Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2011-жылдын 21-декабры № 246

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 7, 229-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

204-статьяда:

3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 3-5-пункттар менен толукталсын:

"3) адамдардын тобу;

4) алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу;

5) өзгөчө ири өлчөмдө, -";

эскертүүдө:

- "ири өлчөмдө" деген сөздөрдөн кийин "өзгөчө ири өлчөмдө - он миң эселенген өлчөмүнөн ашса" деген сөздөр менен толукталсын.

- төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

"Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган кылмышты биринчи жолу жасаган адам, эгер анын аракеттеринде кылмыштын башка курамы жок болсо жана контрабанданын предмети болуп саналган товарларга жана башка предметтерге бажы жагынан жол-жоболоштуруу менен айыптарды жана туумдарды кошкондо, тийиштүү бажы төлөмдөрүн өз ыктыяры менен төлөгөн учурда жазык жоопкерчилигинен бошотулат.".

 

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

А.Атамбаев