КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 15-февралы № 21
"Транспорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Транспорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., N 12, 498-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
5-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"Башкалардын арасында сектордогу парник газдарын ыргытуу көлөмүн аныктоочу транспортту өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы транспортту башкаруунун мамлекеттик органы тарабынан иштелип чыгат жана 5 жылда бир жолудан кем эмес Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизилет.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |