ТоктомКүчүндө

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 24-январындагы № 11 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчыларын – Өзгөн шаарынын мэрин жана айрым айыл өкмөт башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө» токтому

Редакция26.11.2013 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2013-жылдын 24-январы № 11

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчыларын – Өзгөн шаарынын мэрин жана айрым айыл өкмөт башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айрым аткаруу органынын башчыларынын ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү 2013-жылдын декабрь айында аяктап жаткандыгына байланыштуу  “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  6-беренесинин 5-пунктуна, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-, 49-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчыларын – Өзгөн шаарынын мэрин жана айрым айыл өкмөт башчыларын шайлоо дайындалсын.

2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчыларын – Өзгөн шаарынын мэрин жана айрым  айыл өкмөт башчыларын шайлоону өткөрүү графиги бекитилсин (тиркелет).

3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону мыйзамда белгиленген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.

4. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары П.П.Баженовго жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана

референдум өткөрүү боюнча борбордук

комиссиясынын төрагасы

 

 

Т. Абдраимов