Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 8-августу № 156
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 5, 229-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 5-1-статья менен толукталсын:
"5-1-статья. Айыл чарба продукцияларын өңдүрүү (өсүмдүк
өстүрүүчүлүк жана мал чарбачылыгы) боюнча айыл чарба
кооперативдери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн
тарифтеринин ставкасы
1. Айыл чарба продукцияларын өндүрүү (өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана мал чарбачылыгы) боюнча айыл чарба кооперативдери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкасы төмөнкүдөй белгиленет:
а) жумуш берүүчүнүн менчигинин түрүнө жана Кыргыз Республикасынын салык кызматы органдарында катталган түрүнө карабастан жумуш берүүчүлөр, анын ичинде Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн туруктуу же убактылуу жумушка кабыл алынган, жалданган кызматкерлердин пайдасына чегерилген төлөп берүүлөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын - 2 пайыз өлчөмүндө Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна;
б) туруктуу же убактылуу жумушка кабыл алынган кызматкерлер, жумуш берүүчүнүн менчигинин түрүнө жана Кыргыз Республикасынын салык кызматы органдарында катталган түрүнө карабастан, пенсионер-кызматкерлерди кошпогондо, кызматкерлер, анын ичинде Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн каржылоо булактарына карабастан, алардын пайдасына чегерилген бардык төлөп берүүлөрдүн түрлөрүнөн ай сайын - 10 пайыз өлчөмүндө.
Фонддор боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы төмөнкүдөй өлчөмдө бөлүштүрүлөт:
Пенсиялык фондго - 8 пайыз;
Мамлекеттик топтоочу пенсиялык фондго - 2 пайыз;
ушул Мыйзамдын 11-1-беренесинин "а" пунктунда көрсөтүлгөн жалданган кызматкерлер үчүн - Пенсиялык фондго 10 пайыз өлчөмүндө;
пенсионер-кызматкерлер үчүн - Пенсиялык фондго 8 пайыз өлчөмүндө.
2. Өздөрүнүн жер участокторун (үлүштөрүн) ижарага беришкен айыл чарба кооперативдеринин мүчөлөрү үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери 2018-жылга этап менен тарифтин ставкасын 8 пайыздык деңгээлге чейин жеткирүү менен, өткөн календардык жыл үчүн республиканын райондорунда жана шаарларында калыптанган орточо айлык эмгек акынын 40 пайызынан чегерилген 2 пайыз өлчөмүндө белгиленет:
- 2013-жылы орточо айлык эмгек акынын 40 пайызынан чегерилген 2 пайыз өлчөмүндө;
- 2014-жылы орточо айлык эмгек акынын 40 пайызынан чегерилген 4 пайыз өлчөмүндө;
- 2016-жылы орточо айлык-эмгек акынын 40 пайызынан чегерилген 6 пайыз өлчөмүндө;
- 2018-жылы орточо айлык эмгек акынын 40 пайызынан чегерилген 8 пайыз өлчөмүндө.
Фонддор боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы төмөнкүдөй өлчөмдө бөлүштүрүлөт:
Пенсиялык фондго - 92,6 пайыз;
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 7,4 пайыз.
Өздөрүнүн жер участокторун (үлүштөрүн) ижарага беришкен айыл чарба кооперативдеринин мүчөлөрүнүн камсыздандыруу төгүмдөрү бир жолу үстүдөгү жылдын 25-июлуна чейин же бирдей үлүштөр менен 25-июлга чейин жана 25-декабрга чейин төлөнүп берилет.
Айыл чарба кооперативдеринин мүчөлөрүнүн жер участокторуна (үлүштөрүнө) төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрү ижарачы тарабынан төлөнүп берилет.
Айыл чарба кооперативине ижарага берилген жер участокторуна төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы белгиленген укукту ырастоочу документ менен же менчик ээлеринин (пайдалануучулардын) тийиштүү макулдашуусу менен жер участогунун үлүштөрүнө пропоционалдуу бөлүштүрүлөт.".
2. 9-статьяда:
2-бөлүктүн "а" пунктчасындагы "1-пунктуна," деген сөздөн кийин "5-1-статьянын 1-пункутуна" деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
"7. 5-1-статьянын 2-пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү айыл чарба кооперативдеринин мүчөлөрүнөн:
камсыздандырылган жактын өздүк камсыздандыруу эсебине - 92,6 пайыз.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |