Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 5-октябры № 161
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
(КР 2013-жылдын 19-октябрындагы № 195, 2023-жылдын 8-августундагы № 169 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-берене.
"Экспорттук контроль жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 2003-ж., № 3, 135-ст.) төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 6-статьяда:
биринчи бөлүгү төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын контролго алынуучу продукциясынын Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдук тизмеси Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.";
төмөнкү мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"Тышкы экономикалык иш-аракеттердин катышуучусу контролго алынуучу товарларга жана технологияларга идентификациялоону жүргүзүүнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте контролго алынуучу товарларга жана технологияларга идентификациялоону жүргүзүү боюнча иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга атайын уруксат алган уюмга (мындан ары эксперттик уюм) ушундай эксперттик уюм менен тиешелүү келишим түзүү аркылуу тапшырууга укуктуу. Бул учурда контролго алынуучу товарлар менен технологияларды идентификациялоонун жыйынтыктарынын тууралыгы жана негиздүүлүгү үчүн жоопкерчиликти эксперттик уюм тартат.".
2. 8-статьянын 1-бөлүгүнүн алтынчы абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитети менен макулдашуу боюнча контролго алынуучу продукциясынын Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдук Тизмегин жана бул продукцияларды экспорттоого тыюу салынган же чектелген өлкөлөрдүн тизмесин бекитет, ошондой эле контролго алынуучу продукцияны экспорттоонун, импорттоонун жана реэкспорттоонун санын чектөөнү белгилейт;".
3. 14-статья төмөнкү редакциядагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдеринин талаптары менен туура келбеген иш-аракеттер менен алектенүү.".
2-берене.
(КР 2013-жылдын 19-октябрындагы № 195 Мыйзамынын редакциясына ылайык күчүн жоготту)
3-берене.
(КР 2023-жылдын 8-августундагы № 169 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |