Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2013-жылдын 24-январы № 11
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчыларын – Өзгөн шаарынын мэрин жана айрым айыл өкмөт башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө |
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айрым аткаруу органынын башчыларынын ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү 2013-жылдын декабрь айында аяктап жаткандыгына байланыштуу “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 5-пунктуна, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-, 49-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы |
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчыларын – Өзгөн шаарынын мэрин жана айрым айыл өкмөт башчыларын шайлоо дайындалсын.
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчыларын – Өзгөн шаарынын мэрин жана айрым айыл өкмөт башчыларын шайлоону өткөрүү графиги бекитилсин (тиркелет).
3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону мыйзамда белгиленген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.
4. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары П.П.Баженовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
Т. Абдраимов |
|
|