Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 10-ноябры № 205
"Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу
1-берене.
"Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 11, 448-ст.) төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 6-статья төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"6-статья. Сыйлык куралы
Төмөнкүлөр сыйлык куралы деп табылат:
- кортик;
- чолок кылыч же кылыч;
- найы кыска сайлуу тапанча;
- ата турган аңчылык курал;
- мамлекеттердин жана өкмөттөрдүн башчыларынын, чет мамлекеттердин мамлекеттик органдарынын сыйлык грамотасынын же башка документтеринин негизинде берилген курал.
Төмөнкүлөр сыйлык куралы менен бир жолудан ашык эмес сыйланат:
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, укук коргоо органдарында жана мамлекеттик аскерлешкен ведомстволорунда кызматта туруп, кызматтык-күжүрмөн иште өзгөчө айырмаланган офицердик курамдагы адамдар;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүшүнө жана коопсуздугунун чыңдалышына өзгөчө салым кошкондугу үчүн Кыргыз Республикасынын жана чет өлкөлүк мамлекеттердин мамлекеттик жана коомдук ишмерлери.
Ысымы жазылган курал менен сыйлоо Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйруктары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Координациялык кеңешинин макулдугу менен Жогорку Кеңештин Төрагасынын тескемеси менен жүзөгө ашырылат.
Коргоо, ички иштер, улуттук коопсуздук, мамлекеттик чек араны коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана башка мамлекеттик аскерлешкен уюмдардын жетекчилери кортик, чолок кылыч же кылыч менен сыйлоону жүзөгө ашырат.".
2. 22-статьянын 1-бөлүгүндөгү "Указынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн" деген сөздөр ", Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйруктарынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Координациялык кеңешинин макулдугу менен Жогорку Кеңештин Төрагасынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |