструкциялоо жана оңдоо боюнча жол жумуштарын жүргүзүүгө келишим
1. Автомобиль жолдорун куруу, реконструкциялоо жана оңдоо боюнча жумуштарды жүргүзүүгө келишим келишимди аткарууну кепилденген камсыздоонун милдеттүү шарты жана объектти эксплуатациялоонун кепилдик мөөнөтүн көрсөтүү менен түзүлөт.
2. Кепилдик мөөнөтү курулушу бүткөн жаңы жана реконструкцияланган автомобиль жолдору заказчыга тапшырылган учурдан тартып эсептелет жана кеминде беш жылды, ал эми оңдолгон автомобиль жолдору үчүн - кеминде үч жылды түзөт.
3. Кепилдик мөөнөтүнүн чектеринде подрядчынын катышуусу менен комиссия тарабынан белгиленген подрядчынын күнөөсү боюнча кемтиктер табылган учурда, автомобиль жолунун ошол элементине же участогуна кепилдик мөөнөтү кемтиктерди четтетүү боюнча жумуштар бүткөрүлгөн учурдан тартып кайрадан белгиленет. Табылган кемтиктерди четтетүү боюнча жумуштарды жүргүзүүнүн узактыгы кепилдик мөөнөткө кошуп эсептелбейт.
6-глава. Автомобиль жолдорун пайдалануу
29-берене. Автомобиль жолдорун пайдалануунун жана кайтаруунун тартиби
1. Автомобиль жолдорун пайдалануу Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын коопсуздугу жөнүндө мыйзамдарына ылайык белгиленген жол кыймылынын эрежелерин сактоо менен жүзөгө ашырылат.
2. Чет мамлекеттердин юридикалык жана жеке жактары Кыргыз Республикасынын аймагында автомобиль жолдорун Кыргыз Республикасынын автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык пайдаланат.
3. Эгерде ушул Мыйзамда башкача белгиленбесе, максималдуу салмак-габариттик параметрлер боюнча талаптарды сактаган жол кыймылынын катышуучулары бардык жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча, ошондой эле жалпы пайдалануу үчүн ачык болгон ведомстволук, жеке менчик жана муниципалдык автомобиль жолдору боюнча жүрүүгө укуктуу.
4. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун пайдалануу жана кайтаруу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
5. Ведомстволук, муниципалдык жана жеке менчик автомобиль жолдорун пайдалануу жана кайтаруу тартиби алардын менчик ээлери тарабынан транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча белгиленет.
6. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча максималдуу өлчөмдөрдүн, жалпы салмактын, окко келтирилген жүктүн жана башка линиялык параметрлердин белгиленген ченемдеринен ашпаган транспорт каражаттарынын, өзү жүрүүчү машиналардын жана механизмдердин жүрүүсүнө уруксат берилет.
Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүрүүгө уруксат берилген автотранспорт каражаттарынын максималдуу өлчөмдөрү, жалпы салмагы, окко келтирилген жүгү жана башка линиялык параметрлери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
7. Салмак-габариттик параметрлердин белгиленген талаптарынын сакталышын контролдоо транспорттук контролдоонун стационардык жана көчмө пункттарында транспорт каражатын таразага тартуу жана максималдуу өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин өлчөө үчүн орнотулган жабдууну колдонуу менен жүргүзүлөт.
Транспорттук контролдоо пункттарында автоматташтырылган система болгон учурда салмак-габариттик параметрлердин белгиленген талаптарынын сакталышын контролдоо фото жана кино тартуу, видео жазуу функциялары бар атайын техникалык каражаттарды колдонуу менен автоматташтырылган система тарабынан гана жүзөгө ашырылат.
8. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча Кыргыз Республикасында жана чет мамлекеттерде катталган жүк ташуучу транспорт каражаттарынын жана автобустардын өтүүсү үчүн Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарына ылайык жыйым алынат. Алар аркылуу өтүүсү үчүн ушул жыйым алынуучу жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун тизмеги транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
9. Транспорт каражаттарынын максималдуу өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин таразага тартуу жана өлчөө үчүн жана жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча атайын жана бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарында аныкталган тартипте жыйымдар алынат.
10. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы жасалма курулмалар боюнча жүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарында аныкталган тартипте жыйымдар алынат.
11. Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча транспорт каражаттарын өткөрүүнүн жана аларды таразага тартуу, максималдуу өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин өлчөө үчүн жыйымдарды алуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
12. Оор салмактуу жана ири габариттүү жүктөрдү ташууларды жүзөгө ашырган транспорт каражаттары автомобиль жолдоруна келтирген залалдын жана зыяндын өлчөмүн белгилөө жана ордун толтуруу тартибин транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекитет.
13. Жол жумуштарын жүргүзүүнү баштаганга чейин уюмдар жумуштарды жүргүзүүнүн технологияларын жана мөөнөттөрүн транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашууга жана тиешелүү жол органдарынын ордерин алууга милдеттүү.
30-берене. Бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча өткөрүү тартиби
1. Бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарынын автомобиль жолдору боюнча кыймылына транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын уруксаты бар болгондо гана жол берилет.
2. Бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарынын кыймылынын маршруттарын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган иштеп чыгат жана бекитет.
3. Бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча өткөрүү үчүн жыйымды төлөө Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык автомобиль жолдорун пайдалануучуларды келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуруудан бошотпойт.
31-берене. Автомобиль жолдору боюнча кыймылды убактылуу токтотуу же чектөө
1. Автомобиль жолдору боюнча транспорт каражаттарынын кыймылын убактылуу токтотуу же чектөө табигый мүнөздөгү кубулуштардын шарттарында, аба ырайы-климаттык шарттардан, транспорт каражаттарынын салмагын жана окторуна жүктөрдү сезондук чектөөлөрдөн же оңдоо-куруу жумуштарын жүргүзүүдөн улам, ошондой эле автомобиль жолунда түзүлгөн абал жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо талаптарына ылайык келбеген жана жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүрүү үчүн транспорт каражаттарынын белгиленген салмак-габариттик параметрлеринен ашып кетүү фактысы белгиленген учурларда гана жүргүзүлөт.
2. Кыймылды токтотуу же чектөө жөнүндө чечимди анын колдонулушунун мөөнөтүн көрсөтүү менен төмөнкүлөр кабыл алат:
1) мамлекеттик жана эл аралык маанидеги автомобиль жолдорунда - жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
2) жергиликтүү маанидеги автомобиль жолдорунда - транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча тиешелүү жергиликтүү мамлекеттик администрациялар;
3) ведомстволук автомобиль жолдорунда - тиешелүү жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча жолдордун менчик ээлери;
4) жеке менчик автомобиль жолдорунда - жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча жолдордун менчик ээлери;
5) муниципалдык автомобиль жолдорунда - жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
6) транспорттук контролдун ыйгарым укуктуу органы - Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында белгиленген кошумча укуктук натыйжалардын чараларын колдонуу менен жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүрүү үчүн транспорт каражаттарынын жол берилген салмак-габариттик параметрлеринен ашып кетүү фактысы белгиленген учурда.
3. Кечиктирилгис учурларда транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол органдары жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча аларды колдонуу жол кыймылынын коопсуздугуна коркунуч туудурганда же эгерде көп жүк көтөрүмдүү технологиялык транспорттун кыймылы транспорт кыймылынын шарттарын начарлатууга алып келсе, жолдордо же жолдордун айрым участокторунда кыймылга тыюу салышы же чектеши мүмкүн.
4. Автомобиль жолдорундагы кыймылды убактылуу токтотуу же чектөө жөнүндө чечимди кабыл алуучу ыйгарым укуктуу органдар айланма жолдорду көрсөтүү менен бул жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу өз убагында маалымдоого милдеттүү. Автомобиль жолдорунун мындай участокторунун башталышында тиешелүү жол белгилери орнотулууга жана Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдору чөйрөсүндөгү жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган башка чаралар көрүлүүгө тийиш.
32-берене. Автомобиль жолдорун пайдаланууга тыюу салуулар
1. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) өркүндөтүлгөн жана капиталдык каптамасы бар жолдор боюнча каз тамандуу транспорттун, дөңгөлөктөрүндө урчуктары, темир текөөрлөрү жана тикендери бар машиналардын жана механизмдердин жүрүүсүнө;
2) жолдорго жана жол курулмаларына бөтөн буюмдарды таштоого жана алар менен булгоого, эстелик плиталарын же мамыларын орнотууга, айыл чарба продукциясын кургатууга, ошондой эле курулуш жана өнөр жай таштандыларын төгүүгө;
3) күйүүчү-майлоочу материалдарды, химиялык заттарды, битумду төгүүгө, ошондой эле жүрүүчү бөлүктө аларды жүктөөгө жана түшүрүүгө;
4) суу бөлгүч курулмаларга жана резервдерге канализациялык, өнөр жайлык жана саркынды сууларды агызууга;
5) жолдордун белгиленбеген участокторуна транспорт каражаттарынын кирүүсүнө жана чыгуусуна;
6) жолдун бөлүнгөн тилкесинде соода кылууга;
7) транспорт каражаттарынын салмак-габариттик параметрлеринин белгиленген жол берилген ченемдеринен ашкан транспорт каражаттарынын жүрүүсүнө.
2. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуусуз жана транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же ал ыйгарым укук берген жол органдарынын тиешелүү уруксатысыз бөлүнгөн участоктордо төмөнкүдөй операцияларды жүргүзүүгө тыюу салынат:
1) геологиялык, изилдөө, куруу, мелиорациялык, айыл чарбалык жана башка жумуштарды жүргүзүүгө, байланыш жана электр берүү линияларын, башка коммуникацияларды өткөрүүгө;
2) жолго туруктуу жана убактылуу кирүүлөрдү, чыгууларды, башка жолдорго кошулууларды жана кесилиштерди курууга;
3) жол кыймылынын коопсуздугуна тиешеси жок белгилерди жана көрсөткүчтөрдү, жарнамалык паннолорду жана транспаранттарды орнотууга;
4) темир жол өтмөктөрүн, плотиналарды, шлюздарды, көлмөлөрдү, башка мелиорациялык жана гидротехникалык курулмаларды, суу бөлгүчтөрдү жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу боюнча объекттерге, анын ичинде чакан гидроэлектр станцияларга арналган башка курулмаларды курууга, реконструкциялоого, оңдоого жана жоюуга, дарыялар менен суу агымдарынын нуктарын тереңдетүүгө;
5) жол өткөөлдөрүнүн, эстакадалардын алдына транспорт каражаттарын токтотуучу жайларды жайгаштырууга;
6) катуу каптамасы бар жолдордо автомобилдерди, тракторлорду, башка өзү жүрүүчү жана чиркегичтүү транспорт каражаттарын сыноолорду жүргүзүүгө;
7) жашылдандыруу, транспорт каражаттарын токтотуу жана жуу үчүн аянтчаларды, сервис объекттерин курууга;
8) киоскторду, павильондорду жана ушул сыяктуу курулмаларды жайгаштырууга;
9) спорттук мелдештерди (кроссторду, авто, мото жарыштарды, башка массалык иш-чараларды) өткөрүүгө;
10) шлагбаумдарды орнотууга.
3. Темир жол өтмөктөрүн курууда, реконструкциялоодо, оңдоодо жана жок кылууда темир жол транспорту чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же кирүү жолдорунун ээлери менен макулдашуу талап кылынат.
4. Ушул беренеде саналып өткөн тыюу салуулар жана чектөөлөр транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун куруу, оңдоо жана күтүү боюнча жумуштарды аткарып жаткан жол чарба ишканаларына жайылтылбайт.
5. Муниципалдык автомобиль жолдорун, ведомстволук жана жеке менчик автомобиль жолдорун пайдалануудагы чектөөлөрдү жолдордун тиешелүү менчик ээлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгилейт.
33-берене. Жол кыймылын башкаруу боюнча укуктар
1. Транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктуу кызматкерлери кызматтык күбөлүгүн көрсөткөн учурда төмөнкүлөргө укуктуу:
1) автомобиль жолдорун, жол курулмаларын жана алардын элементтерин бузуучу же булгоочу транспорт каражаттарын токтотууга, ошондой эле салмак-габариттик контролду жүзөгө ашыруу үчүн токтотууга жана аларды жалпы пайдалануудагы автомобиль жолунун жүрүүчү бөлүгүнүн чегинен чыгарууну талап кылууга;
2) бирдей багытта бараткан жалпы пайдалануудагы рейстик (маршруттук) автобустарда алар тейлеген жолдордун участокторунун чегинде бекер жүрүүгө.
2. Жүк ташуучу автомобилдердин (аскердик, почта, инкассатордук жана башка атайын ташууларды жүзөгө ашыргандарды кошпогондо) айдоочулары бирдей багытта баратканда алар тейлеген жол участогунда кызматтык милдеттерин аткаруу менен байланышкан жол органдарынын жана транспорттук контролдоо органынын кызматкерлеринин кызматтык күбөлүгүн көрсөткөн учурда бекер ташууга, ошондой эле алардын талабы боюнча жолдордун жүрүүчү бөлүгүнөн чыгарылууга тийиш болгон бузук транспорт каражаттарын сүйрөөгө милдеттүү.
34-берене. Автомобиль жолунда транспорт каражаттарына техникалык жардам көрсөтүү
Бардык автомобиль жолдорунда транспорт каражаттарына техникалык жардамды буга атайын уруксаты бар юридикалык жана жеке жактар көрсөтөт.
35-берене. Автомобиль жолдорундагы медициналык жардам
1. Автомобиль жолдорундагы жол-транспорт кырсыктарында жабыркагандарга медициналык жардам жол кыймылынын бардык катышуучулары тарабынан көрсөтүлөт, алар жабыркагандарды жакынкы дарылоо мекемесине жеткирүүгө, бул жөнүндө жол органдарына жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирүүгө милдеттүү.
2. Автомобиль жолдорунда жол-транспорт кырсыктарында жабыркагандарга медициналык жардам жакынкы дарылоо мекемеси тарабынан көрсөтүлөт.
7-глава. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо
36-берене. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо
1. Автомобиль жолдорунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо транспорт каражаттарынын айдоочуларынын, автотранспорт ишканаларынын, транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, ведомстволук автомобиль жолдорунун иштеши үчүн жооптуу уюмдардын, жеке менчик автомобиль жолдорунун менчик ээлеринин жана жолдордун абалына жооп берүүчү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдети болуп саналат.
2. Бардык автомобиль жолдорунда жол кыймылынын коопсуздук ченемдеринин сакталышын камсыздоо жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жүктөлөт.
3. Жол кыймылынын катышуучулары жол кыймылынын эрежелерин, автомобиль жолдорун, жол курулмаларын пайдалануу эрежелерин жана аларды Кыргыз Республикасынын аймагында кайтаруу тартибин сактоого милдеттүү.
4. Төрт же андан көп кыймыл тилкелери бар жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун курууда карама-каршы багыттардагы транспорт агымдарын бөлүү үчүн тосмолорду орнотуу милдеттүү.
37-берене. Жол органдарынын жана жол ээлеринин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жагындагы милдеттери
Транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол органдары, ведомстволук автомобиль жолдору карамагында турган уюмдар, жеке менчик автомобиль жолдорунун менчик ээлери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз компетенциясынын чектеринде транспорт каражаттарынын кыймылынын коопсуздугун камсыздоого, жол шарттары боюнча жол-транспорт кырсыктарынын себептерин иликтөөгө жана зарыл техникалык жана башка иш-чараларды жүргүзүү аркылуу жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу чараларын көрүүгө милдеттүү.
8-глава. Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдору жөнүндө мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
38-берене. Автомобиль жолдоруна залал жана зыян келтиргендиги үчүн жоопкерчилик
1. Автомобиль жолдорун пайдалануучулар жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууда автомобиль жолдорунун жана жол курулмаларынын сакталышын камсыздоого, ушул Мыйзамдын талаптарын, жол кыймылынын эрежелерин, автомобиль жолдорун, жол курулмаларын пайдалануу эрежелерин жана аларды Кыргыз Республикасынын аймагында кайтаруу тартибин жана муниципалдык, ведомстволук жана жеке менчик автомобиль жолдорунун ээлери тарабынан белгиленген аларды пайдалануу эрежелерин сактоого милдеттүү.
2. Автомобиль жолдорунун, алардагы жасалма курулмалардын, жол органдарынын мүлкүнүн, жол белгилеринин, кыймылды жөнгө салуунун техникалык каражаттарынын, көрсөткүчтөрдүн, фото, видео фиксациялардын жана тараза жабдууларынын атайын техникалык каражаттарынын, автопавильондордун, жол жээгиндеги бак-дарактардын, кардан коргоочу курулмалардын жана автомобиль жолдорун жабдуунун башка элементтеринин жол-транспорт кырсыктарынын себеби болуп калган бузулушуна жол берген адамдар Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
39-берене. Автомобиль жолдорунун абалы үчүн жоопкерчилик
1. Транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол органдары, ведомстволук, жеке менчик жана муниципалдык автомобиль жолдорунун ээлери жана алардын кызматкерлери, ушул Мыйзамда белгиленген тартипте, ошондой эле алар алдын ала албаган же жоюу алардан көз каранды болбогон жагдайлардын келип чыгышынан улам кыймыл токтогон учурларды кошпогондо, автомобиль жолдорунун талаптагыдай абалы үчүн жоопкерчилик тартат.
2. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы жол-транспорт кырсыктары жана авариялык-кооптуу участоктор жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жана транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол органдарында милдеттүү түрдө эсепке алынууга жана катталууга тийиш.
3. Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча иш-чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы жол-транспорт кырсыктары жана авариялык-кооптуу участоктордун болушу жөнүндө жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органдарынын отчеттору транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү жол органдары менен милдеттүү түрдө макулдашылууга тийиш.
4. Канааттандырарлык эмес жол шарттары менен байланышкан бардык автомобиль жолдорундагы жол-транспорт кырсыктары жөнүндө материалдар жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан автомобиль жолунун тиешелүү участогун тейлеген жол органынын өкүлүнүн милдеттүү катышуусу менен таризделет. Жол органынын өкүлү келбей калган учурда канааттандырарлык эмес жол шарттары менен байланышкан, келип чыккан жол-транспорт кырсыгы тууралуу материалдар жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык органдар тарабынан таризделет жана транспорт каражаттарынын ээлерине келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча чараларды көрүү үчүн тиешелүү органдарга берилет.
5. Жол-транспорт кырсыктарын эсепке алуу жана каттоо боюнча жолдун авариялык-кооптуу участоктору аныкталат. Авариялык-кооптуу участок болуп анын чегинде үч жылдын ичинде адамдын өлүмү менен аяктаган төрттөн кем эмес жол-транспорт кырсыгы же адамдын ден соолугуна оор залал келтирүү же өлүмү менен аяктаган ондон кем эмес жол-транспорт кырсыгы катталган, узундугу 300 метрден ашпаган жалпы пайдалануудагы автомобиль жолунун участогу эсептелет.
6. Транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен биргеликте авариялык участокту жоюу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгат.
40-берене. Талаштарды чечүү тартиби
Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун, ведомстволук, жеке менчик жана муниципалдык автомобиль жолдорун курууда, оңдоодо жана күтүүдө келип чыккан талаштарды чечүү сот тартибинде жүргүзүлөт.
41-берене. Ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
Өз ишин жүргүзүүнүн жүрүшүндө ушул Мыйзамды, ошондой эле ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасында кабыл алынуучу башка ченемдик укуктук актыларды бузууга жол берген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, министрликтер, администрациялык ведомстволор, юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш-жаза жоопкерчилигин тартат.
42-берене. Корутунду жоболор
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 2-июнундагы № 72 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 9, 322-ст.);
2) "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 16-майындагы № 89 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 464-ст.);
3) "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 105 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1008-ст.);
4) "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 26-июлундагы № 132 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1035-ст.);
5) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 16-ноябрындагы № 213 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 10, 1504-ст.);
6) "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 3-августундагы № 146 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2757-ст.);
7) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 11-октябрындагы № 171 Мыйзамынын 1-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 9, 2863-ст.);
8) "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 27-февралындагы № 37 Мыйзамы ("Эркин Тоо" гезити, 2014-жылдын 4-марты, № 15);
9) "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 1-июлундагы № 102 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 7, 678-ст.);
10) "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 2-июлундагы № 141 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 7, 976-ст.);
11) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 3-августундагы № 211 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 7, 1046-ст.);
12) "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 11-январындагы № 3 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 1, 3-ст.);
13) "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 4-июлундагы № 66 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 7-8, 466-ст.);
14) "Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-июлундагы № 99 Мыйзамынын 5-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 7-8, 487-ст.);
15) "Салыктык эмес кирешелерди алуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана "Кыргыз ССРнин партиялык жетекчилеринин айрым категорияларына мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 23-мартындагы № 29 Мыйзамынын 7-беренеси ("Эркин Тоо" гезити, 2020-жылдын 27-марты, № 31);
16) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, "Автомобиль жолдору жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 21-августундагы № 138 Мыйзамынын 2-беренеси ("Эркин Тоо" гезити, 2020-жылдын 28-августу, № 68).
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эки айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2023-жылдын 12-апрелинде |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |