Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 27-июну № 1
Эмгек-Талаа айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын, айылдык Кеңешинин Регламентин, айыл өкмөтү жөнүндө Жобосун бекитүү жөнүндө
Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын, Эмгек-Талаа айылдык Кеңешинин, Эмгек-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн уюштуруу документтерин мыйзам талаптарына ылайык келтирүү максатында Нарын облусунун Юстиция башкармалыгы менен түзүлгөн меморандумун жана депутаттардын сунуштарын эске алып, Эмгек-Талаа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эмгек-Талаа айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы бекитилсин;
2. Эмгек-Талаа айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы облустук жана (же) райондук массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана жарыяланган күндөн баштап иш жүзүнө ашырылсын;
3. Эмгек-Талаа айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндөгү токтому Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы № 184 Токтому менен бекитилген Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндө типтүү Жобосуна ылайык Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жиберилсин;
4. Эмгек-Тала айылдык Кеңешинин Регламенти Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамына ылайык бекитилсин.
5. Эмгек-Талаа айылдык Кеңеши мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
6. Эмгек-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтү жөнүндө Жобосу Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамына ылайык бекитилсин.
7. Эмгек-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн иш регламенти бекитилсин.
8. Эмгек-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн.
9. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Бакирдиновго жүктөлсүн.
10. Ушул токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле Эмгек-Талаа айылдык Кеңешин мамлекеттик каттоо, Эмгек-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүн мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын анык экендиги жана, мыйзамда белгиленген учурларда, юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.
Эмгек-Талаа айылдык кеңештин төрайымы |
А. Түлөбердиева
|
| Нарын районунун Эмгек-Талаа айылдык Кеңешинин XVII сессиясынынын 2012-жылдын 27-июнундагы № 1 токтому менен бекитилген |
I. Жалпы жоболор
II. Жамааттын өз алдынча башкаруусун уюштуруунун негизги шарты жана максаттары
III. Жамааттын өз алдынча башкаруунун принциптери
IV. Жамааттын өз алдынча башкаруу органдары
V. Жамааттын мүчөлүгү
VI. Жамааттын мүчөлөрүнүн укуктары
VII. Жамаатын мүчөлөрүнүн милдеттери
VIII. Жамааттын өз алдынча башкаруу органдарынын функциялары
IX. Жамааттын финансылык-экономикалык негиздери
Х. Жамааттын өз алдынча башкаруу органдары тарабынан колдонулуучу сыйлык чаралары
XI. Жамааттын мүчөлөрүнө жана өз алдынча башкаруу органдарынын курамына көрүлүүчү жаза чаралары
XII. Жамааттын өзгөчө укуктары
ХIII. Уставын кабыл алуу жана өзгөртүү, толуктоолорду киргизүүнүн тартиби
XIV. Жыйынтык тилек
Биз, Эмгек-Талаа айыл аймагында жашаган жарандар, арабызда бузулгус биримдикти, ынтымакты, коомдук тартипти жана бейпилдикти орнотуу, айыл жергесинде турмуш-тиричилик шартын жакшыртуу, ар бир үй-бүлөөнүн жана тургундун бакубат жашоосун камсыздоону көздөп, ушул өз алдынча башкаруу коомдоштугунун (айыл жамаатын) түзүү менен анын коомдук жашоосунун ыйык эрежелери аныкталган ушул Уставды айыл турмушунун негизги мыйзамы катары кабыл алабыз.
Алдыга койгон ыйык милдеттерди турмушка ашыруу максатында биз эң оболу жалпы адамзатка тиешелүү ыймандуулуктун талаптарын, айылыбызда жашаган бардык улуттардын өкүлдөрүнүн каада-салттарын, асыл-нарктарын өзүнө камтыган Манас бабабыздын төмөндөгү жети осуятын ыйык тутуп, аларды бакубат турмушубузду курууда негизги курал жана каражатыбыз катары колдонобуз.
1. Эл журттун ажырагыс бүтүндүгү жана бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган биримдиги;
2. Улуттар аралык ынтымак, достук жана кызматташтык;
3. Улуттук ар-намыс жана атуулдук ариет;
4. Арыбас мээнет, алдыңкы өнөр менен билим аркылуу бакубат дөөлөт;
5. Гуманизм, айкөлдүк, кечиримдүүлүк;
6. Табият менен таттуу мамиледе болуу;
7. Кыргыз мамлекетин чыңдоо жана аны колдонуп, аны көздүн карегиндей сактоо.
I. Жалпы жоболор
1.1. Жергиликтүү жамааттын негизги мыйзамы болгон жергиликтүү жамааттын уставы төмөндөгүлөрдү аныктайт жана камтыйт:
- жамааттын негизги шарты жана максаттары;
- жамааттын өзүн-өзү башкаруунун принциптери;
- жамааттын мүчөлөрү;
- жамааттын мүчөлөрүнөн укуктары жана милдеттери;
- жамааттын өз алдынча башкаруу органдарынын функциялары;
- жамааттын финансылык-экономикалык негиздери;
- жамааттын мүчөлөрүнө жана өз алдынча башкаруу органдары тарабынан колдонулуучу сыйлык чаралары;
- жамааттын мүчөлөрүнө жана өз алдынча башкаруу органдарынын курамына көрүлүүчү жаза чаралары;
- жамааттын өзгөчө укуктары;
- уставды кабыл алуунун, өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүүнүн тартиби;
- жааматтын турмушундагы мамлекеттик мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка маселелери.
II. Жамааттын өз алдынча башкаруусун уюштуруунун негизги шарты жана максаттары
2.1. Жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруунун жана жъргъзъънън негизги шарты - бул жамааттын жергиликтъъ маанидеги бардык коомдук-пайдалуу маселелерди өз жоопкерчилигине алып, алардын мыйзам чегинде өз алдынча чечүүгө жана башкарууга жөндөмдүүлүгү.
2.2. Өз алдынча башкарууга өтүү менен жамаат төмөндөгү максаттарды көздөйт:
- мыйзам чегинде жергиликтүү маанидеги маселелерди көз карандысыз, өз алдынча жана өз убагында чечип туруу максатында айылдык Кеңештин аймагындагы каражаттарын;
- социалдык обьектилерди жана башка материалдык байлыктарды мамлекеттик менчиктен ажыратып алууну, ошондой эле башка мүлк ээлеринин ыктыярдуу түрдө берген мүлк-байлыктарын өткөрүп алуунун негизинде жамааттын ортолук менчик жана финансылык экономикалык базасын түзүүнү;
- айылдык Кеңештин бюджетин өз алдынча түзүүгө, толуктоого жана анын калктын мүдөөсүн аткарууга жумшоого;
- жамааттын мүчөлөрүн өз алдынча башкаруу жана тарбиялоо ишине тартуу менен демократияны өнүктүрүп, мыйзамдын так сакталышына ан-сезими жана активдъълъгън жогорулатууга;
III. Жамааттын өз алдынча башкаруунун принциптери
3.1. Жамааттын өз алдынча башкаруусу төмөндөгү принциптерде жүргүзүлөт:
- жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жамааттын өз алдынчалыгы, өзүн-өзү камсыз кылуу, өзүн-өзү тарбиялоосу жана жөнгө салуусу;
- өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигинин жамааттын мүчөлөрү тарабынан көзөмөлдөнүшү жана аларды эл алдындагы жоопкерчилиги;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдүк, аткаруучу жана аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары менен милдеттеринин так чектелиши;
- социалдык-акыйкаттуулуктун сакталышы;
-жааматтын мүчөлөрүнүн мыйзамдуу укуктары менен кызыкчылыктарынын корголушу;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишиндеги маалымдуулукту, аныктыкты, коомдук бирикмелер, уюмдар жана калктын кенири катмары менен тыгыз байланышы;
- жамааттын мүчөлөрүнүн чогулуштарда, элдик жыйындарда айылдык Кеңеш менен айыл өкмөтүнүн жыйналыштарында жергиликтүү маанидеги маселелерди көтөрүү жана пикир айтуу эркиндиги;
- өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү маанидеги маселелерди өздөрүнө ыйгарылган укуктарынын чегинде өз алдынча чече алуусу, кабыл алган чечимдеринин негиздүүлүгү жана мыйзамдуулугу боюнча жамааттын жана мамлекеттин алдындагы жоопкерчилиги.
IV. Жамааттын өз алдынча башкаруу органдары
4.1. Жамааттын өз алдынча башкаруусу анын төмөндөгү органдары аркылуу жүзөгө ашырылат:
- жамааттын мүчөлөрү тарабынан шайланган өкүлчүлүктүү органы - айылдык Кеңеши;
- айылдык Кеңештин аткаруучу орган - айылдык өкмөтү;
- аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары (айылдардын өз алдынча башкаруу коомдук кеңештери, турак-жай, көчө жана кварталдык комитеттер ж.б.);
- аксакалдар соттору, коомдук тартипти коргоо кошундары;
- жамааттын материалдык-финансылык байлыктарын пайдалануу боюнча элдик көзөмөл тобу.
4.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууга өкүлчүлүктүү жана тикелей катышуу формаларында жүзөгө ашырылат.
Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга өкүлчүлүктүү катышуусу жергиликтүү кеңештер аркылуу ишке ашырылат. Айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын өкүлчүлүктүү катышуусу ошондой эле айыл өкмөтүнүн башчысы аркылуу жүзөгө ашырылат.
4.3. Жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга тикелей катышуусу төмөнкү формада жүзөгө ашырылат:
1) коомдук жана мамлекеттик турмуштун бардык маанилүү маселелерин жана жергиликтүү маанидеги маселелерди жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн чогулуштарында (жыйындарында) талкуулоо;
2) жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо;
3) ченем чыгаруу демилгесин көтөрүүгө жана (же) жергиликтүү маанидеги өзгөчө маанилүү маселелер боюнча тикелей добуш берүүгө катышуу.
V. Жамааттын мүчөлүгү
5.1. Жамааттын мүчөлүгүнө кабыл алуу ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт. Ар бир айыл башчысы ошол айылдагы 16 жаштан жогорку атуулдарды жааматка кабыл алуу жөнүндөгү тизме түзөт. Тизмеге мүчөлүккө кирүүчү атуулдун өзү кол коет.
5.2. 16 жаш курагына жеткен, айылдын аймагында туруктуу жашаган, арыз менен кайрылган ушул уставын ниети менен кабылдаган жана анын талаптарын сактаган, анда көрсөтүлгөн өз укуктарын жана милдеттерин турмушка ашырган ар бир тургун жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп эсептелет.
5.3. Туруктуу жашоо үчүн башка жерден көчүп келген Кыргыз Республикасынын жарандары жеке арыздарынын негизинде айылдык Кенешинин чечими менен жамааттын мүчөлүгүнө кабыл алынат. Жамаатка мүчө болуп кирүү жөнүндө жарандардын арызы айылдык өкмөтү тарабынан 1 айлык мөөнөттөн кечиктирилбестен каралууга жатат.
5.4. Кеңештин аймагында туруктуу жашабаган, бирок ошол аймакта өзүнө жеке менчик катары тиешелүү кыймылсыз мүлк же өндүрүштүк каражаты бар, жергиликтүү бюджетте дайыма салыктарды жана жыйымдарды төлөп турган, ушул уставы кабылдаган жана анын талаптарын аткарууга милдеттенген Кыргыз Республикасынын жарандары өз жамаатынын мучөсү боло алат. Бирок айыл өкмөтүнөн аймагындагы жер үлүшүнө талапкер боло албайт.
VI. Жамааттын мүчөлөрүнүн укуктары
6.1. Жамааттын мүчөсү ушул уставга ылайык төмөндөгү укуктарга ээ болот.
Жамааттын мүчөсү рассасына, улутуна, динине, тилине, жынысына, ата-тегине, уруусуна, дүйнө-мүлктүк жана башка абалына карабастан төмөндөгүлөргө укуктуу:
- жамааттын өз алдынча башкаруу органдарына шайлоого жана шайланууга;
- жамааттын ишин башкарууга байланыштуу маселелерди талкулоого жана аларды турмушка ашыруу боюнча иш-аракеттерге катышууга:
- иш тажрыйбасына, билимине жана жөндөмүнө жараша өз алдынча башкаруу органдарына кызмат өтөөгө;
- жамааттын мүчөлөрү үчүн бекитилген женилдиктерден пайдаланууга;
- жамаатка тиешелүү бардык маселелер боюнча өз алдынча башкаруу органдарына сунуш киргизүүгө жана коюлган суроолоруна ынамдуу жооп алууга, алардын иши боюнча пикирин айтууга жана баа берүүгө:
- жамааттын мүчөлөрүнүн биргелешкен аракеттери менен түзүлгөн байлыктардан жана каражаттардан, ошондой эле жамаатташтыктан ортолук менчигиндеги уюм, мекеме, ишканалардын кызматтарынан белгиленген чегинде пайдаланууга;
- айыл курултайларына, айылдык жыйындарга, айылдык Кеңеш менен айыл өкмөтүнүн ачык жыйналыштарына катышууга, өз оюн эркин айтып, талкууланып жаткан маселе боюнча өзүнүн сунуштарын киргизүүгө;
- жамааттын Уставында чагылдырылган укуктар өз алдынча башкаруу органдары же алардын кызматкерлери тарабынан бузулса, аларды коргоо максатында аксакалдар сотуна же башка тиешелүү органдарга кайрылууга;
- жамааттын Уставынын эрежелерин жамааттын башка мүчөлөрү бузган учурда, өз алдынча башкаруу органдарына жана аксакалдар сотуна кайрылууга;
- аксакалдар соту ушул Уставда көрсөтүлгөн чектерден чыккан чечимдерди кабыл алынган учурда мамлекеттик укук коргоо жана сот органдарына кайрылууга;
- мыйзамдын чегинде өндүрүштүк, тейлөөчүлүк (сервистик), соода жана калкка башка кызмат көрсөтүү багытындагы ишканаларды уюштурууга;
- адал мээнет, ак эмгек менен өз байлыгын арттырууга жана аны жалпы жамааттык, ошондой эле өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишенимдүү корголушуна;
- жамааттын мүчөлүгүнөн өз ыктыяры менен чыгууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка да укуктардан пайдаланууга.
6.2. Аталган укуктардан жана ушул уставда көрсөтүлгөн артыкчылыктардан жана жеңилдиктерден жамааттын мүчөлөрү гана пайдалана алышат.
VII. Жамаатын мүчөлөрүнүн милдеттери
7.1. Жамааттын мүчөлөрү төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- Айыл мыйзамынын эрежелерин бекем сактоого;
- жамааттын өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мыйзам чегинде белгиленген салыктардын жана жыйымдардын бардык түрлөрүн кечиктирбей өз убагында төлөөгө;
- жамааттын турмуш-тиричилик шартын жакшыртууга багытталган бардык коомдук-пайдалуу жумуштарга (социалдык багыттагы объектилерди, жолдорду, көпүрөлөрдү ондоого, арыктарды, көчөлөрдү санитардык тазалоого, көрктөндүрүүгү, жашылдандырууга ж.б. максаттарда уюштурулган ашарларга) катышууга, аларды ишке ашыруу боюнча бекитилген шарттарды жана чектерди (нормаларды) милдетүү түрдө аткарууга;
- жамааттын өз алдынча башкаруу органдарынын мыйзам чегинде жана ушул Айыл мыйзамынын негизинде кабыл алынган бардык чечимдерин аткарууга;
- жамааттын ортолук менчигин түзүүгө жана өнүктүрүүгө өз салымын кошууга, аларды сарамжалдуу пайдаланууга жана сактоого;
- өз үйүн, короо жайын таза кармоого жана өз убагында ондоп турууга, көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга, өз чарбагынан жогорку түшүмдү камсыз кылууга;
- мыйзамдуулукту бузуунун бардык көрүнүштүрүнө, коомчулуктун материалдык байлыктарына жана адептүүлүккө көнүл коштук менен мамиле кылгандарга келишпөөчүлүк менен мамиле жасоого;
- курчап турган табиятка (айлана-чөйрөгө) камкордук жана сарамжалдуулук менен мамиле кылууга, токой, дарак, башка өсүмдүктөргө жана жан-жаныбарларга кыянаттык кылгандар менен күрөшүүгө, тарыхый, маданий жана табигый эстеликтерди сактоого;
- турак-жай имараттарын куруу эрежелерин так сактоого, турак уйлөрдү, ага жакын аймактарды пайдаланууда өрт коопсуздугунун, санитардык жана ветеринардык эрежелеринин туура сакталышына көмөктөшүүгө;
- жамааттын мүчөлөрүнүн биргелешкен пайдалануусундагы жерди, сууну жана башка жаратылыш байлыктарын, ортолук менчиктеги мүлктөрүн сарамжалдуу пайдаланууга.
7.2. өзгөчө милдеттер жана парздар:
- балага кам көрүү, аны туура тарбиялоо - ар бир ата-эненин милдети;
- ата-энелерине камкордук көрүү - эмгекке жарамдуу жашы жетилген ар бир баланын милдети;
- жамааттын ар бир мүчөсүнө гумандуулук жана боорукерлик менен мамиле жасоо, жетимдерди жана ата-энесинин багуусунан ажыраган балдарды, ошондой эле багар-көрөрү жок кары-картаңдарды, майыптарды, эмгекке жараксыздарды камкордукка алуу жана багуу - жалпы жамааттын ыйык парзы;
- улууга урмат, кичүүгө ызат, аялдарга сый көрсөтүү, аракечтикке, уурулукка, баңгиликке, сойкулукка, бузукучулукка, бекерпостукка, жалкоолукка барбоо, жамааттын башка мүчөлөрүнөн укуктарын жана эркиндигин ызаттоо, коомдук тартипти сактоого катышуу - жамааттын ар бир мүчөсүнүн милдети;
- өз үй бүлөөсүндө ынтымактуу бейпил турмушту камсыз кылуу, кошуна колондор менен тынчтыкта жашоо, үй-бүлө мүчөлөрүн, айрыкча жаш муундарды Ата-Мекенин, өз жерин сүйүүгө, патриоттукка, интернационализмге, достукка тарбиялоо - ар бир үй-бүлөө башчысынын милдети;
- ар бир улуттун намысын жана каада-салттарын урматтоо, улуттар аралык ынтымакты, тынчтыкты, биримдикти чындоо - айылдык (поселкалык) кеңештин аймагында жашаган ар бир улуттун өкүлүнүн милдети;
Эскертуу: той-тамаша жана шаан-шөкөт өткөрүүнүн, маркумдарды узатуунун коомдук тартиби айыл өкмөтү (же айыл башчылары) менен макулдашуу аркылуу аныкталат.
VIII. Жамааттын өз алдынча башкаруу органдарынын функциялары
8.1. Жамааттын өз алдынча башкаруу органдары аткарууга тиешелүү болгон жергиликтүү маанидеги негизги маселелер төмөндөгүлөр:
- жергиликтүү менчикти түзүү жана аны башкаруу;
- аймакты социалдык-экономикалык жактан ар тараптан өнүктүрүү;
- жамааттын жер байлыктарын сарамжалдуу пайдалануу;
- турак-жай - коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү иштери;
- соода жана турмуш тиричилик жактан тейлөөнү уюштуруу;
- жергиликтүү калктын саламаттыгын сактоого көмөк көрсөтүү;
- мектепке чейинки, мектепте жана кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү;
- калктын өзгөчө асыл жана нарктуу тарыхый, маданий, рухий салттарын сактоо жана өркүндөтүү;
- жамааттын мүчөлөрүн мээнеткеч, үнөмчүл жана жаратман багытында тарбиялоо;
- дене тарбияны, спортту жана туризмди өнүктүрүү;
- коомдук тартипти сактоо;
- калкка даректүү социалдык колдоону жана жардамга муктаж үй-бүлөлөрдү, атуулдарды социалдык жактан коргоону уюштуруу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга каршы келбеген башка маселелерди чечүү.
IX. Жамааттын финансылык-экономикалык негиздери
9.1. Жамааттын өз алдынча башкаруусунун экономикалык жана финансылык негиздерин, ортолук менчик каражаттарын төмөндөгүлөр түзөт:
- жамааттын карамагына мамлекет, мекеме, уюм, ишкана ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан коомдук уюмдар, кыймылдар, демөөрчүлөр, жеке адамдар тарабынан ыктыярдуу өткөрүлүп берилген кыймылдуу жана кыймылсыз дүнүйө-мүлкөр, социалдык, маданий, турмуш-тиричилик жана чарбалык маанидеги обьектилер;
- жамаатка өткөрүлүп берилген жерлер, жайыттар, ошондой эле жергиликтүү маанидеги токой, суу, жол чарба обьектилеринин чарбалык ишмердүүлүгүнөн түшкөн кирешелер;
- жергиликтүү бюджетке түшкөн салыктар, жыйымдар жана башка каражаттар;
- кредит ресурстары, дотациялар, субвенциялар жана инвестициялар;
- жаратылыш байлыктарын пайдалангандардан алынуучу акылар;
- ар түрдүү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн акылар;
- сатылган азык-түлүктөрдөн түшкөн акылар;
- өз каалоосу менен берилген ыктыярдуу төлөмдөр, кошумчалардын эсебинен түзүлгөн бюджеттен тышкары фонддор;
- тышкы экономикалык ишкердүүлүктөн, гранттардан түшкөн чегерүүлөрдүн эсебинен жыйналган финансылык ресурстар.
9.2. Жамааттын финансылык-экономикалык негиздерин түзгөн байлыктардын айыл өкмөтү тарабынан пайдалануу жана сарптоо тартиби айылдык кеңеш тарабынан аныкталат.
9.3. Жамааттын материалдык-финансылык байлыктарынын сарамжалдуу жана туура пайдаланылышына коомдук көзөмөлдүү айылдык кеңеш тарабынан түзүлүүчү 5-9 адамдан турган элдик көзөмөл тобу тарабынан жүргүзүлөт. Элдик көзөмөл тобуна талапкерлер айылдык жыйындар жана коомдук уюмдар тарабынан сунуш кылынат. Бул топтун текшерүүлөрүнүн жыйынтыктары айылдык кеңештин, аксакалдар сотунун же өзгөчө учурларда тиешелуу мамлекеттик органдардын кароосуна берилет.
X. Жамааттын өз алдынча башкаруу органдары тарабынан колдонулуучу сыйлык чаралары
10.1. Жамааттын уставынын талаптарын үлгүлүү аткарган, коомдук пайдалуу эмгекке активдуу катышкан, кайрымдуулук акцияларына, демөөрчүлүккө такай көмөктөшкөн, жамаатташтыкка өтө пайдалуу ар кандай кызматын көрсөткөн, өзүнүн жана бүтүндөй үй-бүлөсүнүн жүрүм-түрүмү боюнча эн жогорку үлгү көрсөткөн жамааттын мүчөлөрүнө, өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине жана башка атуулдарга моралдык жана материалдык жактан сыйлык катары төмөндөгүлөр колдонулушу мүмкүн;
- алкыш жарыялоо, баалуу белек, башка материалдык жана акчалай сыйлыктары менен сыйлоо;
- мактоо баракчасын тапшыруу;
- "Ыймандуу үй-бүлөө", "Үлгүлүү үй (көчө, квартал) деген наамдарды ыйгаруу;
- жамааттын Ардак Тактасына жазуу;
- жамааттын Ардак Китебине жазуу;
- "Айылдын ардактуу атуулу" - деген ардак наам ыйгаруу:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына жана ардак наамдарына көрсөтүү.
10.2. Жамааттын мүчөлөрүн сыйлыкка көрсөтүү төмөндөгү тартипте жүргүзүлөт:
а) жамааттын мүчөлөрүн сыйлыкка көрсөтүү демилгеси айылдын, кварталдын жашоочуларынын жалпы жыйындарына, аксакалдар сотуна, коомдук уюмдарга, айыл башчыларына, айыл өкмөтүнүн мүчөлөрүнө, айылдык кеңештин депутаттарына таандык;
б) алкыш жарыялоо, баалуу белек, башка материалдык жана акчалай сыйлык менен сыйлоо, мактоо баракчаларын тапшыруу, - "Ыймандуу үй-бүлөө", "Үлгүлүү үй, көчө (квартал)" деген наам ыйгаруу тууралуу чечим айыл өкмөтү тарабынан кабыл алынат;
в) жамааттын Ардак Тактасына жана Ардак Китебине жазуу, "Айылдын ардактуу атуулу" - деген ардак наам ыйгаруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик" сыйлыктарына жана ардак наамдарына көрсөтүү жөнүндөгү чечимдер айыл өкмөтүнүн сунушу боюнча айылдык кеңеш тарабынан кабыл алынат.
XI. Жамааттын мүчөлөрүнө жана өз алдынча башкаруу органдарынын курамына көрүлүүчү жаза чаралары
11.1. Жамааттын уставынын эрежелерин сактабаган жамааттын мүчөлөрүнө төмөндөгү жаза чаралары колдонулат:
- оозеки же жазуу жүзүндөгү эскертүү.
- жашаган жерлеринде өткөрүлгөн чогулуштарда жана айылдык жыйындарда коомдук таасир көрсөтүү;
- өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленген женилдиктерден жана берилген ардак наамдардан ажыратуу;
- белгиленген тартипте айып жазаларын колдонуу;
- жамааттын мүчөлүгүнөн чыгарып салуу.
11.2. Жогорудагы көрсөтүлгөн жоопкерчилик чаралары жамааттын мүчөлөрүнүн, айыл башчысынын, өз алдынча башкаруу органынын кызматкерлеринин сунуштары боюнча айылдык кенеш, айыл өкмөтү, айыл өкмөтүнүн башчысы, аксакалдар соту тарабынан колдонулат.
11.3. Айыл мыйзамынын эрежелерин одоно түрдө бузган же өз милдеттерин аткара албаган жамааттын өз алдынча башкаруу органдарынын курамдарына төмөндөгүдөй жоопкерчилик чаралары колдонулат:
а) Айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан айыл башчыларына жана жооптуу кызматкерлерине:
- жазуу жүзүндөгү эскертүү;
- төмөнкү кызматка которуу;
- кызматтан алып салуу;
б) айылдык кеңештин депутаттарынын үчтөн экисинин чечими менен:
- айыл башчысына эскертүү берүү;
- айыл өкмөтүнүн башчысына, айыл өкмөтүнүн жалпы ишеним көрсөтпөө;
- аксакалдар сотунун жалпы курамына же анын айрым мүчөлөрүнө ишеним көрсөтпөө;
- элдик көзөмөл тобунун жалпы курамына же анын айрым мүчөлөрүнө ишеним көрсөтпөө;
в) айылдык кеңештин курамына же жеке депутатка мыйзамга ылайык жамааттын шайлоочулары тарабынан ишеним көрсөтпөө.
11.4. Айыл башчысына, айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештин жалпы курамына ишеним көрсөтпөө жөнүндө чечимдер райондук кеңештин төрагасы жана райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы тарабынан жеринде биргелешип текшерилип, тууралыгы аныкталгандан кийин гана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык толугу менен чечилет.
ХII. Жамааттын өзгөчө укуктары
12.1. Жамаатташтыкка өтө маанилүү болгон айрым социалдык-экономикалык, чарбалык жана маданий маселелерди башка өз алдынча башкаруу жамааттары менен биргелешип чечүү максатында, мыйзам ченеминде белгиленген тартипте ар кандай денгээлде түзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча бирикмелерге жана ассоциацияларга мүчө болуп кирүүгө укуктуу.
12.2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары белгилеген тартипте жамааттык чет өлкөлүк жана эл аралык өз алдынча башкаруу жамааттары менен алака түзүүгө акылуу.
12.3. Жамааттын жана анын органдарынын ишмердигиндеги маалымдуулукту, ачыктыкты камсыз кылуу максатында, жамаат өзүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен массалык маалымат каражаттарын (гезит, баракчалар, жергиликтүү радио түйүндөр ж.б.) мыйзам чегинде түзүүгө жана пайдаланууга укуктуу.
ХIII. Жамааттын Уставын кабыл алуу жана өзгөртүү, толуктоолорду киргизүүнүн тартиби
13.1. Жамааттын уставы тиешелүү жергиликтүү жамааттын чогулуштарында (жыйындарында) же курултайларында талкуунун натыйжалары боюнча тиешелүү жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынат. Уставды бекитүү жөнүндө чечим тиешелүү жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынууга тийиш.
13.2. Жамааттын уставы менен жергиликтүү кеңештин жана аткаруу органынын өз ара мамилелеринин тартиби жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамында жөнгө салынбаган жергиликтүү өз алдынча башкаруу ишинин башка маселелери аныкталат.
13.3. Мурда кабыл алынган уставдарга өзгөртүүлөр жана толуктоолор жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн кем эмес сандагы тиешелүү жергиликтүү кеңештин чогулуштарынын (жыйындарынын), жарандардын топторунун, курултайларынын же депутаттарынын тобунун сунушу боюнча каралат жана тиешелүү жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмес добуштарынын көпчүлүгү менен жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынат.
13.4. Эгерде уставдар менен жөнгө салуу чөйрөсүнө таандык кылынган маселелер устав менен жөнгө салынбаса, анда алар ушул Мыйзам менен жөнгө салынат.
13.5. Жамааттын уставы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүк органында жергиликтүү кеңештин ченемдик укуктук актыларын каттоо үчүн белгиленген тартипте милдеттүү катталууга жатат.
Жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү жөнүндө жергиликтүү кеңештин ченемдик укуктук актысы (уставдын текстин тиркөө менен) ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө жиберилет.
XIV. Жыйынтык тилек
Урматтуу жамааттын мүчөлөрү!
- "Ырыс алды ынтымак" - деп ушул өзүбүз кабыл алган Айыл мыйзамын бир добуштан колдоп жана кыйшаюусуз аткаралы, "сабырдын түбү сары алтын" - деп
| Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин XVII сессиясынын 2012-жылдын 27-июндагы №1 токтому менен бекитилген
|
Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
РЕГЛАМЕНТИ
1. Жалпы Жобо
2. Айылдык Кеңештин ыйгарым укуктары
3. Айылдык Кеңештин сессиясы
4. Айылдык Кеңештин депутаттардын сессия учурундагы укуктары жана милдеттери
5. Жашырун жабык добуш берүүнү уюштуруунун тартиби
6. Кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
7. Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын ыйгарым укуктары
8. Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын жыйналыштары
9. Айылдык кеңештин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу
10. Айылдык кеңештин ченемдик укуктук актылары
11. Айылдык кеңештин төрагасы
12. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары
13. Регламентти бекитүү, өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүүнүн тартиби
14. Айылдык кеңештин ыйгарым укуктарынын токтотулушу
1. Жалпы Жобо
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык, Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңеши (мындан ары – айылдык кеңеш) – Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык аймактагы айылдык кеңештин депутаттарынан турган, төрт жылдык мөөнөткө түзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы.
Айылдык кеңеш жалпыга бирдей, тең жана тике шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш берүү менен шайлануучу депутаттардан турат. Айылдык кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүүнүн тартиби мыйзам менен аныкталат.
Депутаттын ыйгарым укуктарын төмөндөгүлөрдүн кызмат оруну менен айкалыштырууга болбойт:
1) айыл өкмөтүнүн башчысынын жана анын орун басарынын;
2) айылдык кеңештин жооптуу катчысынын;
3) айылдын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын кызматкеринин;
4) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын;
5) Өкмөт мүчөсүнүн же мамлекеттик кызматчынын.
1.4. Айылдык кеңештин сандык курамы шайлоо өткөрүлгөн жылдын 1-январына карата абал боюнча Эмгек-Талаа администрациялык-аймактык бирдиктин калкынын статистикалык маалыматтарына ылайык саны боюнча 11 депутаттан турат.
1.5. Депутаттык мандат төш белги жана аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы кол койгон күбөлүк менен ырасталат.
1.6. Депутаттык мандатты колдонуу төмөндөгүдөй учурларда токтотулушу мүмкүн:
1) туруктуу жашоосунда депутаттык функцияларын натыйжалуу жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк бербеген башка жерге туруктуу жашоого көчүп кеткенде;
2) депутаттык ыйгарым укуктарын ыктыярдуу тапшырганда;
3) Мыйзамда каралган кызматтарды айкалыштырууга мүмкүнчүлүк болбогон кырдаалдар пайда болгондо;
4) депутаттык мандатты адам тарабынан белгиленген тартипти бузуу менен алынгандыгы билингенде (шайлоонун натыйжалары анык эмес деп табылганда же шайлоонун натыйжалары четке кагылганда);
5) депутат соттун чечими боюнча аракетке жөндөмсүз же жөндөмү чектелүү деп табылганда;
6) депутат өлгөндө же ал дайынсыз жок же өлдү деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
7) жыл ичинде кеңештин сессияларына жүйөлүү себептерсиз экиден ашуун катышпаганда;
8) депутатка карата соттун айыптоочу өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;
9) кеңеш таркатылганда.
Айылдык кеңештин депутаты кеңештин сессияларында же туруктуу комиссиялардын же айылдык кеңеш тарабынан түзүлгөн башка органдардын жыйналыштарында жеке кызыкчылыгын, башкача айтканда өзү, анын жубайы, ата-энеси, балдары, бир туугандары жана эже, карындаш-сиңдилери үчүн материалдык пайданы көздөгөн маселени (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын шайлоого тиешелүү маселелерден тышкары) кароого катышууга жана добуш берүүгө тийиш эмес.
Айылдык кеңеш өз иш-милдеттерин аткарууну Мыйзамда жана ушул регламентте белгиленген мөөнөттө өткөрүлүүчү өзүнүн биринчи сессиясынын күнүнөн тартып аткара баштайт жана өз ишин кийинки чакырылыштагы жергиликтүү кеңештин биринчи сессиясы өткөрүлгөн күнү токтотот.
Айылдык кеңештин юридикалык жак болуп саналат жана мыйзамдар менен өзүнүн компетенциясына таандык кылынган ар кандай маселелерди өз алдынча чечүүгө укуктуу. Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына каршы келген учурда Айылдык кеңештинтин чечимдерин жокко чыгаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
1.10. Айылдык кеңештин жергиликтүү мамлекеттик администрация менен өз ара мамилелери иш-милдеттеринин чегин ажыратуу, кеңешке жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияга өздөрүнө таандык жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктарды берүү принцибинин негизинде түзүлөт. Мамлекеттик бийлик органдары айылдык кеңештин компетенциясына кирген маселелерди чечүүгө кийлигишүүгө укуксуз. Айылдык кеңеш жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын компетенциясына кирген маселелерди чечүүгө кийлигишүүгө укуксуз. Аймактардын кызыкчылыктарына тиешелүү маселелер боюнча айылдык кеңеш сессиянын ишине, туруктуу комиссиялардын жыйналыштарына катышуу үчүн тиешелүү министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрүн чакыра алат. Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы аймакты өнүктүрүүнүн турмуштук маанилүү маселелери боюнча өз чечимдерин айылдык кеңеш менен консультациялашат жана жазуу жүзүндө макулдашат.
1.11. Айылдык кеңеш өзүнүн ишин, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик, укуктук актыларынын жана ушул регламентинин негизинде жүргүзөт.
1.12. Айылдык кеңештин регламенти айылдык кеңештин иштерин уюштуруу тартиптерин белгилейт, уюштуруучулук жана укуктук негиздерин, туруктуу жана убактылуу комиссияларын, структурасын түзүү жана сессияны чакыруу мөөнөттөрүнүн тартибин аныктайт.
1.13. Айылдык Кеңештин уюштуруу-укуктук формасы – мекеме
1.14. Толук аталышы: мамлекеттик тилде – «Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык Кещеши» мекемеси, расмий тилде – Учреждение «Айылный Кеңеш Эмгек-Талинского айылного аймака».
1.15. Айылдык Кеңештин жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Нарын облусу, Нарын району, Ак-Талаа айылы, Ө.Абдразаков көчөсү, 68-үй.
2. Айылдык Кеңештин ыйгарым укуктары
2.1. Айылдык кеңеш Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык төмөндөгү маселелерди карайт жана токтом кабыл алат.
1) жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартибин белгилөө;
2) жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддордун пайдаланылышы жөнүндө маалыматты угуу;
3) аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларын бекитүү жана алардын аткарылышын контролдоо;
4) жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо;
5) жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана ага ээлик кылуунун тартибин аныктоо, анын ичинде муниципалдык менчиктин объектилерин менчиктештирүү программаларын бекитүү жолу менен аныктоо, муниципалдык менчиктин пайдаланышына контролду ишке ашыруу;
6) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруу органынын иши жөнүндө отчетту угуу;
7) мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
8) жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү;
9) тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарына киргизүү максатында администрациялык-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
10) кеңештин төрагасын, анын орун басарын шайлоо, аларды кызмат орундарынан бошотуу, кеңештин төрагасынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келүүчү чечимдерин жокко чыгаруу;
11) кеңештин регламентин кабыл алуу;
12) өз чечимдеринин аткарылышына контролдук кылуу;
13) Өкмөт тарабынан аныкталуучу типтүү ченемдердин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын штаттык сан-эсебин жана түзүмүн бекитүү;
14) муздак сууну, канализацияны, жылуулук менен камсыз кылууну пайдалангандык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катуу тиричилик таштандыларын жыйнагандык, ташып чыгаргандык жана жок кылгандык үчүн тарифтерди бекитүү;
15) алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуунун, ырым-жырымдарды өткөрүүгө тыюу салганга чейинки чектөөлөрүн аныктоо;
16) ирригациялык тармактарды, үйдөгү жана үй жанындагы участкаларды күтүүнүн тартибин аныктоо;
17) жергиликтүү жамааттын уставына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечүү.
2.2. айылдык кеңештин сессияларында кошумча иретинде төмөндөгүдөй маселелер чечилет:
1) айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо;
2) Мыйзамда белгиленген тартипте айыл өкмөтүнүн башчысына ишенбестик билдирүү;
3) тиешелүү район үчүн мыйзамдарда базалык ставканын базасында эсептелген айыл аймагы үчүн белгиленген жер салыгынын жалпы суммасынын чегинде топурактын бонитетинин баллдарын эсепке алуу менен айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандык үчүн салыктын жиктелген ставкаларын аныктоо;
4) айыл чарбасына жарактуу жерлерди, чөп чабындыларды кайра бөлүштүрүү фонддорун, ижарага берүүнүн тартибин аныктоо.
3. Айылдык Кеңештин сессиясы
3.1. Айылдык кеңештин сессиясы анын ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук формасы болуп эсептелет.
3.2. Айылдык кеңештин сессиясы кеңештин жыйналышы депутаттардын жалпы санынын кеминде жарымы катышса, укук ченемдүү болот.
Айылдык кеңеш, эгерде мыйзамда башкача каралбаса, айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен чечим кабыл алат.
3.3. Жаңы шайланган айылдык кеңештин биринчи сессиясы мурдагы чакырылган кеңештин төрагасы тарабынан айылдык кеңештин депутаттарын шайлоодон кийин эки жумалык мөөнөттөн кечиктирилбестен чакырылат. Айылдык кеңештин биринчи сессиясын айылдык кеңештин курагы боюнча улуу депутаты ачат.
3.4. Айылдык кеңештин сессиялары ачык, кварталына, кеминде бир жолу айылдык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн биринин талабы боюнча өткөрүлөт.
3.5. Айылдык кеңештин сессиялары коомчулук үчүн ачык. Ар бир жаран айылдык кеңеш тарабынан бекитилген регламентке ылайык сессияларга катышууга укугу бар.
Айылдык кеңеш, эгерде каралуучу маселе мыйзамдарга ылайык мамлекеттик сырга таандык болсо, жабык сессияны өткөрүү жөнүндө чечим кабыл ала алат. Айылдык кеңеш сессиялардын датасы жана күн тартиби жөнүндө жарандарды алдын ала кабардар кылуу боюнча бардык чараларды көрүүгө, алардын сессияга кириши үчүн бардык шарттарды түзүүгө, ошондой эле көрүлгөн чаралар тууралуу жергиликтүү жамаатка маалымдоого милдеттүү.
3.5. Кеңештин сессиясы ар бир кварталда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
3.6. Кеңештин төрагасы сессия өткөрүлө турган күнү, убактысы, күн тартиби жана сессия өтүүчү жай тууралу 5 күндөн кечиктирбей Кеңештин депутаттарына билдирет. Ошондой эле сессияда каралуучу маселелер боюнча чечимдин, токтомдун долбоору Кеңештин депутаттарына 3 күндөн кечиктирилбей таратылат.
3.7. Кеңештин кезексиз сессиясы Кеңештин төрагасы, Кеңештин туруктуу комиссиялары же Кеңештин жалпы депутаттарынын 1/3 бөлүгүнүн сунушу менен чакырылат.
3.8. Депутаттар тарабынан кезексиз сессияны чакыруунун сунушу жазуу түрүндө карала турган маселелерди көрсөтүү менен кезексиз сессияны өткөрүү зарылдыгы тууралу Кеңештин төрагасына берилет.
3.9. Иш-план боюнча Кеңештин сессиясына материалдарды иш планда бекитилген жооптуу адамдар даярдайт. Ал эми пландан тышкары каралуучу маселелер боюнча маселени кароону сунуш кылган жактар даярдайт.
3.10. Кеңештин чечими менен кеңештин компетенциясына кирген маселелерди даярдоо үчүн депутаттардан, адистерден, коомдук уюмдардан жана алардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлүшү мүмкүн.
Айылдык Кеңештин депутаттардын сессия учурундагы укуктары жана милдеттери
4.1. Сессиянын жумушчу органдарын шайлоого, шайланууга жана ал органдарына өзүнүн талапкерлигин сунуштоого.
4.2. Күн тартибин иштөө тартиптери боюнча сунуштарды берүүгө, аны добушка койдурууга.
4.3. Сессиянын токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды сунуш кылууга жана добушка койдурууга.
4.4. Айылдык Кеңештин компетенциясына кирген маселелер боюнча мекеме ишканалар ж.б. органдардын жетекчилеринин отчетторун угууну күн тартибине киргизүүнү сунуштоого.
4.5. Ыйгарым укуктарына ылайык депутаттык изилдөө, текшерүү жүргүзүү үчүн сессиянын чечимин чыгарууну сунуштоого.
4.6. Сессиянын регламентин жана иштөө тартибин толук сактоого.
4.7. Депутаттарга сессиянын жумушчу органдарына, чакырылгандарга сын мамиле жасоого (орой мамиле жасоого, аброюна шек келтирүүгө жол берилбейт).
4.8. Сессиянын ишине активдүү катышууга жана ар бир талкууланган маселенин чечилишине өзүнүн жекече пикирин сактоо менен добуш берүүгө.
Жашырун жабык добуш берүүнү уюштуруунун тартиби
5.1. Айылдык Кеңештин 1-сессиясынын чечими менен жашыруун добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү боюнча саны 3 депутаттан турган эсептөө комиссиясы түзүлөт.
5.2. Эсептөө комиссиясы өз чогулушунда, мүчөлөрүнө иш бөлүштүрөт (төрагасын, мүчөлөрүн бекитет), добуш берүү бюллетенинин, добуштарды берүү ящигин жана бөлмөлөрдү жабык добуш берүүнү жүргүзүүгө даярдайт.
5.3. Сессияга катышып жаткан депутаттардын тизмесин тактап, ар бир депутаттын өз-өзүнчө добуш берүүсүн камсыз кылат. Эсептөө комиссиясы тарабынан жашыруун добуш берүүнүн эрежелерин толук сактоолору милдеттүү. Добуш берүүнү баштоонун алдында, эсептөө комиссиясы добуш берүүнүн тартиби менен депутаттарды тааныштырат.
5.4. Айылдык Кеңештин төрагасына көрсөтүлгөн талапкер бюллетенге алфавиттик тартип менен жазылат. Добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу, бюллетендерди эсептөө добуш берилген жайда жүргүзүлөт.
5.5. Бюллетенге талапкерлердин фамилиясы, аты, атасынын аты паспорт же өздүк документи боюнча толтурулат, бюллетенге башка маалыматтар жазылбайт.
5.6. Ар бир кандидатуралар боюнча "Колдогону", "Каршы" болгону жана "бузулган" бюллетендер боюнча жыйынтыгы чыгарылып, эсептөө комиссиясынын токтому түзүлүп, сессияда бекитилет.
5.7. Төраганын орун басарлыгына сунушталган талапкер ачык добушка коюлат. Добушту саноону, жыйынтыктоону эсептөө комиссиясы жүргүзөт.
5.8. Сессияга катышкан депутаттардын эң көп добушуна ээ болгон талапкер Айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайланат.
Айылдык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
6.1. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары кеңештин карамагына таандык маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо, ошондой эле кеңештин чечимдерин ишке ашырууга катышуу, ушул чечимдердин ведомстволук аймакта жайгашкан мекемелер жана уюмдар тарабынан аткарылышына контролдук кылуу үчүн түзүлөт. Кеңеш тарабынан ошондой эле зарыл болгон учурда убактылуу комиссиялар да түзүлөт.
6.2. Комиссиялардын тизмеги, алардын сандык курамы жана шайлоонун тартиби Айылдык Кеңеш тарабынан аныкталат. Кеңеш ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн ичинде зарылчылыкка жараша, жаңы туруктуу комиссияларды түзө алат, мурда түзүлгөндөрүн таратат жана кайра уюштурат, алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизе алат.
6.3. Туруктуу комиссиялар тиешелүү айылдык Кеңештин депутаттарынын ичинен түзүлөт. Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын курамына кеңештин төрагасы жана анын орун басары шайланышы мүмкүн эмес.
6.4. Туруктуу комиссиялар төраганы шайлайт. Комиссиялар өзүнүн ишинин негизги багыттары боюнча кичи комиссияларды түзө алышат.
6.5. Туруктуу комиссиянын жана кеңештин төрагасынын сунушу боюнча айылдык кеңеш туруктуу комиссиялардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизет.
6.6. Комиссия мүчөсүнүн ыйгарым укуктары кеңеш тарабынан анын өтүнүчү боюнча, ошондой эле ал өзүнүн милдеттерин аткарууга мүмкүндүк болбогон жагдайларга байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.
6.7. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнүн ишине окумуштууларды, адистерди, практик кызматчыларды, дагы башка адамдарды тартууга укуктуу.
6.8. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнүн компетенциясына таандык маселелер боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алат.
6.9. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары ведомстволук аймакта жайгашкан уюмдар менен мекемелердин оперативдүү чарбачыл ишине кийлигишүүгө укуксуз.
7. Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын ыйгарым укуктары
7.1. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары:
1) кеңештин кароосуна киргизилүүчү экономикалык, социалдык жана тиешелүү улуттук маданий өнүгүүгө байланышкан маселелерди даярдоого катышат;
2) айылдык аймактын социалдык-маданий жана өндүрүштүк инфраструктурасын өнүктүрүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин чыңдоо боюнча кеңешке сунуштарды киргизет.
3) өзүнүн аймагын экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана бюджеттин пландарынын долбоорлорун, пландардын аткарылышы жана бюджеттин толтурулушу жөнүндө отчетторду алдын ала карайт, алар боюнча өздөрүнүн сын-пикирлерин даярдайт, зарылчылык туулса, аларды кеңешке киргизет.
4) айылдык кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышына жана регламенттин талаптарынын аткарылышы сакталышына контролду ишке ашырат;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана тиешелүү кеңештин регламенти аркылуу сунушталган башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
7.2. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана тиешелүү аймакта жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерин жана адистерин угууга укуктуу.
8. Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын жыйналыштары
8.1. Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын жыйналыштары комиссиялардын иш планына ылайык чакырылат.
8.2. Туруктуу комиссиялардын жыйналыштарына кеңеш берүүчү добуш укугу менен ушул комиссияларга мүчө болуп эсептелбеген депутаттар катыша алат.
8.3. Бир нече туруктуу комиссиянын карамагына кирген маселелер комиссиялардын демилгеси боюнча, ошондой эле айылдык кеңештин тапшырмасы боюнча комиссиялар тарабынан даярдалат жана бирге каралат.
8.4. Туруктуу комиссиялардын бардык мүчөлөрү бирдей укуктардан пайдаланышат.
9. Айылдык кеңештин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу
9.1. Айылдык кеңештин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу Эмгек-Талаа айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн аппаратына жүктөлөт.
9.2. Айылдык кеңештин аппараттарынын ишин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу – Эмгек-Талаа айылдык аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлөт.
10. Айылдык кеңештин ченемдик укуктук актылары
10.1. Айылдык кеңештин карамагына таандык маселелер боюнча чечимдери, мыйзамдарда башка тартип каралган учурларды кошпогондо, шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Айылдык кеңештин чечимдери токтом түрүндө чыгарылат да, кеңештин төрагасы тарабынан кол коюлат.
10.2. Өз ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган айылдык кеңештин чечимдери тиешелүү аймакта турган бардык жарандар, мамлекеттик бийликтин аймактык органдары, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде менчигинин түрүнө карабастан бардык ишканалар, уюмдар жана мекемелер тарабынан аткарылууга милдеттүү.
10.3. Айылдык кеңештин ченемдик укуктук актылары Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте күчүнө кирет.
10.4. Айылдык кеңештин чечимдери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте четке кагылышы же күчүн жоготту деп табылышы мүмкүн.
11. Айылдык кеңештин төрагасы
11.1. Айылдык кеңештин төрагасы кеңештин сессиясында жергиликтүү кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө жашыруун добуш менен депутаттардын ичинен шайланат.
11.2. Өзүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда, депутаттардын үчтөн биринин демилгеси боюнча айылдык кеңештин шайланган депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экисинин көпчүлүк добушу менен айылдык кеңештин төрагасы ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.
11.3. Айылдык кеңештин төрагасы өзүнүн милдеттерин коомдук негизде, бирок айыл кеңешинин сессияларынын ишинин мезгилине бир жолку компенсация алуу менен аткарат.
11.4. Айылдык кеңештин төрагасы:
1) айылдык кеңештин сессиясын чакырат;
2) сессияларга төрагалык кылат;
3) айылдык кеңештин чечимдерине кол коет;
4) айылдык кеңеш тарабынан жүктөлгөн башка милдеттерди аткарат.
11.5. Айылдык кеңештин төрагасы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө расмий өтүнүч жасайт.
12. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары
12.1. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары сессияда айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен депутаттардын ичинен шайланат.
12.2. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары кеңештин төрагасынын тапшырмасын аткарат, ал жок болгон же өз милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурда анын ордуна иштейт.
12.3. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары өзүнүн ээлеген кызмат ордунан айылдык кеңештин депутаттарынын үчтөн биринин демилгеси боюнча шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бошотулушу мүмкүн.
12.4. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары өзүнүн ишин коомдук башталыштарда жүзөгө ашырат.
13. Регламентти бекитүү, өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби
13.1. Депутаттар тарабынан регламентке өзгөртүү, толуктоо киргизүүгө сунуш бере алат. Сунуштар атайын түзүлгөн жумушчу топто каралат.
13.2. Айылдык Кеңештин регламентин депутаттардан турган жумушчу топ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштеп чыккандан кийин кеңештин сессиясында бекитүүгө коюлуп, сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
14. Айылдык кеңештин ыйгарым укуктарынын токтотулушу
14.1. Айылдык кеңештин ыйгарым укуктары айылдык кеңештин жаңы курамы түзүлүшүнө, кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатылышына байланыштуу токтотулат.
14.2. Айылдык кеңеш мөөнөтүнөн мурда төмөндөгүдөй учурларда таркатылышы мүмкүн:
1) айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын добуштарынын үчтөн экиден кем эмес көпчүлүгү тарабынан кабыл алынган чечим боюнча;
2) Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» мыйзамдарында каралган учурларда, Премьер-министрдин же Борбордук шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча Президент тарабынан;
3) Эмгек-Талаа айыл аймагынын чек араларынын өзгөрүлүшүнө алып келген кайра уюштуруу учурларында.
14.3. Өзүн-өзү таркатуу жөнүндө айылдык кеңештин чечими кеңештин төрагасы тарабынан Жарлык чыгаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине жиберилет.
14.4. Чек араларын өзгөртпөстөн администрациялык-аймактык бирдиктин атын өзгөртүү кайра уюштуруу болуп саналбайт жана айылдык кеңешти таратууга алып келбейт. Кыргыз Республикасынын Президентинин кайра уюштурууга байланыштуу айылдык кеңешти таратуу жөнүндө Жарлыгы, эгерде Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын өзүндө башкача мөөнөт каралбаса, тиешелүү администрациялык-аймактык бирдик жөнүндө мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып 10 күндөн кечиктирилбестен чыгарылышы керек.
14.5. Айылдык кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатуунун жогоруда көрсөтүлгөн учурларынын кайсынысында болсо да Президенттин мөөнөтүнөн мурда таркатуу жөнүндө Жарлыгы расмий жарыяланган күндөн тартып таркатылды деп эсептелет.
14.6. Айылдык кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатылган учурларда мүлктүн жана документтеринин сакталышына жоопкерчиликти – Эмгек-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы өз мойнуна алат.
| Депутаттардын Эмгек-Талаа айылдык кеңешинин 2012-жылдын 27- июнь XVII сессиясынын № 1 токтому менен бекитилген
|
Эмгек-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтү жөнүндө
ЖОБО
Жалпы жоболор
Айыл өкмөтүнүн структурасы
Айыл өкмөтүнүн компетенциясы
Айыл өкмөтүнүн негизги функциялары
Айыл өкмөтүнүн башчысы
Айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укуктары
Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары
Айыл башчысы
Айыл өкмөтүнүн финансылык-экономикалык негиздери
Айыл өкмөтүнү жөнүндө жобосуна толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби
Айыл өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын токтото туруу
I. Жалпы жоболор
1.1 Айыл өкмөтү – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын чечимдерин даярдоону жана аткарууну камсыз кылуу үчүн түзүлгөн орган. Айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык ишке ашыруучу, ошондой эле, аймактын жашоо тиричилигин камсыз кылуу системасынын иштешин уюштуруу жана өнүктүрүү, социалдык-экономикалык пландаштыруу жана калкка социалдык жана маданий кызмат көрсөтүүчү орган болуп эсептелинет.
1.2 Айыл өкмөтү бир айылдык кеңеш – бир айыл өкмөтү принцибинде түзүлөт.
1.3 Айыл өкмөтү өзүнүн ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын, Президенттин Жарлыктарын, өкмөттүн токтомдорун, жергиликтүү кеңештин чечимдерин, мамлекеттик администрациясынын чечимдерин жана ушул Жобону жетекчиликке алат. Айыл өкмөтү мамлекеттик бийлик органдары менен тыгыз өз ара аракеттенүүдө иштейт, Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө болгон конституциялык укуктарын жүзөгө ашыруучу шарт түзөт.
1.4 Айыл өкмөтү өзүнүн ишин жергиликтүү жамаат менен, коомдук уюмдар менен тыгыз байланышта жүргүзүп, жарандардын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдөгү Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен кепилдикке алынган укугун жана чыныгы жөндөмдүүлүгүн ишке ашырууну камсыз кылат.
1.5. Айыл өкмөтү өзүнүн ишмердүүлүгүн төмөндөгү принциптерде ишке ашырат:
1) мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-милдеттеринин жана ыйгарым укуктарынын ажырымдоонун;
2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү жамааттын алдында ачыктыгы жана жоопкерчиликтүүлүгү жана алардын өз иш-милдеттерин жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктарында жүзөгө ашырышы;
3) мыйзамдуулук жана социалдык адилеттүүлүк;
4) өзүн-өзү камсыз кылуу, өзүн-өзү жөнгө салуу жана өзүн-өзү каржылоо;
5) жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тутуму аркылуу, ошондой эле жарандардын жыйындары, чогулуштары жана курултайлары аркылуу эрктерин билдириши;
6) жергиликтүү жамааттардын укуктарын жана мыйзамда корголгон кызыкчылыктарын коргоо;
7) коомдук ой-пикирдин ачыктыгы жана эсепке алынышы;
8) тиешелүү маселелерди чечүүдө коллегиялуулук, эркин талкуулоо.
1.6. Айыл өкмөтү юридикалык жак болуп эсептелинет, гербдүү мөөрү, тийиштүү штамптары болот.
1.7 Айыл өкмөтүнүн уюштуруу-укуктук формасы – мекеме
1.8. Мекеменин толук аталышы: мамлекеттик тилде – Эмгек-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтү, расмий тилде – Айыл өкмөт Эмгек-Талинского айылного аймака.
1.9. Айыл өкмөтүнүн жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Нарын облусу, Нарын району, Ак-Талаа айылы, Абдыразаков көчөсү, 68-үй.
II. Айыл өкмөтүнүн структурасы
2.1 Айыл өкмөтөнөн структурасы, штаттык саны Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан аныкталып бекитилет.
2.2 Айыл өкмөтү айыл өкмөтүнүн башчысынан, анын орун басарынан жана айыл өкмөтүнүн жана айыл өкмөтүнүн аппаратындагы муниципалдык кызматкерлерден, айыл башчыларынан турат
2.3 Айыл өкмөтүнүн аппараты айылдык кеңештин депутаттарына өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда, шайлоочулардын алдында отчетторун даярдоодо жана өткөрүүдө көмөк көрсөтөт.
2.4 Айыл өкмөтү өзүнүн ишинде тийиштүү айылдык кеңешине, ал эми өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктары боюнча тийиштүү мамлекеттик органдарга отчет берет.
2.5 Өзүнчө жашашкан калктуу конуштардын жергиликтүү маанидеги маселелерин оперативдүү чечүүнү уюштуруу максатында айылдык кещешинин чечими боюнча айыл башчысынын кызмат орду киргизилиши мүмкүн.
2.6 Айыл өкмөтү өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча кабыл алган чечимдерге айыл өкмөтүнүн башчысы кол коёт.
2.7 Айыл өкмөтүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде чыгарган актылары тийиштүү аймакта милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.
2.8 Жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарына жана милдеттерине тиешелүү айыл өкмөтүнүн чечимдери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирет.
III. Айыл өкмөтүнүн компетенциясы
Айыл өкмөтү:
1) аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программаларынын долбоорун иштеп чыгат жана алар айыл кеңеши тарабынан бекитилгенден кийин аткарылышын камсыз кылат;
2) жергиликтүү бюджеттин долбоорун иштеп чыгат, ал айыл кеңеши тарабынан бекитилгенден кийин аны аткарат;
3) тарыхтын, архитектуранын жана маданияттын эстеликтерин коргоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;
4) жаңы жумуш орундарын ачуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат, жүзөгө ашырат;
5) ишканаларды менчиктештирүүгө жана айыл өкмөтүнүн балансына социалдык маданий-тиричилик жана чарбалык маанидеги обьекттерди жана алардын иштешине зарыл жабдуу-шайманды өткөрүп берүүгө катышат;
6) турак жай фондун, турак жай-коммуналдык чарбаны өнүктүрүү жана аймакты абат кылуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгып, жүзөгө ашырат;
7) муниципалдык менчикте турган жерлерди, ошондой эле Айыл чарбасына жарактуу жерлерди кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин акыл-эстүү пайдалануу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат, жүзөгө ашырат;
8) аймакка курулуш куруунун башкы планын иштеп чыгып, жүзөгө ашырат, архитектуранын жана шаар куруунун нормалары менен эрежелеринин сакталышына контролду ишке ашырат;
9) жаратылыш кырсыктарынын, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана четтетүү, алардын кесепеттерин жоюу боюнча мобилизациялык жана уюштуруучулук-практикалык иш-чараларды жүзөгө ашырат;
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дагы башка иш-чараларды жүзөгө ашырат.
IV. Айыл өкмөтүнүн негизги функциялары
4.1.Аймактын жашоо-турмушунун тутумунун иштешин жана өнүгүшүн, социалдык-экономикалык пландаштырууну уюштуруу менен калкка социалдык жана маданий кызматтарды көрсөтүүнү уюштуруу үчүн айыл өкмөтүнүн карамагына төмөнкү маселелери таандык кылынат:
1) тиешелүү аймактын экономикалык өнүгүшүн камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу;
2) муниципалдык менчикти башкаруу;
3) жергиликтүү бюджетти түзүү, бекитүү жана аткаруу;
4) калкты ичүүчү суу менен жабдуу;
5) калктуу конуштарда канализация жана тазалоочу курулмалардын тутумунун ишин камсыз кылуу;
6) калктуу конуштардагы муниципалдык жолдордун иштешин камсыз кылуу;
7) жалпы пайдалануудагы жерлерге жарык берүүнү уюштуруу;
8) көрүстөндөрдүн иштешин жана ырасым кызматтарынын көрсөтүлүшүн камсыз кылуу;
9) жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу;
10) парктардын, спорттук курулмалардын жана дем алуу жайларынын иштешин камсыз кылуу;
11) турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноону, ташып кетүүнү жана керектен чыгарууну уюштуруу;
12) муниципалдык транспорттун иштешин камсыз кылуу жана калктуу конуштардын чегинде коомдук транспорттун иштешин жөнгө салуу;
13) жергиликтүү маанидеги маданий жана тарыхый жетишкендиктерди сактоо;
14) жергиликтүү маанидеги китепканалардын ишин уюштуруу жана камсыз кылуу;
15) жер пайдалануу эрежелерин белгилөө жана шаар куруу менен архитектуранын ченемдерин жана эрежелерин сактоону камсыз кылуу;
16) тиешелүү калктуу конуштун аймагында жарнакты Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте жайгаштыруу;
17) коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү;
18) элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;
19) бош убакытты өткөрүүнү уюштуруу үчүн шарттарды түзүү;
20) балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууну уюштуруу;
21) дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу;
22) өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана кесепеттерин жоюуга көмөктөшүү.
4.2.Айыл өкмөтүнө айрым мамлекеттик укуктар таандык кылынышы мүмкүн.
4.3. Айыл өкмөтүнө айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү берилип жаткан ыйгарым укуктарды ишке ашыруунун шарттарын зарыл болгон материалдык жана каржылык каражаттар менен бир эле убакта мамлекеттик камсыз кылуунун тартибин белгилеп, мыйзамдын же келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат.
4.4. Мамлекеттик бийлик органдары менен айыл өкмөтүнүн ортосундагы келишимдин негизинде мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген учурда келишимдин шарттары тиешелүү айылдык кеңеш тарабынан бекитилүүгө тийиш.
4.5. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө мамлекет бир эле убакта мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү менен жергиликтүү бюджетке республикалык бюджеттен максаттуу трансферттерди караган же берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон башка каржылоо булактарын аныктаган учурларда гана жол берилет.
4.6. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча айыл өкмөтү мамлекеттик бийликтин ыйгарым укуктуу органдарына отчет берет.
4.7. Айыл өкмөтүнө берилиши мүмкүн болгон негизги мамлекеттик ыйгарым укуктарга төмөнкүлөр кирет:
1) калктын жумуштуулугунун жана миграциясынын программаларын иштеп чыгуу жана аткаруу;
2) жарандардын эсебин алуу каттоосу, паспорт режиминин эрежелерин аткарылышына көзөмөлдү жүзөгө ашыруу, жарандарды белгиленген тартипте эсепке коюуну жана эсептен чыгарууну жүргүзүү, шайлоочулардын тизмелерин түзүү;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарандык абалдын актыларын каттоо;
4) мектептик, мектепке чейинки жана кесиптик билим берүү жана саламаттык сактоо чөйрөсүндө кызматтарды көрсөтүү үчүн имараттар жана башка обьекттер менен камсыз кылуу;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык нотариалдык аракеттерди жасоо;
6) жарандарга инсандык, үй-бүлөлүк, мүлктүк абалын ырастоочу документтерди жана мыйзамдар менен каралган башка документтерди берүү;
7) аскерге милдеттүүлөрдүн жана аскерге чакырылуучулардын алгачкы эсепке алынышын жүргүзүү, аларды аскердик эсепке кабыл алуу жана эсептен чыгаруу, аскердик кызматка чакырууну уюштурууга көмөктөшүү;
8) Айыл чарбасына жарактуу жерлерди кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин бөлүштүрүү жана пайдалануу;
9) айыл чарба өндүрүшүн келечектүү өнүктүрүү боюнча материалдарды жалпылоо, айыл чарба продукциясын өндүрүү боюнча экономикалык божомолдорду түзүү;
10) ветеринардык-санитардык, эпизоотияга каршы иш-чараларды жана мал чарбачылыкта селекциялык-асыл тукум жумуштарын өз убагында жүргүзүүнү уюштурууга көмөктөшүү;
11) айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өсүндүлөрүн тепсетүүгө каршы күрөшүү, өстүрүлгөн түшүмдү, токой коргоо тилкелерин жана токой массивин сактоо боюнча тиешелүү чараларды камсыз кылуу;
12) салыктарды, алымдарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо;
13) курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
14) керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону камсыз кылуу;
15) тиешелүү аймакта жылуулук менен жабдууну уюштуруу;
16) даректүү социалдык коргоону уюштуруу максатында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү иликтеп билүү;
17) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте айыл жерлериндеги балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ар ай сайын берилүүчү жөлөкпулга үй-бүлөнүн муктаждык даражасын баштапкы аныктоо;
18) мыйзам менен белгиленген башка ыйгарым укуктар.
V. Айыл өкмөтүнүн башчысы
5.1 Жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субьекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат.
5.2 Кылмыш жасагандыгы үчүн соттуулугу бар, анысы мыйзамда белгиленген тартипте тындырыла же алып салына элек Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес.
5.3 Айыл өкмөтүнүн башчысы айыл кеңешинин депутаттары (депутаты) тарабынан көрсөтүлүүчү, ошондой эле райондук мамлекеттик администрациянын башчысы (мындан ары - аким) тарабынан сунушталуучу талапкерлердин ичинен жашыруун добуш берүү жолу менен айыл кеңешинин чакырылыш мөөнөтүнө айыл кеңешинин депутаттары тарабынан шайланат.
5.4. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укуктарынын ал шайланган мөөнөтү аяктаганга чейин 25 календардык күн калгандан кечиктирбестен дайындалат.
5.5 Айыл өкмөтүнүн башчысы ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы бош орун пайда болгон күндөн тартып бир жумалык мөөнөттөн кечиктирбестен айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындайт.
5.6 Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо дайындалган күндөн тартып 25 календардык күндүн ичинде өткөрүлөт.
5.7 Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан жашыруун добуш берүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Эгерде ага айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экиси катышса, айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өткөрүлдү деп эсептелет.
5.8 Тиешелүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер шайланды деп эсептелет.
5.9 Эгерде:
- катталган бир талапкер, депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калса, кайра шайлоо өткөрүлөт;
- эки талапкер катталса жана алардын бири да добуштардын зарыл болгон санын албай калса, добуштардын көбүрөөк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда эки талапкер депутаттардын добуштарынын тең санын алып калса, кайра шайлоо өткөрүлөт;
- экиден ашык талапкер катталса жана алардын бири да депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калса, добуштардын көбүрөөк санын алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда талапкерлердин бири добуштардын көбүрөөк санын алса, ал эми кийинки эки талапкер добуштардын санынын азыраагын же теңин алса, добуштардын санынын көбүрөөгүн алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда бардык талапкерлер добуштардын тең санын алса, кайра шайлоо өткөрүлөт.
5.10 Эгерде талапкерлер үчүн дегенге караганда депутаттардын добуштарынын көпчүлүгү "бардык талапкерлерге каршы" позициясы үчүн берилсе, кайра шайлоо өткөрүлөт.
5.11 Эгерде добуш берүү күнүнө карата бир да талапкер катталбаса же болбосо катталган талапкерлер шайлоого катышуудан баш тартышса, кайра шайлоо өткөрүлөт.
5.12 Борбордук шайлоо комиссиясы айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калган күндөн тартып 3 календардык күндүн ичинде кайра шайлоо дайындайт.
5.13 Жаңы талапкерликтерди көрсөтүү менен кайра шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан кайра шайлоо дайындалган күндөн тартып 15 календардык күндөн кечиктирбестен өткөрүлөт.
5.14 Эгерде кворумдун жоктугунан шайлоо болбой калса, Борбордук шайлоо комиссиясы 3 календардык күндүн ичинде кайра шайлоо дайындайт. Мындай учурда кайра шайлоо мурда каттоодон өткөн талапкерлер боюнча өткөрүлөт.
5.15 Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун ушул жободо жөнгө салынбаган тартиби жергиликтүү кеңештин регламенти менен аныкталат.
5.16 Аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжаларын жарыялайт жана тиешелүү протокол түзөт.
5.17 Шайланган айыл өкмөтүнүн башчысына аймактык шайлоо комиссиясынын тиешелүү күбөлүгү берилет.
5.18 Эгерде тиешелүү кеңештин депутаттары тарабынан айыл өкмөтүнүн башчысы белгиленген мөөнөттө шайланбай калса, Борбордук шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча Президент жергиликтүү кеңешти таратууну жүзөгө ашырат жана тиешелүү жергиликтүү кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындайт.
5.19 Айыл өкмөтүнүн жаңы башчысы шайланганга чейин райондун акими өз тескемеси менен айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучуну дайындайт.
5.20 Айыл өкмөтүнүн башчысы ээлеген кызмат ордунан аким тарабынан төмөндөгүдөй учурларда мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
1) жеке арызынын негизинде;
2) мыйзамдарды, прокуратура органдары тарабынан белгиленген же мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген Президенттин жана Өкмөттүн ченемдик укуктук актыларын аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн - айыл кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен, а мыйзамдар, Президенттин жана Өкмөттүн прокуратура органдары тарабынан белгиленген ченемдик укуктук актыларын бузуу фактылары кайталанган учурда,- айыл кеңешинин депутаттарын кабардар кылуу менен;
3) соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киришинин негизинде;
4) ал сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган учуруда;
5) соттун өлдү, дайынсыз жок болду, ошондой эле өлгөн деп жарыялоо жөнүндө чечими мыйзамдуу күчүнө кирген учурда;
6) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жактарга туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткен учурда;
7) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкон же чет мамлекеттин жарандыгын алган учурда;
8) жылыш болбогон эмгекке жараксыздыгынын кесепетинен өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда;
9) айыл кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки добушу менен ишенбестик билдирилген учурда;
10) тараптардын (тиешелүү мыйзамдын алынышы, мыйзамдарда каралган дагы башка жагдайлар) эрк-ниетине көз карандысыз болгон жагдайлар боюнча.
5.21 Айыл өкмөтүнүн башчысына айыл кеңеши тарабынан ишенбестик билдирилген учурда аким кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу же айыл кеңешинин чечимине макулдук бербөө жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
5.22 Айыл өкмөтүнүн башчысына айыл кеңешинин депутаттары тарабынан кайра ишенбестик билдирилген учурда аким аны 3 айдын ичинде ээлеген кызматынан бошотот.
5.23 Айыл өкмөтүнүн башчысын кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда аким жаңы айыл өкмөтү шайланганга чейин өзүнүн акты менен айыл өкмөтүнүн милдетин аткаруучуну дайындай алат.
VI. Айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укуктары
6.1. Айыл өкмөтүнүн башчысы:
1) айыл өкмөтүнүн ишине жетекчилик кылат жана анын натыйжаларына жооптуу болот;
2) айыл кеңешине жергиликтүү бюджеттин долбоорун сунуштайт, жарым жылда бирден кем эмес кеңештин алдында айылдагы иштин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жана муниципалдык менчиктин пайдаланылышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн программаларынын аткарылышы жана калктын социалдык жактан корголушу жөнүндө отчет берет;
3) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын талаптагыдай аткарылышын уюштуруу үчүн жеке жооптуу болот;
4) айыл кеңешине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды киргизүү боюнча сунуш киргизет;
5) өздөрүнүн милдеттерин талаптагыдай аткарбаган учурда мамлекеттик мекемелер менен уюмдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерин кызмат ордунан четтетүү жөнүндө маселе коюуга укуктуу;
6) тиешелүү аймактык мамлекеттик мекемелердин жетекчилерин дайындоого макулдук берет;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарын, айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана андан бошотот.
8) жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча ыйгарым укуктарды, ошондой эле айыл кеңешинин карамагына таандык кылынган маселелерди кошпогондо, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырат;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дагы башка маселелерди чечет.
VII. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары
7.1 Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары ал жок болгон учурда анын ордуна иштейт жана айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан жүктөлгөн милдеттерди аткарат.
7.2 Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын кызмат орду жок болгон учурда башчынын милдеттерин убактылуу аткаруу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына жүктөлөт.
7.3 Айыл өкмөтүнүн башчысына коюлуучу талаптар жөнүндө жоболор бирдей өлчөмдө анын орун басарына да колдонулат.
7.4. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө дайындалат.
7.5 Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарын кызмат ордунан бошотуу администрациялык кызмат орундарын ээлеген муниципалдык кызматчылар үчүн каралган негиздер боюнча жана тартипте айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан жүзөгө ашырылат.
7.6 Айылдык кеңеш ушул Жобонун 5.20. бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн негиздер боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан милдеттүү түрдө аткарууга жаткан айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарын депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинин добушу менен бошотуу жөнүндө сунуш киргизүүгө укуктуу.
7.7 Жергиликтүү кеңештин сунушу боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарын бошотпогон учурда сунуш киргизилген күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары ээлеген кызматынан бошотулду деп эсептелет.
7.8 Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары айыл өкмөтүнүн башчысынын алдында аткаруучу иш-милдети үчүн жооптуу болот.
VIII. Айыл башчысы
8.1 Айыл кеңешинин чечими боюнча өзүнчө жайгашкан калк конуштардын жергиликтүү маанидеги маселелерин ыкчам чечүүнү уюштуруу максатында айыл кеңешинин чечими боюнча айыл башчысынын кызмат оруну киргизилсе болот.
8.2 Айыл башчысы калыптанган каада-салттар боюнча калк конуштун аймактык өзгөчөлүктөрүнөн чыгып, айыл өкмөтүнүн чечими менен берилген иш-милдеттерди аткарат.
8.3. Айыл башчысы тиешелүү аймактагы тургундардын жыйындарынын макулдугу менен айыл башчысы тарабынан дайындалат жана муниципалдык кызматчы болуп эсептелет.
8.4. Эгерде калк конуштан айылдык кеңешке депутаттар шайланбаса, айыл башчысы жергиликтүү кеңештин жыйналыштарына кеңеш берүүчү добуш укугу менен катышууга укуктуу.
IX. Айыл өкмөтүнүн финансылык-экономикалык негиздери
9.1 Айыл өкмөтүнүн финансылык-экономикалык негизин Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жергиликтүү жамааттарга бекитилген кирешенин салыктык жана бейсалык булактары, муниципалдык менчикти пайдалануудан түшкөн кирешелер, кредиттик жана башка финансылык ресурстар, ошондой эле кыймылсыз жана кыймылдуу муниципалдык мүлк, баалуу кагаздар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өткөрүп берилген жана жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктарын жана муктаждыктарын канааттандыруу үчүн алардын аймагынын чек арасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан пайдаланылуучу жаратылыш ресурстары, ошондой эле тиешелүү аймакта ишти жүзөгө ашыруучу ишканалар, уюмдар жана мекемелер түзөт.
9.2. Айыл өкмөтүнүн мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана башка органдары, юридикалык жана жеке жактар менен финансылык жана экономикалык мамилелери, ошондой эле жергиликтүү бюджетти жана бюджеттен тышкаркы фонддорду түзүү жана аткаруу тартиби менен принциптери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.
X. Айыл өкмөтү жөнүндө жобосуна толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби
10.1 Айыл өкмөтү жөнүндө жобосуна толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүү жергиликтүү кеңештин чечими менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте киргизилет.
10.2 Айыл өкмөтү жөнүндө жобосу жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитилет.
10.3 Айыл өкмөтү жөнүндө жобосуна толуктоолор, өзгөртүүлөр киргизилген учурда ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик кайра каттоодон өтүүгө тийиш.
XI. Айыл өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын токтото туруу
11.1. Айыл өкмөтү Конституцияга, белгиленген тартипте кабыл алынган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык келбеген актыларды чыгарууга, конституциялык түзүлүшкө жана улуттук коопсуздукка тикелей коркунуч келтирүүчү аракеттерди жасоого, ошондой эле мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн бузууга, улуттар аралык жана диний араздашууну үгүттөөгө жана козутууга багытталган башка аракеттерди жасоого укуксуз.
11.2. Жогоруда көрсөтүлгөн тартип бузуулар жасалган учурда, Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Конституцияда, өзгөчө абал жөнүндө конституциялык мыйзамда каралган чараларды көрүүгө, анын ичинде буга күнөөлүү айыл өкмөтүнүн ишин токтото турууга жана соттук чечим чыгарылганга чейин ушул аймакка тикелей мамлекеттик башкаруу киргизүүгө укуктуу. Тикелей мамлекеттик башкаруу киргизүүнүн тартиби жана мындай башкаруунун режими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Өкмөт тарабынан аныкталат.
11.3. Тикелей мамлекеттик башкарууну киргизүү менен Өкмөт анын аткарылышын камсыз кылат жана зарыл болгондо айыл өкмөтүнүн укук ченемсиз актыларын жокко чыгаруу үчүн сот органдарына кайрылат.
11.4. Чекилик иштерге барбай нысап кылып, ыйманыбызды калыбына келтирүүгө талбай аракеттенели, жалкоолукту жана бирөөгө жүк артканды таштап, мамлекет берген укуктан толук пайдаланып, өз тагдырыбызды өз колубузга алалы да өзүбүзгө тиешелүү иштерди жана милдеттерди билгичтик жана жоопкерчилик менен ишке ашыралы!
11.5.Ошондо гана бөксөбүз толуп, ачкабыз тоюп, кембагалыбыз байып, өнөрлүүбүз өсүп, мээнеткечибиз дөөлөткө жетип, элибизден ыйман, нысап кетпей, жергебиз гүлдөгөн жайга айланып, калайык калкыбыз бакубат турмушка жетишет. Жараткан бизге ушул алдыга койгон ыйык милдетибизди аткарганга куч-кубат берсин!