Загрузка документа…
КР 2018-жылдын 24-майындагы N 54 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 13-июлу № 108
"Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 749-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 3-беренеде "белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 5-беренеде:
экинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Жарандык коргонуу жагындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттары боюнча сунуштарды, Жарандык коргонуунун башка маселелерин Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин кароосуна киргизет жана Коргоо кеңешинин алар боюнча чечимин бекитет;";
төртүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
сегизинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын.
3. 7-беренеде:
үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде жана аларды аткаруу максатында Жарандык коргонуу жагындагы ченемдик укуктук актыларды чыгарат;";
берене төмөнкүдөй мазмундагы он жетинчи жана он сегизинчи абзацтар менен толукталсын:
"- Жарандык коргонуу аскерлеринин аскер кызматчыларынын штаттык санын жана Жарандык коргонуу аскерлери жөнүндө жобону бекитет;
- Жарандык коргонуу жагындагы мамлекеттик бийлик органдарынын ишин координациялайт;".
4. 20-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"20-берене. Жарандык коргонуу жагындагы ал аралык кызматташуу жана
эл аралык келишимдер
Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен Жарандык коргонуу жагындагы кызматташуусу мамлекеттик органдар тарабынан Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |