Загрузка документа…
КР 2023-жылдын 23-мартындагы № 69 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 25-январы № 8
Кыргыз Республикасынын Патент мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Патент Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 3, 69-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 5-статьяда:
3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эгерде ойлоп табуу ушул тармактагы адис үчүн техниканын деңгээлинен ачык көрүнүп турбаса, ал ойлоп табуучулук деңгээлге ээ болот. Ойлоп табуучулук деңгээлди аныктоочу адиске карата коюлуучу талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.";
9 жана 10-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Төмөнкүлөр ойлоп табуу катары таанылбайт:
1) ачылыштар;
2) илимий теориялар жана математикалык методдор;
3) чарбаны уюштуруунун жана башкаруунун методдору;
4) шарттуу белгилер, расписаниелер, эрежелер;
5) акыл операцияларын аткаруунун, оюн өткөрүүнүн эрежелери жана методдору:
6) алгоритмдер жана эсептөөчү машиналар үчүн программалар турган турпатында;
7) маалымат берүүдөн гана турган чечимдер;
8) курулуштарды, имараттарды, аймактарды пландаштыруунун долбоорлору жана схемалары;
9) эстетикалык таламдарды канааттандырууга багытталган буюмдардын тышкы түрүнө гана тиешелүү сунуштар;
10) интегралдык микросхемалардын топологиялары;
11) өсүмдүктөрдүн сорттору жана жаныбарлардын тукуму;
12) коомдук таламдарга, гумандуулук жана моралдык принциптерге карама-каршы келүүчү, айлана-чөйрөгө зыян келтирүүчү сунуштар.
Ушул статьянын 9-бөлүгүнүн 6, 10, 11-пункттарында саналып өткөн объекттер өзүнчө мыйзамдар менен корголот.".
2. 11-статья төмөнкүдөй мазмундагы 13-бөлүк менен толукталсын:
"Өнөр жай менчигинин объектине патент менен ырасталган мүлктүк укуктар күрөө предмети боло алат.".
3. 15-статьянын 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Лицензиялык келишим, патентке болгон укуктун күрөөсү жөнүндө келишим алым төлөнгөн шартта Кыргызпатентте каттоодон өтүүгө тийиш, ансыз жараксыз деп эсептелинет. Лицензиялык келишим, патентке болгон укуктун күрөөсү жөнүндө келишим алар Кыргызпатентте каттоодон өткөн датадан тартып күчүнө кирет жана каттоо жөнүндө маалыматтар Кыргызпатенттин расмий бюллетенинде жарыяланат.".
4. 28-статьяда:
7-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Патенттин формасын жана автордун күбөлүгүн, ошондой эле аларда көрсөтүлүүчү маалыматтардын курамын Кыргызпатент белгилейт.";
8-бөлүгүндөгү "Берилген патенттен" деген сөздөр "Берилген патенттен жана автордун күбөлүгүнөн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 9-бөлүк менен толукталсын:
"Патент ээси болуп саналбаган өнөр жай менчигинин объектисинин авторуна анын каалоосу боюнча Кыргызпатент тарабынан автордун күбөлүгү берилет.".
5. VI бөлүмдө:
аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"VI бөлүм
Патенттердин колдонулушун токтотуу жана калыбына келтирүү";
бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 32-1-статья менен толукталсын:
"32-1-статья. Патенттин колдонулушун калыбына келтирүү. Кийин пайдалануу укугу
Эгерде ойлоп табууга патенттин колдонулушу патентти күчүндө кармап туруу үчүн белгиленген мөөнөттө алым төлөнбөгөндүгүнүн айынан токтотулса жана патенттин колдонулушунун мөөнөтү өтө элек болсо, анда анын ээсинин өтүнмөсү боюнча алым боюнча карызды жана ушундай өтүнмө бергендиги үчүн белгиленген өлчөмдөгү алым төлөнгөн шартта мындай патенттин колдонулушу Кыргызпатент тарабынан калыбына келтирилиши мүмкүн.
Ойлоп табууга патенттин колдонулушун калыбына келтирүү жөнүндө маалыматтар Кыргызпатенттин расмий бюллетенинде жарыяланат.
Ушул статьянын 1-бөлүгүнө ылайык аны калыбына келтирүү датасына чейин ойлоп табууга патенттин колдонулушу токтотулган учурдан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланган же ага карата зарыл болгон даярдыктарды жасаган кандай гана болбосун жеке же юридикалык жак мындай пайдалануунун көлөмүн кеңейтпестен аны андан ары акысыз пайдалануу укугун сактап калат (кийин пайдалануу укугу).".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |