Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 2-февралы № 11
"Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атанын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., N 8, 396-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
7-статьядагы "тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тиешелүү мамлекеттик органдардын кызмат адамдары" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |