Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 8-августу № 169
Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети жана максаттары
1. Ушул Мыйзам тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуунун укуктук негиздерин аныктайт жана принциптери менен методдорун белгилейт.
2. Ушул Мыйзамдын максаттары болуп Кыргыз Республикасынын экономикалык эгемендигин коргоо, экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу, тышкы соода ишин өнүктүрүүгө түрткү берүү жана экономикасын натыйжалуу интеграциялоо шарттарын камсыз кылуу саналат.
2-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылган түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
1) автоматтык лицензиялоо (байкоо) - товарлардын айрым түрлөрүнүн экспортунун жана (же) импортунун динамикасына мониторинг жүргүзүү максатында белгиленүүчү убактылуу чара;
2) тышкы соода иши - товарлар, кызмат көрсөтүүлөр, маалымат жана интеллектуалдык менчик менен тышкы сооданы жүргүзүү боюнча иш;
3) товарлардын тышкы соодасы - товарлардын импорту жана (же) экспорту;
4) тыюу салуу - товарлардын айрым түрлөрүн ташып келүүгө жана (же) ташып чыгууга тыюу салган чара;
5) импорт - кайра ташып чыгуу жөнүндө милдеттенмеси болбостон товарды Кыргыз Республикасына ташып келүү;
6) өзгөчө укук - өзгөчө лицензиянын негизинде тышкы соода ишинин катышуучуларынын товарлардын айрым түрлөрүнүн экспортун жана (же) импортун жүзөгө ашыруусуна берилүүчү укук;
7) сандык чектөөлөр - квоталарды белгилөө жолу менен товарлардын тышкы соодасын сандык чектөө боюнча чаралар;
8) лицензиялоо - лицензияларды жана (же) уруксаттарды берүү тартибин белгилөөчү административдик чаралардын комплекси;
9) тарифтик эмес жөнгө салуу - сандык чектөөлөрдү жана экономикалык мүнөздөгү башка тыюу салууларды жана чектөөлөрдү киргизүү жолу менен жүзөгө ашырылуучу товарлардын тышкы соодасын мамлекеттик жөнгө салуу методу;
10) уруксат берүүчү документ - ташып келүүнүн жана (же) ташып чыгуунун уруксат берүү тартиби белгиленген товарларды ташып келүү жана (же) ташып чыгуу укугуна тышкы соода ишинин катышуучусуна берилүүчү документ;
11) бажы-тарифтик жөнгө салуу - ташып келүү жана ташып чыгуу бажы алымдарын колдонуу жолу менен жүзөгө ашырылуучу товарлардын тышкы соодасын мамлекеттик жөнгө салуу методу;
12) тарифтик квота - товарлардын айрым түрлөрүн Кыргыз Республикасына ташып келүүнү же Кыргыз Республикасынан ташып чыгууну жөнгө салуу чарасы, ал ташып келүүдө же ташып чыгууда бажы алымынын колдонуудагы ставкасына салыштырмалуу белгилүү бир сандагы товарды (натуралай же нарктык туюнтууда) ташып келүүдө же ташып чыгууда белгилүү бир мезгилдин ичинде ташып келүү же ташып чыгуу бажы алымынын кыйла төмөн ставкасын колдонууну карайт;
13) тарифтик жеңилдиктер - ташып келүү же ташып чыгуу бажы алымдарын төлөөдөн бошотуу же болбосо аларды төмөндөтүү;
14) тарифтик преференциялар - Кыргыз Республикасы менен бирге эркин соода зонасын түзгөн же болбосо ушундай зонаны түзүү максатын көздөгөн макулдашууларга кол койгон өлкөлөрдөн товарларга карата ташып келүү бажы алымдарын төлөөдөн бошотуу же тарифтик преференциялардын бирдиктүү системасын пайдалануучу өлкөлөрдөн чыгарылган товарларга карата ташып келүү бажы алымдарынын ставкаларын төмөндөтүү;
15) товар - эгерде бажы мыйзамдарында башкача белгиленбесе, сатылуучу же болбосо сатууга арналган мүлк;
16) ыйгарым укуктуу орган - тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу, анын ичинде бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу саясатын жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы;
17) тышкы соода ишинин катышуучулары - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катталган юридикалык жактар жана жеке жактар (жарандар), ошондой эле тышкы соода ишин жүргүзүүчү чет өлкөлүк жактар;
18) экспорт - кайра ташып келүү жөнүндө милдеттенмеси болбостон Кыргыз Республикасынан товарды ташып чыгуу.
3-берене. Кыргыз Республикасынын тышкы соода иши жөнүндө мыйзамдары
Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет, ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылат.
4-берене. Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуунун принциптери
Кыргыз Республикасынын тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуунун негизги принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын курамдык бөлүгү катары тышкы соода саясатынын биримдиги;
2) Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу методдорун колдонуунун жана анын жүзөгө ашырылышын контролдоонун биримдиги;
3) тышкы соода ишинин катышуучуларынын теңдиги жана басмырланбашы;
4) тышкы соода ишине катышуучулардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын мамлекет тарабынан коргоо;
5) тышкы соода ишине мамлекеттин жана анын органдарынын негизсиз кийлигишүүсүн, ошондой эле анын катышуучуларына жана бүтүндөй алганда Кыргыз Республикасынын экономикасына зыян келтирүүнү жокко чыгаруу;
6) тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу чараларын иштеп чыгуудагы, кабыл алуудагы жана колдонуудагы айкындуулук;
7) тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу чараларын колдонуунун негиздүүлүгү, объективдүүлүгү жана ачыктыгы.
5-берене. Кыргыз Республикасынын тышкы соода саясаты
1. Кыргыз Республикасынын тышкы соода саясаты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерден келип чыккан милдеттенмелерди сактоонун негизинде тышкы соода ишинин катышуучулары, товарларды өндүрүүчүлөр жана керектөөчүлөр үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында жүзөгө ашырылат.
2. Кыргыз Республикасынын соода саясатын ишке ашыруу ушул Мыйзамдын 6-беренесинде каралган тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу методдорун пайдалануу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерден келип чыккан милдеттенмелерди сактоонун негизинде жүзөгө ашырылат.
2-глава. Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө негизги жоболор
6-берене. Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу методдору
Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу төмөнкүдөй жол менен жүзөгө ашырылат:
1) бажы-тарифтик жөнгө салуу;
2) тарифтик эмес жөнгө салуу;
3) товарлардын тышкы соодасына тыюу салуулар жана чектөөлөр;
4) тышкы соода ишин өнүктүрүүгө көмөктөшкөн жана ушул Мыйзамда каралган экономикалык жана административдик мүнөздөгү чаралар.
7-берене. Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салууну жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар
Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын тышкы соода иши чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары -Министрлер Кабинети) жана Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
8-берене. Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктары
Министрлер Кабинети:
1) бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын иштеп чыгат, бекитет жана ишке ашырат;
2) Кыргыз Республикасында бирдиктүү мамлекеттик тышкы соода саясатын жүргүзүүнү камсыз кылат жана аны ишке ашыруу боюнча чараларды жүзөгө ашырат, тиешелүү чечимдерди кабыл алат жана алардын аткарылышын камсыз кылат;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасынын ички рыногун коргоо боюнча чараларды көрөт;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык ташып чыгуу бажы алымдарынын ставкаларын белгилейт;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык экспортко жана импортко сандык чектөөлөрдү киргизет;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган учурларда мамлекеттин коопсуздугуна, жарандардын өмүрүнө же ден соолугуна, жеке же юридикалык жактардын мүлкүнө, мамлекеттик же муниципалдык мүлккө, курчап турган чөйрөгө, өсүмдүктөргө, жаныбарлардын өмүрүнө же ден соолугуна терс таасир тийгизиши мүмкүн болгон товарлардын айрым түрлөрүнүн экспортуна жана (же) импортуна уруксат берүү тартибин белгилейт, ошондой эле мындай тартип колдонула турган товарлардын айрым түрлөрүнүн тизмегин аныктайт;
7) өзүнүн компетенциясынын чегинде тышкы соода иши чөйрөсүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине кол коюу жөнүндө чечимдерди кабыл алат;
8) ыйгарым укуктуу органдын ыйгарым укуктарын жана функцияларын аныктайт;
9) Конституцияда жана Кыргыз Республикасынын тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жаатындагы ченемдик укуктук актыларында ага жүктөлгөн башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
9-берене. Тышкы соода ишинин катышуучулары катары Кыргыз Республикасынын жактары жана чет өлкөлүк жактар
1. Кыргыз Республикасынын юридикалык жактары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын салык жана бажы мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык юридикалык жак болуп саналбаган уюмдар тышкы соода ишин жүзөгө ашыруу укугуна ээ.
2. Чет өлкөлүк жактар Кыргыз Республикасынын тышкы соода иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасында тышкы соода ишин жүзөгө ашырат.
10-берене. Купуялык
1. Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу менен байланышкан ишти жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар жана алардын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик сырларды коргоону жана коммерциялык сырды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык корголуучу башка маалыматты түзгөн маалыматтын купуялыгын камсыз кылууга жана аны мындай маалымат берилген максаттарда гана пайдаланууга тийиш.
2. Мамлекеттик сырларды түзгөн маалыматтарды же Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен корголуучу башка маалыматтарды камтыган маалыматты пайдалануу тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген маалыматтык коопсуздук жана электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер менен аныкталат.
3-глава. Товарлардын тышкы соодасы жаатында тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө негизги жоболор
11-берене. Тышкы соода ишин бажы-тарифтик жөнгө салуу
1. Бажы-тарифтик жөнгө салуу импорт жана экспорт боюнча операцияларды жөнгө салуу максатында, анын ичинде Кыргыз Республикасынын ички рыногун коргоо жана Кыргыз Республикасынын экономикасындагы прогрессивдүү түзүмдүк өзгөрүүлөргө түрткү берүү үчүн ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын тышкы соода иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Тышкы соода ишин бажы-тарифтик жөнгө салуу чараларына төмөнкүлөрдү колдонуу кирет:
1) бажы алымдарын;
2) тарифтик жеңилдиктерди;
3) тарифтик преференцияларды;
4) тарифтик квоталарды.
3. Ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары өз компетенциясынын чегинде тышкы соода ишин бажы-тарифтик жөнгө салуу чараларын колдонуу максаттары үчүн зарыл болгон, анын ичинде купуя маалымат камтылган маалыматтарды берет.
4. Маалыматтар Кыргыз Республикасынын маалыматка жетүү жана электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында аныкталган тартипте берилет.
12-берене. Тарифтик жеңилдиктер
1. Тарифтик жеңилдиктер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык ташылып келүүчү (ташылып келген) товарларга берилет.
2. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача белгиленбесе, ташылып келүүчү товарларга карата тарифтик жеңилдиктер жеке мүнөздө болушу мүмкүн эмес жана товарлар чыгарылган өлкөгө карабастан, ал эми ташылып чыгуучу товарларга карата - тышкы соода ишинин катышуучуларына карабастан колдонулат.
13-берене. Тарифтик преференциялар
1. Тарифтик преференциялар тутумун колдонгон өнүгүп келе жаткан мамлекеттерден жана алда канча аз өнүккөн мамлекеттерден келип чыккан товарлардын соодасына түрткү берүү максатында өнүгүп келе жаткан мамлекеттерден жана алда канча аз өнүккөн мамлекеттерден чыгарылган жана ташып келинген товарларга карата бажы алымдарынын төмөндөтүлгөн же нөлдүк ставкалары колдонулат. Товарлардын жана өлкөлөрдүн тизмектери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен аныкталат.
2. Тарифтик преференциялар тутумун колдонгон өнүгүп келе жаткан жана алда канча аз өнүккөн өлкөлөрдөн чыккан товарларга карата колдонулуучу ташып келүү бажы алымдарынын ставкаларынын өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен аныкталат.
14-берене. Тарифтик квоталар
1. Ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык товарлардын айрым түрлөрүнө төмөнкүлөр белгилениши мүмкүн:
1) товарлардын айрым түрлөрүн ташып келүүгө же ташып чыгууга тарифтик квоталар;
2) ташып келүүгө же ташып чыгууга карата тарифтик квоталар колдонулган товарларга бажы алымдарынын ички квоталык ставкалары жана квотадан тышкаркы ставкалары;
3) бөлүштүрүү методу, тартиби, көлөмү жана аларды колдонуу мөөнөтү.
2. Ыйгарым укуктуу орган жана башка мамлекеттик органдар тарифтик квоталарды өз компетенциясынын чегинде тарифтик квотаны бөлүштүрүү тартибине ылайык тышкы соода ишинин катышуучуларынын ортосунда бөлүштүрөт.
3. Тарифтик квоталардын алкагында товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү же ташып чыгуу ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген экспортко жана (же) импортко лицензиялардын негизинде жүзөгө ашырылат.
4. Экспортко жана (же) импортко лицензия берүү тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык бекитилет.
15-берене. Тышкы соода ишин тарифтик эмес жөнгө салуу
1. Тышкы соода ишин тарифтик эмес жөнгө салуу чараларына төмөнкүлөр кирет:
1) тыюу салуу;
2) сандык чектөөлөр;
3) уруксат берүү тартиби;
4) автоматтык лицензиялоо (байкоо).
2. Тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан киргизилиши мүмкүн.
3. Ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары өз компетенциясынын чегинде тышкы соода ишин тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын колдонуу максаттары үчүн зарыл болгон маалыматтарды, анын ичинде купуя маалымат камтылган маалыматтарды берет.
4. Маалымат Кыргыз Республикасынын маалыматка жетүү жана электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында аныкталган тартипте берилет.
16-берене. Экспортко жана импортко тыюу салуулар жана сандык чектөөлөр
Министрлер Кабинети тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык, өзгөчө учурларда товарлардын айрым түрлөрүнүн экспортуна жана (же) импортуна төмөнкүдөй максаттарда тыюу салуулар жана чектөөлөр киргизилиши мүмкүн:
1) коомдук моралды жана укук тартибин сактоо;
2) адамдын өмүрүн жана ден соолугун, курчап турган чөйрөнү, жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү коргоо;
3) алтындын же күмүштүн экспортун жана (же) импортун жөнгө салуу;
4) маданий баалуулуктарды жана маданий мурастарды коргоо;
5) орду толгус жаратылыш ресурстарын ички өндүрүүнү жана керектөөнү бир эле учурда чектөө менен алардын жок болушун четтетүү;
6) улуттук коопсуздукту камсыз кылуу;
7) Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин аткаруу;
8) товарлардын жалпы же жергиликтүү тартыштыгында аларды сатып алуу же бөлүштүрүү.
17-берене. Уруксат берүү тартиби
1. Товарларды ташып келүүгө жана (же) ташып чыгууга уруксат берүү тартиби лицензиялоону киргизүү же уруксат берүүчү документтерди берүү жолу менен тышкы соода ишин жөнгө салуунун башка административдик чараларын колдонуу аркылуу ишке ашырылат.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык Министрлер Кабинети товарларды ташып келүүнүн жана (же) ташып чыгуунун уруксат берүү тартибин киргизет жана жокко чыгарат.
3. Тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары колдонулган товарлардын экспортуна, импортуна же транзитине электрондук уруксат берүү документин (лицензияны, корутундуну, уруксатты) "бирдиктүү терезе" принциби боюнча берүү тартиби Кыргыз Республикасынын лицензиялоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
18-берене. Товарлардын айрым түрлөрүнүн тышкы соодасын лицензиялоо
1. Товарлардын айрым түрлөрүнүн тышкы соодасы ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын тарифтик эмес жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык лицензиялардын негизинде гана жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
2. Үчүнчү өлкөлөр менен соодада тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары колдонулган товарлардын тизмеги жана бул товарларды ташып келүү жана (же) ташып чыгуу тартиби жөнүндө жобо Евразия экономикалык бирлигинин актылары, ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.
3. Лицензиялоо товарлардын айрым түрлөрүнүн экспортунда жана (же) импортунда колдонулат, эгерде бул товарларга карата төмөнкүлөр киргизилсе:
1) сандык чектөөлөр;
2) өзгөчө укук;
3) уруксат берүү тартиби;
4) тарифтик квота;
5) атайын коргоо чарасы катары импорттук квота.
4. Тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары колдонулган товарлардын тизмегине киргизилген товарлардын экспортун жана (же) импортун лицензиялоо боюнча эксперт жана лицензиар уюмдардын тизмеги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
19-берене. Автоматтык лицензиялоо (байкоо)
1. Автоматтык лицензиялоо (байкоо) товарлардын айрым түрлөрүнүн экспортунун жана (же) импортунун динамикасына мониторинг жүргүзүү максатында товарлардын экспортунун жана (же) импортунун сандык көрсөткүчтөрүн көзөмөлдөө жана аларды башка ыкмалар менен өзгөртүү мүмкүн болбогон учурда колдонулат жана уруксаттарды берүү аркылуу ишке ашырылат.
Автоматтык лицензиялоо (байкоо) киргизилген товарлардын экспорту жана (же) импорту ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген уруксаттар болгондо жүзөгө ашырылат.
Автоматтык лицензиялоо убактылуу чара катары белгиленет жана товарлардын экспортун жана (же) импортун сандык чектөө же уруксат берүү тартибин киргизүү максатын көздөбөйт.
2. Автоматтык лицензиялоо киргизилген товарлардын тизмеги, автоматтык лицензиялоо мөөнөттөрү, ошондой эле товарлардын экспортуна жана (же) импортуна автоматтык лицензия берүү тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык белгиленет.
3. Автоматтык лицензия тышкы соода ишинин катышуучусунун автоматтык лицензия берүү жөнүндө арызынын негизинде алынышы мүмкүн. Мындай арыздын формасы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
4. Автоматтык лицензия берүү жөнүндө арыз товарларды бажылык тариздөөгө чейин ар кандай жумуш күнү берилиши мүмкүн. Автоматтык лицензия товарлардын экспортун жана (же) импортун чектебөө үчүн мүмкүн болушунча токтоосуз берилет. Автоматтык лицензияны берүү мөөнөтү аны берүү жөнүндө арызды алган күндөн тартып 3 жумуш күндөн ашууга тийиш эмес.
20-берене. Товарлардын тышкы соодасын жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын экономикалык кызыкчылыктарын коргоо боюнча чаралар
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык тышкы сооданы жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын экономикалык кызыкчылыктарын коргоо максатында товарларды импорттоодо ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн экономикалык кызыкчылыктарын коргоо үчүн атайын коргоочу, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар киргизилиши мүмкүн.
21-берене. Товарлардын тышкы соодасы жаатындагы жооп кайтаруу чаралары
Чет мамлекет Кыргыз Республикасынын экономикалык кызыкчылыктарын бузган чараларды көргөн учурда, ошондой эле бул мамлекет эл аралык келишимдер боюнча Кыргыз Республикасынын алдында кабыл алынган милдеттенмелерин аткарбаган учурда Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын экономикалык кызыкчылыктарын натыйжалуу коргоо үчүн зарыл болгон чектерде тышкы соода иши жаатында жооп кайтаруу чараларын киргизүүгө укуктуу.
4-глава. Тышкы соода ишин өнүктүрүүгө көмөктөшүү жана ага түрткү берүү
22-берене. Экспортту өнүктүрүү программасы
1. Улуттук экономиканын өсүшүнө түрткү берүү максатында Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Экспортту өнүктүрүү программасын ишке ашыруу аркылуу тышкы соода ишин өнүктүрүүгө көмөктөшөт.
2. Экспортту өнүктүрүү программасы белгилүү бир календардык мөөнөткө кабыл алынат. Колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин Экспортту өнүктүрүү программасы ыйгарым укуктуу орган тарабынан Министрлер Кабинетинин жыйналышынын кароосуна киргизилет (аны аткаруунун жыйынтыктары жөнүндө отчет).
3. Көрсөтүлгөн Программада төмөнкүлөр камтылат:
1) Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык мамилелеринин учурдагы абалына жана көйгөйлөрүнө баа берүү;
2) экспортко түрткү берүү жана өнүктүрүү үчүн чаралардын тизмеги.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз компетенциясынын чектеринде ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча өз аймактарында экспортту өнүктүрүү программасын иштеп чыгат.
23-берене. Тышкы соода ишин маалыматтык камсыздоо
1. Тышкы соода ишин өнүктүрүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле тышкы соода ишинин катышуучуларына маалыматтык колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасында маалыматтык соода порталы иштейт, аны ыйгарым укуктуу орган башкарат.
2. Маалыматтык соода порталы төмөнкүлөр жөнүндө маалыматтарды камтыйт:
1) экспортту өнүктүрүү программасы жөнүндө;
2) тышкы соода ишин жүзөгө ашыруучу экспортко багытталган ата мекендик компаниялар жөнүндө;
3) тышкы соода иши чөйрөсүндөгү мыйзамдар жөнүндө;
4) тышкы соода ишин жүргүзүү үчүн пайдалуу маалыматты.
24-берене. Тышкы соода ишин өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүчү иш-чаралар
Министрлер Кабинети өз компетенциясынын чегинде жана өзүнүн ыйгарым укуктуу органы аркылуу Кыргыз Республикасында тышкы соода ишин өнүктүрүүгө көмөктөшүү боюнча иш-чараларды, анын ичинде төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
1) ушул Мыйзамдын 22-беренесинде каралган Экспортту өнүктүрүү программасын иштеп чыгууну;
2) тышкы соода ишинин катышуучуларына кредит берүүнү камсыз кылууну;
3) соода көргөзмөлөрүн жана ярмаркаларын, бизнес-форумдарды, соода миссияларын уюштурууну жана аларга катышууну;
4) экспортту өнүктүрүү боюнча маалыматтык кампанияларды, консультацияларды жана семинарларды өткөрүүнү.
25-берене. Тышкы соода ишиндеги камсыздандыруу
1. Кыргыз Республикасынын аймагында тышкы соода ишинде камсыздандыруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Мамлекет экспортко түрткү берүү максатында экспорттук кредиттерди камсыздандыруу тутумуна катыша алат.
3. Тышкы соода ишиндеги коммерциялык тобокелдиктерден камсыздандыруу кыргыз же чет өлкөлүк камсыздандыруучулар (юридикалык жактар) тарабынан камсыздандыруу келишимдери боюнча ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт.
26-берене. Тышкы соода ишинин катышуучуларынын мамлекеттик органдар жана башка уюмдар менен алардын компетенциясына ылайык тышкы соода иши чөйрөсүндө "Бирдиктүү терезе" маалыматтык тутумун пайдалануу менен электрондук формада өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу
1. Тышкы соода иши чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе" маалыматтык тутумунда камтылган документтер жана маалыматтар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана башка уюмдары тарабынын алардын компетенциясына ылайык Кыргыз Республикасынын электрондук башкаруу жаатындагы мыйзамдарына ылайык пайдаланылат.
2. Тышкы соода ишинин катышуучуларынын тышкы соода иши чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе" маалыматтык тутумуна жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу бул тутумдун оператору тарабынан ыктыярдуу жана акысыз негизде ишке ашырылат.
3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана башка уюмдарынын компетенциясына ылайык алардын тышкы соода иши чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе" маалыматтык тутумунда камтылган документтерге жана маалыматтарга жеткиликтүүлүгү акысыз негизде жүзөгө ашырылат.
4. Тышкы соода иши чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе" маалыматтык тутумунун оператору тышкы соода иши чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе" маалыматтык тутумунда камтылган документтерди жана маалыматтарды Кыргыз Республикасынын электрондук башкаруу жаатындагы мыйзамдарынын талаптарына ылайык аларды сактоонун бүткүл мөөнөтүнүн аралыгында пайдалануу мүмкүнчүлүгүн, анын ичинде Кыргыз Республикасынын тышкы соода иши чөйрөсүндөгү жана электрондук башкаруу жаатындагы мыйзамдарына ылайык мындай документтерди жана маалыматтарды алууга ыйгарым укуктуу жактарга документтерди жана маалыматтарды берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү.
27-берене. Тышкы соода статистикасы
1. Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен биргеликте статистикалык отчеттуулук, бирдиктүү методология боюнча эл аралык деңгээлде салыштырылуучу төмөнкүдөй статистикалык маалыматтарды чогултуу жана иштеп чыгуу тутумун түзүүнү камсыз кылат:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистикалык отчеттуулугунун жана бажы статистикасынын, анын ичинде соода баланстарынын негизинде Кыргыз Республикасынын тышкы соодасы боюнча;
2) Кыргыз Республикасынын төлөм балансы, анын ичинде товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү, капиталды, баалуу кагаздарды, алынган жана тейлөөдө турган кредиттерди ташып келүү, ташып чыгуу статистикасы боюнча.
2. Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен биргеликте ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн статистикалык маалыматты ай сайын, квартал сайын жана жыл сайын расмий жарыялоону камсыз кылат.
28-берене. Тышкы соода ишин өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүчү бирикмелер
1. Кыргыз Республикасынын юридикалык жактары - тышкы соода ишинин катышуучулары ыктыярдуу негизде тармактык, аймактык жана башка принциптер боюнча ассоциацияларга жана башка бирликтерге бириге алат.
2. Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарынын - тышкы соода ишинин катышуучуларынын бирикмелери бирикмелердин мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу, алардын жалпы кызыкчылыктарын билдирүү, экспорттун жана импорттун натыйжалуулугун жогорулатуу жана тартипке келтирүү, ак ниетсиз атаандаштыкты болтурбоо, чет өлкөлүк жактар жана алардын бирикмелери менен тышкы соода байланыштарын өнүктүрүү жана чыңдоо үчүн түзүлөт.
3. Ички рынокту монополиялаштыруу жана бөлүү, аларга кирбеген тышкы соода ишинин катышуучуларына атаандаштык шарттарын чектөө үчүн бирикмелерди пайдаланууга, бирикмелерге катышуусуна жараша ата мекендик жана чет өлкөлүк жактарды ар кандай түрдө басмырлоого, ошондой эле мындай бирикмелерди тышкы рынокто ишкердик тажрыйбаны чектөө үчүн пайдаланууга жол берилбейт.
4. Көрсөтүлгөн бирикмелерди түзүү жана алардын иши Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
5-глава. Тышкы соода иши жаатындагы мамлекеттер аралык мамилелер
29-берене. Чет мамлекеттердин жана чет өлкөлүк юридикалык жактардын Кыргыз Республикасындагы соода өкүлчүлүктөрү
1. Чет өлкөлүк юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын аймагында өзүнүн өкүлчүлүктөрүн жана (же) филиалдарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын сактоо менен ушул чет өлкөлүк юридикалык жактардын гана атынан тышкы соода ишин жүргүзүү үчүн ачууга укуктуу.
2. Кыргыз Республикасында чет мамлекеттердин соода-экономикалык маселелер боюнча соода өкүлчүлүктөрү Кыргыз Республикасы тиешелүү чет мамлекеттер менен түзө турган эл аралык келишимдердин негизинде уюштурулат.
30-берене. Тышкы рынокторго жетүү үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылуу
Министрлер Кабинети кыргыз жактардын башка мамлекеттердин рынокторуна жетүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча чараларды көрөт, бул максатта эл аралык келишимдерди түзөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык байланыштарын өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө чакырылган эл аралык уюмдарды жана өкмөттөр аралык комиссияларды түзүүгө жана алардын ишине катышат.
31-берене. Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги соода өкүлчүлүктөрү
1. Чет мамлекеттерде Кыргыз Республикасынын соода-экономикалык маселелер боюнча өкүлчүлүктөрү тышкы соода ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын сактоо жана аларды коргоону камсыз кылуу максатында түзүлөт.
2. Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги соода-экономикалык маселелер боюнча өкүлчүлүктөрүн түзүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
6-глава. Тышкы соода ишин жүзөгө ашырууну контролдоо, Кыргыз Республикасынын тышкы соода иши жөнүндө мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
32-берене. Тышкы соода ишин жүзөгө ашырууну контролдоо
Тышкы соода ишин жүзөгө ашырууну контролдоо ушул Мыйзамдын жана тышкы соода иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын жоболорун сактоону камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын экономикалык кызыкчылыктарын камсыз кылуу жана коргоо максатында Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан өз компетенциясынын чегинде жүргүзүлөт.
33-берене. Тышкы соода иши жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн күнөөлүү жактардын жоопкерчилиги
Кыргыз Республикасынын тышкы соода иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарын бузгандыгы үчүн күнөөлүү тышкы соода ишинин катышуучулары Кыргыз Республикасынын жарандык жана кылмыш-жаза мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
34-берене. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү жөнүндө
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) "Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 2-июлундагы № 41 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 8, 376-ст.);
2) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 24-декабрындагы № 239 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 3, 134-ст.);
3) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 5-октябрындагы № 161 Мыйзамынын 3-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 9, 1261-ст.);
4) "Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 201 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 10, 1492-ст.);
5) "Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 10-июнундагы № 128 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 6, 646-ст.);
6) "Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимге кол коюуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 29-мартындагы № 40 Мыйзамынын 1-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 3, 147-ст.);
7) "Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө жана жоруктар жөнүндө кодекстерине шайкеш келтирүү боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 23-мартындагы № 39 Мыйзамынын 1-беренеси (2021-жылдын 30-мартындагы № 28 "Эркин Тоо" гезити).
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2023-жылдын 22-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |