Загрузка документа…
КР 2018-жылдын 10-августундагы N 89 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 14-марты №13
"Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 5, 157-ст.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
1. II бөлүм "Апостиль коюу үчүн жыйымдар" деген 12-3-беренеден кийин төмөнкүдөй мазмундагы 12-4-берене менен толукталсын:
"12-4-берене. Транспорттук каражаттардын максималдуу өлчөмдөрүн
жана башка линиялык параметрлерин таразалоо жана
өлчөө үчүн жыйымдар жана жалпы пайдалануудагы
автомобиль жолдору боюнча атайын жана бөлүнгүс
жүктүү транспорт каражаттарын өткөрүү үчүн жыйымдар
Транспорттук каражаттардын максималдуу өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин, жалпы салмагын жана октук салмагын таразалоо жана өлчөө үчүн жыйымдар жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча атайын жана бөлүнгүс жүктүү транспорт каражаттарын өткөрүү үчүн жыйымдар Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жол органдары тарабынан алынат.".
2. "Этил спиртин жана алкоголдуу продукцияларды өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти жүргүзүү үчүн жыйымдарды (акчалай салымдарды)" деген берененин "12-3" деген сандык белгилениши "12-5" деген сандык белги менен алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын эки айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |