Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 1-марты № 11
"Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 5, 468-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 17-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Ар бир ишкана үчүн коркунучтуулук категориясы ушул Мыйзамга 2-тиркемеге ылайык чыгындыларды, саркындыларды жана калдыктарды жайгаштыруу боюнча өзүнчө аныкталат. Мында КК көрсөткүчү отчеттуулуктун жана контролдун мезгилдүүлүгүн белгилөө максатында коркунучтуулуктун эң жогорку категориясы боюнча аныкталат.".
2. Ушул Мыйзамга 1-тиркемеде:
7-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 5-пунктча менен толукталсын:
"5) куюу жана металл прокат өндүрүшү.".
11-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 5-8-пунктчалар менен толукталсын:
"5) арак-шарап продукцияларын өндүрүү;
6) спирт өндүрүү;
7) пиво өндүрүү;
8) консерва өндүрүү.".
тиркеме төмөнкүдөй мазмундагы 24 жана 25-пункттар менен толукталсын:
"24. Май куюучу станциялар.
25.Техникалык тейлөө жана автотранспортту сатуунун алдында даярдоочу станциялар.".
3. Ушул Мыйзамга 2-тиркеменин "Чарбалык жана башка иштин субъектинин ишинин КК чоңдугуна жараша эсептелген коркунучтуулук категориясы" 3.2 таблицасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
Чарбалык жана башка иштин объекттеринин коркунучтуулук категориясы | КК чоңдугу |
I | КК≥1000 |
II | 1000>КК≥100 |
III | КК<100 |
4. Ушул Мыйзамга 3-тиркеменин 1.2 сабы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
1.2 | Экологиялык паспорт | + | + | + |
".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |