Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 23-марты № 69
Патент мыйзамы
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Патент мыйзамдары
1. Ушул Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди жана өнөр жай үлгүлөрүн жаратууга, укуктук коргоого жана пайдаланууга байланыштуу Кыргыз Республикасынын аймагында пайда болгон мүлктүк, ошондой эле ага байланышкан мүлктүк эмес жекече мамилелер жөнгө салынат.
2. Мамлекет тарабынан жашыруун болуп таанылган ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди жана өнөр жай үлгүлөрүн укуктук коргоо Кыргыз Республикасынын жашыруун ойлоп табуулар жөнүндө мыйзамдары менен жөнгө салынат.
Кызматкердин өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда же иш берүүчүдөн конкреттүү тапшырма алганда ойлоп табууну, пайдалуу моделди жана өнөр жай үлгүсүн жаратууга байланыштуу келип чыккан мамилелер кызматтык ойлоп табуулар, кызматтык пайдалуу моделдер, кызматтык өнөр жай үлгүлөрү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.
3. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишим менен ушул Мыйзамда камтылгандан башка эрежелер каралса, анда эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.
4. Ушул Мыйзамдын негизинде жана аны аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актылары, ошондой эле интеллектуалдык менчик жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын актылары кабыл алынышы мүмкүн.
2-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
1) патент ээси - ойлоп табууга же пайдалуу моделге же өнөр жай үлгүсүнө патент берилген жак;
2) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен иш жүргүзүү - ойлоп табууга, пайдалуу моделге же өнөр жай үлгүсүнө өтүнмө, өтүнүч кат берүү, өтүнмө боюнча кат алышуу, ошондой эле укуктарды алуу жана тескөө боюнча ушул Мыйзам менен каралган иш-аракеттерди аткаруу;
3) дата - күн, ай, жып;
4) Евразия патенттик конвенциясы - 1994-жылдын 9-сентябрындагы Евразия патенттик конвенциясы;
5) евразия өтүнмөсү - Евразия патенттик конвенциясынын 15 (1)-беренесине ылайык берилген ойлоп табууга евразия патентин алууга өтүнмө жана Евразия патенттик конвенциясына Өнөр жай үлгүлөрүн коргоо жөнүндөгү 1994-жылдын 9-сентябрындагы протоколдун 13-беренесине ылайык берилген өнөр жай үлгүсүнө евразия патентин алууга өтүнмө;
6) өтүнмө ээси - ойлоп табууга, пайдалуу моделге же өнөр жай үлгүсүнө патент суралган жеке же юридикалык жак;
7) өтүнмө - ойлоп табууга, пайдалуу моделге же өнөр жай үлгүсүнө патент алууга өтүнмө;
8) өзгөчө укук - ойлоп табууга, пайдалуу моделге же өнөр жай үлгүсүнө патентти мыйзамга карама-каршы келбеген ар кандай жол менен өз каалоосу боюнча пайдаланууга болгон патент ээсинин мүлктүк укуктары;
9) эл аралык өтүнмө - Патент кооперациясы жөнүндө келишимге (РСТ) ылайык, жогоруда аталган келишимдин 22-беренеси менен каралган эрежелерди сактоо менен берилген өтүнмө;
10) Париж конвенциясы - 1883-жылдын 20-мартындагы Өнөр жай менчигин коргоо боюнча Париж конвенциясы;
11) патенттик ишенимдүү өкүл - патенттик ишенимдүү өкүлдөр жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аттестациядан өткөн жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын патенттик ишенимдүү өкүлдөрүнүн мамлекеттик реестринде катталган жеке жак;
12) өкүл - интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда өтүнмө ээсинин, патент ээсинин же башка кызыкдар адамдын кызыкчылыктарын жана укуктарын билдирүүгө ыйгарым укуктуу жеке жак;
13) РСТ (Patent Cooperation Treaty) - 1970-жылдын 19-июнундагы Патенттик кооперация жөнүндө келишим (РСТ);
14) макулдук/уруксат - ойлоп табууга, пайдалуу моделге же өнөр жай үлгүсүнө патентти үчүнчү жактардын укук чегинде пайдалануусуна мүмкүндүк берүүчү укук ээси же анын ыйгарым укуктуу жагы тарабынан жасалган жазуу жүзүндөгү бүтүм;
15) юридикалык маанилүү иш-аракеттер - ойлоп табууга, пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө патент алууга өтүнмө берүү, экспертиза жүргүзүү, өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду жана тактоолорду киргизүү, суроо-талапка жооп берүүнүн мөөнөтүн узартуу, каршы пикир берүү, өткөрүлгөн мөөнөтүн калыбына келтирүү, каттоо, жарыялоо, күбөлүк жана анын жупнускасын берүү, ойлоп табууга, пайдалуу моделге патентти күчүндө кармап туруу, өнөр жай үлгүсүнө патенттин мөөнөтүн узартуу, мөөнөтүнөн мурда экспертиза жүргүзүү, өтүнмө ээсинин демилгеси боюнча өтүнмөнүн материалдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү, интеллектуалдык иштин натыйжаларына өзгөчө укукту тескөө жөнүндө келишимди каттоого өтүнмө берүү, өтүп кеткен колдонуу мөөнөтүн калыбына келтирүү жаатында жасалган иш-аракеттер жана аларды жасаган жак үчүн ушул Мыйзамга ылайык натыйжаларды алып келүүчү башка иш-аракеттер.
3-берене. Интеллектуалдык менчик жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы
1. Интеллектуалдык менчик жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) ушул Мыйзамга ылайык ойлоп табууларга, пайдалуу моделдерге жана өнөр жай үлгүлөрүнө укуктук коргоо берүү жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырат, ойлоп табууларга, пайдалуу моделдерге жана өнөр жай үлгүлөрүнө өтүнмөлөрдү кабыл алат, аларды экспертизадан, мамлекеттик каттоодон өткөрөт, патенттерди берет, расмий жарыялоону жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген жобого ылайык башка функцияларды жүзөгө ашырат.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган патенттик фондго жетекчиликти жүзөгө ашырат, анын сакталышын жана эл аралык уюмдар жана чет өлкөлүк патенттик ведомстволор менен алмашуу аркылуу толукталып турушун камсыз кылат.
3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда ал ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди жана өнөр жай үлгүлөрүн жаратууга, укуктук коргоого жана пайдаланууга байланыштуу келип чыккан талаш-тартыштарды өзүнүн компетенциясына ылайык карап чыгуу боюнча милдеттүү түрдөгү баштапкы орган болуп саналуучу Апелляциялык кеңеш түзүлөт. Апелляциялык кеңеш тарабынан каршы пикирлерди карап чыгуу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
4. Кыргыз Республикасынын илимий-техникалык өнүгүшүн өбөлгөлөө, интеллектуалдык мүмкүнчүлүгүн бекемдөө, техникалык жана көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүү, ошондой эле ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди жана өнөр жай үлгүлөрүн жаратуу жана пайдалануу максатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдында Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду (мындан ары - Мамлекеттик фонд) түзүлөт.
5. Мамлекеттик фонд патенттелген ойлоп табууларга, пайдалуу моделдерге жана өнөр жай үлгүлөрүнө болгон патент ээсинин укуктарын аларды андан ары жайылтуу жана мамлекеттин кызыкчылыгында пайдалануу максатында мамлекеттин атынан сатып алууга укуктуу.
6. Мамлекеттик фонд өз ишин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен жобого ылайык жүзөгө ашырат.
4-берене. Патенттик алым
1. Ойлоп табууларга, пайдалуу моделдерге жана өнөр жай үлгүлөрүнө патенттерди берүүгө өтүнмө берүү, ойлоп табууларга, пайдалуу моделдерге жана өнөр жай үлгүлөрүнө экспертиза жүргүзүү жана патенттерди берүү, аларды күчүндө кармап туруу, алардын колдонуу мөөнөтүн узартуу, ошондой эле башка юридикалык маанилүү иш-аракеттерди жасоо үчүн патенттик алым (мындан ары - алым) төлөнөт.
2. Жасалгандыгы үчүн алым төлөнүүчү иш-аракеттердин тизмеги, алымдын өлчөмү жана төлөө мөөнөтү, ошондой эле аны төлөөдөн бошотуунун, өлчөмүн азайтуунун же кайтарып берүүнүн негиздери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
3. Алым республикалык бюджетке өтүнмө ээси, патент ээси же алар менен макулдашуу боюнча каалаган жеке же юридикалык жактар тарабынан төлөнөт.
5-берене. Юридикалык маанилүү иш-аракеттердин мөөнөттөрүн эсептөө жана токтотуп туруу
1. Ушул Мыйзам менен белгиленген юридикалык маанилүү иш-аракеттерди жасоонун мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдары менен белгиленген мөөнөттөрдү эсептөөнүн эрежелерине ылайык эсептелет.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын юридикалык маанилүү иш-аракеттерди жасоонун ушул Мыйзам менен белгиленген мөөнөттөрү төмөнкүдөй учурларда токтотулуп турат:
1) эгер юридикалык маанилүү иш-аракеттерди жасоого өзгөчө абал (табигый кырсыктар, кыйроолор, ири авариялар, эпидемиялар) тоскоолдук кылса;
2) мындай документтерди бербөөнүн башка кесепеттери ушул Мыйзам менен белгиленген учурларды кошпогондо, өтүнмө ээсинен зарыл болгон документтерди, анын ичинде кабарламаларга жана суроо-талаптарга жоопторду, алымды төлөгөндүгүн тастыктоочу документтерди алганга чейин.
3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жагдайлардын келип чыгышы жөнүндө өтүнмө ээсине, патент ээсине же башка кызыкдар жакка кабарлайт.
4. Мөөнөтүн токтотуп туруу тиешелүү кабарлама жөнөтүлгөн күндөн кийинки күндөн тартып башталат.
5. Мөөнөттүн жүрүшү, аны токтотуп туруу үчүн негиз болгон жагдай жокко чыгарылган күндөн тартып улантылат. Мөөнөттү улантуунун башталышы жөнүндө кабарлама ушул Мыйзамдын 6-беренесине ылайык өтүнмө ээсине, патент ээсине же башка кызыкдар жакка жөнөтүлөт.
6. Ушул Мыйзам менен каралган учурларда өтүнмө ээлери, укук ээлери же башка кызыкдар жактар тарабынан юридикалык маанилүү иш-аракеттерди жасоо үчүн мөөнөттөр калыбына келтирилиши мүмкүн.
Юридикалык маанилүү иш-аракеттерди жасоо үчүн мөөнөттү эсептөө алардын мөөнөтү калыбына келтирилген датадан тартып башталат.
6-берене. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кабарламаларын, суроо-талаптарын жана чечимдерин жөнөтүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү
1. Ушул Мыйзам менен каралган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кабарламалары, суроо-талаптары, чечимдери өтүнмө ээсине, патент ээсине же башка кызыкдар жакка почта же электрондук почта же башка ыкма менен жөнөтүлөт.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кабарламаларын, суроо-талаптарын жана чечимдерин жөнөтүүнүн мөөнөтү ушундай чечим кабыл алынгандан кийин 3 жумуш күндөн ашпашы керек.
Өтүнмө ээси, патент ээси же башка кызыкдар жак кабарламаны, суроо-талапты жана чечимди ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан жеке өзү алса болот.
3. Почта же электрондук почта менен же өтүнмө ээси, патент ээси же башка кызыкдар жак көрсөткөн башкача жол менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жөнөткөн кандай болбосун кабарлама, суроо-талап жана чечим, жөнөтүлгөн датадан тартып тиешелүү түрдө жеткирилди деп эсептелет.
7-берене. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен иш жүргүзүү жана өкүлчүлүк
1. Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган, Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган өтүнмө ээси, патент ээси же башка кызыкдар жак ойлоп табууга, пайдалуу моделге жана өнөр жай үлгүсүнө патент алууга жана башка юридикалык маанилүү иш-аракеттерге байланыштуу иштерди төмөнкүдөй жолдор менен жүргүзө алат:
1) жеке өзү;
2) өкүл аркылуу;
3) патенттик ишенимдүү өкүлдөр жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталган патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу.
2. Чет өлкөлүк жеке же юридикалык жактар же болбосо чет мамлекеттерде катталган алардын патенттик ишенимдүү өкүлдөрү өтүнмө берүүнүн датасын белгилөө, алымдарды төлөө, конвенциялык артыкчылыкты сураган учурда мурдагы өтүнмөнүн көчүрмөсүн берүү, мурдараак берилген өтүнмөнүн көчүрмөсүн берүү, жогоруда көрсөтүлгөн жол-жоболорго карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тил каттарын жана кабарламаларын алуу, патентти күчүндө кармап туруу үчүн алым төлөө менен байланышкан жол-жоболорду кошпогондо, ойлоп табууга, пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө патенттерди алууга, ошондой эле аларды укуктук коргоого байланыштуу иштерди патенттик ишенимдүү өкүлдөр жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан катталган патенттик ишенимдүү өкүлдөр аркылуу жүргүзөт.
3. Өкүлдүн же патенттик ишенимдүү өкүлдүн ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык таризделген ишеним кат менен ырасталат.
4. Чет өлкөлүк жеке же юридикалык жак патенттик ишенимдүү өкүлдөр жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталган өзүнүн патенттик ишенимдүү өкүлүн дайындаганга чейин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кат алышуу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан почта дарегин же электрондук почтанын дарегин жазуу жүзүндө билдирүүгө укуктуу. Бул учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул почталык же электрондук дарекке жөнөткөн кандай болбосун кабарлама, суроо-талап жана чечим тиешелүү түрдө жеткирилген болуп саналат.
8-берене. Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди жана өнөр жай үлгүлөрүн укуктук коргоо
1. Ойлоп табууларга, пайдалуу моделдерге жана өнөр жай үлгүлөрүнө укуктар ушул Мыйзам менен жөнгө салынат жана патент ээсинин артыкчылыгын, авторлугун жана өзгөчө укугун тастыктоочу патент менен ырасталат.
2. Ойлоп табууга, пайдалуу моделге патент менен берилүүчү укуктук коргоонун көлөмү алардын формуласы менен аныкталат.
3. Өнөр жай үлгүсүнө патент менен берилүүчү укуктук коргоонун көлөмү буюмдун сүрөттөрүндө көрсөтүлгөн анын маанилүү белгилеринин жыйындысы менен аныкталат.
9-берене. Патенттин колдонуу мөөнөттөрү
1. Ойлоп табууга патент ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өтүнмө берилген датадан тартып 20 жыл бою күчүндө болот.
2. Пайдалуу моделге патент ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өтүнмө берилген датадан тартып 10 жыл бою күчүндө болот.
3. Өнөр жай үлгүсүнө патент ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өтүнмө берилген датадан тартып 5 жыл бою күчүндө болот.
4. Өнөр жай үлгүсүнө патенттин колдонуу мөөнөтү патент ээсинин өтүнүчү боюнча, ар бир жолу 5 жылга узартылышы мүмкүн. Мында өнөр жай үлгүсүнө патентти колдонуунун жалпы мөөнөтү өнөр жай үлгүсүнө өтүнмө берилген датадан тартып 25 жылдан ашпашы керек. Өнөр жай үлгүсүнө патенттин колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө ээсинин өтүнүчү боюнча, кошумча алым төлөө шарты менен ага 6 айлык мөөнөт берилет.
Өнөр жай үлгүсүнө патенттин мөөнөтүн узартуу жөнүндө жазуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Өнөр жай үлгүлөрүнүн мамлекеттик реестрине киргизилет.
10-берене. Чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктары
1. Чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактары менен бирдей, ушул Мыйзам менен жана ойлоп табууну, пайдалуу моделди, өнөр жай үлгүсүн укуктук коргоо чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актылар менен каралган, ошондой эле күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы алардын катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык же өз ара мамиле принцибинин негизинде укуктарды пайдаланат.
Мында өз ара мамиленин болушун далилдөө милдети аталган принципти пайдаланууну каалаган жакка жүктөлөт.
2. Кыргыз Республикасында жашаган жарандыгы жок жактар эгер ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалы чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларынан башкача келип чыкпаса, Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактары менен бирдей, ушул Мыйзам менен жана ойлоп табууну, пайдалуу моделди, өнөр жай үлгүсүн укуктук коргоо чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актылар менен каралган укуктарды пайдаланышат.
2-глава. Ойлоп табуунун, пайдалуу моделдин, өнөр жай үлгүсүнүн патентке жөндөмдүүлүгүнүн шарттары
11-берене. Ойлоп табуунун патентке жөндөмдүүлүгүнүн шарттары
1. Кайсы гана жаатта болбосун, продуктуга (атап айтканда, түзүлүшкө, затка, микроорганизмдин штаммына, өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын жаңы клеткаларына) же ыкмага (материалдык каражаттардын жардамы менен материалдык объектинин үстүндө иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу процессине) тиешелүү болгон, анын ичинде продуктуну же ыкманы жаңы максаты боюнча колдонууга тиешелүү болгон техникалык чечим ойлоп табуу катарында корголот.
2. Эгерде ойлоп табуу жаңы болсо, ойлоп табуучулук деңгээли болсо жана өнөр жайында колдонулса, ага укуктук коргоо берилет.
3. Эгерде ойлоп табуу техниканын деңгээлинде белгисиз болсо, ал жаңы болуп саналат.
4. Эгерде ойлоп табуу ушул тармактагы адис үчүн техниканын деңгээлинен ачык көрүнүп турбаса, ал ойлоп табуучулук деңгээлге ээ болот.
5. Техниканын деңгээли ойлоп табуунун артыкчылык алган датасына чейин дүйнөдө жалпыга белгилүү болгон кайсы маалыматтарды болбосун камтыйт.
6. Ойлоп табуунун жаңылыгын аныктоодо техниканын деңгээли жөнүндөгү маалыматтарга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кыйла мурдараак артыкчылык менен башка жактар берген, чакыртып алынбаган өтүнмөлөр да кирет.
7. Эгерде ойлоп табуу өнөр жайда, айыл чарбасында, саламаттык сактоодо жана экономиканын башка тармактарында пайдаланылышы мүмкүн болсо, ал өнөр жайда колдонууга жарамдуу болуп саналат.
8. Ойлоп табууга тиешелүү маалыматтын өтүнмө ээси, автор же бул маалыматты автордон түздөн-түз же кыйыр түрдө алган ар кандай адам тарабынан ачык жарыяланышы (анын ичинде көргөзмөдө ойлоп табууну көрсөтүүнүн натыйжасында), мында ойлоп табуунун маңызы тууралуу маалыматтар өтүнмө берилген же эгерде ал суралып алынса, артыкчылык алган датасына чейин 12 айдан эрте эмес жалпыга белгилүү болуп калса, ойлоп табуунун патентке жөндөмдүүлүгүнө таасир берүүчү жагдай катары таанылбайт. Мында бул фактыны далилдөө милдети өтүнмө ээсине жүктөлөт.
9. Төмөнкүлөр ойлоп табуу катары таанылбайт:
1) ачылыштар;
2) илимий теориялар жана математикалык методдор;
3) чарбаны уюштуруунун жана башкаруунун методдору;
4) шарттуу белгилер, ырааттамалар, эрежелер;
5) ой жүгүртүү операцияларын аткаруунун, оюндарды өткөрүүнүн эрежелери жана методдору;
6) алгоритмдердин жана эсептөөчү машиналар үчүн программалардын өзүлөрү;
7) маалымат берүүдөн гана турган чечимдер;
8) курулмаларды, имараттарды, аймактарды пландоонун долбоорлору жана схемалары;
9) эстетикалык керектөөлөрдү канааттандырууга багытталган буюмдардын тышкы түрүнө гана тиешелүү чечимдер;
10) интегралдык микросхемалардын топологиялары;
11) өсүмдүктөрдүн сорттору жана жаныбарлардын тукумдары;
12) коомдук кызыкчылыктарга, гумандуулук жана моралдык принциптерге карама-каршы келүүчү, курчап турган чөйрөгө зыян келтирүүчү чечимдер;
13) адамды клондоштуруу ыкмалары жана анын клону;
14) адамдын түйүлдүк сызыктарынын клеткаларын генетикалык бүтүндүүлүгүн модификациялоо ыкмалары;
15) адам эмбриондорун өнөр жайлык жана коммерциялык максаттарда пайдалануу;
16) турушу менен салттуу билимдерди туюндурган объекттер.
10. Ушул берененин 9-бөлүгүнүн 6, 10, 11, 16-пункттарында аталган объекттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен корголот.
11. Ойлоп табуунун курамында алгоритмдердин жана эсептөөчү машиналар үчүн программалардын болушу, эгерде булар ойлоп табуунун бир бөлүгү болуп саналса, ойлоп табуунун патентке жөндөмдүүлүгүнө таасир этүүчү жагдай болуп таанылбайт.
12-берене. Пайдалуу моделдин патентке жөндөмдүүлүгүнүн шарттары
1. Пайдалуу модель катарында түзүлүшкө тиешелүү болгон техникалык чечим корголот.
2. Эгерде пайдалуу модель жаңы болсо жана өнөр жайында колдонулса. ага укуктук коргоо берилет.
3. Пайдалуу модель эгер ал техниканын деңгээлинде белгилүү болбосо, жаңы деп эсептелет.
4. Техниканын деңгээли пайдалуу моделдин артыкчылык алган датасына чейин дүйнөдө жалпыга белгилүү болгон кайсы маалыматтарды болбосун камтыйт.
5. Пайдалуу моделдин жаңылыгын аныктоодо техниканын деңгээли жөнүндөгү маалыматтарга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кыйла мурдараак артыкчылык менен башка жактар берген, чакыртып алынбаган өтүнмөлөр кирет.
6. Пайдалуу моделге тиешелүү маалыматтын өтүнмө берүүчү, автор же бул маалыматты автордон түздөн-түз же кыйыр түрдө алган каалагандай адам тарабынан ачык жарыяланышы, анын ичинде пайдалуу моделди көргөзмөдө көрсөтүүнүн натыйжасында, мында пайдалуу моделдин маңызы тууралуу маалыматтар өтүнмө берилген же эгерде ал суралып алынса, артыкчылык алган датасына чейин 6 айдан мурда эмес жалпыга белгилүү болуп калса, пайдалуу моделдин жаңылыгына таасир берүүчү жагдай катары таанылбайт. Мында бул фактыны далилдөө милдети өтүнмө ээсине жүктөлөт.
7. Эгерде пайдалуу модель өнөр жайда, айыл чарбасында, саламаттык сактоодо жана экономиканын башка тармактарында пайдаланылышы мүмкүн болсо, өнөр жайда колдонууга жарамдуу деп эсептелет.
8. Ыкмалар, заттар, микроорганизмдердин штаммдары, өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын жаңы клеткалары, аларды жаңы багыт боюнча колдонуу, ошондой эле ушул Мыйзамдын 11-беренесинин 9-бөлүгүндө аталган объекттер пайдалуу модель катары корголбойт.
9. Пайдалуу моделдин курамында алгоритмдердин жана эсептөөчү машиналар үчүн программалардын болушу, эгерде алар пайдалуу моделдин бир бөлүгү болуп саналса, пайдалуу моделдин патентке жөндөмдүүлүгүнө таасир этүүчү жагдай болуп таанылбайт.
13-берене. Өнөр жай үлгүсүнүн патентке жөндөмдүүлүгүнүн шарттары
1. Өнөр жай үлгүсү катарында өнөр жайында же кол өнөрчүлүгүндө жасалган буюмдун тышкы түрүнүн чечими корголот.
2. Эгерде өнөр жай үлгүсү маанилүү белгилери боюнча жаңы болсо жана оригиналдуу болсо, ага укуктук коргоо берилет.
3. Өнөр жай үлгүсүнүн маанилүү белгилерине буюмдун сырткы көрүнүшүнүн эстетикалык өзгөчөлүктөрүн, ошону менен бирге формасын, конфигурациясын, оймо-чиймесин жана түс айкалышын, сызыктарын, контурларын, буюмдун материалынын текстурасын жана фактурасын аныктоочу белгилер кирет.
Буюмдун техникалык функциясы менен гана шартталган белгилер өнөр жай үлгүсүнүн маанилүү белгилери болуп саналбайт.
4. Өнөр жай үлгүсү эгерде буюмдун тышкы түрүндө көрсөтүлгөн анын маанилүү белгилеринин жыйындысы өтүнмө берилген же эгерде ал суралып алынса, өнөр жай үлгүсү артыкчылык алган датасына чейин жалпыга белгилүү болуп калган маалыматтардан белгилүү болбосо, жаңы болуп эсептелет.
5. Өнөр жай үлгүсү эгерде анын маанилүү белгилери буюмдун өзгөчөлүгүнүн чыгармачыл мүнөзүн шарттаса, ошону менен бирге өтүнмө берилген же эгерде ал суралып алынса, өнөр жай үлгүсү артыкчылык алган датасына чейин, дүйнөдө жалпыга белгилүү болгон маалыматтардан буюмдун сырткы көрүнүшүн көрсөткөн өнөр жай үлгүсү жалпы таасир калтырган, окшош багыттагы буюмдун сырткы көрүнүшүнүн чечими белгилүү болбосо, оригиналдуу болуп эсептелет.
6. Өнөр жай үлгүсүнүн жаңылыгын жана оригиналдуулугун аныктоодо, мындай өтүнмөлөр чакыртып алынбаган, чакыртып алынган деп эсептелбеген жана таанылбаган шартта, Кыргыз Республикасында ойлоп табууларга, пайдалуу моделдерге, өнөр жай үлгүлөрүнө, товардык белгилерге, тейлөө белгилерине башка жактар тарабынан берилген, мурдараак артыкчылык алган өтүнмөлөр эске алынат.
7. Өнөр жай үлгүсүнө тиешелүү маалыматтын элге ачыкталышы, ушундан улам өтүнмө ээси (анын укук улантуучусу), өнөр жай үлгүсүнүн автору же бул маалыматты алардан түздөн-түз же кыйыр түрдө алган ар кандай адам тарабынан өнөр жай үлгүсүнүн маанилүү белгилери жөнүндө маалыматтар; анын ичинде өнөр жай үлгүсүн көргөзмөдө көрсөтүүнүн натыйжасында дагы жалпыга белгилүү болсо, мында өтүнмө аталган маалымат ачыкталган датадан тартып, 6 айдан мурда эмес берилген шартта, патентке жөндөмдүүлүгүнө таасир берүүчү жагдай деп таанылбайт. Мында бул фактыны далилдөө милдети өтүнмө ээсине жүктөлөт.
8. Өнөр жай үлгүсү катары төмөнкүлөргө укуктук коргоо берилбейт:
1) бардык белгилери буюмдун жалаң гана техникалык милдеттери менен шартталган чечимдер;
2) коомдук кызыкчылыктарга, гумандуулук жана моралдык принциптерге карама-каршы келүүчү чечимдер;
3) расмий символдорду, аталыштарды жана айырмалоочу белгилерди же алардын таанылуучу бөлүктөрүн өзүнө камтыган, кайталаган же туураган төмөнкүдөй чечимдер:
- мамлекеттик символдор жана белгилер (желектер, гербдер, ордендер, акча белгилери жана башка символдор жана белгилер);
- эл аралык уюмдардын кыскартылган же толук аталыштары, алардын желектери. гербдери, башка символдору жана белгилери;
- расмий контролдук, кепилдик же сынамдык энтамгалар, мөөрлөр. сыйлыктар жана башка айырмалоочу белгилер;
4) маданий мурас объекттеринин (этностук жана диний) расмий аталыштарын же сүрөттөрүн же алардын таанылуучу бөлүктөрүн камтыган, кайталаган же туураган чечимдер;
5) Кыргыз Республикасынын аймагында корголуучу же каттоого билдирилген жана жарыяланган жана кыйла мурдараак артыкчылык алган же ушундай товардык белгилерди камтыган башка жактардын товардык белгилери менен аралашып кетүү деңгээлине чейин окшош же бирдей чечимдер;
6) эгер тиешелүү чыгармаларга же анын бөлүгүнө укуктар өнөр жай үлгүсүнүн артыкчылык алган датасына чейин келип чыкса, Кыргыз Республикасынын аймагындагы белгилүү илим, адабият же искусство чыгармаларынын аталыштары, ушундай чыгармалардын персонаждары же цитаталары, искусство чыгармалары же алардын фрагменттери менен аралашып кетүү деңгээлине чейин окшош же бирдей чечимдер, ошондой эле ушундай объекттерди камтыган чечимдер;
7) буюмду керектөөчүнү, анын ичинде буюмду даярдоочуга же буюмдун чыгарылган жерине карата, же бул буюм идиш, таңгак, этикетка катары кызмат кылган товарга карата жаңылышууга алып келүүгө жөндөмдүү чечимдер.
9. Ушул берененин 8-бөлүгүнүн 3-пунктунда аталган элементтер, эгерде бул тиешелүү мамлекеттик орган же билдирилген чечим менен кызыкчылыктары бар эл аралык уюм менен макулдашылган болсо, өнөр жай үлгүсүнө корголбогон элементтер катары киргизилиши мүмкүн.
10. Ушул берененин 8-бөлүгүнүн 4-пунктунда аталган элементтер, эгерде бул тиешелүү мамлекеттик орган же билдирилген чечимде кызыкчылыктары бар эл аралык уюм же тиешелүү маданий мурастын менчик ээси менен макулдашылган болсо, өнөр жай үлгүсүнө корголбогон элементтер катары киргизилиши мүмкүн.
11. Ушул берененин 8-бөлүгүнүн 6-пунктунда көрсөтүлгөн чечимдерге өнөр жай үлгүлөрү катары укуктук коргоо берүү аталган объекттерге укук ээлеринин макулдугу менен жол берилет.
3-глава. Укук субъекттери
14-берене. Ойлоп табуунун, пайдалуу моделдин, өнөр жай үлгүсүнүн автору
1. Өзүнүн чыгармачыл эмгеги менен ойлоп табууну, пайдалуу моделди, өнөр жай үлгүсүн жараткан жеке жак анын автору болуп таанылат.
2. Эгерде ойлоп табууну, пайдалуу моделди, өнөр жай үлгүсүн жаратууга бир нече жеке жак катышса, алардын баары анын авторлору болуп эсептелинет. Авторлорго тиешелүү укуктардан пайдалануунун тартиби алардын ортосундагы макулдашуу менен аныкталат.
3. Ойлоп табууну, пайдалуу моделди, өнөр жай үлгүсүн жаратууда өзүнүн жеке чыгармачылык салымын кошпогон, авторго (авторлорго) техникалык, уюштуруучулук же материалдык гана көмөк көрсөткөн же болбосо ага жана аны пайдаланууга укуктарды тариздөөгө гана жардам берген жеке жактар автор катары таанылбайт.
4. Автордук укук мүлктүк эмес ажыратылгыс жеке укук болуп саналат жана мөөнөтсүз корголот.
5. Автор арыз боюнча анын өтүнмөсүн карап чыгуунун кайсы баскычында болбосун ойлоп табууга, пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө өз атын же атайын аталышты ыйгарууга укуктуу.
15-берене. Патент алуу укугу
1. Патент алуу укугу төмөнкүлөргө таандык:
1) ойлоп табуунун, пайдалуу моделдин, өнөр жай үлгүсүнүн авторуна (авторлоруна);
2) ушул берененин 2-бөлүгү менен каралган учурларда иш берүүчүгө;
3) ушул бөлүктүн 1, 2 жана 4-пункттарында көрсөтүлгөн жактардын укук улантуучусуна, анын ичинде өткөрүп берүү тартибинде тиешелүү укукту алган адамга;
4) ушул Мыйзамдын 16-беренеси менен каралган учурларда, мамлекеттик тапшырыкчыга же аткаруучуга (подрядчыга).
2. Өзүнүн кызматтык милдетин же иш берүүчүнүн конкреттүү тапшырмасын аткарууга байланыштуу кызматкер жараткан ойлоп табууга, пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө патент алуу укугу, эгерде иш берүүчү менен кызматкердин ортосундагы келишимде башкача каралбаса, иш берүүчүгө таандык.
3. Эгерде иш берүүчү ойлоп табууну, пайдалуу моделди, өнөр жай үлгүсүн жараткандыгы жөнүндө автор тарабынан кабарланган күндөн тартып 4 айдын ичинде ыйгарым укуктуу органга өтүнмө бербесе, башка бир адамга патент алуу укугун өткөрүп бербесе же ойлоп табууну, пайдалуу моделди, өнөр жай үлгүсүн жашыруун сактоо жөнүндө авторго билдирбесе, анда патент алуу укугу авторго өтөт. Мындай учурда иш берүүчү патент ээсине келишимдин негизинде белгиленген компенсацияны төлөө менен ойлоп табууну, пайдалуу моделди, өнөр жай үлгүсүн өзүнүн өндүрүшүндө пайдаланууга укуктуу болот.
4. Иш берүүчүнүн тажрыйбасын, материалдык, техникалык жана башка каражаттарын пайдаланып, бирок кызматтык иш-милдетинен тышкары же иш берүүчүнүн конкреттүү тапшырмасы болбогон учурдагы кызматкер тарабынан жаратылган ойлоп табууга, пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө патент алуу укугу, эгерде аны менен иш берүүчүнүн ортосундагы келишимде башкача каралбаса, кызматкерге таандык болот. Мындай учурда иш берүүчү келишимдик негизде патент ээсине компенсация төлөп берүү менен ойлоп табууну, пайдалуу моделди, өнөр жай үлгүсүн өзүнүн өндүрүшүндө пайдаланууга укуктуу.
5. Өтүнмө ээси ойлоп табууну, пайдалуу моделди, өнөр жай үлгүсүн каттоодон өткөргөнгө чейин патент алууга укукту башка адамга өткөрүп бере алат.
6. Патент бергенге чейин, өтүнмөнү карап чыгуунун кайсы этабында болбосун мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими менен өтүнмө ээси болуп саналбаган башка жактын патент алуу укугу таанылса, бул жак:
1) өтүнмөгө болгон укукту кайрадан өзүнө тариздей алат;
2) ошол эле артыкчылыкты колдонуу менен ошол эле ойлоп табууга патентке жаңы өтүнмө бере алат;
3) өтүнмөнү чакыртып ала алат.
7. Эгерде патент ушул Мыйзамга ылайык аны алууга укуксуз жакка берилсе, анда ушундай укугу бар жак патент берүү жөнүндө маалыматтарды расмий бюллетенге жарыялаган күндөн кийин 3 жылдын ичинде ага патентти өткөрүп берүүнү талап кыла алат. Эгерде патент ээси патент алган же аны алуу учурунда анда тиешелүү укук жок экендигин билген болсо, бул мөөнөт колдонулбайт.
16-берене. Мамлекеттик контракт боюнча жумуштарды аткарууда жаратылган ойлоп табууга, пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө патент алууга укук
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик муктаждыктары үчүн мамлекеттик контракт боюнча жумуштарды аткарууда жаратылган ойлоп табууга, пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө патент алууга укук, эгерде мамлекеттик контракт менен башкача белгиленбесе, анын атынан мамлекеттик тапшырыкчы болуп чыгуучу Кыргыз Республикасына таандык.
2. Мамлекеттик тапшырыкчы ойлоп табуу, пайдалуу модель, өнөр жай үлгүсү катары укуктук коргоого жөндөмдүү натыйжаны алуу жөнүндө аткаруучу (подрядчы) ага жазуу түрүндө кабарлаган учурдан тартып 6 айдын ичинде патент берүүгө өтүнмө бере алат. Эгерде мамлекеттик тапшырыкчы көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде өтүнмө бербесе, патент алуу укугуна аткаруучу (подрядчы) ээ болот.
3. Эгерде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик муктаждыктары үчүн мамлекеттик контракт боюнча жумуштарды аткарууда жаратылган ойлоп табууга. пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө патентти ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасы албаса, патент ээси мамлекеттик тапшырыкчынын талабы боюнча ал көрсөткөн жакка (жактарга) Кыргыз Республикасынын муктаждыктары үчүн жумуштарды аткаруу же продукцияны жеткирип берүү максатында бул ойлоп табуунунун, пайдалуу моделдин, өнөр жай үлгүсүнүн маалыматтарын пайдаланууга өзгөчөлүксүз бекер лицензия берүүгө милдеттүү.
4. Ойлоп табуунун, пайдалуу моделдин, өнөр жай үлгүсүнүн патент ээси болбогон авторуна ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык патент алган жак тарабынан сыйакы төлөнүп берилет. Сыйакы төлөөдө тиешелүү түрдө ушул Мыйзамдын 17-беренесинин жоболору колдонулат.
Ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган өзгөчөлүксүз бекер лицензия берүүдө. өзүнүн талабы боюнча ошондой лицензия берилген мамлекеттик тапшырыкчы тарабынан авторго сыйакы төлөнүп берилет. Сыйакы мамлекеттик контракт боюнча жумуштарды аткаруу үчүн мамлекеттик тапшырыкчыга бөлүнүп берилген каражаттардын эсебинен төлөнөт.
17-берене. Автордун сыйакыга укугу
1. Патент алууга укук таандык болбогон автор эгер Кыргыз Республикасынын кызматтык ойлоп табуулар, пайдалуу моделдер жана өнөр жай үлгүлөрү жөнүндө мыйзамдары менен башкача каралбаса, иш берүүчүдөн алардын ортосунда макулдашуунун негизинде аныкталган өлчөмдө жана шартта төлөнүүчү сыйакы алууга укуктуу.
2. Сыйакыны же компенсацияны төлөөнүн өлчөмү жана тартиби жөнүндө тараптардын ортосунда макулдашууга жетишилбеген учурда, талаш-тартыш сот тартибинде каралат.
3. Келишим менен аныкталган сыйакыны же компенсацияны өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн иш берүүчү (патент ээси) Кыргыз Республикасынын кызматтык ойлоп табуулар, пайдалуу моделдер жана өнөр жай үлгүлөрү жөнүндө мыйзамдарына ылайык авторго ар бир өткөрүлүп жиберилген күн үчүн туум төлөйт.
4-глава. Ойлоп табууга, пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө өзгөчө укук
18-берене. Патент ээсинин укуктары
1. Патент ээсине ойлоп табууга, пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө патент менен корголгон өзгөчө укук, анын ичинде мындай пайдалануу ушул Мыйзамга ылайык патент ээсинин өзгөчө укугун бузуу болуп саналбаган учурлардан тышкары, аталган объекттерди башка жактардын пайдалануусуна тыюу салуу укугу дагы таандык.
2. Корголуучу ойлоп табууларга, пайдалуу моделдерге, өнөр жай үлгүлөрүнө өзгөчө укук ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий бюллетенинде патент берүү тууралуу маалыматтар жарыяланган датадан тартып пайда болот.
3. Патент бир нече адамга таандык болгон ойлоп табууну, пайдалуу моделди, өнөр жай үлгүсүн пайдалануу боюнча өз ара мамилелер алардын ортосундагы макулдашуу менен аныкталат. Мындай макулдашуу жок болгон учурда алардын ар бири корголуучу объектти өзү каалагандай пайдалана алат, бирок ага өзгөчө лицензия берүүгө же калган патент ээлеринин макулдугусуз башка жакка өткөрүп берүүгө укугу жок болот.
Өзгөчө лицензия берүү же патентти өткөрүп берүү жөнүндө патент ээлеринин ортосунда макулдашууга жетишилбеген учурда, ойлоп табууга, пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө укукту бөлүштүрүү сот тартибинде чечилет.
4. Патент менен корголуучу ойлоп табууну, пайдалуу моделди, өнөр жай үлгүсүн камтыган продуктуну даярдоо, колдонуу, ташып келүү, сатууга сунуш кылуу, сатуу. жарандык жүгүртүүгө башкача киргизүү же бул максатта сактоо, ошондой эле ойлоп табууга патент менен корголуучу ыкманы колдонуу ойлоп табууну, пайдалуу моделди. өнөр жай үлгүсүн пайдалануу деп таанылат.
5. Эгерде продукт формуланын көз карандысыз пунктунда келтирилген ойлоп табуунун, пайдалуу моделдин ар бир белгисин же пайдалануу башталган датага карата техниканын ушул тармагында ошондой сапатта белгилүү болгон ага эквиваленттүү белгини камтыса, бул продукт патент менен корголуучу ойлоп табууну, пайдалуу моделди камтыган деп таанылат.
6. Эгерде формуланын көз карандысыз пунктунда келтирилген ойлоп табуунун ар бир белгиси же пайдалануу башталган датага карата техниканын ушул тармагында ошондой сапатта белгилүү болгон ага эквиваленттүү белги колдонулса, ойлоп табууга патент менен корголуучу ыкма пайдаланылды деп таанылат.
7. Иштетүүдө же эксплуатациялоодо өзүнүн арналышына ылайык ошол ыкманы автоматтык түрдө жүзөгө ашырган түзүлүштү жарандык жүгүртүүгө киргизүү же ошол максатта сактоо дагы патент менен корголуучу ыкманы пайдалануу деп таанылат.
Түздөн-түз ошол ыкма менен даярдалган продуктуну жарандык жүгүртүүгө киргизүү же ушул максатта сактоо дагы продукт алуунун патент менен корголуучу ыкмасын пайдалануу деп таанылат. Мында жаңы продукт, ага каршы тескери далил жок болсо, патенттелген ыкма менен алынды деп эсептелинет.
8. Продукт эгерде ал буюмдун сүрөттөрүндө көрсөтүлгөн анын бардык маанилүү белгилерин камтыса, патент менен корголуучу өнөр жай үлгүсүн камтыган деп таанылат.
9. Продуктунун тажрыйбалык үлгүсүн даярдоо, эксперименттик текшерүү жана сыноо ойлоп табууну, пайдалуу моделди, өнөр жай үлгүсүн пайдалануу деп таанылбайт.
10. Патент ээси алган патентти кайсы болбосун жеке жана юридикалык жакка өткөрүп берүүгө укуктуу. Патентти өткөрүп берүү жөнүндө келишим алым төлөнгөн шартта, жазуу түрүндө түзүлөт жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоодон өткөрүлүүгө тийиш. Патентти өткөрүп берүү жөнүндө келишим ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда аны каттаган датадан тартып күчүнө кирет. Каттоо жөнүндө маалыматтар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий бюллетенинде жарыяланат. Каттоодон өтпөгөн келишим жараксыз деп эсептелет.
11. Патенттер жана аларды алуу укугу мурастоо боюнча өтөт.
12. Ойлоп табууга, пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө патент менен ырасталган мүлктүк укуктар күрөө предмети болушу мүмкүн.
19-берене. Мажбурлоо лицензиясы
1. Эгерде ойлоп табуу, пайдалуу модель, өнөр жай үлгүсү патент ээси же аларга укук өткөрүлүп берилген жактар тарабынан патент берилген датадан тартып үч жыл бою пайдаланылбаса же жетишсиз пайдаланылса, бул товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр рыногунда тийиштүү товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жетишсиз сунуштоого алып келсе, корголуучу ойлоп табууну, пайдалуу моделди, өнөр жай үлгүсүн пайдаланууну каалаган жана ага даяр кайсы болбосун жак, патент ээси калыптанган практикага ылайык шарттарда ошол жак менен лицензиялык келишимди түзүүдөн баш тарткан учурда, аталган объектини пайдаланууга мажбурлоо лицензиясын ага берүү жөнүндө доо менен сотко кайрылууга укуктуу.
Эгерде патент ээси ойлоп табууну, пайдалуу моделди. өнөр жай үлгүсүн пайдаланбоо же жетишсиз пайдалануу жүйөлүү себептер менен шартталганын далилдей албаса, сот пайдалануунун чегин, төлөмдөрдүн өлчөмүн, мөөнөтүн жана тартибин аныктоо менен аталган лицензияны берет. Төлөмдөрдүн өлчөмү лицензиянын калыптанган практикага ылайык аныкталган баасынан төмөн эмес белгиленүүгө тийиш.
2. Калыптанган практикага ылайык шарттарда лицензиялык келишимди түзүүдөн баш тарткан, ойлоп табууга же пайдалуу моделге башка патент ээсинин укуктарын бузбастан ойлоп табууну пайдалана албаган патент ээси, патент башка адамга таандык болгон ойлоп табууга жана пайдалуу моделге карата анын ойлоп табуусу олуттуу экономикалык маанидеги техникалык жетишкендикти билдирген шартта, ойлоп табууну же пайдалуу моделди пайдаланууга ага мажбурлоо лицензиясын берүү жөнүндө доо менен сотко кайрылууга укуктуу.
Аталган лицензия берилген учурда сот тарабынан мажбурлоо лицензиясын өзүнө берүүнү талап кылган адам патенттеген ойлоп табууну пайдалануу үчүн зарыл болгон көлөмдө патент башка адамга таандык болгон ойлоп табууну же пайдалуу моделди пайдалануунун чеги, ошондой эле төлөмдөрдүн өлчөмү, мөөнөттөрү жана тартиби аныкталууга тийиш. Мында төлөмдөрдүн өлчөмү лицензиянын калыптанган практикага ылайык аныкталган баасынан төмөн эмес белгиленүүгө тийиш.
3. Өзгөчө абалда (табигый кырсыктар, кыйроолор, ири авариялар, эпидемиялар), ошондой эле коргонуу жана улуттук коопсуздуктун кызыкчылыгында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети патент ээсине тиешелүү сыйакы төлөп берүү менен мажбурлоо лицензиясын берүүгө укуктуу. Мында патенттелген ойлоп табууну, пайдалуу моделди, өнөр жай үлгүсүн пайдалануунун көлөмү жана узактыгы ал уруксат берилген максаттар менен чектелет. Мындай пайдалануудан келип чыккан талаш-тартыштар сот тарабынан чечилет.
4. Мажбурлоо лицензиясы дайыма өзгөчөлүксүз лицензия болуп саналат, аны башка жакка өткөрүп берүүгө болбойт.
20-берене. Патент ээсинин өзгөчө укугун бузуу катары таанылбай турган аракеттер
Төмөнкүлөр патент ээсинин өзгөчө укугун бузуу болуп таанылбайт:
1) аталган каражаттар Кыргыз Республикасынын аймагында убактылуу же кокусунан турган жана транспорт каражатынын муктаждыгы үчүн пайдаланылган шартта, патенттер менен корголуучу ойлоп табууну, пайдалуу моделди, өнөр жай үлгүсүн камтыган каражаттарды конструкцияларда же башка өлкөлөрдүн транспорт каражаттарын (деңиз, дарыя, аба, жер үстүндөгү жана космостук) эксплуатациялоодо колдонуу. Эгерде транспорт каражаттары Кыргыз Республикасынын транспорт каражаттарынын ээлерине ушундай эле укуктарды берген өлкөлөрдүн жеке же юридикалык жактарына таандык болсо, мындай аракеттер патент ээсинин өзгөчө укугун бузуу деп таанылбайт;
2) ойлоп табууну, пайдалуу моделди, өнөр жай үлгүсүн камтыган каражаттын үстүндө илимий изилдөө же эксперимент жүргүзүү;
3) мындай каражаттарды, кийин патент ээсине тиешелүү сыйакы төлөп берүү менен өзгөчө абал учурунда (табигый кырсыктар, кыйроолор, ири авариялар, эпидемиялар) колдонуу;
4) эгерде бул каражаттар патент ээси берген укуктарга ылайык мыйзамдуу жол менен жарандык жүгүртүүгө киргизилсе, патенттер менен корголуучу ойлоп табууну, пайдалуу моделди, өнөр жай үлгүсүн камтыган каражаттарды колдонуу. Мында патент ээсинин уруксаты менен патенттелген ойлоп табууну, пайдалуу моделди, өнөр жай үлгүсүн камтыган же патенттелген ыкманы колдонуу менен даярдалган каражатты алуучу жак эгерде макулдашууда башкача каралбаса, бул каражатты кошумча уруксат алуусуз эле пайдаланууга жана тескөөгө укуктуу;
5) эгерде пайдалануунун максаты пайда же киреше алуу болуп саналбаса, ойлоп табууну, пайдалуу моделди, өнөр жай үлгүлөрүн жеке, үй-бүлөлүк, үйдөгү муктаждыктар үчүн же ишкердик ишке байланышпаган башка муктаждыктар үчүн пайдалануу;
6) эгерде ушул продукт же бул буюм патент ээси же патент ээсинин уруксаты менен башка жак тарабынан кайсы өлкөнүн болбосун аймагына жарандык жүгүртүүгө мурда киргизилген болсо, ойлоп табуу же пайдалуу модель пайдаланылган продуктуну же болбосо өнөр жай үлгүлөрү пайдаланылган буюмду Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү, колдонуу, сатууга сунуш кылуу, сатуу, жарандык жүгүртүүгө башкача киргизүү же ушул максаттар үчүн сактоо.
21-берене. Мурда пайдалануу укугу
1. Ойлоп табууга, пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө өтүнмө берген датага же артыкчылык датасына чейин кандай болбосун жеке же юридикалык жак анын авторуна карабастан Кыргыз Республикасынын аймагында окшош ойлоп табууну, пайдалуу моделди же өнөр жай үлгүсүн жараткан жана пайдаланган же ушуга зарыл болгон даярдыкты жасаган болсо, мындай пайдалануунун көлөмүн кеңейтпестен андан ары аны акысыз пайдалануу укугун сактап калат.
2. Мурда пайдалануу укугу жеке же юридикалык жакка окшош чечим пайдаланылган же ага зарыл даярдыктар жасалган өндүрүш менен бирге гана өткөрүлүп берилет.
22-берене. Ойлоп табууну убактылуу укуктук коргоо
1. Өтүнмө берилген ойлоп табууга өтүнмө жөнүндө маалыматтар жарыяланган датадан тартып патент берүү жөнүндө маалыматтар жарыяланган датага чейин жарыяланган формуланын көлөмүндө, бирок берилген патентте камтылган формула менен аныкталгандан ашпаган көлөмдө убактылуу укуктук коргоо берилет.
2. Эгерде өтүнмө чакыртып алынды деп эсептелсе же даттануу мүмкүнчүлүгү калбай калуу менен патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынса. убактылуу укуктук коргоо бериле элек болуп эсептелет.
3. Өтүнмө берилген ойлоп табууну ага убактылуу укуктук коргоо берилген мезгилдин ичинде пайдаланган жеке же юридикалык жак патент алгандан кийин патент ээсине тиешелүү компенсацияны төлөйт. Компенсациянын өлчөмү тараптардын макулдашуусу менен аныкталат.
4. Ушул берененин 3-бөлүгүнүн жоболору Өнөр жай менчигин коргоо боюнча Париж конвенциясына катышуучу-мамлекеттердин аймагында уюштурулган расмий же расмий түрдө таанылган эл аралык көргөзмөдө ойлоп табууну, пайдалуу моделди же өнөр жай үлгүсүн камтыган каражаттар жайгаштырылган датадан тартып патент алууга өтүнмө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга көрсөтүлгөн датадан тартып 6 айдан кечиктирбестен берилген шартта, ойлоп табууларга, пайдалуу моделдерге же өнөр жай үлгүлөрүнө да жайылтылат.
5. Ойлоп табууну, пайдалуу моделди же өнөр жай үлгүсүн артыкчылык алган датадан кийин, бирок ойлоп табууга патент берүүгө өтүнмө жөнүндө маалыматтар, ошондой эле пайдалуу моделге же өнөр жай үлгүсүнө патент берүүгө өтүнмө жөнүндө маалыматтар жарыяланган датага чейин пайдалана баштаган жак өтүнмө ээсинин талабы боюнча аны андан ары пайдаланууну токтотууга милдеттүү.
Бирок мындай жак мындай пайдалануунун натыйжасында тарткан чыгымдарды өтүнмө ээсине төлөп берүүгө милдеттүү эмес.
6. Ушул берененин 5-бөлүгүндө каралган өтүнмө ээсинин талаптары аткарылбаган учурда мыйзам бузуучуга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык патент ээсинин укугун бузгандыгы үчүн жоопкерчилик каралган ченемдер колдонулат.
23-берене. Ойлоп табууну, пайдалуу моделди, өнөр жай үлгүсүн пайдаланууга укук берүү
1. Патент ээси болуп саналбаган кандай болбосун жак патент менен корголгон ойлоп табууну, пайдалуу моделди же өнөр жай үлгүсүн лицензиялык келишимдин негизинде патент ээсинин уруксаты менен пайдаланууга укуктуу.
2. Лицензиялык келишим боюнча патент ээси (лицензиар) корголуучу объектти келишимде каралган көлөмдө пайдалануу укугун башка жакка (лицензиатка) берүүгө милдеттенет, ал эми лицензиат лицензиарга келишимде шартталган төлөмдөрдү берип турууга жана келишимде каралган башка аракеттерди ишке ашырууга милдеттенет.
3. Өзгөчө лицензия берүүдө лицензиатка келишимде белгиленген чекте ойлоп табууну, пайдалуу моделди же өнөр жай үлгүсүн пайдаланууга өзгөчө укук өткөрүп берилет, мында лицензиардын лицензиатка өткөрүп берилбей турган бөлүгүндө ойлоп табууну, пайдалуу моделди же өнөр жай үлгүсүн пайдалануу укугу сакталат.
4. Лицензиатка ойлоп табууну, пайдалуу моделди же өнөр жай үлгүсүн пайдаланууга укукту өткөрүп берүү менен өзгөчөлүксүз лицензия берүүдө лицензиар патенттен келип чыккан бардык укуктарды, анын ичинде лицензияны үчүнчү жакка берүү укугун сактап калат.
5. Лицензия лицензиар менен лицензиаттын ортосунда өз ара макулдашуу боюнча ушул беренеде көрсөтүлгөндөн айырмаланган жоболорду камтышы мүмкүн.
6. Лицензиялык келишим, комплекстүү ишкердик лицензиясынын келишими (франчайзинг), патентке болгон укукка күрөө жөнүндө келишим жазуу түрүндө түзүлүүгө тийиш жана алымды төлөгөн шартта, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоодон өтүүгө тийиш, ансыз жараксыз деп саналат. Лицензиялык келишим, комплекстүү ишкердик лицензиясынын келишими (франчайзинг), патентке болгон укукка күрөө жөнүндө келишим алар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталган датадан тартып күчүнө кирет жана каттоо жөнүндө маалыматтар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий бюллетенинде жарыяланат.
7. Патент ээси келишимде көрсөтүлгөн шарттарда ойлоп табууну, пайдалуу моделди же өнөр жай үлгүсүн пайдаланууга укукту кайсы жакка болбосун берүү (ачык лицензия) жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга арыз бере алат. Мындай учурда патентти күчүндө кармап туруу үчүн алым ушундай арыз тууралуу маалыматтар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий бюллетенинде жарыяланган жылдан кийинки жылдан тартып 50 пайызга төмөндөйт.
Эгерде патент ээси ачык лицензия жөнүндө маалыматтар жарыяланган күндөн тартып 2 жылдын ичинде анын арызындагы шарттарда, лицензиялык келишимди түзүү жөнүндө жазуу түрүндө сунуш албаса жана ал ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ачык лицензия жөнүндө арызын чакыртып алуу тууралуу өтүнүч кат бере алат. Мындай учурда ачык лицензия жөнүндө маалыматтар жарыяланган күндөн тартып өткөн мезгил үчүн патентти күчүндө кармап туруу үчүн кошумча алым төлөнөт жана андан кийин толук өлчөмдө төлөнөт. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арызды чакыртып алуу жөнүндө маалыматтарды расмий бюллетенге жарыялайт.
8. Келишим түзүүдөн баш тартуу жөнүндө, ошондой эле келишимдин шарттары боюнча талаш-тартыштар сот тарабынан каралат.
24-берене. Патентти бузуу
1. Патент менен корголуучу ойлоп табууну, пайдалуу моделди же өнөр жай үлгүсүн ушул Мыйзамда белгиленген шарттарды сактабастан пайдалануу патентти бузуу деп таанылат.
2. Патент ээси төмөнкүлөрдү талап кылууга укуктуу:
1) патентти бузууну токтотууну;
2) патенттин бузулушуна күнөөлүү жактын келтирген чыгымдардын, анын ичинде албай калган пайданын ордун толтуруп берүүсүн жана моралдык зыянды компенсациялоону;
3) чыгымдардын ордун толтуруунун ордуна патент бузуучу алган кирешени төлөтүп алууну;
4) бузуучунун чыгымдардын ордун толтуруунун же кирешени төлөтүп алуунун ордуна сот тарабынан аныкталган суммада компенсация төлөөсүн;
5) жарандык жүгүртүүгө киргизилген же ушул максатта сакталып турган жана патент бузуучу катары таанылган продуктуларды, ошондой эле патентти бузууга атайын арналган каражаттарды өз пайдасына чыгарып алууну;
6) өзүнүн ишкердик аброюн калыбына келтирүү максатында соттун чечимин жарыялоону.
3. Ошондой эле, эгерде бул лицензиялык келишимде каралса, өзгөчө лицензиянын же өзгөчөлүксүз лицензиянын ээси тарабынан да патентти бузуучуга карата талаптар коюлушу мүмкүн.
5-глава. Патенттерди алуу
25-берене. Патент берүүгө өтүнмөгө жана аны кабыл алууга карата жалпы талаптар
1. Патент берүүгө өтүнмө ушул Мыйзамдын 15-беренесине ылайык ойлоп табууга, пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө патент алууга укуктуу жак тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
Өтүнмө электрондук же кагаз түрүндө берилет.
2. Патент берүү жөнүндө өтүнмө мамлекеттик же расмий тилде берилет.
Чет өлкөлүк өтүнмө ээлери өтүнмөнү мамлекеттик же расмий тилге котормосун тиркөө менен башка тилде бере алат, ансыз өтүнмө чакыртып алынды деп эсептелет, бул тууралуу өтүнмө ээсине кабарланат.
3. Өтүнмө төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) ойлоп табууга, пайдалуу моделге же өнөр жай үлгүсүнө патент берүү жөнүндө тиешелүү арызды;
2) ушул Мыйзамдын 26-беренесинин 2-бөлүгүндө (ойлоп табуу үчүн) же 27-беренесинин 2-бөлүгүндө (пайдалуу модель үчүн) же 28-беренесинин 2-бөлүгүндө (өнөр жай үлгүсү үчүн) көрсөтүлгөн документтерди.
4. Өтүнмөгө төмөнкүлөр тиркелет:
1) эгерде өтүнмө патенттик ишенимдүү өкүл же өкүл тарабынан берилсе, ишеним кат;
2) өтүнмө жана башка документтер чет тилде берилген учурда, мамлекеттик же расмий тилге котормосу;
3) белгиленген өлчөмдөгү тиешелүү алымды төлөгөндүгүн ырастаган документ же алымды төлөөдөн бошотуу же болбосо анын өлчөмүн азайтуу үчүн негиздер.
5. Алымды төлөгөндүгү жөнүндө документ өтүнмө бергенде же кошумча алым төлөгөн шартта - 2 айдын ичинде берилет.
Аталган документ белгиленген мөөнөттө берилбесе, өтүнмө чакыртып алынды деп эсептелет.
6. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өтүнмө берилген дата ушул Мыйзамдын 29-беренесинин талаптарына ылайык артыкчылыкты белгилөө үчүн зарыл болгон документтер келип түшкөн дата боюнча, ал эми аталган документтер бир убакта берилбесе - эң акыркы келип түшкөн документтин датасы боюнча аныкталат.
7. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өтүнмөнү алгандан кийин иш кагаздарын жүргүзүүнүн белгиленген тартибине ылайык кириш каттоо номерин ыйгарат, бул тууралуу өтүнмө ээсине кабарлайт.
8. Өтүнмөнүн материалдары купуя болуп саналат.
26-берене. Ойлоп табууга патент берүүгө өтүнмө
1. Ойлоп табууга патент берүүгө өтүнмө (мындан ары - ойлоп табууга өтүнмө) бир ойлоп табууга же алар бирдиктүү ойлоп табуучулук ойду пайда кылгандай (ойлоп табуунун бирдиктүүлүк талабы) бири-бирине өз ара байланышкан ойлоп табуулардын тобуна таандык болууга тийиш.
2. Ойлоп табууга өтүнмө төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) ойлоп табуунун авторун (авторлорун) жана анын (алардын) атына патент суралган жакты (жактарды), ошондой эле алардын жашаган жерин же турган жерип, электрондук почтасынын дарегин жана телефондун, факстын номерин көрсөтүү менен патент берүү жөнүндө арызды;
2) ойлоп табууну жүзөгө ашыруу үчүн жетиштүү, аны толук ачып көрсөтүүчү ойлоп табуунун сыпаттамасын;
3) ойлоп табуунун маңызын көрсөтүүчү жана сынаттамага толук негизделген анын формуласын;
4) ойлоп табуунун маңызын түшүнүү үчүн зарыл болсо, чиймелерди жана башка материалдарды, анын ичинде өтүнмө ээсинин каалоосу боюнча электрондук түрдөгү үч өлчөмдүү моделин;
5) рефератты.
27-берене. Пайдалуу моделге патент берүүгө өтүнмө
1. Пайдалуу моделге патент берүүгө өтүнмө (мындан ары - пайдалуу моделге өтүнмө) бир пайдалуу моделге же алар бирдиктүү ойлоп табуучулук ойду пайда кылгандай (пайдалуу моделдин бирдиктүүлүк талабы) бири-бирине өз ара байланышкан пайдалуу моделдердин тобуна таандык болууга тийиш.
2. Пайдалуу моделге өтүнмө төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) пайдалуу моделдин авторун (авторлорун) жана анын (алардын) атына патент суралган жакты (жактарды), ошондой эле алардын жашаган жерин же турган жерин. байланыш маалыматтарын көрсөтүү менен патент берүү жөнүндө арызды;
2) пайдалуу моделди жүзөгө ашыруу үчүн жетиштүү, аны толук ачып көрсөтүүчү пайдалуу моделдин сыпаттамасын;
3) пайдалуу моделдин маңызын көрсөтүүчү жана сыпаттамага толук негизделген анын формуласын;
4) пайдалуу моделдин маңызын түшүнүү үчүн зарыл болсо, чиймелерди жана башка материалдарды, анын ичинде өтүнмө ээсинин каалоосу менен электрондук түрдөгү үч өлчөмдүү моделин;
5) рефератты.
28-берене. Өнөр жай үлгүсүнө патент берүүгө өтүнмө
1. Өнөр жай үлгүсүнө патент берүүгө өтүнмө (мындан ары - өнөр жай үлгүсүнө өтүнмө) бир же бир нече өнөр жай үлгүлөрүнө, бирок Өнөр жай үлгүлөрүнүн эл аралык классификациясынын бир классына кирген 100дөн ашык эмес өнөр жай үлгүлөрүнө таандык болууга тийиш.
2. Өнөр жай үлгүсүнө өтүнмө төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) өнөр жай үлгүсүнүн авторун (авторлорун) жана анын (алардын) атына патент суралган жакты (жактарды), ошондой эле алардын жашаган жерин же турган жерин, байланыш маалыматтарын көрсөтүү менен патент берүү жөнүндө арызды;
2) буюмдун сырткы көрүнүшү жөнүндө толук деталдуу элестетип көрсөткөн буюмдун сүрөттөрүнүн топтомун (анын ичинде өтүнмө ээсинин каалоосу боюнча анын электрондук түрдөгү үч өлчөмдүү моделин);
3) эгерде алар өнөр жай үлгүсүнүн маңызын ачып көрсөтүү үчүн зарыл болсо, буюмдун жалпы көрүнүшүнүн чиймесин, конфекциялык картасын;
4) өнөр жай үлгүсүнүн сыпаттамасын.
29-берене. Ойлоп табуунун, пайдалуу моделдин, өнөр жай үлгүсүнүн артыкчылыгы
1. Ойлоп табуунун жана пайдалуу моделдин артыкчылыгы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүлөрдү камтыган өтүнмөнү берген дата боюнча белгиленет:
1) өтүнмө ээсин көрсөтүү менен ойлоп табууга, пайдалуу моделге патент берүү жөнүндө арызды;
2) ойлоп табуунун, пайдалуу моделдин сыпаттамасын же өтүнмө берилген ойлоп табуунун, пайдалуу моделдин бардык маанилүү белгилери камтылган ойлоп табуунун, пайдалуу моделдин сыпаттамасынын бир бөлүгүн же сыпаттаманын элементи катары чиймесин, же болбосо ушул берененин 3, 6, 7, 8 жана 10-бөлүктөрүндө каралган мурда берилген өтүнмөгө шилтемени.
Эгерде өтүнмөдө аталган документтер камтылбаса, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өтүнмө ээсине кабарлама жиберилген датадан тартып 3 айдын ичинде аларды тапшыруу зарыл экендиги жөнүндө кечиктирбестен кабарлайт.
2. Өнөр жай үлгүсүнүн артыкчылыгы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүлөрдү камтыган өтүнмө берилген дата боюнча белгиленет:
1) өтүнмө ээсин көрсөтүү менен өнөр жай үлгүсүнө патент берүү жөнүндө арызды;
2) өнөр жай үлгүсү жөнүндө так жана толук элестетип көрсөткөн буюмдун сүрөттөрүнүн топтомун.
Эгерде өтүнмөдө аталган документтер камтылбаса, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өтүнмө ээсине кабарлама жиберилген датадан тартып үч айдын ичинде аларды тапшыруу зарыл экендиги жөнүндө кечиктирбестен кабарлайт.
3. Эгерде ойлоп табууга, пайдалуу моделге өтүнмө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга көрсөтүлгөн датадан тартып 12 айдын ичинде, ал эми өнөр жай үлгүсүнө - 6 айдын ичинде берилсе, артыкчылык Өнөр жай менчигин коргоо боюнча Париж конвенциясына катышуучу-мамлекетте биринчи өтүнмө берилген дата (конвенциялык артыкчылык) боюнча белгилениши мүмкүн. Бул мөөнөттөрдү эсептегенде биринчи өтүнмө берилген күн кошулбайт.
4. Эгерде өтүнмө ээсине байланыштуу болбогон жагдайлар боюнча конвенциялык артыкчылыкты сураган өтүнмө көрсөтүлгөн мөөнөттө берилбей калса, бул мөөнөт кошумча алым төлөгөн шартта, бирок 2 айдан ашпаган мөөнөткө узартылышы мүмкүн.
5. Конвенциялык артыкчылык укугун пайдаланууну каалаган өтүнмө ээси өтүнмөнү берүүдө же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өтүнмө берилген датадан тартып 2 айдын ичинде аны көрсөтүүгө жана өтүнмөнүн көчүрмөсүн тиркөөгө же аны ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өтүнмө түшкөн датадан тартып 3 айдан кечиктирбестен берүүгө милдеттүү.
6. Артыкчылык эгерде кошумча материалдар өтүнмө ээси тарабынан өз алдынча өтүнмө катары таризделсе, ал өтүнмө ээсине кошумча материалдар өтүнмө берилген чечимдин маңызын өзгөртүүчү катары таанылгандыгына байланыштуу аларды эске алуунун мүмкүн эместиги жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кабарламасы жиберилген датадан тартып 3 айлык мөөнөт өткөнгө чейин берилсе, кошумча материалдар берилген дата боюнча белгилениши мүмкүн.
7. Артыкчылык эгерде ушундай артыкчылыкты сураган өтүнмө ойлоп табууга мурдагы өтүнмө берилген датадан тартып 12 айдан жана пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө мурдагы өтүнмө берилген датадан тартып 6 айдан кечиктирилбестен берилсе, ошол эле өтүнмө ээсинин ойлоп табууну, пайдалуу моделди, өнөр жай үлгүсүн ачып көрсөтүүчү мурдагы өтүнмөсү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берген дата боюнча белгилениши мүмкүн. Мында мурдагы өтүнмө чакыртып алынган деп эсептелет.
8. Артыкчылык мурда берилген бир нече өтүнмөнүн негизинде, алардын ар бирине ушул берененин 7-бөлүгүндө көрсөтүлгөн шарттарды сактоо менен белгилениши мүмкүн.
9. Артыкчылык бир кыйла мурдараак артыкчылык суралган өтүнмө берилген дата боюнча белгилениши мүмкүн эмес.
10. Бөлүнгөн өтүнмө боюнча ойлоп табуунун, пайдалуу моделдин же өнөр жай үлгүсүнүн артыкчылыгы эгерде бөлүнгөн өтүнмө баштапкы өтүнмө боюнча даттанууга мүмкүнчүлүгү бүткөн патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин келип түшсө, ушул ойлоп табууну, пайдалуу моделди же өнөр жай үлгүсүн ачып көрсөтүүчү баштапкы өтүнмө берилген дата боюнча белгиленет, ал эми аталган өтүнмө боюнча патент берүү жөнүндө чечим кабыл алынса - ойлоп табуу, пайдалуу модель же өнөр жай үлгүсү тиешелүү Мамлекеттик реестрде катталган датага чейин белгиленет.
11. Эгерде экспертизанын процессинде ар кандай өтүнмө ээлери тарабынан окшош ойлоп табууларга, пайдалуу моделдерге же өнөр жай үлгүлөрүнө өтүнмө берилгендиги аныкталса, анда патент ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өтүнмөнү бир кыйла мурдараак жөнөткөн датасы далилденген өтүнмө боюнча, ал эми бул даталар дал келген учурда - кыйла эрте каттоо номерине жана/же келип түшүү убактысына ээ болгон өтүнмө боюнча берилет.
12. Окшош ойлоп табууларга жана/же пайдалуу моделдерге жана/же өнөр жай үлгүлөрүнө бир артыкчылык датасына ээ өтүнмө бир эле өтүнмө ээси тарабынан берилген учурда патент өтүнмө ээси тандаган өтүнмө боюнча берилет. Өтүнмө ээси ага окшоштук жөнүндө кабарлама жөнөтүлгөн күндөн тартып 3 айдын ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өз тандоосу жөнүндө билдирүүгө тийиш. Эгерде белгиленген мөөнөттүн ичинде өтүнмө ээси өзүнүн тандоосу жөнүндө кабарлабаса, кыйла эрте келип түшкөн өтүнмө каралат.
30-берене. Өтүнмө ээсинин демилгеси боюнча өтүнмөнүн документтерин оңдоо
1. Өтүнмө берилген датадан тартып 2 ай ичинде өтүнмө ээси анын материалдарына өтүнмө берилген ойлоп табуунун, пайдалуу моделдин же өнөр жай үлгүсүнүн маңызын өзгөртпөстөн оңдоолорду жана тактоолорду киргизүүгө укуктуу.
2. Ойлоп табууга, пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө өтүнмөлөр боюнча оңдоолор жана тактоолор, алым төлөнгөн шартта, ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мөөнөт өткөндөн кийин, бирок патент берүү жөнүндө чечим чыгарылган датадан кечиктирилбестен киргизилиши мүмкүн.
31-берене. Ойлоп табууга өтүнмөгө формалдуу экспертиза жүргүзүү
1. Ойлоп табууга өтүнмөгө формалдуу экспертиза жүргүзүүнүн жүрүшүндө ал берилген датадан тартып 2 айдын ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик оргап төмөнкүлөрдү текшерет:
1) ушул Мыйзамдын 25 жана 26-беренелеринде каралган зарыл документтердин болушун жана алардын туура таризделишин;
2) өтүнмө берилген ойлоп табуунун ушул Мыйзамдын 11-беренесинин 1-бөлүгүндө аталган объекттерге таандыктыгы;
3) белгиленген алымдарды төлөө мөөнөттөрүнүн жана шарттарынын сакталышын.
2. Өтүнмөнү тариздөөгө жана түзүүгө карата белгиленген талаптарды бузуу менен берген өтүнмө ээсине суроо-талап жөнөтүлгөн датадан тартып 3 айлык мөөнөттө оңдолгон же жок болгон материалдарды берүү сунушу менен суроо-талап жөнөтүлөт. Эгерде өтүнмө ээси белгиленген мөөнөттө суралган материалдарды бербесе же көрсөтүлгөн мөөнөттү узартуу жөнүндө өтүнүч кат бербесе, өтүнмө чакыртып алынды деп таанылат. Бул мөөнөт алым төлөнгөн шартта, бирок 12 айдан ашпаган мөөнөткө узартылышы мүмкүн.
3. Эгерде өтүнмө формалдуу экспертизанын талаптарын канааттандырса, өтүнмө ээсине формалдуу экспертизанын оң жыйынтыгы жана ойлоп табууга өтүнмөнү берүү датасы жөнүндө кабарлама жөнөтүлөт.
4. Эгерде формалдуу экспертизанын жыйынтыгында өтүнмө берилген ойлоп табуу ушул Мыйзамдын 11-беренесинин 9-бөлүгүнө ылайык ойлоп табуу деп таанылбай турган объекттерге таандык экендиги аныкталса, анда патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылат.
5. Өтүнмө ээси формалдуу экспертизанын патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимине аны жөнөтүлгөн датадан тартып 3 айлык мөөнөттө Апелляциялык кеңешке каршы пикирин билдирүүгө укуктуу. Каршы пикир Апелляциялык кеңеш тарабынан ал келип түшкөн датадан тартып 3 айлык мөөнөттө каралууга тийиш.
Апелляциялык кеңештин чечими менен макул болбосо, өтүнмө ээси аны жөнөткөн датадан тартып 3 айдын ичинде сотко кайрыла алат.
32-берене. Ойлоп табууга өтүнмө жөнүндө маалыматтарды жарыялоо
1. Формалдуу экспертизанын оң жыйынтыгы жана аны берүү датасы жөнүндө кабарлама жөнөтүлгөн ойлоп табууга өтүнмө жөнүндө маалыматтар мындай өтүнмө берилген датадан же эгерде артыкчылык суралса, кыйла мурдараак артыкчылык алган датадан тартып 18 ай өткөндөн кийин расмий бюллетенге жарыяланат.
Жарыялануучу маалыматтардын тизмеги ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
2. Өтүнмө ээсинин өтүнүчү боюнча тиешелүү алым төлөнгөндө, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ойлоп табууга өтүнмө жөнүндө маалыматтарды ушул беренеде белгиленген мөөнөттөн мурда жарыялай алат.
3. Эгерде жарыялоо мөөнөтү өткөнгө чейин ал чакыртып алышса, же болбосо патент берүү жөнүндө чечим кабыл алынса жана Ойлоп табуулардын мамлекеттик реестринде каттоо жүргүзүлсө, же болбосо даттануу мүмкүнчүлүгү бүткөн патентти берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынса, ойлоп табууга өтүнмө жөнүндө маалыматтар жарыяланбайт.
4. Ойлоп табуунун автору, эгерде ал өтүнмө ээси болуп саналбаса, ойлоп табууга өтүнмө жөнүндө жарыялануучу маалыматтарда өзү тууралуу маалымат жарыялоодон баш тартууга укуктуу.
33-берене. Ойлоп табууга өтүнмөгө маңызы боюнча экспертиза жүргүзүү
1. Ойлоп табууга өтүнмөгө маңызы боюнча экспертиза жүргүзүү ушул өтүнмөгө формалдуу экспертиза жүргүзүү оң натыйжа менен бүткөндөн кийин өтүнмө ээсинин же үчүнчү жактын өтүнүчү боюнча жүргүзүлөт.
Ойлоп табууга өтүнмөгө маңызы боюнча экспертиза жүргүзүү жөнүндө өтүнүч кат өтүнмө берилген же ойлоп табууга эл аралык өтүнмө берилген датадан тартып 30 айдын ичинде берилет, ал эми Евразия патенттик ведомствосу тарабынан улуттук өтүнмөгө өзгөртүлүп түзүлгөн евразия өтүнмөсүнө карата мындай өтүнүч патент берүү жөнүндө арыз менен бир убакта берилет.
Ойлоп табууга өтүнмөгө маңызы боюнча экспертиза жүргүзүү жөнүндө өтүнүч кат берүүнүн көрсөтүлгөн мөөнөтү өтүнмө ээсинин өтүнүчү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ушул мөөнөт өткөнгө чейин, бирок 2 айдан ашпаган мөөнөткө узартылышы мүмкүн.
Эгерде ойлоп табууга өтүнмөгө маңызы боюнча экспертиза жүргүзүү жөнүндө өтүнүч кат белгиленген мөөнөттө берилбесе. өтүнмө чакыртып алынды деп таанылат.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ойлоп табууга өтүнмөгө маңызы боюнча экспертиза жүргүзүү жөнүндө үчүнчү жактардан келип түшкөн өтүнүч каттар жөнүндө өтүнмө ээсине кабарлайт.
2. Ойлоп табууга өтүнмөгө маңызы боюнча экспертиза 18 айдын ичинде жүргүзүлөт жана төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) техниканын деңгээлин аныктоо үчүн өтүнмө берилген ойлоп табууга карага маалыматтык издөөнү, аны эске алуу менен ойлоп табуунун патентке жөндөмдүүлүгүн текшерүү жүзөгө ашырылат;
2) өтүнмө берилген ойлоп табуунун ушул Мыйзамдын 11-беренесинде белгиленген патентке жөндөмдүүлүк шарттарына ылайык келишин текшерүүнү;
3) техниканын ушул жааттагы адиси тарабынан ойлоп табууну жүзөгө ашыруу үчүн ушул Мыйзамдын 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-4-пункттарында каралган жана аны берген датада келип түшкөн өтүнмөнүн документтериндеги билдирилген ойлоп табуунун маңызын ачуунун жетишерлик экендигин текшерүүнү;
4) өтүнмө берилген ойлоп табуунун ушул Мыйзамдын 26-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык бирдиктүүлүк талабына шайкеш келишин текшерүүнү;
5) белгиленген алымдардын туура төлөнүшүн текшерүүнү.
3. Өтүнмө ээси жана үчүнчү жактар формалдуу экспертизадан оң натыйжа менен өткөн ойлоп табууга өтүнмө боюнча техниканын деңгээлин аныктоо үчүн маалыматтык издөө жүргүзүү жөнүндө өтүнүч кат берүүгө укуктуу, аны эске алуу менен өтүнмө берилген ойлоп табуунун патентке жөндөмдүүлүгүн текшерүү жүзөгө ашырылат.
4. Маалыматтык издөө жүргүзүүнүн жана анын натыйжалары жөнүндө маалыматтарды берүүнүн тартиби жана шарттары ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
5. Ойлоп табуунун бирдиктүүлүк талабын бузуу менен берилген өтүнмө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өтүнмө ээсине тиешелүү кабарлама жиберилген датадан тартып 3 айдын ичинде кайсы ойлоп табуу каралышы керек экендигин билдирүүнү жана зарыл болгон учурда ойлоп табууга өтүнмөнүн документтерине тактоолорду киргизүүнү сунуштайт.
Эгерде өтүнмө ээси ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ойлоп табуунун бирдиктүүлүк талабын бузгандыгы жөнүндө кабарлама жиберген датадан тартып 3 айдын ичинде ойлоп табуулардын кайсынысын кароо зарыл экендигин билдирбесе жана такталган документтерди бербесе, формулада биринчи көрсөтүлгөн ойлоп табуу каралат.
Баштапкы өтүнмөнүн материалдарына кирген башка чечимдер бөлүнгөн өтүнмөлөр катары берилиши мүмкүн.
6. Эгерде өтүнмө ээси тарабынан ушул Мыйзамдын 30-беренесине ылайык кошумча материалдар берилсе, маңызы боюнча экспертиза жүргүзүүнүн жүрүшүндө алардын өтүнмө берилген сунуштун маңызын өзгөртпөй тургандыгы текшерилет.
Эгерде кошумча материалдар ойлоп табуунун формуласына киргизүүгө тиешелүү болгон өтүнмөнүн баштапкы материалдарында жок болгон белгилерди камтыса, кошумча материалдар өтүнмө берилген сунуштун маңызын өзгөртөт.
Өтүнмө берилген сунуштун маңызын өзгөртүүчү бөлүгүндөгү кошумча материалдар өтүнмөнү кароодо эске алынбайт жана өтүнмө ээси тарабынан өз алдынча өтүнмө катары таризделиши мүмкүн.
7. Маңызы боюнча экспертиза жүргүзүү мезгилинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өтүнмө ээсинен аларсыз экспертиза жүргүзүүгө мүмкүн болбогон кошумча материалдарды, анын ичинде ойлоп табуунун өзгөртүлгөн формуласын сурап алганга укуктуу.
Экспертизанын суроо-талабы боюнча кошумча материалдар суроо-талап жөнөтүлгөн датадан тартып 3 айлык мөөнөттө жана ойлоп табуунун маңызын өзгөртпөстөн берилүүгө тийиш. Эгерде өтүнмө ээси белгиленген мөөнөттө кошумча материалдарды же көрсөтүлгөн мөөнөттү узартуу жөнүндө өтүнүч катты бербесе, өтүнмө чакыртып алынды деп таанышат. Бул мөөнөт алымды төлөгөн шартта, бирок 12 айдан ашпаган мөөнөткө узартылышы мүмкүн.
8. Өтүнмө ээсинин өтүнүчү боюнча өтүнмө ээси өткөрүп жиберген кошумча материалдарды берүү мөөнөтү алымды төлөгөн шартта, бирок көрсөтүлгөн мөөнөт өткөн күндөн тартып 12 айдан кечиктирбестен ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан калыбына келтирилет.
9. Эгерде маңызы боюнча экспертиза жүргүзүүнүн натыйжасында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан өтүнмө ээси сураган укуктук коргоонун көлөмүндөгү өтүнмө берилген ойлоп табуу патентке жарамдуулук шарттарына ылайык келет деп белгиленсе, өтүнмө ээси менен макулдашылган ойлоп табуунун формуласы менен патент берүү жөнүндө чечим чыгарылат.
10. Өтүнмө ээси сураган укуктук коргоонун көлөмүндөгү өтүнмө берилген сунуштун патентке жөндөмдүүлүк шарттарына ылайык келбегендиги аныкталган учурда патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылат.
11. Өтүнмө ээси маңызы боюнча экспертизанын патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимине аны жөнөтүлгөн датадан тартып 3 айлык мөөнөттө Апелляциялык кеңешке каршы пикирин бере алат. Каршы пикир Апелляциялык кеңеш тарабынан ал келип түшкөн датадан тартып үч айлык мөөнөттө каралууга тийиш.
Өтүнмө ээси Апелляциялык кеңештин чечими менен макул болбосо, ал аны жөнөткөн датадан тартып үч айлык мөөнөттө сотко доо менен кайрыла алат.
12. Өтүнмө ээси экспертизанын чечиминде көрсөтүлгөн материалдар менен таанышууга укуктуу.
13. Ойлоп табууга өтүнмө Ойлоп табуулардын мамлекеттик реестринде ойлоп табууну каттоо датасына чейин өтүнмө ээси тарабынан чакыртып алынышы мүмкүн.
34-берене. Пайдалуу моделге өтүнмөгө экспертиза жүргүзүү
1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган пайдалуу моделге өтүнмө боюнча формалдуу жана алдын ала экспертиза жүргүзөт.
2. Пайдалуу моделге өтүнмөгө формалдуу экспертиза жүргүзүүдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өтүнмө берген датадан тартып 2 айдын ичинде төмөнкүлөрдү текшерет:
1) ушул Мыйзамдын 25 жана 27-беренелеринде каралган зарыл документтердин болушун жана алардын туура таризделишин;
2) өтүнмөдөгү пайдалуу моделдин ушул Мыйзамдын 12-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн объекттерге таандыктыгын;
3) белгиленген алымдарды төлөө мөөнөттөрүнүн жана шарттарынын сакталышын.
3. Тариздөөнүн жана түзүүнүн белгиленген талаптарын бузуу менен берилген өтүнмө боюнча өтүнмө ээсине суроо-талап жөнөтүлгөн датадан тартып 3 айлык мөөнөттө оңдолгон же берилбеген материалдарды берүүнү сунуштоо менен суроо-талап жөнөтүлөт. Эгерде өтүнмө ээси белгиленген мөөнөттө суралган материалдарды бербесе же көрсөтүлгөн мөөнөттү узартуу жөнүндө өтүнүч кат бербесе, өтүнмө чакыртып алынган болуп таанылат. Бул мөөнөт алымды төлөгөн шартта, бирок 12 айдан ашпаган мөөнөткө узартылышы мүмкүн.
4. Эгерде өтүнмө формалдуу экспертизанын талаптарын канааттандырса, өтүнмө ээсине формалдуу экспертизанын оң натыйжасы жөнүндө аны берген датасын көрсөтүү менен кабарлама жөнөтүлөт.
5. Эгерде формалдуу экспертизанын натыйжасында өтүнмөдөгү пайдалуу модель ушул Мыйзамдын 12-беренесинин 8-бөлүгүндө аталган объекттерге киргендиги белгиленсе, патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылат.
6. Өтүнмөгө алдын ала экспертиза өткөрүүдө формалдуу экспертиза оң натыйжасы менен бүткөн датадан тартып 10 айдын ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүлөрдү текшерет:
1) өтүнмөнүн ушул Мыйзамдын 27-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык пайдалуу моделдин бирдиктүүлүк талабына ылайык келишин;
2) ушул Мыйзамдын 29-беренесине ылайык артыкчылык сурашынын укук ченемдүүлүгүн;
3) ушул Мыйзамдын 30-беренесине ылайык берилген кошумча материалдарды кароого кабыл алуу мүмкүндүгүн;
4) өтүнмөнүн материалдарынын ушул Мыйзамдын 27-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-4-пункттарында белгиленген, адис тарабынан жүзөгө ашыруу үчүн жетиштүү толуктугу менен пайдалуу моделди ачып көрсөтүү талаптарына ылайык келишин:
5) өтүнмөдөгү пайдалуу моделдин ушул Мыйзамдын 12-беренесинде аныкталган патентке жөндөмдүүлүк шарттарына ылайык келишин;
6) белгиленген алымдардын туура төлөнүшүн.
7. Өтүнмө ээси тиешелүү алымды төлөгөн шартта пайдалуу моделге өтүнмө боюнча тездетилген алдын ала экспертиза жүргүзүү жөнүндө өтүнүч жасоого укуктуу.
Тездетилген алдын ала экспертиза формалдуу экспертиза жүргүзүлүп бүткөн датадан тартып 6 айдын ичинде жүргүзүлөт.
8. Эгер ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өтүнмө берген датадан тартып 12 ай өткөнгө чейин же артыкчылык суралган учурда артыкчылык алган датадан тартып патент берүү жөнүндө чечим кабыл алынса же патент берилсе жана жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттө кыйла мурдараак артыкчылык суроо менен окшош өтүнмө келип түшсө, кыйла мурдараак артыкчылыкты орнотуу шарты менен патент берүү жөнүндө чечим же патент жокко чыгарылат.
9. Пайдалуу моделдин бирдиктүүлүк талабын бузуу менен берилген өтүнмө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өтүнмө ээсине тиешелүү кабарлама жөнөткөн датадан тартып 3 айдын ичинде кайсы пайдалуу модель каралышы керектигин билдирүүнү жана зарыл болсо өтүнмөнүн документтерине тактоо киргизүүнү сунуштайт.
Эгерде өтүнмө ээси пайдалуу моделдин бирдиктүүлүк талабын бузуу жөнүндө кабарлама жөнөткөн датадан тартып 3 айдын ичинде пайдалуу моделдин кайсынысын кароо керектигин билдирбесе жана такталган документтерди бербесе, формулада биринчи көрсөтүлгөн пайдалуу модель каралат.
Баштапкы өтүнмөнүн материалдарына кирген башка чечимдер бөлүнгөн өтүнмөлөр түрүндө берилиши мүмкүн.
10. Эгерде өтүнмө ээси ушул Мыйзамдын 30-беренесине ылайык кошумча материалдарды берсе, алдын ала экспертизанын жүрүшүндө алардын өтүнмөдөгү пайдалуу моделдин маңызын өзгөртпөй тургандыгы текшерилет.
Кошумча материалдар, эгерде алар пайдалуу моделдин формуласына киргизилүүгө тийиш болгон, өтүнмөнүн баштапкы материалдарында жок болгон белгилерди камтыса, анда алар өтүнмөдөгү пайдалуу моделдин маңызын өзгөртөт. Өтүнмөдөгү пайдалуу моделдин маңызын өзгөртүү бөлүгүндөгү кошумча материалдар өтүнмөнү кароодо эске алынбайт жана өтүнмө ээси тарабынан өзүнчө өтүнмө катары таризделиши мүмкүн.
11. Алдын ала экспертиза жүргүзүү мезгилинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өтүнмө ээсинен аларсыз экспертиза жүргүзүү мүмкүн эмес болгон кошумча материалдарды, анын ичинде пайдалуу моделдин өзгөртүлгөн формуласын сурап алганга укуктуу.
Экспертизанын суроо-талабы боюнча кошумча материалдар суроо-талап жиберген датадан тартып 3 айлык мөөнөттө пайдалуу моделдин маңызын өзгөртпөстөн берилиши керек. Эгерде өтүнмө ээси белгиленген мөөнөттө кошумча материалдарды же көрсөтүлгөн мөөнөттү узартуу жөнүндө өтүнүч кат бербесе, өтүнмө чакыртып алынган болуп таанылат. Бул мөөнөт алымды төлөгөн шартта, бирок 12 айдан ашпаган мөөнөткө узартылышы мүмкүн.
12. Өтүнмө ээси кошумча материалдарды берүүнүн өткөрүп жиберген мөөнөтү өтүнмө ээсинин өтүнүч каты боюнча, алым төлөнгөн шартта, бирок көрсөтүлгөн мөөнөт өткөн күндөн тартып 12 айдан кечиктирилбестен ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан калыбына келтирилиши мүмкүн.
13. Эгерде алдын ала экспертизанын натыйжасында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өтүнмөдөгү пайдалуу модель өтүнмө ээси сураган укуктук коргоонун көлөмүндө пайдалуу моделдин патентке жөндөмдүүлүк шарттарына ылайык келгендигин аныктаса, өтүнмө ээси менен макулдашылган пайдалуу моделдин формуласы менен патент берүү жөнүндө чечим чыгарылат.
14. Өтүнмөдөгү пайдалуу моделдин өтүнмө ээси сураган укуктук коргоонун көлөмүндө пайдалуу моделдин патентке жөндөмдүүлүк шарттарына ылайык келбегендиги аныкталса, патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылат.
15. Өтүнмө ээси формалдуу же алдын ала экспертизанын патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимине аны жиберген датадан тартып 3 айлык мөөнөттө Апелляциялык кеңешке каршы пикирин билдире алат. Каршы пикир келип түшкөн датадан тартып 3 айлык мөөнөттө Апелляциялык кеңеш тарабынан каралышы керек.
Өтүнмө ээси Апелляциялык кеңештин чечимине макул болбосо, ал аны жиберген датадан тартып 3 айдын ичинде сотко доо менен кайрыла алат.
16. Өтүнмө ээси экспертизанын чечиминде көрсөтүлгөн материалдар менен таанышууга укуктуу. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өтүнмө ээси сураган материалдардын көчүрмөлөрүн суроо-талап алган датадан тартып бир айлык мөөнөттө жөнөтөт.
17. Пайдалуу моделге өтүнмө Пайдалуу моделдердин мамлекеттик реестринде каттоо датасына чейин өтүнмө ээси тарабынан чакыртып алынышы мүмкүн.
35-берене. Өтүнмөлөрдү кайра өзгөртүп түзүү
1. Ойлоп табууга өтүнмө жөнүндө маалыматтарды жарыялаганга чейин, бирок патент берүү жөнүндө чечимди жөнөткөн датадан кечиктирбестен, өтүнмө ээси тиешелүү арыз берүү аркылуу аны пайдалуу моделге өтүнмөгө кайра өзгөртүп түзүүгө укуктуу.
2. Өтүнмө ээсинин өтүнүч каты боюнча пайдалуу моделге өтүнмөнү ойлоп табуунун өтүнмөсүнө кайра өзгөртүп түзүүнү өтүнмө ээсине пайдалуу моделге патент берүү жөнүндө чечимди жөнөткөн датага чейин ишке ашырууга болот.
Аталган кайра өзгөртүп түзүүлөрдө артыкчылык жана биринчи өтүнмөнүн берген датасы сакталат.
36-берене. Өнөр жай үлгүсүнө өтүнмөгө экспертиза жүргүзүү
1. Өнөр жай үлгүсүнө өтүнмө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган формалдуу экспертиза жана маңызы боюнча экспертиза жүргүзөт.
2. Өнөр жай үлгүсүнө өтүнмөгө формалдуу экспертиза жүргүзүүнүн жүрүшүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өтүнмө берилген датадан тартып 2 айдын ичинде төмөнкүлөрдү текшерет:
1) ушул Мыйзамдын 25 жана 28-беренелеринде каралган керектүү документтердин болушун жана алардын туура таризделишин;
2) өтүнмөдөгү өнөр жай үлгүсүнүн ушул Мыйзамдын 13-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн объектке таандыктыгын;
3) белгиленген алымдарды төлөө мөөнөттөрүнүн жана шарттарынын сакталышын.
3. Тариздөөгө жана түзүүгө белгиленген талаптарды бузуу менен берилген өтүнмө боюнча өтүнмө ээсине суроо-талап жөнөтүлгөн датадан тартып 3 айлык мөөнөттө оңдолгон же берилбеген материалдарды берүүнү сунуштоо менен суроо-талап жөнөтүлөт. Эгерде өтүнмө ээси белгиленген мөөнөттө суралган материалдарды бербесе же көрсөтүлгөн мөөнөттү узартуу жөнүндө өтүнүч кат бербесе, өтүнмө чакыртып алынган болуп таанылат. Бул мөөнөт алым төлөнгөн шартта, бирок 6 айдан ашпаган мөөнөткө узартылышы мүмкүн.
4. Эгерде өтүнмө формалдуу экспертизанын талаптарын канааттандырса, өтүнмө ээсине формалдуу экспертизанын оң натыйжасы жөнүндө аны берген датасын көрсөтүү менен кабарлама жөнөтүлөт.
5. Эгерде формалдуу экспертизанын натыйжасында өтүнмөдөгү өнөр жай үлгүсү ушул Мыйзамдын 13-беренесинин 8-бөлүгүндө аталган коргоого жөндөмсүз объекттерге киргендиги белгиленсе, патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылат.
6. Өнөр жай үлгүсүнө өтүнмөгө маңызы боюнча экспертиза жүргүзүүдө формалдуу экспертиза оң натыйжа менен аяктаган датадан тартып 5 айдын ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүлөрдү текшерет:
1) өтүнмөнүн ушул Мыйзамдын 28-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык өнөр жай үлгүсүнүн бирдиктүүлүк талабына ылайык келишин;
2) ушул Мыйзамдын 29-беренесине ылайык артыкчылык сурашынын укук ченемдүүлүгүн;
3) ушул Мыйзамдын 30-беренесине ылайык берилген кошумча материалдарды кароого кабыл алуу мүмкүндүгүн;
4) өтүнмөдөгү өнөр жай үлгүсүнүн ушул Мыйзамдын 13-беренесинде аныкталган патентке жөндөмдүүлүк шарттарына ылайык келишин;
5) белгиленген алымдардын туура төлөнүшүн.
7. Эгерде өтүнмө ээси ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өнөр жай үлгүсүнүн бирдиктүүлүгүнүн талабы бузулгандыгы жөнүндө кабарлама жөнөткөн датадан тартып 3 айдын ичинде өнөр жай үлгүлөрүнүн кайсынысын кароо зарыл экендигин билдирбесе жана такталган документтерди бербесе, өтүнмөнүн материалдарында биринчи көрсөтүлгөн өнөр жай үлгүсү каралат.
Баштапкы өтүнмөнүн материалдарына киргизилген башка чечимдер өзүнчө бөлүнгөн өтүнмөлөр түрүндө берилиши мүмкүн.
8. Эгерде өтүнмө ээси тарабынан ушул Мыйзамдын 30-беренесине ылайык кошумча материалдар берилсе, маңызы боюнча экспертизанын жүрүшүндө алардын өтүнмөдөгү өнөр жай үлгүсүнүн маңызын өзгөртпөй тургандыгы текшерилет.
Кошумча материалдар, эгерде буюмдун баштапкы сүрөттөрүндө жок болгон сүрөттөрдө берилсе, алар өтүнмөдөгү өнөр жай үлгүсүнүн маңызын өзгөртөт.
Өтүнмөдөгү өнөр жай үлгүсүнүн маңызын өзгөртүү бөлүгүндөгү кошумча материалдар өтүнмөнү кароодо эске алынбайт жана өтүнмө ээси тарабынан өнөр жай үлгүсүнө өзүнчө өтүнмө катары таризделиши мүмкүн.
9. Өтүнмөгө маңызы боюнча экспертиза жүргүзүү мезгилинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өтүнмө ээсинен аларсыз экспертиза жүргүзүү мүмкүн эмес болгон кошумча материалдарды сурап алууга укуктуу.
Экспертизанын суроо-талабы боюнча кошумча материалдар суроо-талан жиберген датадан тартып 3 айлык мөөнөттө өнөр жай үлгүсүнүн маңызын өзгөртпөстөн берилиши керек. Эгерде өтүнмө ээси белгиленген мөөнөттө кошумча материалдарды же көрсөтүлгөн мөөнөттү узартуу жөнүндө өтүнүч кат бербесе, өтүнмө чакыртып алынган болуп таанылат. Бул мөөнөт алым төлөнгөн шартта, бирок 6 айдан ашпаган мөөнөткө узартылышы мүмкүн.
10. Өтүнмө ээсинин өтүнүч каты боюнча өтүнмө ээси тарабынан кошумча материалдарды берүүнүн өткөрүп жиберилген мөөнөтү алым төлөнгөн шартта. бирок көрсөтүлгөн мөөнөт өткөн датадан тартып 6 айдан кечиктирилбестен ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан калыбына келтириши мүмкүн.
11. Эгерде өтүнмөгө маңызы боюнча экспертиза жүргүзүүнүн натыйжасында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өтүнмөдөгү өнөр жай үлгүсү өтүнмө ээси сураган укуктук коргоонун көлөмүндө өнөр жай үлгүсүнүн патентке жарамдуулук шарттарына ылайык келгендигин аныктаса, патент берүү жөнүндө чечим чыгарылат.
12. Өтүнмөдөгү өнөр жай үлгүсүнүн өтүнмө ээси сураган укуктук коргоонун көлөмүндө өнөр жай үлгүсүнүн патентке жарамдуулук шарттарына ылайык келбегендиги аныкталса, патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылат.
13. Өтүнмө ээси формалдуу экспертизанын же маңызы боюнча экспертизанын патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимине аны жиберген датадан тартып 3 айлык мөөнөттө Апелляциялык кеңешке каршы пикирин бере алат. Каршы пикир келип түшкөн датадан тартып 3 айлык мөөнөттө Апелляциялык кеңеш тарабынан каралышы керек.
Өтүнмө ээси Апелляциялык кеңештин чечимине макул болбосо, ал аны жиберген датадан тартып 3 айдын ичинде сотко доо менен кайрыла алат.
14. Өтүнмө ээси экспертизанын чечиминде көрсөтүлгөн материалдар менен таанышууга укуктуу. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өтүнмө ээси сураган материалдардын көчүрмөлөрүн суроо-талап алган датадан тартып бир айлык мөөнөттө жөнөтөт.
15. Өнөр жай үлгүсүнө өтүнмө Өнөр жай үлгүлөрүнүн мамлекеттик реестринде каттоо датасына чейин өтүнмө ээси тарабынан чакыртып алынышы мүмкүн.
37-берене. Ойлоп табууну, пайдалуу моделди, өнөр жай үлгүсүн каттоо, патент берүү жөнүндө маалыматтарды жарыялоо жана патент берүү
1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган патент берүү жөнүндө чечимдин негизинде жана өтүнмө ээси патентти каттагандыгы, жарыялагандыгы жана бергендиги үчүн алым төлөгөн шартта, Кыргыз Республикасынын ойлоп табууларынын мамлекеттик реестрине (мамлекеттик электрондук реестрине), Кыргыз Республикасынын пайдалуу моделдеринин мамлекеттик реестрине (мамлекеттик электрондук реестрине) же Кыргыз Республикасынын өнөр жай үлгүлөрүнүн мамлекеттик реестрине (мамлекеттик электрондук реестрине) тиешелүү түрдө ойлоп табууну, пайдалуу моделди же өнөр жай үлгүсүн киргизет, патент берүү жөнүндө расмий бюллетенде маалыматтарды жарыялайт жана патент кимдин атына суралса ошол жакка патент (электрондук патент) берет.
2. Патент алардын атына суралган бир нече жактар болгон учурда, аларга бир патент берилет.
3. Патент ээси болуп саналбаган ойлоп табуунун, пайдалуу моделдин, өнөр жай үлгүсүнүн авторуна өтүнүч кат боюнча жана белгиленген алымды төлөгөн шартта ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан автордун күбөлүгү берилет.
4. Каттагандыгы, жарыялагандыгы жана патент бергендиги үчүн алым төлөнгөндүгүн ырастаган документ өтүнмө ээсине патент берүү жөнүндө чечимди жөнөткөн датадан тартып 3 айдын ичинде же кошумча алымды төлөө шартында, аталган үч айлык мөөнөт бүткөн күндөн тартып 3 айдын ичинде берилет.
Каттагандыгы, жарыялагандыгы жана патент бергендиги үчүн алым төлөнгөндүгүн ырастаган документ белгиленген тартипте берилбесе, ойлоп табууну, пайдалуу моделди, өнөр жай үлгүсүн каттоо, патент берүү жана жарыялоо жүргүзүлбөйт, тиешелүү өтүнмө чакыртып алынган болуп эсептелинет, бул тууралуу өтүнмө ээси ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кабарланат.
5. Расмий бюллетенде жарыялануучу маалыматтардын тизмегин жана толуктугун ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктайт.
6. Патент берүү жөнүндө маалыматтар жарыялангандан кийин өтүнмөнүн материалдары менен ким болбосун таанышууга укуктуу.
7. Патенттин жана автордун күбөлүгүнүн формасын, ошондой эле аларда көрсөтүлүүчү маалыматтарды ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктайт.
8. Ачык-айкын жана техникалык каталар табылган учурда патент ээсинин жана автордун өтүнүч каты боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган патентке жана автордун күбөлүгүнө алым төлөнбөстөн тиешелүү оңдоолорду киргизет.
9. Патент ээси же автор ал тууралуу маалыматтарга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, ушул өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн негиздемени жана белгиленген алымдын төлөгөндүгүн ырастаган документтер берилген шартта, өтүнүч кат менен кайрыла алышат. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тиешелүү мамлекеттик реестрлерге өзгөртүүлөрдү киргизет жана ушундай өзгөрүүлөр тууралуу маалыматтарды жарыялайт.
6-глава. Патентти жараксыз деп таануу, патенттин колдонулушун токтотуу, патенттин колдонулушун мөөнөтүнөн мурда токтотуу, патенттин колдонулушун калыбына келтирүү
38-берене. Патентти жараксыз деп таануу
1. Ойлоп табууга, пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө патент аны колдонуунун бүтүндөй мөөнөтүнүн ичинде кайсы болбосун үчүнчү жактардын каршы пикиринин (мындан ары - патент берүүгө каршы пикир) негизинде төмөнкүдөй учурларда толук же жарым-жартылай жараксыз деп таанылат:
1) корголуучу ойлоп табуунун, пайдалуу моделдин, өнөр жай үлгүсүнүн ушул Мыйзам менен белгиленген патентке жөндөмдүүлүк шарттарына ылайык келбегенде;
2) ойлоп табуунун, пайдалуу моделдин формуласында өтүнмөнүн баштапкы материалдарында жок болгон белгилердин болушу же өнөр жай үлгүсүнө патент берүү жөнүндө чечимге тиркелген материалдарда өтүнмөнү берген датага карата берилген материалдардагы сүрөттөрдө жок болгон өнөр жай үлгүсүнүн маанилүү белгилерин камтыган буюмдун сүрөттөрү болгондо;
3) патентте автор (авторлор) же патент ээлери укуктук жактан туура эмес көрсөтүлгөндө.
2. Каршы пикирин билдирген жак анын жүйөсүн, ошондой эле алымды төлөгөндүгү жөнүндө документти берүүгө милдеттүү.
3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган негиздер боюнча патент берүүгө каршы пикир Апелляциялык кеңеш тарабынан ал келип түшкөн датадан тартып 6 айлык мөөнөттө каралышы керек, патент ээси каршы пикир менен таанышууга тийиш.
4. Каршы пикир билдирген жак, ошондой эле патент ээси аны кароодо катыша алышат. Мында Апелляциялык кеңеш патент берүүгө каршы пикирде камтылган жүйөлөрдүн чегинен чыкпайт.
5. Патент берүүгө каршы пикир боюнча Апелляциялык кеңештин чечими менен макул болбогондо, кайсы тарап болбосун чечим кабыл алынган учурдан тартып 6 айлык мөөнөттө сотко доо менен кайрыла алат.
6. Кийин жараксыз деп таанылган патенттин негизинде түзүлгөн ойлоп табууга, пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө өзгөчө укуктарды башкаруу жөнүндө келишимдер жараксыздыгы жөнүндө чечим кабыл алынган учурга карата аткарылган ченде өз күчүн сактап калат.
7. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган расмий бюллетенде толук же жарым-жартылай жараксыз деп таанылган патенттер жөнүндө, ойлоп табууларга, пайдалуу моделдерге, өнөр жай үлгүлөрүнө өзгөчө укуктарды тескөө жөнүндө келишимдер тууралуу маалыматтарды жарыялайт.
39-берене. Патентти колдонууну токтотуу, патентти колдонууну мөөнөтүнөн мурда токтотуу
1. Патентти колдонуу ушул Мыйзамга ылайык белгиленген колдонуу мөөнөтү өткөндөн кийин токтотулат.
2. Патентти колдонуу төмөнкүдөй учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотулат:
1) белгиленген мөөнөттө патентти күчүндө кармап туруу үчүн алымды төлөбөгөндө - патентти күчүндө кармап туруу үчүн алымды төлөөгө белгиленген мөөнөт өткөн датадан тартып;
2) патент ээсинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берген арызынын негизинде, эгерде баш тартуу үчүнчү жактардын кызыкчылыктарын бузбаса - патент ээсинин арызына байланыштуу патентти колдонууну мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маалыматтар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий бюллетенинде жарыяланган датадан тартып.
3. Патентти колдонууну токтотуу, мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маалыматтар тиешелүү Мамлекеттик реестрге киргизилет жана расмий бюллетенде жарыяланат.
40-берене. Патентти колдонууну калыбына келтирүү. Кийин пайдалануу укугу
1. Эгерде ойлоп табууга, пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө патентти колдонуу патентти күчүндө кармап туруу үчүн белгиленген мөөнөттө алым төлөнбөгөндүгүнүн натыйжасында токтотулса жана патентти колдонуу мөөнөтү өтө элек болсо, анда анын ээсинин өтүнүч каты боюнча алым боюнча карыз жана өтүнүч кат бергендиги үчүн алым төлөнгөн шартта мындай патентти колдонуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан калыбына келтирилиши мүмкүн.
2. Ойлоп табууга, пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө патентти колдонууну калыбына келтирүү жөнүндө маалыматтар тиешелүү Мамлекеттик реестрге киргизилет жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий бюллетенинде жарыяланат.
3. Ойлоп табууга, пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө патентти колдонуу токтотулган учурдан тартып ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык аны калыбына келтирүү датасына чейин Кыргыз Республикасынын аймагында ушундай чечимди пайдаланган же зарыл болгон даярдыктарды көргөн кандай болбосун жеке же юридикалык жак мындай пайдалануунун көлөмүн кеңейтпестен, аны андан ары акысыз пайдалануу укугун (кийин пайдалануу укугун) сактап калат.
7-глава. Патент ээлеринин жана авторлордун укуктарын коргоо
41-берене. Талаш-тартыштарды сот тартибинде кароо
1. Ушул Мыйзамды колдонууга байланыштуу талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каралат.
2. Соттор өз компетенциясына ылайык төмөнкүдөй талаш-тартыштарды карайт:
1) ойлоп табууга, пайдалуу моделге же өнөр жай үлгүсүнө авторлук жөнүндө;
2) патент берүүнүн укук ченемдүүлүгү жөнүндө;
3) патент ээсин аныктоо жөнүндө;
4) мажбурлоо лицензиясын берүү жөнүндө;
5) корголуучу ойлоп табууну, пайдалуу моделди, өнөр жай үлгүсүн пайдаланууга өзгөчө укуктун жана патент ээсинин башка мүлктүк укуктарынын бузулушу жөнүндө;
6) ойлоп табууну, пайдалуу моделди, өнөр жай үлгүсүн пайдаланууга лицензиялык келишимдерди түзүү жана аларды аткаруу жөнүндө;
7) мурда пайдалануу укугу жөнүндө;
8) ушул Мыйзамдын 17-беренесинде каралган келишимге ылайык иш берүүчү тарабынан авторго сыйакы төлөп берүү жөнүндө;
9) укуктарды коргоого байланыштуу башка талаш-тартыштарды.
42-берене. Авторлордун, патент ээлеринин укуктарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
Автордун макулдугун албастан ойлоп табуунун, пайдалуу моделдин, өнөр жай үлгүсүнүн маңызын алар тууралуу маалыматтарды расмий жарыялаганга чейин ачыкка чыгаруу, ошондой эле ойлоп табууну, пайдалуу моделди, өнөр жай үлгүсүн мыйзамсыз пайдалануу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет.
8-глава. Чет өлкөлөрдө патенттөө, эл аралык өтүнмөлөрдү кароо
43-берене. Чет өлкөлөрдө ойлоп табууну, пайдалуу моделди, өнөр жай үлгүсүн патенттөө
1. Кыргыз Республикасында жаратылган ойлоп табууга, пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө өтүнмөнү чет өлкөлөргө берүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга тийиштүү өтүнмө бергенден 3 ай өткөндөн кийин жүзөгө ашырылат.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өтүнмөдө мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтардын болушун текшерет, анын натыйжасы боюнча ойлоп табууну, пайдалуу моделди, өнөр жай үлгүсүн чет өлкөлөрдө патенттөө мүмкүнчүлүгү же мындай патенттөөгө тыюу салуу жөнүндө чечим кабыл алат. Патенттөөгө тыюу салуу жөнүндө чечимге сот тартибинде даттанууга болот.
2. Кыргыз Республикасында жаратылган ойлоп табууга, пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө өтүнмө чет өлкөлөргө же эл аралык уюмдарга ушул беренеде белгиленген тартипти бузуу менен берилген учурда Кыргыз Республикасында ушул ойлоп табууга. пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө коргоо документи берилбейт.
44-берене. Окшош ойлоп табууларга жана өнөр жай үлгүлөрүнө евразия патенти жана Кыргыз Республикасынын патенти
1. Окшош ойлоп табууларга, өнөр жай үлгүлөрүнө же ар башка патент ээлерине таандык болгон, артыкчылыгы бир датадагы окшош ойлоп табууларга, пайдалуу моделдерге жана өнөр жай үлгүлөрүнө евразия патенти жана Кыргыз Республикасынын патенти бардык патент ээлеринин укуктарын сактоо менен гана колдонулушу мүмкүн.
2. Окшош ойлоп табууларга, өнөр жай үлгүлөрүнө же бир гана жакка тиешелүү, артыкчылыгы бир датадагы окшош ойлоп табууларга, пайдалуу моделдерге жана өнөр жай үлгүлөрүнө евразия патенти жана Кыргыз Республикасынын патенти лицензиялык келишимдин негизинде патент ээсинин уруксаты менен гана колдонулушу мүмкүн.
45-берене. Ушул Мыйзамда каралган өтүнмөлөрдүн күчүнө ээ болгон эл аралык жана евразия өтүнмөлөрү
1. Өтүнмө ээси Патенттик кооперация жөнүндө келишимге (РСТ) ылайык эл аралык өтүнмөнү же Евразия патенттик конвенциясына ылайык евразия өтүнмөсүн улуттук өтүнмөгө кайра өзгөртүп түзүүгө укуктуу.
Өтүнмө Патенттик кооперация жөнүндө келишимге (РСТ) жана Евразия конвенциясына ылайык берилген учурда ушул Мыйзамдын 26 жана 28-беренелерине ылайык белгиленген өтүнмөлөр күчкө ээ болот жана ушул беренеде белгиленген өзгөчөлүктөрү менен каралат.
2. Кыргыз Республикасы өтүнмө ээси ойлоп табууга же пайдалуу моделге патент алууга ниеттенген мамлекет катары көрсөтүлгөн, Патенттик кооперация жөнүндө келишимге (РСТ) ылайык берилген ойлоп табууга же пайдалуу моделге эл аралык өтүнмөнү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган эл аралык өтүнмөдөгү артыкчылык суралган датадан тартып 31 айдын ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ойлоп табууга же пайдалуу моделге патент берүүгө өтүнмөнү берген жана алымды төлөгөн шартта кароону баштайт. Өтүнмө ээсинин өтүнүч каты боюнча эл аралык өтүнмө ушул мөөнөт өтүп кеткенге чейин каралат.
3. Эгерде ушул берененин 2-бөлүгүндө аталган документтер белгиленген мөөнөттө берилбесе, Патенттик кооперация жөнүндө келишимге (РСТ) ылайык Кыргыз Республикасына карата эл аралык өтүнмөнү колдонуу токтотулат.
Өтүнмө ээсинин өтүнүч каты боюнча аталган документтерди берүүнүн өтүнмө ээси өткөрүп жиберген мөөнөтү алым төлөнгөн шартта ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан калыбына келтирилиши мүмкүн. Мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүч кат өтүнмө ээси тарабынан мөөнөт өткөн күндөн тартып эки айдан кечиктирилбестен берилет.
4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Евразия конвенциясына ылайык ушул Мыйзам менен каралган ойлоп табууга же өнөр жай үлгүсүнө өтүнмөнүн күчүнө ээ болгон ойлоп табууга же өнөр жай үлгүсүнө евразия өтүнмөсүн ойлоп табууга же өнөр жай үлгүсүнө патент берүү жөнүндө арыз берген жана алымды төлөгөн шартта Евразия патенттик ведомствосунан евразия өтүнмөсүнүн күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн алган күндөн тартып карап баштайт.
5. Патенттик кооперация жөнүндө келишимге (РСТ) ылайык Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун Эл аралык бюросу тарабынан эл аралык өтүнмөнү орус тилинде жарыялоо же Евразия конвенциясына ылайык Евразия патенттик ведомствосу тарабынан евразия өтүнмөсүн жарыялоо ушул Мыйзамдын 32-беренесинде каралган өтүнмө жөнүндө маалыматтарды жарыялоону алмаштырат.
9-глава. Корутунду жана өткөөл жоболор
46-берене. Өткөөл жоболор
1. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин иш кагаздарын жүргүзүүгө кабыл алынган ойлоп табууга, пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө патентти. өтүнмө ээсинин жоопкерчилигиндеги патентти берүүгө өтүнмөлөр "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 14-январындагы № 8 Мыйзамынын эрежелерине ылайык карала тургандыгы белгиленсин.
2. "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 14-январындагы № 8 Мыйзамына ылайык берилген ойлоп табууга, пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө патенттер, өтүнмө ээсинин жоопкерчилигиндеги патенттер аталган Мыйзамдын ченемдери менен белгиленген мөөнөт бүткөнгө чейин колдонулат.
3. Ойлоп табууга патенттин, өтүнмө ээсинин жоопкерчилигиндеги патенттин колдонуу мөөнөтүн калыбына келтирүү "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 14-январындагы № 8 Мыйзамынын ченемдерине ылайык жүзөгө ашырылат.
4. Ушул Мыйзамдын пайдалуу моделге жана өнөр жай үлгүсүнө патенттин колдонуу мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндөгү ченемдери "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 14-январындагы № 8 Мыйзамынын ченемдерине ылайык берилген пайдалуу моделге жана өнөр жай үлгүсүнө берилген патенттерге, өтүнмө ээсинин жоопкерчилигиндеги патенттерге "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 14-январындагы № 8 Мыйзамы менен белгиленген аталган патенттердин, өтүнмө ээсинин жоопкерчилигиндеги патенттердин колдонуу мөөнөтүнүн чегинде жайылтылат.
5. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же соттун кароосундагы талаш-тартыштар "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 14-январындагы № 8 Мыйзамынын ченемдерине ылайык каралат.
47-берене. Ушул Мыйзамды күчүнө киргизүү жөнүндө
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин 46-берененин жоболорун эске алуу менен күчүнө кирет.
2. Ушул Мыйзамдын күчүнө кирүүсү менен төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Ушул Мыйзамдын 46-беренесинде белгиленген жоболорду эске алуу менен "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 14-январындагы № 8 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 3, 69-ст.);
2) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 25-июлундагы № 130 Мыйзамынын 10-статьясы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 9, 418-ст.);
3) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-февралындагы № 46 Мыйзамынын 1-статьясы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 5, 212-ст.);
4) "Кыргыз Республикасынын патент Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 6-декабрындагы № 200 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 11, 968-ст.);
5) "Кыргыз Республикасынын Патент мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 25-январындагы № 8 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 1, 8-ст.);
6) "Кыргыз Республикасынын Патент мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 10-апрелиндеги № 76 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 4, 331-ст.);
7) "Салыктык эмес кирешелер, ички аудит маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 26-майындагы № 55 Мыйзамынын 1-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 5, 288-ст.);
8) "Салыктык эмес кирешелерди алуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана "Кыргыз ССРнин партиялык жетекчилеринин айрым категорияларына мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 23-мартындагы № 29 Мыйзамынын 3-беренеси ("Эркин-Тоо" гезити, 2020-жылдын 27-марты, № 31).
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн ченемдик укуктук актыларын алты айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2023-жылдын 8-февралында
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |