Загрузка документа…
КР 2023-жылдын 11-августундагы № 179 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1999-жылдын 26-ноябры № 129
Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө
(КР 2008-жылдын 5-апрелиндеги № 53, 2011-жылдын 8-августундагы № 150, 2012-жылдын 10-апрелиндеги № 28, 2021-жылдын 22-майындагы № 64 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам кесиптик башталгыч билим берүүнүн укуктук, уюштуруучулук жана экономикалык негиздерин аныктайт, Кыргыз Республикасында кесиптик башталгыч билим берүү окуу жайларында кесип алууда, кызматкерлерди даярдоодо, адистигин жогорулатууда жана кайра даярдоодо жарандардын укуктарын камсыз кылууга багытталган окуу-өндүрүштүк түзүлүштөрдүн субъектилеринин ишин жөнгө салат.
I Глава Жалпы жоболор
1-статья. Кесиптик башталгыч билим берүү
Кесиптик башталгыч билим берүү негизги же жалпы орто билим базасындагы коомдук-пайдалуу иштин негизги багыттары боюнча квалификацияланган эмгектин кызматкерлерин (жумушчуларын, кызматкерлерин) даярдоо, квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо дегенди билдирет. Зарыл учурларда негизги орто билими жок адамдарга кесип алуу үчүн шарттар түзүлөт.
(КР 2008-жылдын 5-апрелиндеги № 53 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-статья. Кесиптик башталгыч билим берүү жагынан мамилелерди укуктук жөнгө салуу
Кесиптик башталгыч билим берүү жагынан мамилелерди укуктук жөнгө салуу Кыргыз Республикасы Конституциясынын, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен ишке ашырылат.
Эл аралык келишимде (макулдашууда) ушул Мыйзамда каралгандагыдан башка эрежелер белгиленсе, эл аралык келишимдин (макулдашуунун) эрежелери колдонулат.
3-статья. Кесиптик башталгыч билим берүү жагынан жарандардын укуктарынын мамлекеттик кепилдиги
Мамлекет билим берүүнүн тийиштүү тутумун, зарыл болгон социалдык-экономикалык шарттарды түзүп берүү, кесиптик башталгыч билим алып жаткан жарандарды укуктук жактан коргоону жүзөгө ашыруу жолу менен кесиптик башталгыч билим алууга Кыргыз Республикасынын жарандарынын укугун камсыз кылат.
Мамлекет кесиптик башталгыч билим берүүнү:
- мамлекеттик бюджеттин каражатынын эсебинен кесиптик башталгыч билим берүүчү мамлекеттик мекемелерди (толук же жарым жартылай) каржылоо;
- жарандарга кесиптик башталгыч билим берүүгө кеңири жол ачуу;
- кесиптик башталгыч билим берүүчү мамлекеттик мекемелерде окуп жаткандарга мамлекеттик стипендияларды, жатаканаларда орундарды, жөлөкпулдарды жана жеңилдиктерди берүү, анын ичинде тамактанууга жана транспортто жүрүүгө, акысыз медициналык тейлөөгө жеңилдиктерди берүү;
- уюмдарда кызматкерлерди туруктуу түрдө милдеттүү кесиптик окутууну уюштуруу үчүн зарыл өбөлгөлөрдү түзүү;
- мамлекеттик эмес кесиптик башталгыч билим берүү окуу жайларын түзүүгө жана аны иштетүүгө көмөк көрсөтүү;
- кесиптик билим берүүнүн үзгүлтүксүздүгүнө жана бирдиктүүлүгүнө жолдоочулугуна көмөк көрсөткөн окуу - илимий-өндүрүштүк комплекстерди түзүүгө көмөк көрсөтүү аркылуу колдойт.
Жарандар ошондой деңгээлдеги билимди биринчи жолу алып жатышса, мамлекеттик окуу жайларда акысыз кесиптик башталгыч билим алуусу камсыз кылынат.
Жарандарга билим берүү уюмун, ошондой эле кесиптик башталгыч билим алуу формаларын тандап алуу эркиндиги камсыз кылынат.
Мамлекет кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарында - акысыз жалпы орто, ал эми зарыл учурда негизги жалпы билим алуу үчүн шарт түзүүгө кепилдик берет.
(КР 2008-жылдын 5-апрелиндеги № 53 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-статья. Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарынын уюштуруучулары
Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарына мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кесиптик башталгыч билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарын сактаган учурда юридикалык жана жеке жактар, эл аралык келишимдерге ылайык чет мамлекеттер, эл аралык уюмдар уюштуруучу боло алышат. Ачылганда билим берүү уюму "Кесиптик лицей" деген башталгыч статусту алат.
(КР 2008-жылдын 5-апрелиндеги № 53 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
II Глава Кесиптик башталгыч билим берүүнүн негиздери
5-статья. Кесиптик башталгыч билим берүүнүн мазмуну
Кесиби боюнча окутуунун мазмуну мамлекеттик билим берүү стандартынын жана кесиптик башталгыч билим берүүнү башкаруунун ремпубликалык органы бекитүүчү билим берүү программаларынын негизинде кесиптик башталгыч билим берүү уюму тарабынан иш берүүчүлөрдүн бирикмелери менен биргеликте аныкталат.
Кесиптик башталгыч билим берүү программалары теориялык жана өндүрүштүк окутууну, өндүрүштүк тажрыйбаны, окуучулар менен тарбия ишин жүргүзүүнү камтыйт.
Кесиптик башталгыч билим берүүчү уюмдарында окуучулардын өндүрүштүк тажрыйба алуусу ар түрдүү уюштуруу-укуктук формадагы жана менчик формаларындагы уюмдарда эки тараптуу тике келишимдердин негизинде жүргүзүлөт.
(КР 2021-жылдын 22-майындагы № 64 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-статья. Кесиптик башталгыч билим берүүнүн мамлекеттик стандарттары
Кесиптик башталгыч билим берүү бирдей мамлекеттик стандарттардын чегинде ишке ашырылат.
Кесиптик башталгыч билим берүүнүн мамлекеттик стандарттары:
- кесиптик башталгыч билим берүүнүн негизги программаларына жалпы талаптарды;
- кесиптик башталгыч билим берүүнүн негизги программаларынын мазмунунун милдеттүү минимумуна, аларды жүзөгө ашыруу шарттарына, бүтүрүүчүлөрдү жыйынтыктоочу аттестациядан өткөрүүгө жана ар бир адистик боюнча алардын даярдык деңгээлине талаптарды;
- кесиптик башталгыч билим берүүнүн милдеттүү программаларын өздөштүрүү мөөнөттөрүн;
- окуп жаткандардын окуу сабактарынын эң жогорку көлөмүн камтыйт.
Кесиптик башталгыч билим берүүчү уюмдарында окутулуп жаткан кесиптердин тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
7-статья. Кесиптик башталгыч билим берүү программалары
Кесиптик башталгыч билим берүүчү уюмдарында төмөндөгүдөй негизги билим берүү программалары жүзөгө ашырылат:
- тиешелүү жаттардагы иш берүүчүлөрдүн бирикмелери менен макулдашылган, окутуу мөөнөтү 2-3 жылдан кем болбогон негизги жалпы билим берүүнүн базасында жалпы орто жана кесиптик башталгыч билим берүүнүн интеграцияланган программасы;
- аскерге чакырууга чейинки даярдоонун 140 сааттык программасын камтыган, 1-2 жыл окутуу мөөнөтү менен жалпы орто билим албастан, негизги жалпы билим берүүнүн (9 класстын) базасында кесиптик башталгыч билим берүү программасы;
- 1 жылдан кем эмес окутуу мөөнөтү менен жалпы орто билим берүүнүн базасында кесиптик башталгыч билим берүү программасы;
- 1 жылга чейинки окутуу мөөнөтү менен кесиптик жактан даярдоо, кайра даярдоо жана адистигин жогорулатуу программасы.
Кесиптик башталгыч билим берүүнү башкаруучу органдар, эгерде окуп жаткан адам кыска мөөнөттө кесипке ээ боло алса, окуучунун арызы боюнча окуу мөөнөтүн кыскарта алат.
Айрым өзгөчө учурларда, окуучунун окуу максатына жетиши үчүн, кесиптик башталгыч билим берүүнү башкаруу органы окуучунун арызы боюнча окуу мөөнөтүн узарта алат.
(КР 2021-жылдын 22-майындагы № 64 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
8-статья. Кесиптик башталгыч билим берүүнүн баскычтуу тутуму
Кесиптик башталгыч билим берүүнүн окуу программалары баскычтар боюнча түзүлүшү мүмкүн.
Ар бир баскычты аяктагандан кийин бүтүрүү экзамени каралып, аны тапшырган окуучуларга мамлекеттик үлгүдөгү документ берилет жана ал ар бир баскычтагы алган адистиги боюнча иштөөгө укук берет.
Каалоосу боюнча окуучулар окуусун кийинки баскычта уланта алышат.
Ар бир кийинки окуу баскычында окуучулар атайын билимге, мүмкүн болушунча адистиктердин алда канча кеңири чөйрөсү боюнча жөндөмгө жана ыкмаларга ээ болушат.
Баскычтар боюнча окуу мөөнөтүн кыскартууга жол берилет.
9-статья. Кесиптик башталгыч билим берүү формалары
Окугандарга кесиптик башталгыч билим берүүнүн программалары:
- күндүзгү;
- күндүзгү-сырттан (кечки);
- экстернат түрүндө өздөштүрүлөт.
Кесиптик башталгыч билим алуунун ар кандай түрлөрүн айкалыштырууга жол берилет.
Экстернат түрүндө кесиптик башталгыч билим алууга жол берилүүчү кесиптердин тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
10-статья. Кесиптик башталгыч билими жөнүндө документтер
Кесиптик башталгыч билим берүү программалары боюнча окуусун аяктап жана жыйынтыктоочу аттестациядан өткөндөргө тийиштүү билим деңгээли жөнүндө документтер берилет.
Мамлекеттик үлгүдөгү документтин формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
Кесиптик башталгыч билим алгандыгын ырастаган документтердин төмөндөгүдөй түрлөрү бар:
кесиптик башталгыч билим жөнүндө диплом - кесиптик башталгыч билим берүүнүн милдеттүү программасын өздөштүргөндөргө берилет.
Жалпы орто жана кесиптик башталгыч билим берүүнүн айкалыштырылган программаларын өздөштүргөндөргө ошондой эле жалпы орто билими жөнүндө аттестат берилет;
сертификат - кыска мөөнөттүү кесиптик даярдыктан өткөрүү, кайра даярдоо жана адистигин жогорулатуу программаларын өздөштүргөндөргө берилет;
күбөлүк - атайын уюмдар менен ведомстволор көзөмөлдөгөн объектилерде иштөө менен байланышкан кесиптер боюнча билим берүү программаларын өздөштүргөндөргө объектилерде же транспорт каражаттарында иштөөгө уруксат берүү үчүн берилет.
Күбөлүк кесиптик башталгыч билим жөнүндө диплом менен бирге же өзүнчө берилиши мүмкүн.
(КР 2008-жылдын 5-апрелиндеги № 53 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
11-статья. Кызматкерлерди кесипке окутуу
Ишке жалдоочу тийиштүү лицензиясы болгон учурда өзүнүн кызматкерлерин тикеден-тике уюмдун өзүнөн же келишимдик негизде кесиптик башталгыч билим берүүчү уюмдарынан кесипке окутууну жана даярдоону жүзөгө ашырууга укуктуу.
III Глава Башталгыч кесиптик билим берүү тутуму
12-статья. Кесиптик башталгыч билим берүү тутумунун түзүлүшү
Кесиптик башталгыч билим берүү тутумунун түзүлүшү:
- өзүнүн уюштуруу-укуктук абалына жана менчигинин түрүнө карабастан, билим берүү ишин жүргүзүүгө укук берген лицензиясы бар кесиптик башталгыч билим берүүчү уюмдарынын;
- кесиптик башталгыч билим берүүнүн иштөөсүн жана өнүгүүсүн камсыз кылуучу илимий-усулдук, социалдык-маданий билим берүүчү уюмдардын жана уюмдардын;
- кесиптик башталгыч билим берүүнү башкаруу органдарынын;
- кесиптик ассоциациялардын, коомдордун, илимий жана усулдук кеңештердин жана башка бирикмелердин жыйындысын билдирет.
13-статья. Кесиптик башталгыч билим берүүчү уюмдарынын түрлөрү
Кесиптик башталгыч билим берүү мекемелери коммерциялык эмес уюмдар болуп саналат.
Кесиптик башталгыч билим берүү мекемелерине:
кесиптик лицей - жалпы орто билим берүүнүн базасында жогорку деңгээлдеги адистик алып чыгууну камсыз кылуучу кесиптик башталгыч билим берүү программасы ишке ашырылган же орто жалпы жана кесиптик башталгыч билим берүүнүн айкалыштырылган бирдей программалары боюнча окутуу ишке ашырылган мекеме;
Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин Жазаларды аткарчу башкы башкармалыгынын мекемелерине караштуу кесиптик окуу жайлар - өз алдынча эмгектенип кетүү үчүн жетиштүү болгон адистикке ээ болууну камсыз кылуучу кесиптик башталгыч билим берүү программасы ишке ашырылган мекеме;
атайын кесиптик окуу жайы - билим жана тарбия берүүнүн өзгөчө шарттарына муктаж болгон адамдар үчүн мекеме;
окуу-курс комбинаты (пункту) - окугандар белгилүү ишти же иштер тобун аткаруунун ыкмаларына тездик менен ээ болуучу окуу борбору же башка окуу жайлар;
кесиптик лицейлер жана кесиптик окуу жайлар жеке ишкерлерди даярдоо жана колдоо үчүн бизнес-инкубаторлорду түзө алышат.
Кесиптик башталгыч билим берүү тутумунда кесипке үзгүлтүксүз даярдоону жүзөгө ашыруучу айкалыштырылган билим берүү уюмдарын (анын ичинде окуу-илимий-өндүрүштүк комплекстерди) түзүүгө жол берилет.
(КР 2008-жылдын 5-апрелиндеги № 53 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
14-статья. Кесиптик башталгыч билим берүүнү башкаруу
Кесиптик башталгыч билим берүүчү уюмдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чекте окуунун жүрүшүн, кадрларды тандоону жана жайгаштырууну, каржылык, чарбалык жана башка иштерди жүзөгө ашырат.
Кесиптик башталгыч билим берүүчү уюмдарын башкаруу кесиптик башталгыч билим берүү мекемелери жөнүндө типтүү жобо жана устав менен жөнгө салынат.
Мамлекеттик кесиптик башталгыч билим берүү тутумун башкаруу кесиптик башталгыч билим берүүнү башкаруучу республикалык орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
Кесиптик башталгыч билим берүүнү башкаруунун республикалык органдарынын ыйгарым укуктары белгиленген тартипте бекитилүүчү жобо менен аныкталат.
Кесиптик башталгыч билим берүүнүн мамлекеттик эмес билим берүүчү уюмдарынын кесиптик башталгыч билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарын сактоо жагынан иш-аракети кесиптик башталгыч билим берүүнү башкаруунун республикалык органы тарабынан жөнгө салынат.
15-статья. Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарын кайра уюштуруу жана жоюу
Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарын кайра уюштуруунун жана жоюунун тартиби "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42-статьясына ылайык жүргүзүлөт.
(КР 2008-жылдын 5-апрелиндеги № 53 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
16-статья. Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарын лицензиялоо жана аккредитациялоо (аттестациялоо)
Кесиптик башталгыч билим берүүнүн программалары боюнча билим берүү ишине лицензия "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык берилет.
Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарын аккредитациялоо (аттестациялоо) Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Жобого ылайык жүргүзүлөт. Мамлекеттик аккредитациялоодон (аттестациялоодон) өткөн кесиптик башталгыч билим берүү уюмдары бүтүрүүчүлөргө мамлекеттик үлгүдөгү документтерди бeрүүгө укуктуу.
Аттестация беш жылда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
(КР 2008-жылдын 5-апрелиндеги № 53 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
17-статья. Кесиптик башталгыч билим берүүчү уюмдарын аттестациялоо
(КР 2008-жылдын 5-апрелиндеги № 53 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
18-статья. Кесиптик башталгыч билим берүүнү тескөө комиссиялары
Республикалык, областтык, шаардык жана райондук деңгээлдерде ишке жалдоочулардын, кесиптик союздардын жана мамлекеттик бийлик органдарынын бирдей сандагы өкүлдөрү кирген үч тараптуу кесиптик башталгыч билим берүүнү тескөөчү комиссиялар түзүлөт.
Комиссиялар коомдук башталышта иштейт.
Тескөөчү комиссиялар:
- кесиптик башталгыч билим берүү жагынан мамлекеттик жана аймактык саясат;
- ишке жаддоочуларды кызматкерлерди даярдоого, кайра даярдоого жана адистигин жогорулатууга тартуунун деңгээли жана көлөмү;
- окутуунун жаңы натыйжалуу ыкмаларын киргизүү маселелери боюнча сунуштарды жана көрсөтмөлөрдү иштеп чыгышат.
Кесиптик башталгыч билим берүү боюнча тескөөчү комиссия жөнүндө типтүү жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
19-статья. Кесиптик башталгыч билим берүүнүн сапатына мамлекеттик контроль
Кесиптик башталгыч билим берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик контроль бүтүрүүчүлөрдү даярдоонун сапатын жогорулатууга, мамлекеттик кесиптик башталгыч билим берүү тутумунун билим берүүчү уюмдарына бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды туура пайдаланууга, кесиптик башталгыч билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарын сактоого багытталган.
Кесиптик башталгыч билим берүүнүн сапатына мамлекеттик контроль кесиптик башталгыч билим берүүнү башкаруучу мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.
Берилген лицензияда каралган билим берүү иш-аракеттеринин шарттарынын сакталышына контроль кесиптик башталгыч билим берүүнү башкаруучу республикалык орган тарабынан камсыз кылынат. Билим берүү иш-аракеттеринин шарттары сакталбаган учурда берилген лицензия белгиленген тартипте алынып коюлушу мүмкүн. Каржылык иш-аракетке контроль тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.
IV Глава Кесиптик башталгыч билим берүүчү уюмдарынын окуу ишинин субъектилери
20-статья. Кесиптик башталгыч билим берүү мекемелеринин окуучуларынын укуктары, милдеттери жана аларды социалдык жактан коргоо
Окуп жаткандарды жана педагогдорду социалдык жактан коргоо "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген ченемдерге ылайык жүзөгө ашырылат.
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында бекемделген укуктар менен катар эле окуучулар:
- окуп жаткан мезгилде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген ченемдер боюнча материалдык жактан камсыз болууга;
- билим берүү мекемелеринин өз алдынча башкаруу органдарынын ишине катышууга;
- кесиптик союздарга жана башка коомдук уюмдарга кирүүгө;
- өндүрүштүк окуудан жана өндүрүштүк тажрыйбадан өтүп жаткан мезгилде белгиленген тартипте эмгек акы алууга укуктуу.
Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарынын окуучулары:
- билимге, ыкмаларга ээ болууга ;
- белгилеген мөөнөтүндө билим берүү программасында каралган тапшырмалардын бардык түрлөрүн аткарууга;
- уставды, ички жүрүш-туруш эрежелерин сактоого;
- өндүрүштүк тажрыйбадан өтүп жаткан мезгилинде тийиштүү уюмдардын кызматкерлеринин эмгегин жөнгө салган ченемдик актылардын талаптарын аткарууга милдеттүү.
Кесиптик башталгыч билим берүүчү уюмдарынын уставында жана ички жүрүш-туруш эрежелеринде каралган милдеттерди окуучулардын бузгандыгы үчүн аларга карата окуу жайынан чыгарып жиберүүгө чейинки тартиптик жаза чаралары колдонулушу мүмкүн.
Окуучулар кесиптик башталгыч билим берүүчү уюмдарында күндүзгү бөлүмдө окуп жаткан мезгил Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жалпы пенсиялык камсыздандыруу стажына эсептелет.
Бүтүрүүчүлөрдү эмгекке орноштуруу кесиптик башталгыч билим берүүчү уюмдары менен уюштуруу-укуктук түзүлүшүнө жана менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын ортосунда түзүлүүчү келишимдерге жараша же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жекече тартипте ишке ашырылат.
Тандап алган кесип боюнча окууну улантууга тоскоолдук келтирген медициналык каршы көрсөткүчтөр болгон учурда бюджеттин каражаттарынын эсебинен окуп жаткан окуучу акысыз түрдө башка адистик алууга укуктуу.
Окуудагы ийгиликтери жана окуу жайынын коомдук турмушуна активдүү катышкандыгы үчүн окуучулар кесиптик башталгыч билим берүүчү уюмдарынын уставына ылайык моралдык жана материалдык колдоо көрүшөт.
Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарында окуп жаткан окуучуларды
социалдык жактан колдоо үчүн "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык социалдык билим берүү кредиттери берилиши мүмкүн.
Жетим балдарга жана ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) камкордугусуз калган балдарга билим берүү алар жашы жеткенге чейин мамлекеттик камсыздоонун негизинде жүргүзүлөт.
Окугандарды окуудан жана окуу процессинен алаксытууга Кыргыз Республикасынын кесиптик башталгыч билим берүүнүн мамлекеттик башкаруу органынын уруксаты менен жол берилет. Окуу процессин бузгандыгы үчүн күнөөлүү (түз же кыйыр) адамдар окугандарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тарткан моралдык жана материалдык зыяндарынын ордун толтуруп беришет.
(КР 2008-жылдын 5-апрелиндеги № 53 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
21-статья. Кесиптик башталгыч билим берүүчү уюмдарынын педагог кызматкерлери
Педагогдук иш менен алектенүү укугуна зарыл билим жана тиешелүү педагогдук квалификация алган, бирок соттуулугу бар жана тизмеси Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталган медициналык жактан терс мүнөздөлгөндөрдөн башка адамдар ээ.
Педагогикалык билими жана квалификациясы жок адамдар педагогдук иш менен алектенүүгө кайра даярдоодон өткөндөн кийин укуктуу болот. Кесиптик башталгыч билим берүү ишиндеги педагог кызматкерлер окумуштуулук даражасы, педагогдук стажы үчүн кошумча акы алууга укуктуу.
Педагог кызматкерлерге карата талаптар белгиленген тартипте бекитилүүчү адистик мүнөздөмөлөр менен аныкталат.
Педагог кызматкерлер мамлекеттик билим берүү стандарттарынын сапаттуу жүзөгө ашырылышын камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик тартат.
Мамлекеттик кесиптик башталгыч билим берүүчү уюмдарынын педагог кызматкерлеринин адистигин кеминде беш жылда бир жолу жогорулатуу үчүн зарыл шарттардын түзүлүшүн мамлекет камсыз кылат.
Кесиптик башталгыч билим берүүчү уюмдарынын педагог кызматкерлери мезгил менен аттестациядан өтүп турушат.
Аттестация тартиби, аны өткөрүүнүн мезгилдүүлүгү жана формалары кесиптик башталгыч билим берүүнү башкаруучу республикалык орган тарабынан белгиленет.
(КР 2008-жылдын 5-апрелиндеги № 53, 2011-жылдын 8-августундагы № 150 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
V Глава Башталгыч кесиптик билим берүү тутумунун экономикалык негиздери
22-статья. Кесиптик башталгыч билим берүү тутумундагы менчик мамилелери
Кесиптик башталгыч билим берүү тутумундагы жана кесиптик даярдоо тутумундагы менчик мамилелеринин жалпы жоболору Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.
Кесиптик башталгыч билим берүүнүн мамлекеттик тутумунун билим берүүчү уюмдарына бекитилген менчик укугундагы объектилер (имараттар, курулуштар, мүлктүк комплекстер, жабдуулар, керектелүүчү, социалдык, маданий багыттагы зарыл мүлк) алынып коюлбайт жана кесиптик башталгыч билим берүүнүн кызыкчылыгында гана пайдаланылышы мүмкүн, ал ошондой эле менчиктештирүүгө жатпайт. Кесиптик башталгыч билим берүүнүн мамлекеттик тутумунун билим берүүчү уюмдарынын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитетинин макулдашуусу боюнча бекитилет.
Жеке жана юридикалык жактар берген акча каражаттарын, мүлктү жана башка объектилерди, окуу жайынын иш-аракетинин натыйжасы болуп саналган интеллектуалдык эмгек продуктусун, ошондой эле өз ишинин кирешелерин жана бул кирешеге сатылып алынган объектилердин менчик укугу кесиптик башталгыч билим берүүчү уюмдарына таандык.
Кесиптик башталгыч билим берүү тутумундагы мамлекеттик мүлктүн колдонулушуна контроль кесиптик башталгыч билим берүүнү башкаруучу республикалык органга жүктөлөт.
(КР 2012-жылдын 10-апрелиндеги № 28 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
23-статья. Кесиптик башталгыч билим берүү мекемелерин каржылоо
Кесиптик башталгыч билим берүүчү уюмдары "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
43-46-статьяларына ылайык каржыланат.
Кесиптик башталгыч билим берүүчү уюмдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен каржыланышы мүмкүн.
Кесиптик башталгыч билим берүүчү мамлекеттик эмес уюмдарда кызматкерлерди даярдоо ал мекеме мамлекеттик аккредитациядан өткөн учурдан тартып жана кадрларды даярдоого мамлекеттик заказы болгон учурда жергиликтүү бюджеттен каржыланышы мүмкүн.
Кызматкерлерди кесипке даярдоону, адистигин жогорулатууну жана кайра даярдоону каржылоо кызыкдар уюмдардын каражатынын эсебинен, ал эми жумушсуздарды каржылоо - Иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү Фондунун каражатынын эсебинен ишке ашырылат.
(КР 2008-жылдын 5-апрелиндеги № 53 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
VI Глава Корутунду жоболор
24-статья. Кесиптик башталгыч билим берүүчү уюмдарынын эл аралык кызматташтыгы
Кесиптик башталгыч билим берүүчү уюмдар кесиптик башталгыч билим берүү жагынан эл аралык карым-катнаштарды ишке ашырууга укуктуу.
Кесиптик башталгыч билим берүүчү уюмдары өз кызмат укугуна кирген маселелер боюнча чет өлкөлүк өнөктөрү менен келишим түзүүгө, ошондой эле эл аралык өкмөттүк эмес уюмдардын ишине катышууга укуктуу.
Кесиптик билим берүүчү уюмдары өкмөттөр аралык келишимге ылайык башка мамлекеттердин жарандарына кесиптик башталгыч билим бере алышат.
25-статья. Ушул Мыйзамдын колдонууга киргизилиши
Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып колдонууга киргизилет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик-укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Президент Кыргызской Республики | С.Жапаров |
1999-жылдын 27-октябрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган |