Загрузка документа…
КР 2022-жылдын 5-июлундагы № 57 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 26-сентябры № 153
"Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 78-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
1. 12-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12-статья. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук
комитетинин ишин уюштуруу
Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетин төрага башкарат, ал МУККга жүктөлгөн иш-милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик алат.
МУККнын төрагасы жана анын орун басарлары Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
МУККнын төрагасынын орун басарларынын кызмат ордуна (чек ара аскеринин командачысын кошпогондо) улуттук коопсуздук органдарында 10 жылдан кем эмес кызмат өтөгөн адамдар дайындалат.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинде Коллегия түзүлөт.".
2. 15-статья төмөнкүдөй мазмундагы 18-пункт менен толукталсын:
"18. Мамлекеттик коргоо объектилеринин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды жүзөгө ашырат.".
2-берене.
Ушул мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |