Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 9-июну № 79
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 2, 116-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Преамбуланын төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын жарандары расасына, тилине, этностук таандыктыгына, саясий же башка ынанымдарына, билимине, тегине, мүлктүк же башка абалына, ошондой эле башка жагдайларга карабастан Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүмдөрүндө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарда аскердик кызмат өтөөгө милдеттүү.".
2. 1-беренеде:
төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"аскердик кызмат - жарандардын Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүмдөрүндө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарда жалпыга тиешелүү аскердик милдетин аткаруусу боюнча мамлекеттик кызматтын өзгөчө түрү;";
алтынчы абзацта "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын" деген сөздөр "коргоо, мамлекеттик чек араны кайтаруу жана сактоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
берене төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:
"аскер кызматы каралган мамлекеттик органдар - Аскердик сот, Аскер прокуратурасы, жазык-аткаруу тутумунун маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүмчөлөрү;";
он биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"башка аскердик түзүмдөр - улуттук коопсуздук, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын бөлүмчөлөрү; ички иштер маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ички аскерлери;";
он бешинчи абзацта "он жети" деген сөздөр "он алты" деген сөздөргө алмаштырылсын;
он сегизинчи абзацта "медициналык комиссия" деген сөздөр "аскердик-дарыгердик комиссия, чакыруу комиссиясы же аскердик каттоого алгачкы коюу боюнча комиссия" деген сөздөргө алмаштырылсын;
жыйырма төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"аскерге чакырылуучулар - он сегизден жыйырма беш жашка чейинки курактагы, райондук (шаардык) аскер комиссариаттарында каттоодо турган эркек жарандар, анын ичинде аскердик жана альтернативдик кызматка чакырылуучулар; ошондой эле мыйзамдуу негизде аскердик же альтернативдик кызмат өтөбөгөн, жыйырма беш жаш курактагы аскердик жыйындарга чакырылуучулар;";
жыйырма жетинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын.
3. 3-беренеде:
1-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Аскердик кызмат - жарандардын Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүмдөрүндө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарда аскердик милдетти аткарууга багытталган мамлекеттик кызматтын өзгөчө түрү.";
2-бөлүктө:
- алтынчы абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- тогузунчу абзац ", анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандык жогорку окуу жайларынын аскер факультеттеринде жана кафедраларында окууда" деген сөздөр менен толукталсын;
- он биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жоокерлердин, сержанттардын жана старшиналардын курамында, прапорщиктердин жана офицерлердин кызматтарында ыктыярдуу тартипте кызмат өтөө;".
4. 4-беренеде:
берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Аскер кызматчыларынын курамы. Офицердик курамдагы аскер наамдарында иштеген жылдарынын мөөнөттөрү";
2-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүмдөрүндө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарда төмөнкүдөй аскердик наамдар белгиленет:";
берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Аскердик кызматта турган офицерлер үчүн офицердик курамдагы аскер наамдарында иштеген жылдарынын мөөнөттөрү төмөнкүдөй белгиленет:
аскердик наамда: иштеген жылдарынын мөөнөттөрү:
кенже лейтенант 1 жыл
лейтенант 2 жыл
улук лейтенант 3 жыл
капитан 4 жыл
майор 5 жыл
подполковник 6 жыл
полковник ушул бөлүктүн онунчу абзацында
каралган учурларды кошпогондо,
белгиленбейт.
"Генерал-майор" жогорку аскердик наамы Кыргыз Республикасынын коргоо, мамлекеттик чек араны кайтаруу жана сактоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда, башка аскердик түзүмдөрдө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарда жетекчи кызматтарды ээлеген адамдарга алты айдан эрте эмес, ал эми штаттык категориялары жогорку аскердик наамы бар адамдардын ээлөөсүн караган башка кызматтарды ээлегендерге - алар дайындалган күндөн тартып эки жылдан эрте эмес ыйгарылат.
Жогорку класстык чендери бар мамлекеттик кызматчыларга штаттык категориялары жогорку аскердик наамы бар адамдардын ээлешин караган кызматтарга дайындалган учурда, дайындоо менен бир убакта же дайындалган күндөн тартып алты айдан кеч эмес жогорку класстык ченге ылайык келген жогорку аскердик наам ыйгарылат.".
5. 5-беренеде:
1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи-алтынчы абзацтар менен толукталсын:
"Күжүрмөн даярдыкта, аскердик тартипти чыңдоодо, татаал аскер техникасын үйрөнүүдө жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен же тапшырылган участкада милдеттерин үлгүлүү аткаргандыгы үчүн анык аскер кызматындагы офицерлерге бир жолудан көп эмес ээлеген штаттык кызмат орду боюнча каралган аскердик наам мөөнөтүнөн мурда бир баскычка жогору кезектеги аскердик наам берилиши мүмкүн.
Жогорку офицердик курамга, жогорку офицердик курамдын адамдары алмаштырууга жаткан кызматтарда милдеттерин ийгиликтүү аткарган аскер кызматчыларына аскердик наам Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан ыйгарылат. Жогорку офицердик курамга аскердик наамды ыйгаруунун мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен аныкталат.
Офицердик курамдын аскердик наамынын аброюн түшүргөн жана офицердик курамга таандыктыгына ылайык келбеген кылык-жоруктарды жасаган офицерлердин аскердик наамы тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен бир баскычка төмөндөтүлүшү мүмкүн.
Аскер кызматчылары аскердик наамынан соттун чечими боюнча гана ажыратылышы мүмкүн.
Тартипке чакыруу жазасы берилген - кызматына толук ылайык келбестиги жөнүндө эскертилген же кызматынан төмөндөтүлгөн офицерлер, ошондой эле аларга карата жазык иштери боюнча өндүрүш иши жүргүзүлгөн офицерлер кезектеги аскердик наамды ыйгарууга сунушталбайт.".
2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүмдөрүндө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарда аскер кызматчылары үчүн аскердик кызматтардын, аскердик-каттоо адистиктеринин жана аларга ылайыктуу аскер наамдарынын тизмеги, ошондой эле кызмат маяналарынын жана тарифтик разряддарынын өлчөмү тиешелүү актылар менен аныкталат.".
6. 6-берененин 5-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги" деген сөздөр "коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. 7-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Жаштарды аскерге чакырууга чейинки даярдоонун жүргүзүлүшү үчүн контролду билим берүү маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана Кыргыз Республикасынын башка кызыкдар мамлекеттик органдары менен бирдикте жүзөгө ашырат.".
8. 10-беренеде:
2-бөлүктө "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги" деген сөздөр "коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Запастагы офицерлер программасы боюнча аскердик даярдоонун толук курсун жана аскердик жыйындарды өткөн жарандарга, жарандык жогорку окуу жайларын аяктагандан кийин запас боюнча офицердик курамдын "кенже лейтенант" аскердик наамы ыйгарылат, ал эми окуу жайга өткөнгө чейин мөөнөттүү аскердик кызматтан өткөн жана запастагы офицерлердин программасы боюнча аскердик даярдоонун толук курсун жана аскердик жыйындарды өткөн жарандарга, жарандык окуу жайларын аяктагандан кийин запас боюнча офицердик курамдын "лейтенант" аскердик наамы ыйгарылат.";
4-бөлүктө "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги" деген сөздөр "Коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
9. 12-беренеде:
1-бөлүктүн бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Чет мамлекеттерде жашаган аскерге милдеттүү Кыргыз Республикасынын жарандарын аскердик каттоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте, Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелери тарабынан жүргүзүлөт.";
4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Аскерге милдеттүүлөрдү жана чакыруу курагындагы жарандардын аскердик каттоосун жүргүзүү, аскердик каттоого коюу жана аскердик каттоодон чыгаруу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.";
5-бөлүктө "ички иштер, улуттук коопсуздук, мамлекеттик күзөт кызматынын органдарынын" деген сөздөр "улуттук коопсуздук, ички иштер маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
10. 13-беренеде:
2-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Эркек жарандар он алты жаш куракка толгон жылы алар аскердик алгачкы каттоого алынууга тийиш.";
4-бөлүктүн алтынчы абзацында "чакыруу участокторуна, чакыруу комиссияларынын" жана "чакыруу участкаларына жана жыйын пункттарына иштөө үчүн жиберилген" деген сөздөр алып салынсын;
5-бөлүктө:
- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Жарандар алгачкы аскердик каттоого алууда аскердик кызматка жарамдуулук деңгээлин аныктоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүшөт.";
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Алгачкы аскердик каттоого коюу боюнча чакыруу комиссиясы тынчтык убакта аскердик кызматка жараксыз, согуш убагында чектүү жарактуу деп таанылган жарандардын аскердик кызматка жарактуулугу жөнүндө акыркы чечими чакыруу комиссиясы тарабынан аныкталат.";
7-бөлүктө "Аскердик каттоо жөнүндө жобо менен" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын.
11. 14-беренеде:
1-бөлүктө "алардын өз убагында барышына көмөк көрсөтүүгө" деген сөздөр "алардын өз убагында барышын камсыз кылууга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3-бөлүктүн бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жарандардын аскердик каттоо эрежесин сактоосу үчүн контролду жүзөгө ашырууга.";
4-бөлүктүн үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
7-бөлүктөгү "майып" деген сөз "ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
берене төмөнкүдөй мазмундагы 10-бөлүк менен толукталсын:
"10. Калкты каттоо үчүн жооптуу мамлекеттик органдар жарандар тиешелүү райондук (шаардык) аскер комиссариатынын аскердик каттоого коюу же каттоодон чыгаруу жөнүндө маалыматын көрсөткөндө, жарандарды жашаган жери боюнча каттоону (каттоодон чыгарууну) жүзөгө ашырууга милдеттүү.".
12. 4-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "4-глава. Жарандарды аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакыруу".
13. 15-беренеде:
1-бөлүктө:
- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Жарандарды аскердик кызматка чакыруу - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн, башка аскердик түзүмдөрүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарын милдеттүү негизде өздүк курам менен комплекттөөгө багытталган иш-чаралардын комплекси.";
- үчүнчү абзацта ", чакырылуучу мобилизациялык резервге" деген сөздөр алып салынсын;
- алтынчы абзацта "Кыргыз Республикасынын коргоо, чек ара кызматынын, улуттук коопсуздук жана мамлекеттик күзөт органдарынын" деген сөздөр "улуттук коопсуздук, коргоо, чек араны кайтаруу жана сактоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакырылууга жаткан жарандар, аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы, райондук (шаардык) аскер комиссарынын буйругу жарыяланганда же чакыруу кагазын алганда аскердик каттоодо турган чакыруу участогуна келүүгө милдеттүү.";
5-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын.
14. 16-беренеде:
1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
"Аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакырылуучуларды жана аскердик окуу жайларына өтүп жаткан жарандарды медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүү үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын чечимдери менен дарыгерлер жана орто медициналык персонал дайындалат.";
2-бөлүктүн үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
3-бөлүктүн тогузунчу абзацында "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин" деген сөздөр "коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Ден соолугунун абалы боюнча тынч убакта аскердик кызматка жараксыз, согуш убагында чектүү жарактуу деп таанылган жана запаска киргизилген жарандар, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган мөөнөттө жана тартипте медициналык кайра күбөлөндүрүүдөн өтүшөт.
Чакыруу курагындагы жарандар медициналык кайра күбөлөндүрүүдөн өткөндөн кийин аскердик кызматка жарактуу деп таанылганда жалпы негизде кызматка чакырылат.".
15. 17-беренеде:
1-бөлүктө "жыйырма жети" жана "жоготкон" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "жыйырма беш" жана "жоготкон" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Жарандарды мөөнөттүү аскердик кызматка чакырууну уюштуруу жана жүргүзүү тартиби, ошондой эле мөөнөттүү аскердик кызматты өтөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Аскердик кызматтын 11 айын өтөп бүткөн, жогорку билими бар мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары жана запас боюнча офицердик курамдын биринчи офицердик наамын алууга каалоосун билдиргендер запастагы офицерлерди даярдоо программасы боюнча бир айлык аскердик жыйындарды өтө алышат.
Запастагы офицерлерди даярдоо программасы боюнча аскердик жыйындарды өткөн жана белгиленген сынактарды ийгиликтүү тапшырган мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларына запаска бошонууда, коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан запас боюнча офицердик курамдын "лейтенант" биринчи аскердик наамы ыйгарылат.
Запастагы офицерлерди даярдоо программасы боюнча аскердик жыйындарды өтүү жана белгиленген сынактарды тапшыруу тартиби коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан белгиленет.".
16. 19-берене күчүн жоготту деп таанылсын.
17. 20-берененин 2-абзацында "Кыргыз Республикасынын коргоо, чек ара кызматынын, улуттук коопсуздук жана мамлекеттик күзөт органдарынын" деген сөздөр "улуттук коопсуздук, коргоо, мамлекеттик чек араны кайтаруу жана сактоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
18. 21-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"21-берене. Алгачкы аскердик жыйындарга чакыруу
Аскердик же альтернативдик кызматты өтөбөгөн аскердик кызматка чакыруунун мөөнөтүн узартууга же бошотууга мыйзамдуу негизде укугу жок жыйырма беш жаш курактагы жана андан улуу жарандар алгачкы аскердик жыйындарды өтүүгө милдеттүү. Алар чакыруу жери боюнча райондук (шаардык) аскер комиссариаттары аркылуу коргоо маселелерин тескеген мамлекеттик органдын атайын эсебине 250 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө акчалай төлөм төлөшөт, анын 20 пайызы мамлекеттик чек араны кайтаруу жана сактоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын эсебине чегерилет жана 24 күндүк мөөнөттө алгачкы аскердик жыйындарды өтүшөт, анын 14 күнү райондук (шаардык) аскер комиссариаттарда өтүлүүчү теориялык сабактарды, 10 күнү - коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын окуу борборлорунун, аскер бөлүктөрүнүн базасында өтүлүүчү практикалык сабактарды түзөт.
Мындай жарандардан түшүүчү акча каражаттары аскерлерди кармоого жана камсыз кылууга, аскердик бөлүктөрдүн окуу-материалдык базасын өркүндөтүүгө, аскер кызматчыларын социалдык коргоону жогорулатууга багытталат.
Көрсөтүлгөн жарандар алгачкы аскердик жыйындарды өткөндөн жана акчалай төлөмдөрдү төлөгөндөн кийин экинчи категориядагы запаска коюлат.
Алгачкы аскердик жыйындарды өтүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
19. 23-беренеде:
1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Аскер кызматын өтөө жөнүндө контракт Кыргыз Республикасынын жаранынын жана Кыргыз Республикасынын атынан тиешелүү мамлекеттик органдын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын ортосунда түзүлөт.";
5-бөлүктүн биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "5. Аскер кызматын өтөө жөнүндө контракттын шарттары контрактта белгиленген мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүмдөрүндө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарда жарандын аскердик кызмат өтөө милдетин өзүнө камтыйт.".
20. 24-берененин 2-бөлүгүнүн алтынчы абзацы "кызмат ордуна ылайык келбөөсү" деген сөздөрдөн кийин "же кадыр-баркты кетирген жоруктары" деген сөздөр менен толукталсын.
21. 25-берененин 7-бөлүгүндө "аскердик академияларга" жана "аскердик академияларды" деген сөздөр "аскердик окуу жайларга" жана "аскердик окуу жайларды" деген сөздөргө алмаштырылсын.
22. 26-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Жарандар жогорку аскердик окуу жайларга өтүп жатканда (ушул Мыйзамдын 25-беренесинин 7-бөлүгүндө көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо) окуу мөөнөтүнүн бардык мезгилине жана жогорку аскердик окуу жайларды аяктагандан кийинки беш жылга контракт түзүшөт. Андан ары аскердик кызматты өтөө жөнүндө контракт ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн тартипте түзүлөт.".
23. 30-беренеде:
1-3-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Офицердик курамдын аскердик кызматта болушунун чектүү курагы төмөнкүдөй белгиленет:
капитанга чейин кошо алганда - кырк үч жаш;
майорлорго, подполковниктерге - кырк сегиз жаш;
полковниктерге - элүү үч жаш;
генерал-майорлорго - элүү сегиз жаш;
генерал-лейтенанттарга жана андан жогору - алтымыш үч жаш.
2. Контракт боюнча кызмат өтөп жаткан жоокердик, сержанттык жана старшиналык курамдагылардын, ошондой эле аял-аскер кызматчыларынын (офицерлер жана прапорщиктерден тышкары) аскердик кызматта болушунун чектүү курагы - кырк беш жаш.
3. Прапорщиктердин аскердик кызматта болушунун чектүү курагы кырк сегиз жаш.
Аскердик кызматта туруунун чектүү курагына жеткен аскер кызматчыларынын кызматтагы мөөнөтүн узартуу өзгөчө учурларда, кызматтык милдеттерин башка адамдар тарабынан аткаруу мүмкүн болбогондо 3 жылга чейинки мөөнөткө аскер бөлүгүнүн (мекеменин) аскер кызматчыларынын (офицердик курам үчүн - Офицерлердин жыйналышы) жалпы жыйналышынын өтүнмөсү боюнча, аскер кызматчысы аскер кызматын өтөп жаткан мамлекеттик органдын коллегиясынын чечиминин негизинде жүргүзүлөт.
Жогорку офицердик курамдагы адамдарга Кыргыз Республикасынын коргоо, мамлекеттик чек араны кайтаруу жана сактоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, башка аскердик түзүмдөрдүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдардын жетекчилеринин өтүнмөсүнүн негизинде, Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими боюнча кызмат мөөнөтү чектүү курагынан үч жылга чейин, бирок алтымыш үч жаш куракка жеткенден ашык эмес узартылат.
Аскердик кызматта туруунун чектүү курагынан жогору калтырылган аскер кызматчылар менен аскердик кызматты өтөө жөнүндө жаңы контракт анын аскердик кызматынын узартылган мөөнөтүнө түзүлөт. Контракттын колдонулуу мөөнөтү аяктагандан кийин аскер кызматчысы запаска же отставкага бошотулууга жатат.";
4-бөлүктө:
- "Аскердик кызматты өтөө тартиби жөнүндө жободо белгиленген тартипте" деген сөздөр "ушул Мыйзамга ылайык" деген сөздөргө алмаштырылсын.
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Кызматы оорусуна байланыштуу, өзүнүн өтүнүчү, кызматка ылайык келбегендиги боюнча токтотулган учурлардан тышкары, ошондой эле офицердин аскердик наамын булгаган жосун жасагандыгына байланыштуу мыйзамдарда каралган жосундарды жасаганы үчүн сот тарабынан соттолгон учурларды кошпогондо, офицердик курамдагы адамдар (жогорку аскердик окуу жайларын же коопсуздук органдарынын жогорку атайын курстарын (факультеттерин) бүткөндөр) иштеген жылдары үчүн пенсияга укук алганга чейин аскер кызматынан бошотулушу мүмкүн эмес.".
24. 32-беренеде:
2-бөлүктө:
- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Он сегизден жыйырма беш жашка чейинки курактагы чакыруу мөөнөтүн кийинкиге калтыруу укугуна ээ эмес, же болбосо чакыруу мөөнөтүн кийинкиге калтыруу укугунан ажыраган, мөөнөттүү аскер кызматын өтөбөгөн эркек жаран:"
- он алтынчы абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
3-бөлүктө:
- экинчи абзацта "отуз алты" деген сөздөр "он сегиз" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- үчүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жарандардын альтернативдик кызматты өтөө тартиби алардын диний көз карашын, үй-бүлөлүк абалын, соттолгондугу болгонун же ден соолугун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.";
4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Альтернативдик кызматты өтөө альтернативдик кызматтын кызматчылары тарабынан чакыруу жери боюнча райондук (шаардык) аскер комиссариаттары аркылуу коргоо маселелерин тескеген мамлекеттик органдын атайын эсебине эсептик көрсөткүчтүн 180 өлчөмүндө акчалай төлөмдөрдү төгүүнү карайт. Анын 20 пайызы атайын каражаттарга салык төлөнгөндөн кийин мамлекеттик чек араны кайтаруу жана сактоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын эсебине чегерилет.
Ар бир квартал ичинде акча төгүмдөрүнүн жалпы көлөмүнүн алтыдан биринен кем эмесин төгүп турууга жатат.
Альтернативдик кызматка чакырылган жарандардан түшкөн акча каражаттары окуу жыйындарын өткөрүүгө, аскердик бөлүктөрдүн окуу-материалдык базасын өркүндөтүүгө, аскер кызматчыларын социалдык коргоону жогорулатууга, аскер кызматчыларын сыйлоого жана өкүлчүлүк боюнча чыгымдарга жумшалат.";
6-бөлүктө:
- экинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- үчүнчү абзацта "майып" деген сөздөр "ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адам" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- тогузунчу абзацта "Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин" деген сөздөр "коргоо маселелерин тескеген мамлекеттик органдын жетекчисинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8-бөлүктө:
- "же чакыруу мобилизациялык резервге" деген сөздөр алып салынсын;
- мамлекеттик тилде "киргизилиши" деген сөз "чакырылышы" деген сөзгө алмаштырылсын.
25. 33-беренеде:
1-бөлүктүн алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
2-бөлүктө:
- жетинчи абзацта "жана альтернативдик" деген сөздөр алып салынсын, "жыйырма жети жаш" деген сөздөр "жыйырма беш жаш" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- сегизинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Билим алуусун улантуу үчүн аскердик кызматка чакыруунун мөөнөтүн узартуу төмөнкүлөргө берилет:
алар окуу жайда биринчи курстан тартып окуп жаткан жана экинчи жогорку билим алып жатпаган шарттарда, лицензиясы же мамлекеттик аккредитациясы (аттестациясы) бар жогорку кесиптик окуу жайларынын күндүзгү окуу формасынын студенттерине жана аспиранттарына;
орто кесиптик жана орто жалпы билим берүү окуу жайларынын окуучуларына, аларды бүткөнгө чейин, бирок жыйырма бир жаштан улуу эместерге.
Кесиптик жогорку жана орто окуу жайларынан начар жетишкендиги, тартипсиздиги үчүн же соттолгондугуна байланыштуу чыгарылган адамдар, билим алуусун улантуу үчүн кайрадан чакыруу мөөнөтүн узартуу укугунан ажырашат.
Ар түрдүү негиздер боюнча жогорку окуу жайларынан мурда чыгарылган жана жогорку окуу жайына кайра калыбына келтирилген же башка окуу жайына өткөн адамдарга, билим алуусун улантуу үчүн аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакыруу мөөнөтүн узартуу берилбейт.";
4-бөлүктө:
- биринчи абзацта "аскердик жана альтернативдик кызматка" деген сөздөр "аскердик кызматка" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- экинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
5-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
6-бөлүк "кызматка чакырылышы мүмкүн" деген сөздөрдөн мурда "жана альтернативдик" деген сөздөр менен толукталсын;
7-бөлүк "белгиленген тартипте аскердик" деген сөздөн кийин "же альтернативдик" деген сөздөр менен толукталсын.
26. 34-беренеде:
1-бөлүктүн алтынчы абзацында "жыйырма жети жаш" деген сөздөр "жыйырма беш жаш" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2-4-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Жарандарды аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруудан бошотуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
3. Ден соолугунун абалы боюнча аскердик кызматка жараксыз деп таанылган жарандар каттоодон чыгаруу менен, мобилизациялоо боюнча жана согуш убагында аскердик кызматка чакыруудан бошотулат.
4. Он сегиз жаш куракка чыккан жана андан улуу, дене түзүлүшүнүн чектелгендигине ылайык белгиленген тартипте чакыруу комиссияларын өтпөгөн жарандар I, II жана III топтогу майыптыкты белгилөө жөнүндө медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын чечимин көрсөткөндө, белгиленген акчалай төлөмдү төлөбөстөн аскердик каттоодон чыгаруу менен аскердик билет берилет.".
27. 35-беренеде:
1-бөлүктүн бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
берене төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"6. Запастагы офицерлер үчүн офицердик курамдын аскердик наамдарында болуунун мөөнөтү төмөнкүдөй белгиленет:
аскердик наамда: иштеген жылдарынын мөөнөттөрү:
кенже лейтенант 3 жыл
лейтенант 4 жыл
улук лейтенант 5 жыл
капитан 6 жыл
майор 7 жыл
подполковник 8 жыл.
Запастагы офицерге ыйгарылган наамда болуунун мөөнөтү ушул наамды ыйгаруу жөнүндө буйрукка кол коюлган күндөн тартып эсептелет.".
28. 36-берененин 1-бөлүгүндө:
экинчи абзацта ", чакыруу мобилизациялык резервинде кызматын өтөгөн" деген сөздөр алып салынсын;
үчүнчү абзац "запаска" деген сөздөн кийин "мөөнөттүү" деген сөз менен толукталсын;
төртүнчү абзац "катталган" деген сөздөн кийин "жана мобилизациялык резервге киргизилген" деген сөздөр менен толукталсын.
29. 38-беренеде:
1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн, башка аскердик түзүмдөрүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарын комплекттөө үчүн дайындалган аскерге милдеттүүлөр окуу, тактоочу жана атайын аскердик жыйындарга чакырылышат.";
6-бөлүктө "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин" деген сөздөр "коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
берене төмөнкүдөй мазмундагы 7-бөлүк менен толукталсын:
"7. Аскердик жыйындардан өтүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
30. 39-берененин төртүнчү абзацында "чакыруу мобилизациялык резервде кызмат жана" деген сөздөр алып салынсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Ушул Мыйзамдын чакырылуучу мобилизациялык резерв жөнүндө жоболору 2012-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.
Ушул Мыйзамдын аскердик наамдарды ыйгаруу бөлүгүндө колдонулушу кезектеги аскердик наам ыйгарылган учурдан башталат.
Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин альтернативдик кызматка чакырылган кызматчылар альтернативдик кызматты мурда белгиленген тартипте өтүшөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын үч айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |