Загрузка документа…
КР 2023-жылдын 11-августундагы № 179 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 10-апрели № 28
"Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 4, 169-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
22-статьянын 2-бөлүгү "Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан" деген сөздөр "Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитетинин макулдашуусу боюнча" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Кесиптик башталгыч билим берүү мекемелеринин тизмесин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 12-июлундагы № 58 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 7, 368-ст.) күчүн жоготту деп таанылсын.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын эки айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |