Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 11-апрели № 29
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
1-берене.
(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене.
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 5, 229-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
12-статья төмөнкүдөй мазмундагы 13-пункт менен толукталсын:
"13. Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фондунан, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын резервдик фондунан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан төлөмдөр.".
3-берене.
Ушул Мыйзам 2011-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |