Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2012-жылдын 25-июлу № 132

 

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(КР 2022-жылдын 1-ноябрындагы № 100 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

1-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Токой кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 12, 534-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

11-статьянын 1 жана 3-бөлүктөрүндө "мамлекеттик" деген сөз "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.

 

2-берене.

 

"Суу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 2, 64-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

5-статьянын 1-бөлүгүндө "мамлекеттик менчик" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын менчиги" деген сөздөргө алмаштырылсын.

 

3-берене.

 

"Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 5, 377-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

6-берененин 1-бөлүгүндө "мамлекеттик менчикте" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын менчигинде" деген сөздөргө алмаштырылсын.

 

4-берене.

(КР 2022-жылдын 1-ноябрындагы № 100 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

5-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А.Атамбаев