Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 13 апрели №23/168
Сары-Булак айыл өкмөтү тарабынан берилүүчү маалымат баракчаларынын жана мамлекеттик алымдардын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын монополияга карышы саясат жана атандаштыкты өнүктүрүү боюнча улуттук агенттигинин Нарын облустук бөлүмүнүн 20-февраль 2007-жылдагы № 4 буйругун жетекчиликке алып Сары-Булак айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы К. Элтуйбасовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын Сары-Булак айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Булак айыл өкмөтү тарабынан берилүүчү маалымат баракчаларынын жана мамлекеттик алымдардын өлчөмүн тиркемеге ылайык бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
2. Алынган акча каражаты айыл өкмөтүнүн атайынэсеп каражатына которулуп, ар кандай чыгымдарга жумшалсын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Сары-Булак айылдык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кеңешинин төрагасы | А. Байтереков |
| Сары-Булак айылдык Кеңешинин XXIII сессиясынын № 23/168 токтомуна тиркеме |
Сары-Булак айыл өкмөтүндөгү кызмат көрсөтүүдөн алынуучу мамлекеттик
алымдардын өлчөмү
№ | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Баасы |
1 | Үй-бүлөө тууралуу маалымат Ф-1 | 3 сом |
2 | Жашагандыгы тууралуу маалымат Ф-2 | 3 сом |
3 | Менчик малы тууралуу маалымат Ф-3 | 3 сом |
4 | Иштегендиги тууралуу маалымат Ф-4 | 3 сом |
5 | Каттоого коюу | 3 сом |
6 | Каттоодон чыгуу | 3 сом |
| Ишеним каттарды күбөлөндүрүү |
|
7 | Физикалык жактар үчүн | 50сом |
8 | Юридикалык жактар үчүн | 100 сом |
| Колдун аныктыгын күбөлөндүрүү |
|
9 | Физикалык жактар үчүн | 50сом |
10 | Юридикалык жактар үчүн | 100 сом |
| Керез каттарды күбөлөндүрүү |
|
11 | Физикалык жактар үчүн | 50сом |
| Документтердин көчүрмөлөрүн күбөлөндүрүү |
|
| Физикалык жактар үчүн | 5 сом |
| Юридикалык жактар үчүн | 10 сом |
Жооптуу катчы | К. Элтуйбасов |