Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 16-декабры № 238
7-апрель - Элдик Апрель революциясы күнү жөнүндө
(КР 2016-жылдын 6-апрелиндеги № 34 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
Өз Ата Мекени алдында жогорку патриоттук аң-сезимди, берилгендикти калыптандыруу жана жарандык жоопкерчиликти тарбиялоо, ошондой эле 2010-жылдын 7-апрелиндеги кайгылуу окуяларды Кыргыз Республикасынын элинин эсинде түбөлүк калтыруу максатында ушул күн жыл сайын Элдик Апрель революциясынын күнү деп белгиленсин.
(КР 2016-жылдын 6-апрелиндеги № 34 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейинде апрель революциясынын күнү жөнүндө экспонаттарды жайгаштыруу менен туруктуу экспозиция уюштуруу боюнча чараларды көрсүн.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |