Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 23-майы № 62
"Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., № 8, 230а-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
27-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"Адам өмүрүнүн жана саламаттыгынын коопсуздугуна тиешелүү маалыматтарды калкка жеткирүүгө байланышкан коомдук маанилүү кабарларды берүү жалпыга маалымдоо каражаттары (телекөрсөтүү, радио), уюлдук байланыш операторлору тарабынан акысыз негизде жүзөгө ашырылат.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |