КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 6-августу № 150
"Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 725-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
14-статьянын 1-бөлүгүндө:
- экинчи абзацында "2012" деген сан "2015" деген санга алмаштырылсын;
- үчүнчү абзацында "2013" деген сан "2016" деген санга алмаштырылсын;
- төртүнчү абзацында "2014" деген сан "2017" деген санга алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |