Загрузка документа…
КР 2025-жылдын 27-июнундагы № 129 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 30-марты № 46
"Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 4, 158-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Мыйзамдын аталышы "Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары)" деген сөздөрдөн кийин "жана сууну пайдалануучулардын бирликтери" деген сөздөр менен толукталсын.
2. 1-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1-статья. Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары)
жана алардын бирликтери жөнүндө мыйзамдар
Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана алардын бирликтери жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинен, Кыргыз Республикасынын Суу кодексинен, ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.".
3. 2-статьяда:
1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Сууну пайдалануучулардын бирикмеси (ассоциациясы) (мындан ары СПА) - сугат тутумун пайдалануу жана күтүү максатында ушул Мыйзамга ылайык сууну пайдалануучулар тарабынан уюштурулган уюм.";
статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"СПАнын бирлиги - магистралдык сугат тутумдарын биргелешип башкаруу, пайдалануу жана техникалык тейлөө үчүн эки же андан көп СПАдан уюштурулган коммерциялык эмес уюм.";
2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Сугат тутумдары - сугат тутумдарын күтүүнү, пайдаланууну жана оңдоону камсыз кылуу үчүн бөлүнүп берилген ээликтен ажыратылган бардык жер тилкелерин кошуп алганда жолдор, имараттар, электр берүү линиялары жана башка инфратүзүмдөр менен байланышкан сугат жана дренаж каналдарынын, түтүк өткөргүчтөрдүн, гидротехникалык курулмалардын, насостук станциялардын, скважиналардын, суу сактагычтардын, көлмөлөрдүн жана суу топтоочу жайлардын тармагы.";
статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"СПАнын бирлигинин тейлөө зонасы - СПАнын курамына кирген, СПАга суу берүү үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте СПАнын бирлигине өткөрүлүп берилген чарбалар аралык сугат жана дренаж тутумдары жайгашкан географиялык аймак.";
6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Сууну берип туруучу - сугат тутумун пайдалануу жана техникалык тейлөө үчүн жооптуу, контракттын негизинде сууну пайдалануучулардын ассоциациясына же башка адамга сууну алуучу жана транспорттоочу мамлекеттик суу чарба уюмунун аймактык органы же кандай болбосун башка юридикалык жак.";
статья төмөнкүдөй мазмундагы 11-бөлүк менен толукталсын:
"Магистралдык сугат тутуму - сугаруу үчүн эки же андан көп СПАга суу берүү жүргүзүлгөн сугат тутуму.".
4. 3-статьянын 2-пунктунда:
бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- сууну берүүгө контракттын негизинде сууну берип туруучудан сугат сууну алуу же алынган лицензияга ылайык табигый суу объекттеринен (дарыялардан, көлдөрдөн жана жер алдындагы булактардан) сууну өз алдынча топтоону жана СПАнын тейлеген зонасынын ичинде сууну пайдаланууну жана бөлүштүрүүнү жөнгө салууну белгиленген тартипте жүзөгө ашыруу;";
жетинчи абзацындагы "сууну жеткирүүнү башкаруу жана" деген сөздөр алып салынсын.
5. 5-статьянын 7-пунктунун төртүнчү абзацындагы "сууну берүүчүдөн" деген сөздөр "сууну берип туруучудан" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. 6-статьяда:
1-бөлүгүндөгү "Юридикалык жакты" деген сөздөрдөн кийин ", филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү)" деген сөздөр менен толукталсын;
2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
7. 16-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16-статья. СПАнын Кеңешинин аткаруу органы
1. СПАнын дирекциясы СПАнын Кеңешинин аткаруу органы болуп саналат.
2. СПАнын Уставы менен дирекцияга төмөнкүлөр тапшырылышы мүмкүн:
- СПАнын Кеңешине берүү үчүн бюджеттин долбоорун, сугат тутумун пайдалануунун жана күтүүнүн жумушчу планын жана башка талап кылынган документтерди даярдоо;
- СПАнын мүчөлөрүнүн жана мүчө эместердин реестрин жүргүзүү, ал жыл сайын кайра каралып жана жаңырып турууга жана СПАнын тейлеген зонасынын ичинде СПАнын ар бир мүчөсүнүн жана мүчө эместердин жер участогунун өлчөмүнүн жана жайгашуусунун баяндамасын, СПА тарабынан алынган суунун өлчөмүн каттоо журналын, СПАнын мүчөлөрүнүн жана мүчө эместердин сугат суусун берүүгө болгон табыштама журналын жана жүргүзүлгөн сугаттардын санын камтууга тийиш;
- сугат тутумдарын күтүүнү жана техникалык тейлөөнү камсыз кылуу;
- СПАнын тейлөө зонасында сугат тутумдарын күтүү жана пайдалануу боюнча бекитилген бюджетке жана иш планга ылайык, СПАнын Кеңеши менен макулдашылгандан кийин СПАнын атынан контракттарды даярдоо жана түзүү;
- сууну берип туруучу менен суу берүүнүн көлөмдөрүн жана графиктерин макулдашуу жана аны СПАнын мүчөлөрүнүн ортосунда бөлүштүрүү;
- СПАнын дирекциясынын штатына жалдап алуу жана иштен бошотуу жана анын ишине көзөмөлдүк кылуу;
- СПАнын дирекциясынын бардык жалданма кызматкерлери үчүн аткарууга милдеттүү болуп саналган буйруктарды жана нускамаларды чыгаруу;
- СПАнын Кеңеши тарабынан бекитилген жобого ылайык СПАнын банктык эсептерин башкаруу;
- СПАнын Кеңеши тарабынан аныкталган же ушул Мыйзамда белгиленген башка маселелер.
3. СПАнын директору жана бухгалтери СПАнын Кеңеши тарабынан жалданат.
4. СПАнын директорунун жана бухгалтеринин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү эмгек келишими (контракт) менен аныкталат.".
8. 17-статьянын 1-пунктундагы "жана анын төрагасынын" деген сөздөр анын төрагасынын жана СПАнын дирекциясынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
9. 22-статьянын 2-бөлүгүндөгү "суу берүүчүлөрдүн" деген сөздөр "сууну берип туруучунун" деген сөздөргө алмаштырылсын.
10. 23-статьянын 2-бөлүгүндөгү "сугат фондун" деген сөздөр "тейлөө зонасынын ичиндеги сугат тутумдарын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
11. 24-статьянын 1-бөлүгү "же пайдалануучуларга" деген сөздөрдөн кийин "жыл сайын түзүлгөн келишимдердин негизинде" деген сөздөр менен толукталсын.
12. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы IV-1 глава менен толукталсын:
"IV-1 глава
СПАнын бирлиги
26-1-статья. СПАнын бирлигинин максаттары жана милдеттери
1. СПАнын бирлиги ушул Мыйзамга ылайык магистралдык сугат тутумдарын биргелешип башкаруу, пайдалануу жана техникалык тейлөө үчүн эки же андан көп СПА тарабынан коммерциялык эмес уюм катары уюштурулат.
2. СПАнын бирлигинин негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- магистралдык сугат тутумдарын жана аны менен байланышкан инфратүзүмдөрдү пайдалануу жана техникалык тейлөө, зарыл курулуш жана оңдоо жумуштарын жүргүзүү;
- СПАнын бирлигинин тейлөө зонасында сууну пайдалануунун шарттарын жөнгө салуу жана магистралдык сугат жана дренаждык тутумдарын жана ага байланышкан инфратүзүмдү техникалык тейлөөнүн наркын кошкондо, берилген кызмат көрсөтүүлөр үчүн СПАнын бирлигинин мүчөлөрү болуп саналган СПАдан төлөмдөрдү жыйноо;
- табигый суу объекттеринен белгиленген тартипте суу топтоо;
- СПАнын бирлигинин курамына кирген СПАлардын ортосунда сугат сууну берүү жана бөлүштүрүү;
- СПАнын бирлигинин курамына кирген СПАлардын ортосунда суу пайдаланууга жана бөлүштүрүүгө тийиштүү талаш-тартыштарды чечүү;
- СПАнын бирлигинин курамына кирген бардык СПАлардын кызыкчылыктарын коргоо.
26-2-статья. СПАнын бирлигин түзүү
1. СПАнын бирлиги бардык субъекттердин ыктыярдуу макулдугунун негизинде бир магистралдык тутумдан суу алган эки же андан көп СПА тарабынан уюштурулат.
2. СПАнын бирлигин мамлекеттик каттоо "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.
3. СПАнын бирлигинин мүчөлөрү өздөрүнүн өз алдынчалыгын жана юридикалык жактын укуктарын сакташат.
4. СПАнын бирлигинин Уставы менен СПАнын бирлигинин мүчөлөрү болуп саналган СПАлардын ортосундагы талаш-талаштарды чечүү боюнча комиссия түзүү каралышы мүмкүн.
5. СПАнын бирлигине ушул Мыйзамдын жалпы жоболору, ошондой эле СПАны жөнгө салуучу жоболор жайылтылат.
26-3-статья. СПАнын бирлигинин киреше булактары
1. СПАнын бирлигинин кирешеси, эгерде аларды төлөө уставда каралса кирүү жана мүчөлүк төгүмдөрдүн; ыктыярдуу төгүмдөрдүн жана кайрымдуулук, мамлекеттик жана башка гранттардын; САПнын бирлигинин уставына ылайык жүргүзүлгөн иштерден түшүүлөрдүн; жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн; мыйзам менен тыюу салынбаган башка түшүүлөрдүн негизинде түзүлөт.
Коомдук бирикмелердин ишкерлик ишинин кирешелери бул бирикмелердин мүчөлөрүнүн жана катышуучуларынын ортосунда кайра бөлүштүрүлүшү мүмкүн эмес жана уставдык максаттарга жетүү үчүн гана пайдаланылышы керек.
2. СПАнын бирлигине мамлекеттик сугат дренаждык тутумдарынын бир бөлүгү белгиленген тартипте пайдаланууга, күтүп алууга жана башкарууга өткөрүп берилиши мүмкүн.
26-4-статья. СПАнын бирлигинин резервдик фонду
1. СПАнын бирлиги резервдик фондду түзүүгө укуктуу, аны түзүүнүн жана пайдалануунун тартиби СПАнын бирлигинин уставы менен аныкталат. Резервдик фонд күтүүсүз жоготууларды жана чыгашаларды жабуу, өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуга сарпталган чыгымдарды жабуу үчүн пайдаланылат. Резервдик фонд башка максаттар үчүн пайдаланылышы мүмкүн эмес.
2. Резервдик фонддун каражаттарын пайдалануу жөнүндө чечим СПАнын бирлигинин жалпы чогулушу (өкүлчүлүктөрдүн чогулушу) тарабынан кабыл алынат.".
13. V глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"V глава
СПАнын жана СПАнын бирликтеринин ишин
мамлекеттик жөнгө салуу
27-статья. СПАнын жана СПАнын бирликтеринин ишин мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо
СПАнын жана СПАнын бирликтеринин ишин мамлекеттик жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан СПАнын ишин координациялоо жана контролдоо боюнча функциялар жүктөлгөн жөнгө салуучу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
СПАнын жана СПАнын бирликтеринин ишин көзөмөлдөө боюнча өзүнүн функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн СПАнын жөнгө салуучу органы төмөнкүлөргө укуктуу:
- СПАнын мүчөлөрүнүн жазуу жүзүндөгү арызы боюнча текшерүүлөрдү жүзөгө ашырууга же текшерүү жүргүзүү үчүн көз карандысыз аудиторлорду тартууга;
- СПАнын жана СПАнын бирликтеринин белгиленген үлгүдөгү реестрин жүргүзүүгө;
- СПАга жана СПАнын бирликтерине юридикалык, бухгалтердик жана техникалык маселелер боюнча кеңеш берүүнү жана жардам берүүнү камсыз кылууга;
- белгиленген тартипте магистралдык сугат тутумунун тийиштүү бөлүгүн СПАнын бирликтерине пайдаланууга жана башкарууга өткөрүп берүүгө;
- ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн башка милдеттерди аткарууга.
СПАнын жана СПАнын бирликтеринин жетекчи адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык отчеттордун туура эместиги жана өз убагында берилбегендиги үчүн жоопкерчилик тартышат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |