Загрузка документа…
КР 2023-жылдын 23-январындагы № 6 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 29-ноябры № 226
"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 2, 20-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. Мыйзамдын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Мамлекеттик күзөт жөнүндө".
2. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмө тариздериндеги "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы" жана "Мамлекеттик күзөт кызматы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "мамлекеттик күзөт органы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Тексттин преамбуласындагы расмий тилдеги "ее" деген сөз "его" деген сөз менен алмаштырылсын.
4. 1-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1-статья. Мамлекеттик күзөт органы
Мамлекеттик күзөт органы ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында укуктук, уюштуруучулук, күзөттүк, режимдик, техникалык чаралардын жыйындысын жүзөгө ашырат.".
5. 5-статьяда:
расмий тилдеги тексттеги "ней" деген сөз "ним" деген сөз менен алмаштырылсын;
"улуттук коопсуздук, ички иштер органдары, Коргоо министрлиги" деген сөздөр "улуттук коопсуздук, коргоо маселелери карамагына кирген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары, ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6. 8-статья төмөнкүдөй мазмундагы бөлүк менен толукталсын:
"Көрсөтүлгөн адамдарга мамлекеттик күзөт алардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн ичинде берилет.".
7. 10-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10-статья. Мамлекеттик күзөт органынын ишин уюштуруу
Мамлекеттик күзөт органы улуттук коопсуздук маселелери карамагына кирген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тутумундагы Кыргыз Республикасынын аскердик түзүмү болуп саналат.
Мамлекеттик күзөт органынын түзүмү, штаттык саны жана анын ишин уюштуруу улуттук коопсуздук маселелери карамагына кирген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан аныкталат. Мамлекеттик күзөт органы аскер кызматчыларынан жана граждандык адамдардан топтолот.".
8. Расмий тилдеги 11-статьянын биринчи абзацында "обязана" деген сөз "обязан" деген сөз менен алмаштырылсын.
9. 13-статьянын аталышындагы "жөнүндө маалыматтарды" деген сөздөр "тууралуу маалыматтарды" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
10. 16-статьянын 1-бөлүгүндө жана 20-статьянын 4-бөлүгүндө "тиешелүү органынын" деген сөздөр алып салынсын.
11. 24-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"24-статья. Мамлекеттик күзөт органын материалдык-техникалык
жактан камсыз кылуу
Мамлекеттик күзөт органын материалдык-техникалык жактан камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармасы тарабынан жүзөгө ашырылат.".
12. 25-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"25-статья. Мамлекеттик күзөт органынын ишине контролдук кылуу
Ушул Мыйзамдын турмушка ашырылышын контролдоону Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жүзөгө ашырат.
Мамлекеттик күзөт органынын ишине Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук маселелери карамагына кирген мамлекеттик органдын жетекчиси контролдук кылат.
Мамлекеттик күзөт органы жана анын иши жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын Президентине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине анын суроо-талабы боюнча берилет.".
13. 26-статьяда "Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору жана ал атайын ыйгарым укук берген прокурорлор" деген сөздөр "прокуратура органдары" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |