Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 18 октябры №26/204
Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2012-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программасынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы М. Осмонованын маалыматын угуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын « Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 46-беренесинин 3- бөлүгүнө ылайык Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2012-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программасынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы М. Осмонованын маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2012-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программасынын аткарылышы жөнүндө Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы М. Осмонованын маалыматы канааттандыраарлык деп табылсын. (маалымат тиркелет)
2. 2013-2014-жылдын социалдык экономикалык өнүгүүнүн стратегиялык планын иштеп чыгып, кезектеги сессияга бекиттирүү менен аткарылышын камсыз кылуу жагы
Сары-Булак айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кеңешинин төрагасы | А. Байтереков |
2012-жыл ичинде калкты социалдык - экономикалык жактан өнүктүрүүдө айыл өкмөтүнүн стратегиялык иш планы түзүлүп аткарууга алынган.
Стратегиялык пландын алкагында аткарылган иштер жөнүндө алгач буларды белгилегим келет.
Ак-Кыя айылында бир тайпалык бала бакча бюджеттик каржылоого өтүп, 10 жумушчу оруну түзүлүп, 25 бала бакчага тарбияланууга жетишти.
Бала бакчага бир тайпалык же эки кабаттуу баасы 68 000 сомдук 14 кровать менен камсыз кылууга жетиштик. Бул каражат Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын өнүктүрүү фондусунун эсебинен каржыланып берилди.
Өзүңүздөргө белгилүү болгондой Бала бакчанын имараты тар, бөлмөлөрү жетишсиз болгондуктан, бала бакчаны имарат менен камсыз кылуу боюнча бир катар иштерди аткарууга жетиштик. Ак-Кыя айылындагы потребсоюздун канторасын алууга Кыргыз потребсоюз менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кантораны сатып алууга жетиштик.
Балансалык баасы 140 000 сомго бааланып, бирок имарат таланып тонолгонун эске алынып, 78 000 сомго баланды. Учурда потребсоюзга 40 000 сом карыздарбыз.
Имараттын ремонт иштери аяктап калды. Чатыры толугу менен алмаштырылды. ичи сырты шыбалып , акталды. Эшик терезелери толукталды. Бүгүнкү күнү жылытуу системасы жана полун сырдоо иштери калды. Толук иш аяктап, 15-ноябрга балдарды жаңы имаратка көчүрөбүз деген тилегибиз бар. Архитектуралык проектиси аяктап, багытын өзгөртүү боюнча техзаключение алдык. Учурда технадзордун кароосунда .
Сары-Булак айылында Сары-Булак Исакеев айылдарын байланыштырып турган Каракужур суусундагы көпүрө салынды. Бул иштердин ишке ашышына обладминистрациянын жетекчилиги менен АРИС программасынын жайыттарды өнүктүрүү долбоорунун каражаты жумшалды жана өздүк салымга биздин айылдын тургундарынан 20 000 сом жардам болду. Бул долбоордун проектилик сметасына айыл өкмөтүнүн эсебинен 7000 сом которулуп берилди. Учурда эки элди байланыштырган көпүрө толук аяктап, ишке берилген. Мектеп окуучулары коркунучсуз көпүрөдөн өтүп мектепке барышууда. Көпүрөнүн жалпы сметалык баасы 340 000 сомдук болуп, ишке берилди.
Айылдарды жашылдандыруу, көрктөндүрүүнүн 3 айлыгынын жүрүшүндө райондук токой чарбасынын 500 туп тал-теректин көчөтү алынып келип отургузулду.
Көчөлөрдү иретке келтирүү боюнча бир катар иштер аткарылды. Көчөлөрдөгү таштандыларды чыгарууда, айланасынын санитардык абалын жакшыртуу иштерине активдуу катышкан Сары-Булак айылындагы Сары-Булак мектеби «Мыкты мекеме» кароо сынагынын жеңүүчүсү болуп, айыл өкмөтүнүн «Ардак Грамотасына» татыктуу болсо, Ак-Кыя айылынан жалпы элдик мончонун мончочусу Илепесов Медетбек
20-30 жылдан бери чыгарылбай тоодой үйүлүп жаткан күлдү чыгарып, айыл өкмөтүнүн кызыктыруучу сыйлыгына ээ болду.
Мындан сырткары айылыбыздын эмгек алдынкылары болуп, көзү өтүп кеткен үч атуулдун (К.Супабаев, А.Кыдырмаев, М.Алиев) ысымдары сиздер менен бирге көчөлөргө берилип, көчөдөгү үй номерлери такталып, ысымы берилген атуулдардын аттары жазылып, илинди. Мындан сырткары эки көзү өтүп кеткен атуулдарыбыздын (К.Супабаев, М.Алиев) уулдарынын демөөрчүлүгү менен айылдардын кире беришине айыл аттары жаңыртылып жаздырылды.
Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаев быйылкы жылды «Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана өз ара кечиримдүүлүк» жылы деп жарыялаган. Мыйзамга ылайык жыл башында иш чара иштелип чыгып, буйрук менен тиешелүү мекемелерге тапшырмалар берилген. Жыйынтыгында Каракужур айылдык маданият үйүнүн күчү менен айыл өкмөтүнүн колдоосу менен калкты ынтымакка, кечиримдүүлүккө, тынчтыкка чакырган айыл аралык «Ыр кесе» кароо - сынагы өткөрүлүп, жыйынтыгы чыгарылып, эмгек алдынкыларына, ыр кесенин активдуу катышуучуларына материалдык, моралдык жалпысы 20 000 сомдук колдоолор көргөзүлдү. Бул ыр кесенин жыйынтыгы менен райондук айыл өкмөттөр арасында өткөрүлүп жаткан ыр кесеге да активдуу катышууга жетиштик.
УРМАТТУУ ДЕПУТАТТАР !
УРМАТТУУ СЕССИЯНЫН КАТЫШУУЧУЛАРЫ !
Муну менен катар айыл өкмөтүнүн ички аткарып жаткан иштери менен да азын оолак маалымат берип кетейин.
Жыл башында бир катар кадрдык алмашууларга туура келди. Айрым кызматкерлер айлык алып жатса да өз ишине кайдыгер карап, эч кандай план тапшырмалар аткарылбай келген. «Маданияты болмоюн эл болбойт» дейт элибизде. Маданият үйү статусуна ээ болуп, музыкалык аппаратурасы болуп туруп, маданият үйүндө эч иш жүргөн эмес. План тапшырмалар кагаз жүзүндө гана берилип келген. Формалдуулуктан арылуу аракетинде, кадрдык алмаштырууга бардык. Мурунку иштеген кадрлар сессиянын чечимин аткарууга албай же музыкалык аппаратураны пайдалануу акысы өнгөн эмес. Же айыл өкмөтүнүн күчү менен уюштурулуп берилген ыр майрам кароо сынагын улантып кете алышкан эмес. Ошонун кесепетинен кадрдык алмаштырууга бардык. Жаңы келген кадрлардын музыкалык билими жок болсо да ишти алып кете алышты. Же болбосо быйылкы жылы ыр кесенин уюштурулушунда уюштуруучулук жөндөмдөрүн көрсөтүп сыноо мөөнөтүнөн мыкты өтүштү.
Айыл чарбасы боюнча 9 айлык өндүрүлгөн продукция статистикалык маалымат боюнча эт 102 %га, сут 103 %га, кымыз 101 % га, жумуртка 106 % га, жүн 100, 8 %га аткарылган. ФПСтин жерин иштетүү боюнча учурда 220 га жерден жарандарга жалпысы 181 га жер аянты чабынды 15 га кайрак айдоо ижарага берилген. Мунун ичинен 16 га кайрак айдоого арпа айдалып 48 тонна чөп , табигый чабынды жер аянтынан 408 тонна чөп даярдалды . Быйылкы жылы ижарага жарандарга 3, 33 га берилди.
Айыл өкмөтү боюнча 164 пенсионер, майыптыгы боюнча 21 атуул соц пенсия алуучулар, 21 эне пособие алуучулар бар. Мындан сырткары 14 баатыр энеге пенсияларына кошумча 1500 сомдук төлөмдөр жүргүзүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Арзан насия 2» кредиттик долбоорунун алкагында айыл өкмөтүнүн алдында кредиттик кеңеш уюштурулуп, айыл өкмөтүндөгү жардамга муктаж 35 үй-бүлөгө 7 группа түзүлүп , 1млн555мин сомдук 7 пайыздык кредит берилди.
Жыл башынан бери айыл өкмөтүнө 181 жарандан кайрылуу келип түшкөн. 174 арыз аткарууга алынган 7 арыз учурда аткаруунун үстүндө турат.
Жайыт салыгы толугу менен аткарылып жатат. жалпы жайыт акынын өндүрүлүшү 62 % га аткарылган
Жанчар Булак ИСКАКБ кредит кайтарымына 19 000 сом которушкан,
Бүлөтү ИСКАКБ сы 15730 сом кредит кайтарымын төгүшкөн.
Кышка карата даярдыктын жүрүшү боюнча жалпысы айыл өкмөтү боюнча 55 тонна көмүр түшүрүлүп, 1-октябрга карата мекемелер кышка толук даяр болду мунун ичинен Сары-Булак орто мектебине 20 тонна, Ү.Бейшеев атындагы орто мектебине 18 тонна, бала бакчага 7 тонна, маданият үйүнө 3 тонна, китепканаларга 1 тоннадан, канторго 5 тонна көмүр түшүрүлгөн. Мекемелер кышка толугу менен даяр.
Киреше булагы 225,9 м.сом болсо 9 айдын жыйынтыгы менен 307,7 м.сомго же 180 %га аткарылган .
Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы : - М.Ж.Осмонова.