Загрузка документа…
КР 2023-жылдын 24-февралындагы N 40 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 8-майы № 66
"Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
"Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 11, 901-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:
1. 13-статьяда:
2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Маалыматтык материалдарды экстремисттик деп таануу жөнүндө талабын билдирген прокурордун сунуштамасынын негизинде алар табылган, жайылтылган же мындай материалдарды өндүрүүнү жүзөгө ашырган уюмдун жайгашкан жери боюнча сот тарабынан таанылат.";
4-бөлүгү "жалпыга маалымдоо каражаттарында" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле экстремисттик аракетке каршылык көрсөтүүнү жүзөгө ашыруучу юстиция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын расмий интернет-сайттарында" деген сөздөр менен толукталсын.
2. 15-статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"Ушул Мыйзамдын 1-статьясынын биринчи бөлүгүндө каралган белгилердин бирин эле камтыган басма сөз, аудио-, аудиовизуалдык жана башка материалдардын (чыгармалардын) автору жана (же) аткаруучусу соттун чечими боюнча экстремисттик аракетти жүзөгө ашырган жак катары таанылат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат (тартат).".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |