Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 13 апрели №23/162
Наристе-Ак-Кыя» бала бакчасынын штаттык сан эсебин бекитүү жөнүндө
Ак-Кыя айылындагы «Наристе-Ак-Кыя» бала бакчасы 2010-жылдан бери жамааттык деңгээлде иштеп келген. 2012-жылдан баштап каржылоо булагы бюджеттик деңгээлге өткөндүгүнө байланыштуу жана Сары-Булак айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башкы эсепчиси Курманов Нурландын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесине ылайык депутаттардын Сары-Булак айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Наристе-Ак-Кыя» бала бакчасынын штаттык сан эсеби 8,75 штат бирдиги менен бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Бала бакчанын ички жетишпеген эмеректерин толуктоо үчүн ата-энелерден алгачкы взнос белгиленип, ата-энелер взносу 500 сом өлчөмүндө, баланын тамак ашына айына 300 сомдон белгиленсин.
3. Алынган акча каражаты бала бакчанын өздүк эсеп счетуна төгүлүп, бала бакчанын ички кректөөлөрүнө, бадардын тамагына жумшалсын.
4. Каражаттын максаттуу пайдаланышын көзөмөлгө алуу жагы Сары-Булак айылдык Кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кеңешинин төрагасы | А. Байтереков |
| Сары-Булак айылдык Кеңешинин XXIII сессиясынын № 23/162токтомуна тиркеме |
Сары-Булак айыл өкмөтүнүн Ак-Кыя айылындагы «Наристе-Ак-Кыя» бала бакчасынын штат бирдиги
№ | Кызматтын аталышы | Штат бирдиги |
1 | Бала бакчанын башчысы | 1,0 |
2 | Тарбиячы | 1,0 |
3 | Жардамчы тарбиячы | 1,0 |
4 | Музыка мугалими | 0,25 |
5 | Эмчи айым | 0,5 |
6 | Ашпозчу | 1,0 |
7 | Жумушчу | 0,5 |
8 | Кир жуугуч | 0,5 |
9 | От жагуучу | 0,5 |
10 | Кароолчу | 1,0 |
11 | Кароолчу | 1,0 |
12 | Кароолчу | 0,5 |
| Баардыгы | 8,75 |
Башкы бухгалтер | Н. Курманов |