МыйзамКүчүндө

КР 2013-жылдын 15-февралындагы № 21 «Транспорт жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы

Редакция15.02.2013 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2013-жылдын 15-февралы № 21

 

"Транспорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу

1-берене.

 

"Транспорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., N 12, 498-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

5-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:

"Башкалардын арасында сектордогу парник газдарын ыргытуу көлөмүн аныктоочу транспортту өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы транспортту башкаруунун мамлекеттик органы тарабынан иштелип чыгат жана 5 жылда бир жолудан кем эмес Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизилет.".

 

2-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А.Атамбаев