Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 8-августу № 157
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы 2004-ж., № 5, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
7-статьянын 3-пунктунда:
- биринчи абзацынын биринчи сүйлөмүндө "айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондусундагы" жана "ижарага берүүчү" деген сөздөр "Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондусундагы" жана "ижарага алуучу" деген сөздөргө алмаштырылсын.
- экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ижарага алуучу тарабынан төгүлгөн камсыздандыруу төгүмдөрү анын өзүнүн камсыздандыруу эсебине түшөт.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев
|