МыйзамКүчүндө

Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 1-мартындагы № 11 «Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы

Редакция01.03.2012 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2012-жылдын 1-марты № 11

 

"Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

1-берене.

 

"Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 5, 468-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 17-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Ар бир ишкана үчүн коркунучтуулук категориясы ушул Мыйзамга 2-тиркемеге ылайык чыгындыларды, саркындыларды жана калдыктарды жайгаштыруу боюнча өзүнчө аныкталат. Мында КК көрсөткүчү отчеттуулуктун жана контролдун мезгилдүүлүгүн белгилөө максатында коркунучтуулуктун эң жогорку категориясы боюнча аныкталат.".

2. Ушул Мыйзамга 1-тиркемеде:

7-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 5-пунктча менен толукталсын:

"5) куюу жана металл прокат өндүрүшү.".

11-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 5-8-пунктчалар менен толукталсын:

"5) арак-шарап продукцияларын өндүрүү;

6) спирт өндүрүү;

7) пиво өндүрүү;

8) консерва өндүрүү.".

тиркеме төмөнкүдөй мазмундагы 24 жана 25-пункттар менен толукталсын:

"24. Май куюучу станциялар.

25.Техникалык тейлөө жана автотранспортту сатуунун алдында даярдоочу станциялар.".

3. Ушул Мыйзамга 2-тиркеменин "Чарбалык жана башка иштин субъектинин ишинин КК чоңдугуна жараша эсептелген коркунучтуулук категориясы" 3.2 таблицасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

 

Чарбалык жана башка иштин объекттеринин коркунучтуулук категориясы

КК чоңдугу

I

КК≥1000

II

1000>КК≥100

III

КК<100

 

4. Ушул Мыйзамга 3-тиркеменин 1.2 сабы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"

1.2

Экологиялык паспорт

+

+

+

".

 

2-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

3-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

             Президенти

 

А.Атамбаев