Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 17-марты №15
"Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж. № 5, 203-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизилсин:
1. Преамбуланын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасы жынысы, расасы, тили, этностук таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, кайсы өлкөдө төрөлгөнү, мүлктүк же башка абалынын белгилери боюнча кандайдыр бир айырмачылыктарына, ошондой эле башка жагдайларына карабай бардык качкындарга тең укуктук абал берет.".
2. 1-статьянын "башка мамлекеттин аймагындагы өзүнүн туруктуу жашаган жерин таштап кетүүгө мажбур болгон" деген сөздөр "өзүнүн жарандык таандыктуулугунун өлкөсүнөн же өзүнүн туруктуу жашаган жеринен тышкары жүргөн" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. 2-статьянын 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Качкын деп таануу жөнүндө өтүнүч берген адам - бул Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган жана ушул Мыйзамдын 1-статьясында каралган жагдайлар боюнча качкын деп таанууну каалагандыгы жөнүндө билдирген адам.".
4. 3-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3-статья. Качкындар жөнүндө мыйзамдар
Кыргыз Республикасында качкындардын маселелери Конституция, ушул Мыйзам жана башка ченемдик укуктук актылар, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен, ошондой эле эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптери жана ченемдери менен жөнгө салынат.
Адам укуктары боюнча эл аралык келишимдердин ченемдери түздөн-түз колдонулат жана эл аралык башка ченемдерден артыкчылыктуу болот.".
5. 4-статьянын 6-бөлүгү "жана даттануу баскычын кошуп алганда, анын өтүнүчү боюнча акыркы чечим чыгарылганга чейин узартылат" деген сөздөр менен толукталсын.
6. 11-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Аны качкын деп таануудан баш тартылганы жөнүндө же качкын статусун жоготкону тууралуу билдирме алган адам, анын өмүрүнө жана эркиндигине коркунуч туудурган өлкөгө же ал кыйноонун курмандыгы болушу же адамкерчиликке жатпаган катуу мамилеге дуушар болушу мүмкүн болгон өлкөгө эч кандай шарттарда чыгарылып салынышы мүмкүн эмес".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |