Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 24-апрели № 58
"Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж.,
№ 5, 199-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча "ишкердиктин" деген сөз "соода ишинин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 2-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги терминдер
Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкүдөй терминдер пайдаланылат:
соода иши (соода) - товарларды сатып алууга жана сатууга байланышкан ишкердик иштин түрү;
товар - сатуу же алмаштыруу үчүн арналган жүгүртүүдөн алып салынбаган эмгектин кандай болбосун продуктусу;
соода ишинин субъекттери - белгиленген тартипте катталган жана өз ишин соода чөйрөсүндө жүзөгө ашыруучу жеке жана юридикалык жактар, ошондой эле эгерде соода чөйрөсүндө ишкердик иш жүргүзүү алардын уставында бекитилсе коммерциялык эмес уюмдар;
соода объекти (соода ишканасы) - соода чөйрөсүндө ишкердик ишти жүзөгө ашыруу үчүн соода ишинин субъекттери тарабынан пайдаланылуучу мүлктүк комплекс, ошондой эле башка мүлк;
ички соода (ички соода иши) - Кыргыз Республикасынын аймагында жүзөгө ашырылуучу соода иши;
социалдык мааниге ээ соода иши - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарандардын социалдык жактан алсыз категорияларынын керектөөлөрүн канааттандырууга багытталган соода ишинин түрү;
социалдык мааниге ээ азык-түлүк товарлары - тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген, калктын биринчи даражадагы керектөөлөрүн канааттандыруучу үчүн тамак-аштын базалык продуктулары.".
3. 4-статьяда:
1-пунктундагы "сапаттуу" деген сөздөн кийин ", коопсуз" деген сөз менен толукталсын;
3-пунктундагы "соода уюмдарынын" деген сөздөр "соода ишинин субъекттеринин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 6-статьяда:
1-пунктундагы "теңдештигин" деген сөздөн кийин "жана атаандаштыгын өнүктүрүүнү" деген сөздөр менен толукталсын;
4 жана 5-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
статья төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
"6) ошол региондун аймагында мамлекеттик жөнгө салууну жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган чектерде жана тартипте жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ыйгарым укуктарды берүү.".
5. 7-статья төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларына ылайык соода ишин уюштурууга жана жүзөгө ашырууга карата атаандаштыкты өнүктүрүү жана коргоо максатында талаптарды белгилөө;".
6. 8-статьянын экинчи-бешинчи жана жетинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын.
7. 9-статьянын биринчи абзацындагы "жайларды" жана "ээлегендик үчүн" деген сөздөрдөн кийин тиешелүүлүгүнө жараша "соода ишинин субъекттерин" жана "жана соода объекттерин" деген сөздөр менен толукталсын.
8. 11-статьяда:
статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Социалдык мааниге ээ соода иши жана жарандардын айрым категорияларын коргоо";
статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"- жарандардын социалдык жактан алсыз категорияларынын керектөөлөрүн канааттандыруу максатында социалдык мааниге ээ азык-түлүк товарларынын тизмеги жана аларга бааны жөнгө салуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.".
9. 12-статья күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев
|