Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 162 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 11-марты № 39
Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча органы жөнүндө
(КР 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 152, 2015-жылдын 8-апрелиндеги № 73 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-глава Жалпы жоболор
1-берене. Баңги заттарды контролдоо боюнча орган
1. Баңги заттарды контролдоо боюнча орган - баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүү, алардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы аракеттенүү жана баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамдуу жүгүртүүнү контролдоо жаатында бирдиктүү саясат жүргүзүүчү адистештирилген укук коргоо органы.
2. Баңги заттарды контролдоо боюнча орган өз ишинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө отчет берет.
2-берене. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын милдеттери
1. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүү, ошондой эле алардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы аракеттенүү жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында баңги заттарды контролдоо боюнча органдын компетенциясына таандык кылынган кылмыштардын алдын алуу, табуу, бөгөт коюу, ачуу жана тергөө;
3) баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүүгө тиешелүү маселелер боюнча аткаруу бийлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин координациялоо, алардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы аракеттенүү боюнча чараларды жүзөгө ашыруу;
4) өз компетенциясынын чектеринде баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамдуу жүгүртүүгө контролду камсыз кылуу.
2. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын бөлүмдөрүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аларга жүктөлбөгөн милдеттерди аткаруу үчүн тартууга тыюу салынат.
3-берене. Жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин сактоо
кепилдиги
1. Баңги заттарды контролдоо боюнча орган өз ишинде адамдын жана жарандын укуктарын сыйлоо принциптерине таянат жана жынысына, расасына, тилине, майыптуулугуна, этностук таандуулугуна, туткан динине, курагына, саясий же башка ынанымдарына, билимине, тегине, мүлктүк же башка абалына, ошондой эле башка жагдайларына карабастан аларды коргоону жүзөгө ашырат.
2. Өзгөчө учурларда, кылмыштарга бөгөт коюу жана ачуу максаттарында жарандардын айрым укуктары жана эркиндиктери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жана чектерде убактылуу чектелиши мүмкүн.
Жарандар баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчыларынан алардын укуктарынын жана эркиндиктеринин чектелишинин жүйөсү боюнча түшүндүрүүлөрдү алууга укуктуу. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчыларынын аракеттери менен алардын укуктары, эркиндиктери жана мыйзамдуу кызыкчылыктары кемсинтилди деп эсептеген жарандар бул аракеттерди баңги заттарды контролдоо боюнча органдын жогору турган органына же кызмат адамына, прокурорго, ошондой эле сотко даттанууга укуктуу.
4-берене. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын милдеттерин аткарышына мамлекеттик органдардын, коомдук бирикмелердин жана жарандардын көмөк көрсөтүүсү
1. Баңги заттарды контролдоо боюнча орган өзүнө жүктөлгөн милдеттерди мамлекеттик органдар, коомдук бирикмелер жана жарандар менен эриш-аркак аткарат.
2. Мамлекеттик органдар, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер баңги заттарды контролдоо боюнча органга алардын милдеттерин аткарышына көмөк көрсөтүшөт.
2-глава Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын укуктук статусу
5-берене. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын ишинин укуктук негизи
Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер баңги заттарды контролдоо боюнча органдын ишинин укуктук негизин түзөт.
6-берене. Баңги заттарды контролдоо боюнча органда кызмат өтөө
1. Баңги заттарды контролдоо боюнча органда кызмат өтөөнүн тартиби жана шарты Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү баңги заттарды контролдоо боюнча органда кызмат өтөө жөнүндө жобо менен жөнгө салынат.
2. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчыларына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык атайын наамдар ыйгарылат.
3. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчылары өзгөчө абалдын укуктук режимин жана өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуну камсыз кылуу үчүн тартылышы мүмкүн. Мында кызмат өтөө мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү эрежелер боюнча эсептелет.
4. Кенже башкаруучу курамдын атайын наамдары бар кызматчылар баңги заттарды контролдоо боюнча органда кызматта болушу мүмкүн жана төмөнкү куракка толгондугу боюнча отставкага бошотууга жатат:
- эркектер - 50 жаш;
- аялдар - 45 жаш.
Кенже башкаруучу курамдын атайын наамдары бар кызматчылар, алардын каалоосу боюнча төмөнкү куракта запаска бошоно алышат:
- эркектер - 45 жаш;
- аялдар - 40 жаш.
Орто, улук жана жогорку башкаруучу курамдын атайын наамы бар кызматчылар, аларга ыйгарылган атайын наамдарга жараша баңги заттарды контролдоо боюнча органда төмөнкүдөй куракка толгонго чейин кызматта боло алышат:
баңги заттарды контролдоо кызматынын кенже лейтенантынан баңги заттарды контролдоо кызматынын подполковнигин кошо алганда - 50 жашка чейин;
баңги заттарды контролдоо кызматынын полковниги - 55 жашка чейин;
генерал-майор жана андан жогору - 65 жашка чейин.
Оң мүнөздөмөсү болгондо жана медициналык каршы көрсөткүчтөр болбогондо баңги заттарды контролдоо кызматынын подполковнигинин атайын наамы бар, 50 жаш курагына толгон жана баңгизаттарды контролдоо кызматынын полковнигинин атайын ңаамы бар 55 жаш курагына толгон кызматчыларды баңги заттарды контролдоо боюнча органдын жетекчиси кызматтын кызыкчылыктарында кийин узартуу менен белгиленген чектик курактан ашык бир жылга, бирок беш жылдан ашык эмеске жеке тартипте жана алардын макулдугу менен кызматта калтырышы мүмкүн.
7-берене. Баңги заттарды контролдоо боюнча органга кызматка кабыл алуудагы жана кызмат өтөөдөгү чектөөлөр
1. Баңги заттарды контролдоо боюнча органга жарандар төмөнкүдөй учурларда кызматка алынышпайт же баңги заттарды контролдоо боюнча органда кызмат өтөй алышпайт: аларды эмгекке жарамсыз же эмгекке жарамдуулугу чектелүү деп тааныган соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргендигине байланыштуу; бар же болгон соттуулугу жоюлгандыгына же алып салынгандыгына, же кылмыш жоопкерчилигине тартылганына карабастан, бирок кийин тергөө органы же болбосо сот тарабынан ага карата кылмыш иши реабилитацияланбоочу жагдайлар боюнча токтотулганда.
2. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчыларына төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) педагогикалык, илимий жана башка чыгармачылык иштен тышкары айкалыштыруу шартында кандай болбосун акы төлөнүүчү жумуштарды аткарууга;
2) жеке өзү же ортомчулар аркылуу ишкердик жүргүзүүгө;
3) өзүнүн кызмат абалын пайдалануу менен адамдарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган кандай болбосун көмөк көрсөтүүгө жана ал үчүн сыйакы, кызмат көрсөтүүлөрдү жана жеңилдиктерди алууга;
4) саясий партиянын, коомдук же диний бирикменин мүчөсү болууга, кайсы бир саясий партияны, коомдук же диний бирикмени колдоп чыгууга, ошого тете мындай уюмдарды түзүүгө жана катышууга;
5) иш таштоолорду, манифестацияларды, митингдерди, демонстрацияларды уюштурууга жана аларды өткөрүүгө катышууга.
3. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчыларына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка чектөөлөр да жайылтылат.
8-берене. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын функциялары
Баңги заттарды контролдоо боюнча орган ага жүктөлгөн милдеттерге ылайык өзүнүн компетенциясынын чектеринде төмөнкүлөрдү:
1) баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун мыйзамдуу жүгүртүлүшүнө, алардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы аракеттенүүгө тиешелүү маселелер боюнча аткаруу бийлик органдарынын эриш-аркак иштешин камсыз кылат;
2) баңгиликтин алдын алуу, баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун жүгүртүлүшүн контролдоо чөйрөсүндөгү, ошондой эле алардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы аракеттенүү жаатындагы максаттуу программаларды иштеп чыгууну уюштурат жана жүзөгө ашырат, бул программаларды ишке ашырууга катышат;
3) баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун мыйзамсыз жүгүртүлүшүнүн алдын алуу боюнча ишти уюштурат;
4) баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын колдонуу практикасын жалпылайт жана белгиленген иш чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоого катышат;
5) баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө өбөлгө түзгөн шарттарды табат жана өз компетенциясынын чектеринде аларды жоюуга багытталган чараларды уюштурат;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыкчам издөө ишин жүзөгө ашырат;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баңги заттарды контролдоо боюнча органдын тергөөсүнө таандык кылынган кылмыштарды жасаганга айыпталган, тергөө органдарынан же соттон жашырынып жүргөн же болбосо жүргөн жери белгисиз адамдарды издөөнү уюштурат жана жүзөгө ашырат;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баңги заттарды контролдоо боюнча органдын тергөөсүнө таандык кылынган кылмыш иштери боюнча алгачкы текшерүүнү жана тергөөнү жүргүзөт;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү жүзөгө ашырат;
10) баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамдуу жүгүртүү субъекттеринин Мамлекеттик реестрин жүргүзүүнү жүзөгө ашырат;
11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамдуу жүгүртүүнүн субъекттерин контролдоону жүзөгө ашырат;
12) баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун мыйзамдуу жүгүртүлүшүнүн мониторингин, алардын кыймылы боюнча БУУнун Баңги заттарды контролдоо боюнча эл аралык комитетинин алдында дайыма отчет берүүнү жүзөгө ашырат;
13) баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун, аларды мыйзамсыз жүгүртүү администрациялык же жазык жоопкерчилигине алып келген баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун критерийлеринин жана өлчөмдөрүнүн улуттук тизмелерин иштеп чыгууну жана аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө жиберүүнү жүзөгө ашырат;
14) Кыргыз Республикасынын кызыкдар министрликтери жана ведомстволору менен баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды жеке адамдарга берүүнүн тартибин макулдашууну жүзөгө ашырат;
15) Кыргыз Республикасынын кызыкдар министрликтери жана ведомстволору менен баңги каражаттарына жана психотроптук заттарга керектөөлөрдү макулдашууну жана баңги каражаттарына жана психотроптук заттарга тиешелүү квоталарды алуу үчүн маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана БУУнун Баңги заттарды контролдоо боюнча эл аралык комитетине берүүнү жүзөгө ашырат;
16) конфискацияланган же мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун, ошондой эле атайын контролдо турган жана баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды өндүрүү жана даярдоо үчүн пайдаланылуучу аспаптардын жана жабдыктардын сакталышын, ташып жеткирилишин жана жок кылынышын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырат;
17) баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду, ошондой эле атайын контролдо турган баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды өндүрүү жана даярдоо үчүн пайдаланылуучу аспаптарды жана жабдыктарды жок кылуу тартибинин сакталышына контролду жүзөгө ашырат;
18) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен баңги заттарды контролдоо боюнча органдын тергөөсүнө таандык кылынган кылмыштарды жасоонун натыйжасында алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) өз компетенциясынын чектеринде каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашырат;
19) баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды өндүрүү жана даярдоо үчүн колдонулган жана атайын контролдогу убактылуу пайдаланылбаган аспаптарды жана жабдыктарды убактылуу сактоонун тартибин макулдашат;
20) өз компетенциясынын чектеринде баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды мыйзамсыз керектөө жаатындагы иштердин абалы, ошондой эле мындай каражаттардын, заттардын жана прекурсорлордун мыйзамсыз жүгүртүлүшү жөнүндөгү маалыматты алат, иштеп чыгат жана талдайт;
21) баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун жүгүртүлүшүнө тиешелүү, ошондой эле алардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы аракеттенүү маселелери боюнча маалыматтардын бирдиктүү банкын жүргүзөт;
22) белгиленген иш чөйрөсүндө маалымат тутумдарын жана маалымат базаларын түзөт жана пайдаланат, криминалисттик эсепке алууну жүргүзөт, баңги заттарды контролдоо боюнча органдарды маалымдама-маалыматтык жактан камсыз кылууну жүзөгө ашырат;
23) баңги заттарды контролдоо боюнча органдын тутумунда иш кагаздарын уюштурууга карата бирдиктүү талаптарды колдонуудагы стандарттарга ылайык белгилейт, оперативдик, тергөө, архивдик жана башка материалдарды сактоону жана пайдаланууну уюштурат, ошондой эле оперативдик каттоо иштеринин тизмегин, алардын жүргүзүү тартибин аныктайт;
24) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы аракеттенүү маселелери боюнча эл аралык келишимдердин долбоорлорун иштеп чыгууга катышат;
25) Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык, баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы аракеттенүү маселелери боюнча эл аралык уюмдар жана чет мамлекеттердин компетенттүү органдары менен өз ара аракеттерди жана маалымат алмашууну жүзөгө ашырат;
26) баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы аракеттенүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эл аралык уюмдарда Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын көрсөтөт;
27) баңги заттарды контролдоо боюнча органдын жеке коопсуздугун камсыз кылат;
28) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчыларын, баңги заттарды контролдоо боюнча органга көмөк көрсөткөн адамдардын, баңги заттарды контролдоо боюнча органдын тергөөсүнө таандык кылынган кылмыш иштери боюнча сот өндүрүшүнүн катышуучуларын, алардын жакын адамдарын өмүрүнө, ден соолугуна, аброюна жана ар намысына кылмыштуу кол салуулардан коргоону камсыз кылат;
29) баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун мыйзамдуу жүгүртүлүшүн контролдоону камсыз кылуу, баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды мыйзамсыз керектөөгө, ошондой эле мындай каражаттардын, заттардын жана прекурсорлордун мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы аракеттенүү маселелери боюнча илимий иликтөөлөрдү уюштурат жана жүргүзөт;
30) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш иштери боюнча криминалисттик жана башка экспертизаларды, ревизияларды, текшерүүнүн материалдары боюнча изилдөөлөрдү жүргүзөт, тергөө аракеттерин жана ыкчам иш-чараларды аткарууга катыштыруу үчүн адистерди тартат;
31) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык атайын техникалык каражаттарды сатып алат жана пайдаланат;
32) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте курал-жарактарды, аларга ок-дарыларды, атайын каражаттарды, атайын техниканы, байланыш жана коргонуу каражаттарын, көмөкчү жабдыктарды жана аппаратураларды, материалдык-техникалык жана транспорт каражаттарын сатып алат, аларды топтоону, сактоону жана оңдоону жүзөгө ашырат;
33) баңги заттарды контролдоо боюнча органдын тутумунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипке ылайык курал-жарактарды жана ок-дарыларды жүгүртүү эрежелерин сактоо боюнча чараларды жүзөгө ашырат;
34) баңги заттарды контролдоо боюнча органда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шифрлөө иштерин уюштурат жана жүзөгө ашырат;
35) мамлекеттик жана мыйзам тарабынан корголуучу башка сырларды түзүүчү маалыматтарды, анын ичинде баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчыларын жана кызматкерлерин көрсөтүлгөн маалыматтарга жетүүлөрүнө, ошондой эле баңги заттарды контролдоо органына жарандарды кызматка алууга байланышкан маалыматтарды коргоону камсыз кылуу боюнча чараларды жүзөгө ашырат;
36) баңги заттарды контролдоо боюнча органды кадрдык камсыз кылууну жүзөгө ашырат, кадрларды даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштурат;
37) баңги заттарды контролдоо боюнча органда мобилизациялык даярдоону уюштурат жана мобилизациялык даярдыкты камсыз кылат;
38) өз компетенциясынын чектеринде өзгөчө жана аскердик кырдаал режимин камсыз кылуу боюнча чараларды жүзөгө ашырат;
39) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара эриш-аркак баңги заттарды контролдоо боюнча органдын запаста жүргөн кызматчыларынын атайын каттоосун уюштурат жана жүзөгө ашырат;
40) жарандык коргонуу боюнча иш-чаралардын аткарылышын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурат;
41) баңги заттарды контролдоо боюнча органдын ишин материалдык-техникалык жана каржылык жактан камсыз кылууну жүзөгө ашырат;
42) баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчыларынын жана кызматкерлеринин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн турак жай шарттарын жакшыртуу боюнча чараларды көрөт;
43) баңги заттарды контролдоо боюнча органда кызмат өтөгөн адамдарды, алардын үй-бүлө мүчөлөрүн пенсиялык камсыз кылуу жаатындагы иштерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгилеген тартипте уюштурат жана жүзөгө ашырат;
44) баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчыларын жана кызматкерлерин, пенсия алуу укугу менен кызматтан бошогон адамдарды жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн, ошондой эле кызматкерлерди алар баңги заттарды контролдоо боюнча органда иштеп турган мезгилде медициналык жана курорттук-санаториялык тейлөөнү, дары-дармек каражаттары менен камсыз кылууну уюштурат;
45) баңги заттарды контролдоо боюнча органга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында жалпыга маалымдоо каражаттары менен эриш-аркак иштейт, редакциялык-басма иштерин уюштурат;
46) баңги заттарды контролдоо боюнча органдын компетенциясына таандык кылынган маселелер боюнча жарандарды кабыл алууну жүзөгө ашырат, алардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын карайт;
47) баңги заттарды контролдоо боюнча органда тарбия иштерин жана кызматтык ишти моралдык-психологиялык камсыз кылууну пландаштырат, уюштурат жана контролдойт.
9-берене. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын укуктары
Баңги заттарды контролдоо боюнча орган (баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчысы) өз ыйгарым укуктарын ишке ашыруу максатында төмөнкүлөргө укуктуу:
1) баңги заттарды контролдоо боюнча органдын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылган жарандардан жана кызмат адамдарынан укук бузууларды же аракеттерди токтотууну талап кылууга; мыйзамдуу талаптарды аткарбаган учурда мыйзамда каралган мажбурлоо чараларын колдонууга;
2) эгерде жарандарды укук бузуу жана кылмыш жасоо жагынан шектенүүгө жетиштүү негиздер болсо, алардын инсандыгын ырастаган документтерди, ошондой эле баңги заттарды контролдоо боюнча органга жүктөлгөн эрежелерди сактоону контролдоого керек болгон дагы башка документтерди текшерүүгө;
3) тергөөсү баңги заттарды контролдоо боюнча органга таандык кылмыштарды жасоодон шек туудургандарды жана айыпталуучуларды мыйзамда белгиленген тартипте кармоого жана камакка алууга;
4) кылмыш жасоого шек туудуруу боюнча кармалган адамдарды же кылмыш жасады деп камакка алынган айыпталуучуларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте каттоого, врачтык кароого, күбөлөндүрүүгө, экспертизага, дактилоскопиялоого, эсте тутуп калууга, биологиялык таандыгына карата (кандын, адамдын денесинен бөлүнүп чыккан нерселердин) үлгүлөрүн алууга;
5) укук бузган адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте баңги каражаттарын, психотроптук заттарды колдонгонун текшерүүгө, же болбосо аларды текшерүүдөн өткөрүүгө медициналык мекемелерге жиберүүгө же жеткирүүгө;
6) анын өндүрүшүндө турган иштер жана материалдар боюнча кызмат адамдарын жана жеке жактарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте чакырып алууга, алардан түшүнүктөрдү, маалымкаттарды, документтерди алууга жана алардын көчүрмөлөрүн алууга, жеке адамдарды мажбурлап алдырып келүүгө;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бажы органдары менен эриш-аркак кол жүктөрүн, багажды жана автомобиль, темир жол жана аба транспортторунун жүргүнчүлөрүн кароону жүзөгө ашырууга;
7-1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте, эгерде укук бузууларды же кылмыштарды жасады деп шектенүүгө жетиштүү далилдер болсо, жарандардын жеке өздөрүн, алардын буюмдарын кол жүктөрүн, багажын, автомототранспорт каражаттарын текшерүүнү, протоколдорду түзүүнү, буюмдарды, каражаттарды, заттарын жана документтерин алып коюуну жүзөгө ашырууга;
8) баш ийүү жана менчигинин түрүнө карабастан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер болгондо, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын аймактарына жана имараттарына (Кыргыз Республикасындагы чет мамлекеттердин дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрүнөн жана эл аралык уюмдардан тышкары), ошондой эле жеке адамдар жекече жана эмгектенүү үчүн пайдалануучу жайларга кирүүгө; менчик ээсинин, же болбосо анын өкүлү же анын ыйгарым укуктуу адамынын катышуусу менен өндүрүш, кампа, соода, кызматтык бөлмөлөрдү, транспорт каражаттарын, товарларды жана мүлктү сактоочу жана пайдалануучу башка жерлерин кароону жүргүзүүгө; ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жетекчилеринен, кызмат адамдарынан жана кызматкерлеринен, ошондой эле жарандардан өз компетенциясынын чектеринде зарыл маалыматты, билдирмелерди, документтерди, жазуу жүзүндөгү түшүнүктөрдү алууга;
9) ыкчам издөө иш-чараларын жана тергөө иш-аракеттерин жүргүзүү максатында айрым участкаларга, объекттерге жана аймактарга кирүүнү чектөөгө же убактылуу тыюу салууга;
10) баңги заттарды камтыган жапайы өсүмдүктөрдүн жапырт өскөн жерлеринде иш-чараларды өткөрүүдө башка мамлекеттик органдар менен бирдикте убактылуу контролдоо-өткөрмө пункттарды орнотууга;
11) окуялар жана өзгөчө кырдаалдар болгон жерлерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өтүү, медициналык шашылыш жардамга муктаж болгон жарандарды медициналык мекемелерге жеткирүү, кылмыш жасаган адамдардын артынан түшүү жана аларды укук коргоо органдарына жеткирүү үчүн, ошондой эле кийинкиге калтырууга болбогон дагы башка учурларда транспорт каражаттарын (чет мамлекеттердин дипломатиялык, консулдук өкүлчүлүктөрүнүн, эл аралык уюмдардын жана атайын арналыштагы транспорт каражаттарынан тышкары) тоскоолдуксуз пайдаланууга;
12) юридикалык жана жеке жактарга таандык болгон байланыш каражаттарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кызматтык максаттарда пайдаланууга;
13) мамлекеттик бийлик органдарынан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ошондой эле уюмдардан алардын уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин формасына карабастан баңги заттарды контролдоо боюнча органга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон документтерди, маалыматтык жана башка материалдарды суроого жана алууга;
14) баңги каражаттары, психотроптук заттар жөнүндө жана алардын прекурсорлору тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жазма буйруктарды жана корутундуларды берүүгө;
15) баңги заттарды контролдоо боюнча органга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ведомстволор аралык мүнөздөгү эл аралык келишимдерди түзүүгө;
16) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ведомстволук актыларды чыгарууга;
17) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте эксперттик, окуу, илимий жана ыкчам издөө иштеринде баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду пайдаланууга;
18) баңги заттарды контролдоо боюнча органдын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитүүгө;
19) белгиленген иш чөйрөсүндө координациялык, консультативдик, эксперттик жана кеңешмелик, анын ичинде ведомстволор аралык органдарды (кеңештерди, комиссияларды) түзүүгө;
20) баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчыларынын жана кызматкерлеринин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жашоосу үчүн турак жайларды жана жатаканаларды ижарага алууга;
21) Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилеген тартипте баңги заттарды контролдоо боюнча органдын расмий өкүлдөрүн чет мамлекеттерге жана эл аралык уюмдарга жиберүүгө.
Эскертүү. Ушул берененин 7-1-пунктунда көрсөтүлгөн жетиштүү негиздер деп изин суутпай издөө иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте изин суутпай издөө иш-чараларын жүзөгө ашырууда жарандан, анын буюмдарынан же болбосо автомототранспорт каражатынан табылган баңги каражаттары, психотроптук заттар, жана/же мыйзамсыз жүгүртүүгө тыюу салынган башка буюмдар, заттар же каражаттар (уруксат берүүчү документтери жок болгон учурда) жөнүндө баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлерине белгилүү болгон маалыматтардын бар экендиги түшүнүлөт.
(КР 2015-жылдын 8-апрелиндеги № 73 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
10-берене. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчыларынын укуктук абалы
1. Баңги заттарды контролдоо боюнча органда кызматта турган, белгиленген тартипте атайын наам ыйгарылган адам анын кызматчысы болуп саналат, ага ушул Мыйзамдын жоболору жайылтылат.
(Экинчи абзац КР 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 152 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчыларынын атайын наамдарынын тизмеги, аларды ыйгаруунун, сактоонун жана ажыратуунун тартиби, ошондой эле атайын наамдарды алуу үчүн коюлуучу талаптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.
2. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчысы бийлик өкүлү болуп саналат жана мамлекеттин коргоосунда турат. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчысынын мыйзамдуу талаптары жарандардын жана кызмат адамдарынын аткаруусу үчүн милдеттүү.
Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчысынын мыйзамдуу талаптарын аткарбоо, мазактоо, каршылык көрсөтүү, уруп-сабайм деп коркутуу же анын өмүрүнө, ден соолугуна, аброюна жана ар намысына доо кетирүү жана ага жүктөлгөн милдеттерди аткарууга тоскоол болгон дагы башка аракеттер жана анын кызматтык милдетин аткаруусуна байланыштуу үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жакын туугандарына кандай гана зыян келтирүү коркунучу болбосун мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке алып келет.
(КР 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
11-берене. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчыларынын жоопкерчилиги
1. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчылары өз ыйгарым укуктарынын чектеринде өз алдынча чечим кабыл алышат жана мыйзамга ылайык өздөрүнүн укукка каршы аракеттери же аракетсиздиктери үчүн жоопкерчилик тартышат. Эгерде кызматчыга мыйзамга карама-каршы келген буйрук же тескеме берилсе, ал Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын жетекчиликке алууга милдеттүү.
2. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчысынын иш-аракети формалдуу түрдө укукка карама-каршы жосунга туура келген учурда, мыйзам бузулду деп таанылбашы мүмкүн, эгерде алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коргонуу зарылдыгы, аргасыз зарылдык, негизделген тобокелдик абалында жасалса.
Эгерде жасалган аракеттер түзүлгөн кырдаалдан объективдүү келип чыкса, ал эми мыйзамдуу максатка мындай аракеттерди жасабастан жетишүү мүмкүн болбосо жана баңги заттарды контролдоо боюнча органдын көрсөтүлгөн аракеттерге жол берген кызматчысы түзүлгөн жагдайда келтирилген зыянды болтурбоо үчүн мүмкүн болгон бардык чараларды көрсө, зарыл коргонуу, аргасыз зарылдык же негиздүү тобокелдик акталган деп таанылат.
3-глава Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчыларынын күч, атайын каражаттарды жана ок атуучу куралды колдонуусу
12-берене. Күч колдонуу чаралары
Эгерде күч колдонбой турган ыкмалар өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруусун камсыз кылбаса, баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчылары кылмыштарды жана башка укук бузууларды болтурбоо жана бөгөт коюу, аларды жасаган адамдарды кармоо, өзүн-өзү коргоо, мыйзамдуу талаптарына каршы аракеттерди жокко чыгаруу үчүн күч колдонушат, анын ичинде мушташтын атайын аскердик ыктарын жана колдо болгон каражаттарды колдонушат.
13-берене. Атайын каражаттарды колдонуу
1. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчылары алардын куралдануусунда турган атайын каражаттарды төмөнкүдөй учурларда колдонушат:
1) жеке адамдарга, баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчыларына жана коомдук тартипти камсыз кылуу жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматтык же коомдук милдетин аткарып жүргөн башка адамдарга кол салуунун мизин кайтаруу үчүн;
2) баңги заттарды контролдоо боюнча органдын имараттарына, курулмаларына, имарат жайларына, транспорт каражаттарына кол салуунун мизин кайтаруу үчүн;
3) эгерде укук бузуучулар баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчыларына баш ийбесе же каршылык көрсөтүшсө; кармалгандарды, камакка алынгандарды кайтарып айдап жүрүү жана кайтаруу үчүн, же болбосо эгерде алардын качып кетиши же айланасындагыларга же өзүнө зыян келтириши мүмкүн деп ойлоого негиздер болсо, ошондой эле баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчыларына өздөрүнө мыйзам тарабынан жүктөлгөн милдеттерди жүзөгө ашырууга атайылап тоскоолдук кылган адамдарды кармоо үчүн.
2. Атайын каражаттардын тизмеги, ошондой эле аларды колдонуу эрежелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
14-берене. Ок атуучу курал-жаракты колдонуу жана пайдалануу
1. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчыларына табелдик ок атуучу курал-жаракты сактоого жана алып жүрүүгө укук берилет.
Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчыларынын табелдик ок атуучу курал-жаракты алып жүрүү жана сактоо тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет.
2. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчылары тарабынан ок атуучу курал-жарак төмөнкүдөй учурларда колдонулат:
1) жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген кол салуудан коргоо, ошого тете барымтага алынгандарды бошотуу үчүн;
2) баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчыларына же коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматтык милдеттерин аткарып жүргөн башка адамдарга, топтошкон же куралдуу кол салуунун, ошондой эле алардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген башка кол салуунун мизин кайтаруу үчүн;
3) мамлекеттик жана коомдук органдардын, ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин кайтаруудагы объекттерине, имарат жайларына жана имараттарына топтошкон же куралдуу кол салуунун, укук коргоо органдарынын аскердик же кызматтык тобуна кол салуунун мизин кайтаруу үчүн;
4) куралдуу каршылык көрсөткөн адамдарды же болбосо кылмыш үстүнөн кармалгандарды, камактан качкандарды (администрациялык камакта кармалгандардан тышкары) кармоо үчүн, ошондой эле куралын тапшыруу жөнүндө мыйзамдуу талаптарды аткаруудан баш тарткандарды кармоо үчүн.
3. Куралды колдоноордун алдында, аны колдоно тургандыгы тууралуу эскертилүүсү тийиш.
Капыстан же куралдуу кол салууда, аскердик техниканы, транспорт каражаттарын пайдаланып кол салууда, барымтадагыларды куткарууда, камактан курал-жарак менен же транспорт каражаттарын пайдаланып качууда, ошондой эле камактагы адамдар транспорт каражаттарынан жүрүп баратканда качкан учурда курал эскертүүсүз колдонулушу мүмкүн.
4. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчылары курал-жаракты төмөнкүдөй учурларда колдонууга укуктуу:
1) эгерде айдоочу жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирсе жана баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчыларынын талаптарына баш ийбесе, транспорт каражаттарын бузуу жолу менен токтотуу үчүн;
2) жаныбарлардын кол салуусунан коргонуу үчүн;
3) айгай салуу белгисин берүү, жардамга чакыруу үчүн, ошондой эле эскертме ок чыгаруу үчүн.
5. Эгерде түзүлгөн жагдайда курал колдонуу мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылбаса, баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчысы курал-жарагын кабынан чыгарып даярдоого укуктуу.
6. Курал-жарак колдонулган жана пайдаланылган бардык учурларда баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчысы айланасындагы жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга, жабыр тарткандарга медициналык кечиктирилгис жардам көрсөтүү үчүн зарыл чараларды көрүүгө милдеттүү.
7. Эгерде башка ыкмалар жана каражаттар менен мындай кол салуунун же каршылык көрсөтүүнүн мизин кайтарууга мүмкүн болбосо, алар куралдуу кол салган, куралдуу каршылык көрсөткөн же болбосо кызматчынын же башка жарандардын өмүрүнө коркунуч келтирген топтошуп кол салган учурларды албаганда, аялдарга жана жашы жете электерге карата курал-жарак колдонууга тыюу салынат.
8. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчысы ок атуучу курал-жаракты колдонгон ар бир учуру жөнүндө колдонулган мезгилден тартын 24 сааттын ичинде өзүнүн түздөн-түз начальнигине рапорт берүүгө милдеттүү.
4-глава Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчыларын социалдык жактан коргоо
15-берене. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын
кызматчыларынын социалдык укуктарынын кепилдиктери
1. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчыларына жана пенсионерлерине Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчылары жана пенсионерлери үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актылары тарабынан белгиленген бардык кепилдиктер жайылтылат.
2. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчылары Куралдуу Күчтөрдүн аскер кызматчылары үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген ченемдер боюнча азык-түлүк үлүшү же үлүштүн акчалай компенсациясы менен камсыз кылынат.
16-берене. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчыларын
турак жай менен камсыз кылуу
1. Баңги заттарды контролдоо боюнча орган өзүнүн кызматчылары үчүн болгон каражаттарынын эсебинен турак жай сатып алууга укуктуу.
2. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын жаш курагы, ден соолугунун абалы, штаттардын кыскаргандыгы боюнча кызматтан бошотулган жана 20 календардык жылдан кем эмес сиңирген эмгеги бар кызматчылары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте турак жай аянты менен камсыз кылуу боюнча жеңилдиктерден пайдаланышат.
Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматтык ишин жүзөгө ашырууга байланыштуу курман болгон же өлгөн кызматчыларынын үй-бүлө мүчөлөрүнө мамлекеттик жана ведомстволук турак жай фондунун үйлөрүндөгү ээлеген кызматтык турак жайлары менчикке бекер өткөрүлүп берилет.
Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматынын мөөнөтүнө жана кызматтык турак жайда жашаган убактысына карабастан кызматтык ишин жүзөгө ашырууга байланыштуу курман болгон (өлгөн) кызматчысынын үй-бүлө мүчөлөрү башка турак жай бербей туруп кызматтык турак жайдан көчүрүүгө жатпайт.
3. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчысы кызматтык ишин аткарууга байланыштуу курман болгон (өлгөн) учурда анын үй-бүлөсүнө зарыл болгондо турак жай аянтын кезексиз алууга же турак жай шартын жакшыртууга укук берилет.
17-берене. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчысын
мамлекеттик камсыздандыруу жана ал курман болгон
(өлгөн) же майып болгон учурда зыяндын ордун толтуруу
1. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчылары милдеттүү түрдө республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен мамлекеттик жекече камсыздандырылууга тийиш.
2. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчысын камсыздандыруу учуру келгенде (курман болгон (өлгөн), майып болгон (жарадар болуу, трамва, контузия алуу), кызмат өтөө мезгилиндеги оорусу) камсыздандыруу суммасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жана өлчөмдө төлөнөт.
18-берене. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчысынын
мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун толтуруу
Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчысынын, анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн мүлкүнө анын кызматтык ишти аткаруусуна байланыштуу келтирилген зыяндын орду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекет тарабынан толук көлөмдө толтурулуп берилет.
19-берене. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын
кызматчыларына медициналык-санитардык жана
санатордук-курорттук жардамдарды уюштуруу
1. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчыларына жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык медициналык-санитардык жана санатордук-курорттук жардам көрсөтүлөт.
2. Медициналык-санитардык жардам Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү медициналык-санитардык жардам менен Кыргыз Республикасынын жарандарын камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдик программасынын алкактарында көрсөтүлөт.
20-берене. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын
кызматчыларынын иш убактысы жана эмгек акысы
1. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчыларынын иш убактысынын узактыгы Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык белгиленет.
2. Зарыл болгон учурларда, кызматкерлер бир айдын ичинде кошумча эс алуу күнүн берүү менен белгиленген убакыттан ашык, ошондой эле түнкү убакта, дем алыш жана майрам күндөрү кызматтык милдеттерин аткарууга тартылышы мүмкүн.
3. Кызматчылардын айрым категориялары үчүн ченемделбеген иш күнү белгилениши мүмкүн.
21-берене. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчыларын
пенсия менен камсыз кылуу
Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчылары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген мамлекет тарабынан кепилденген пенсия менен камсыз болууга укуктуу.
22-берене. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчыларын
социалдык жактан коргоонун кошумча кепилдиктери
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, башка аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматчыларын социалдык жактан кошумча коргоонун кепилдиктерин белгилөөгө укуктуу.
5-глава Баңги заттарды контролдоо боюнча органды каржылык жана материалдык-техникалык камсыз кылуу
23-берене. Баңги заттарды контролдоо боюнча органды каржылоо
Баңги заттарды контролдоо боюнча органды каржылоо борборлоштурулган тартипте, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан республикалык бюджеттин эсебинен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде белгиленген башка булактардан жүзөгө ашырылат.
24-берене. Баңги заттарды контролдоо боюнча органды
материалдык-техникалык камсыз кылуу
1. Баңги заттарды контролдоо боюнча органды материалдык-техникалык камсыз кылуунун тартиби жана ченемдери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан, ал эми зарыл учурларда - Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде белгиленет.
2. Баңги заттарды контролдоо боюнча органга кызматтык жайлар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилет.
6-глава Баңги заттарды контролдоо боюнча органда мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөлгө алуу
25-берене. Баңги заттарды контролдоо боюнча органда
мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөлгө алуу
Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын ченемдик укуктук актыларды так жана бирдей аткарышын көзөмөлгө алууну прокуратура органдары жүзөгө ашырат.
7-глава Корутунду жоболор
26-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |