Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 179 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 22-майы № 75
"Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 8, 230а-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
40-статьяда:
1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Электр жана почта байланышы жөнүндө мыйзамдардын бузулгандыгы үчүн күнөөлүү, ошондой эле байланыш чөйрөсүндө экстремисттик ишти жүзөгө ашырган юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартышат.";
3-бөлүгү "граждандардын абийирине жана ар-намысына шек келтирүү" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле экстремисттик ишти жүзөгө ашыруу" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |