Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 26-февралы №2
Чаек айылындагы Жылуулук берүү коммуналдык ишканасы «Кыргызжилкоммунсоюз» мамлекеттик ишканасынан, Чаек айыл өкмөтүнүн балансасына алуу боюнча
Күн тартибиндеги Жылуулук берүү коммуналдык ишканасы «Кыргызтуракжайкоммунсоюз» мамлекеттик ишканасынан муниципиалдык менчикке өткөрүү боюнча депутаттардын сессиясы, угуп жана талкуулап Чаек айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Чаек айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы финансы-экономикалык бюджетинин сметасы бекитилип калгандыктан, Жылуулук берүү коммуналдык ишканасы «Кыргызтуракжайкоммунсоюз» мамлекеттик ишканасынан, карыздары жоюлуп, төмөндөгү тиркемедеги шарттары аткарылса, айыл өкмөтүнүн балансасына кабыл алынат. (тиркеме тиркелет)
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу Чаек айылдык кеңешинин төрагасы А. Бөдөшбековго тапшырылсын.
Чаек айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Бөдөшбеков |
№ | Мекеменин аталышы | Карызы Миң сом менен | Кайсы жылдарга | Эскертүү |
1. | Жумгал РЭС | 3550,9 | 2011-2012-ж | Жумгал РЭСтин маалыматы боюнча |
2. | Соц. фонд | 248,7 | 2011-2012-ж | 01.02.2013-жылга |
3. | Салык боюнча | 11,5 | Январь | 01.01.2013-ж |
4. | Мин-Куш "ЖКОдон | 811, 3 | 2010-2012-жж | Мин-Куш ЖКОдон өндүрүүгө мүмкүн эмес деп өткөрүлгөн. (Айыл тургундарынан -284,0, ' Мекеме, ишканалардан-90,1 ЖКОго өткөрүүгө чейин-437, 2) |
| Баары : | 4622,4 |
|
|
Жумгал суу камсыздоо ишканасына тиешелүү от казандарынын көпчүлүгү эскилиги жетип, ремонт иштерин талап кылгандыктан көп суммадагы акча каражаты керектелет. Бул сумманы айыл өкмөтүнүн бюджета каржылай албайт.
(Жумгал жылуулук суу камсыздоо ишканасынын маалыматы боюнча)
| Чаек айылдык кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезексиз XI- сессиясынын токтомуна тиркеме 2013-жылдын 26-февралы № 2 |
1. Жумгал жылуулук суу камсыздоо ишканасынын өндүрүүгө мүмкүн болбогон карыздарын жоюуп, мекеме ишканаларга соц. Фонд РЭС жана салык боюнча береселери төлөнүп берилсе. Карызы жок ишкана болуп саналгандан кийин.
2. Жылуулук боюнча иш жүргөзүүдөгү жумушчу кызматчылардын штат бирдигин сактап, эмгек акы фондусун бюджеттен каржыланса.
3. Калкка жылуулук берүүдөгү чыгымдарга субсидиялар толук сакталса Республикалык бюджет тарабынан.
4. От казандарын эскилигин жетип оңдоо иштерин талап кылгандыктан оңдоо иштерин Республикалык бюджетин каражат каралса.
Чаек айылдык Кеңешинин төрагасы |
А. Бөдөшбеков |