Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 24-декабры № 253
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана
өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 5, 229-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 2-статьясынын 2-пунктунда:
"а" пунктчасында:
- биринчи абзац "Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган" деген сөздөрдөн кийин ", пенсионер-кызматкерлерди кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;
- пункт төмөнкүдөй мазмундагы "а-1" пунктчасы менен толукталсын:
"а-1) каржылоонун булактарына карабастан алардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын пенсионер-кызматкерлер үчүн Пенсиялык фондго - 8 пайыз өлчөмүндө;
ушул Мыйзамдын 11-1-статьясынын "а" пунктунда көрсөтүлгөн жалданган кызматкерлер үчүн Пенсиялык фондго - 10 пайыз өлчөмүндө;";
"б" пунктчасында:
- биринчи абзацта "4 пайыз" деген сөз "Пенсиялык фондго 2 пайыз" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- экинчи, үчүнчү жана төртүнчү абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;
"в" пунктчасында:
- биринчи абзацта "- 10 пайыз өлчөмүндө" деген сөздөр "ушул пункттун "а", "а-1" жана "б" пунктчаларына ылайык" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- экинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын.
2. 3-статьяда:
"б" пунктунда:
- "каржылоо булактарына" деген сөздөрдөн мурда "пенсионер-кызматкерлерди кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;
- пункт төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"ушул Мыйзамдын 11-1-статьясынын "а" пунктунда көрсөтүлгөн жалданган кызматкерлер үчүн пенсиялык фондго - 9,5 пайыз өлчөмүндө;";
"в" пунктунда:
- биринчи абзацта "4 пайыз" деген сөз "Пенсиялык фондго 2 пайыз" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- экинчи, үчүнчү жана төртүнчү абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын.
3. 4-статьянын 1-пунктунун "б" пунктчасында:
- биринчи абзацта "4 пайыз" деген сөздөр "Пенсиялык фондго 2 пайыз" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- экинчи, үчүнчү жана төртүнчү абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын.
4. 6-статьяда:
2-пункттун үчүнчү сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Камсыздандыруу полистерин сатып алуу тартиби жана наркы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.";
3-пунктта:
- "б" пунктчасында:
- биринчи абзац "кызматкерлер үчүн" деген сөздөрдөн кийин ", пенсионер-кызматкерлерди кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;
- төртүнчү абзацта "2 пайыз." деген сөздөр "2 пайыз;" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- пункт төмөнкүдөй мазмундагы "б-1" пунктчасы менен толукталсын:
"б-1) орточо айлык акынын өлчөмүнүн 40 пайызынан эсептелгенде, ай сайын пенсионер-кызматкерлер үчүн Пенсиялык фондго - 4 пайыз өлчөмүндө;
ушул Мыйзамдын 11-1-статьясынын "а" пунктунда көрсөтүлгөн жалданган кызматкерлер үчүн Пенсиялык фондго - 6 пайыз өлчөмүндө."".
5. 7-1-статьяда:
- 1-бөлүк "жеке жактары" деген сөздөрдөн мурда ", пенсионер-кызматкерлерди кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын:
- статья төмөнкүдөй мазмундагы 3 жана 4-бөлүктөр менен толукталсын:
"Пенсионер-кызматкерлер Пенсиялык фондго орточо айлык акынын өлчөмүнөн 10 пайыз өлчөмүндө камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөйт.
Ушул Мыйзамдын 11-1-статьясынын "а" пунктунда көрсөтүлгөн жалданган кызматкерлер Пенсиялык фондго орточо айлык акынын өлчөмүнөн 12 пайыз өлчөмүндө камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөйт."
6. 8-статьянын 2-пунктунда:
- биринчи абзац "Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган" деген сөздөрдөн мурда ", пенсионер-кызматкерлерди жана жумуштарды/кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруучуларды-пенсионерлерди кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;
- пункт төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи жана алтынчы абзацтар менен толукталсын:
"Пенсионер-кызматкерлер үчүн алардын пайдасына чегерилген эмгекке акы төлөөнүн, жумуштарга/кызмат көрсөтүүлөргө төлөөнүн бардык түрлөрүнөн Пенсиялык фондго - 8 пайыз өлчөмүндө;
ушул Мыйзамдын 11-1-статьясынын "а" пунктунда көрсөтүлгөн жалданган кызматкерлер жана жумуштарды/кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруучулар үчүн Пенсиялык фондго - 10 пайыз өлчөмүндө.".
7. 9-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9-статья. Пенсиялык жана Мамлекеттик пенсиялык топтоо фонддоруна
төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрүн бөлүштүрүү
Пенсиялык жана Мамлекеттик пенсиялык топтоо фонддоруна төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрү ушул Мыйзамга ылайык төмөнкүдөй өлчөмдөрдө бөлүштүрүлөт:
1. Иш берүүчүдөн:
а) 2-статьянын 1-пунктуна, 3-статьянын "а" пунктуна, 5-статьянын 1-пунктуна, 6-статьянын 3-пунктуна (текстиль жана тигүү өндүрүшүнун кызматкерлерин кошпогондо) жана 8-статьянын 1-пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 12 пайыз;
- Пенсиялык фонддун тилектештик бөлүгүнө - 3 пайыз;
б) 4-статьянын 1-пунктунун "а" пунктчасына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 10 пайыз;
- Пенсиялык фонддун тилектештик бөлүгүнө - 3 пайыз;
в) 6-статьянын 3-пунктунун "а" пунктчасына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 2,75 пайыз;
- Пенсиялык фонддун тилектештик бөлүгүнө - 2 пайыз.
2. Кызматкерден (ушул Мыйзамдын 11-1-статьясында көрсөтүлгөн кызматкерлерди кошпогондо):
а) 2-статьянын 2-пунктунун "а" пунктчасына, 5-статьянын 1-пунктуна, 6-статьянын 3-пунктуна (текстиль жана тигүү өндүрүшүнүн кызматкерлерин кошпогондо) жана 8-статьянын 2-пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине 8 пайыз;
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүнө - 2 пайыз;
б) 2-статьянын 2-пунктунун "б" пунктчасына, 3-статьянын "в" пунктуна, 4-статьянын 1-пунктунун "б" пунктчасына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине 2 пайыз;
в) 6-статьянын 3-пунктунун "б" пунктчасына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 4 пайыз;
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүнө - 2 пайыз;
г) 7-1-статьяга ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 10 пайыз;
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүнө - 2 пайыз.
3. Ушул Мыйзамдын 11-1-статьясынын "а" пунктунда көрсөтүлгөн кызматкерден:
а) 2-статьянын 2-пунктунун "а" пунктчасына, 5-статьянын 1-пунктуна жана 8-статьянын 2-пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 10 пайыз;
б) 3-статьянын "б" пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 9,5 пайыз;
в) 6-статьянын 3-пунктунун "б" пунктчасына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 6 пайыз;
г) 7-1-статьяга ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 12 пайыз.
4. Ушул Мыйзамдын 11-1-статьясынын "б" пунктунда көрсөтүлгөн кызматкерден:
а) 2-статьянын 2-пунктунун "а" пунктчасына, 5-статьянын 1-пунктуна жана 8-статьянын 2-пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 8 пайыз;
б) 2-статьянын 2-пунктунун "б" пунктчасына, 3-статьянын "в" пунктуна, 4-статьянын 1-пунктунун "б" пунктчасына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 2 пайыз;
в) 6-статьянын 3-пунктунун "б" пунктчасына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 4 пайыз;
г) 7-1-статьяга ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 10 пайыз.
5. 5-статьянын 2-пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү дыйкан (фермердик) чарбанын мүчөлөрүнөн:
- чегерилген камсыздандыруу төгүмдөрүнөн камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 91,7 пайыз.
6. Жеке ишкерлерден:
а) 6-статьянын 1-пунктуна, 7-статьянын 1 жана 4-пункттарына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 8 пайыз;
б) 6-статьянын 2-пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - чегерилген камсыздандыруу төгүмдөрүнүн 100 пайызы.".
8. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 11-1-статья менен толукталсын:
"11-1-статья. Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна камсыздандыруу
төгүмдөрүн төлөөдөн бошотуу
Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна камсыздандыруу төгүмдөрүн милдеттүү төлөөдөн төмөнкүлөр бошотулат:
а) ушул Мыйзамдын 8-статьясында көрсөтүлгөн кызматкерлер, ошондой эле жумуштарды/кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруучулар - 1964-жылдын 1-январынан мурда төрөлгөн эркектер жана 1969-жылдын 1-январынан мурда төрөлгөн аялдар:
б) пенсионер-кызматкерлер.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам 2012-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |