МыйзамКүчүн жоготту

КР 2012-жылдын 13-апрелиндеги № 35 «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу» Мыйзамы

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 28-февралындагы № 44 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2012-жылдын 13-апрели № 35

 

"Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу

1-берене.

 

"Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 2, 130-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

11-беренеде:

1-бөлүгүндө:

- биринчи абзацта "4- жана 4-1-бөлүктөрүндө" деген сөздөр "4 4-2-бөлүктөрүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- экинчи абзацта "каттоочу орган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3-бөлүктүн экинчи абзацында "4- жана 4-1-бөлүгүндө" деген сөздөр "4 - 4-2-бөлүктөрүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;

берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-2-бөлүк менен толукталсын:

"4-2. Мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын мамлекеттик каттоодо арыз берүүчү каттоочу органга төмөнкү документтерди берет:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген форма боюнча каттоо арызын;

- анын негизинде мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы түзүлгөн укуктук актыны;

- эки нускада мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жөнүндө жобону (уставды);

- жетекчисин дайындоо же шайлоо жөнүндө укуктук актыны.".

 

2-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин үч айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 30 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

А.Атамбаев