Загрузка документа…
КР 2022-жылдын 1-ноябрындагы № 100 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 25-июлу № 140
"Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 2, 134-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Преамбуланын экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
2. 1-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо - мамлекеттик башкаруу органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, илимий-билим берүү, коммерциялык уюмдар жана мекемелер, уставдык капиталында мамлекеттик үлүш 30 пайыздан ашыкты түзгөн чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан кыска мөөнөттүү, орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү мезгилге өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүн болжолдоону иштеп чыгуу процесси.".
3. 2-беренеде:
1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик болжолдоо тутуму - узак мөөнөттүү (10 жана андан көп жылга), орто мөөнөттүү (3 жылдан 5 жылга чейин) жана кыска мөөнөттүү (1 жылга чейин) мезгилге өлкөнүн өнүгүүсүн камсыз кылуучу принциптерден, документтерден, процесстерден жана мамлекеттик болжолдоонун катышуучуларынан турган, өз ара байланышкан элементтердин жыйындысы.
Мамлекеттик болжолдоо процесси иштеп чыгуу, бекитүү, ишке ашыруу, мониторинг жүргүзүү, баалоо, оңдоп-түзөтүү кабыл алынган ченемдик укуктук актылардын ишке ашырылышын контролдоо боюнча чаралардын комплексин колдонуу аркылуу ишке ашырылат.
Мамлекеттик болжолдоо Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн деңгээлин жогорулатууга, жарандардын жашоо турмушунун сапатын жакшыртууга жана өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылууга багытталган мамлекеттик бийлик органдарынын жана өлкөнү өнүктүрүү процессинин башка катышуучуларынын иш-аракеттерин камтыйт.
Мамлекеттик болжолдоо төмөнкүлөрдү камтыйт:
- он жана андан көп жылга Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн узак мөөнөттүү болжолу, беш жылда бир жолу оңдоп түзөтүлөт;
- үч жылдан беш жылга чейинки Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн орто мөөнөттүү болжолу, жыл сайын оңдоп-түзөтүлөт;
- келерки жылга Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн кыска мөөнөттүү болжолу.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн узак мөөнөттүү, орто мөөнөттүү жана кыска мөөнөттүү келечекке мамлекеттик болжолдоолорун (мындан ары - социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү болжолдоо) иштеп чыгуу тартибин аныктайт.";
3-бөлүгүндө "түзүмүн" деген сөз "саясатын" деген сөзгө алмаштырылсын;
4-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү алып салынсын;
5-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
6-бөлүгүн экинчи абзацында "түзүмдөрдүн" деген сөздөр "саясаттын" деген сөз алмаштырылсын;
7-бөлүгүнүн биринчи-үчүнчү абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
8-бөлүгүндө "бекитилет" деген сөздөн кийин "жана бюджеттин кирешесин үч жылдык мезгилге эсептөө үчүн негиз болуп саналат (СПБ)" деген сөздөр менен толукталсын.
4. 3-берененин 2-бөлүгүндө:
бөлүк "илимий-билим берүүчү" деген сөздөрдөн кийин ", коммерциялык" деген сөз менен толукталсын;
"мамлекеттик ишканалар," деген сөздөр алып салынсын.
5. 4-берененин 2-бөлүгүндө "параметрлерин, максаттуу багыттарын жана" деген сөздөр алып салынсын.
6. 5-берене төмөндөкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5-берене. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн
болжолдоону берүү, кароо жана бекитүү тартиби
1. Болжолдогу үч жылдык мезгилден мурунку жылдын биринчи кварталында, бюджеттик каржылоо боюнча алдын ала контролдук цифраларды жана Кыргыз Республикасын республикалык жана жергиликтүү деңгээлде социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн бекитилген орто мөөнөттүк параметрлерин эске алуу менен тармактык министрликтер, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош мэриялары тарабынан өнүгүүнүн орто мөөнөттүк стратегиялары/программалары, колдонуудагы бюджеттик мыйзамдардын алкагында бюджеттик каржылоо боюнча контролдук цифраларды тактоонун андан аркы жол-жоболору менен иштелип чыгат.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жалпы республикалык, тармактык жана региондук болжолдордун негизинде Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн бекитилген орто мөөнөттүк болжолунун алкагында келерки жылга социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыкталган болжолун түзөт.
3. Жыйынтыктанган болжол белгиленген тартипте, болжолдонгон жылдан мурунку жылдын 1-июнунан кечиктирилбестен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кароого жана бекитүүгө берилет.
4. Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын максаттарын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген, ИДПга карата салыктык кирешелердин жалпы деңгээлинин орто мөөнөттүк болжолун кошуп алганда, социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолу келерки жылга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана республикалык бюджеттеринин кирешелери боюнча болжолду даярдоо үчүн негиз болуп саналат.
5. Болжолдонгон жылдан мурунку жылдын 1-сентябрына чейин белгиленген тартипте бекитилген жыйынтыкталган болжол Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлөт.
6. Берилген жыйынтыкталган болжолду кароонун тартиби келерки жылга республикалык бюджеттик долбоорун талкуулоо учурунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан аныкталат.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети Кыргыз Республикасынын экономикасынын абалына ай сайын мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылышат жана Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалы жөнүндө маалыматтык-статистикалык маалыматтарды жарыялашат.".
7. 6-берене "органдарынын жетекчилери" деген сөздөрдөн кийин ", мамлекеттин катышуусу бар юридикалык жактар, коомдук, илимий жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү, жеке жактар" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |