Загрузка документа…
КР 2025-жылдын 26-июнундагы № 127 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 22-майы № 76
"Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 2, 79-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 5-статья "ушул Мыйзам," деген сөздөрдөн кийин "мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдер," деген сөздөр менен толукталсын.
2. 6-статьяда:
расмий тилдеги 2-бөлүгүндө "или прокурору" деген сөздөр "прокурору или в суд" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3-бөлүгү "прокурордун" деген сөздөн кийин "же соттун" деген сөздөр менен толукталсын;
расмий тилдеги 4-бөлүгүндө "прокурор может" деген сөздөр "надзирающий прокурор или судья могут" деген сөздөргө алмаштырылсын;
мамлекеттик тилдеги 4-бөлүгүндө "учурда," деген сөздөн кийин "көзөмөлдөөчү прокурор же" деген сөздөр менен толукталсын.
3. 9-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9-статья. Изин суутпай издөө иш-чараларын өткөрүүнүн шарттары
Адамдардын жарандыгы, улуту, жынысы, жашаган жери, социалдык жана мүлктүк абалы, коомдук бирикмелерге таандык экендиги, динге карата мамилеси жана саясий ынанымдары, эгерде мыйзамда башкача айтылбаса, Кыргыз Республикасынын аймагында аларга карата изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.
Мыйзам тарабынан корголуучу кат жазышуулардын, телефон аркылуу жана башка сүйлөшүүлөрдүн, электр жана почта байланышы боюнча берилүүчү телеграфтык жана башка билдирүүлөрдүн сырына, ошондой эле турак-жайдын кол тийгистик укугуна тиешелүү изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүүгө оор жана өзгөчө оор кылмыштарды даярдаган же ага аракеттенген, оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасап жаткан, болбосо жасаган адамдар жөнүндө маалымат чогултуу үчүн кийин 24 сааттын ичинде көзөмөлгө алган прокурорго билдирүү менен соттук актынын негизинде гана изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу тиешелүү органдын жетекчилеринин биринин жүйөлүү токтому боюнча жол берилет. Мындай жетекчилердин категорияларынын тизмеги изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын актылары менен белгиленет. Мында турак-жайларды иликтөөгө өзгөчө учурларда жана тиешелүү соттун чечими боюнча көзөмөлгө алган прокурорго токтоосуз кабарлоо менен гана жол берилет.
Кечиктирүүгө болбой турган жана террордук акт же диверсия жасоого алып келе турган учурларда, изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу тиешелүү органдын жетекчилеринин биринин жүйөлүү токтомунун негизинде, ушул статьянын экинчи бөлүгүндө саналган, изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүүгө тиешелүү сотко (судьяга) жана көзөмөлгө алган прокурорго токтоосуз кабарлоо жана соттун чечимин кийин 24 сааттын ичинде алуу менен жол берилет.
Айрым адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна, менчигине коркунуч келүүчү учурда, алардын арызы же алардын кат жүзүндөгү макулдугу боюнча алардын телефондору же башка сүйлөшүү түзүлүштөрү аркылуу жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдү тыңшоого изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдын жетекчисинин бекитилген токтомунун негизинде, тиешелүү сотко (судьяга) жана көзөмөлгө алган прокурорго милдеттүү кабарлоо жана соттун чечимин кийин 24 сааттын ичинде алуу менен уруксат берилет.
Ушул Мыйзамдын 8-статьясынын экинчи бөлүгүнүн 1-3 жана 5-пункттарында каралган негиздер боюнча изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүүдө ушул Мыйзамдын 7-статьясынын биринчи бөлүгүнүн 8-14-пункттарында көрсөтүлгөн аракеттерди жүзөгө ашырууга тыюу салынат.
Ички иштер органдарынын, улуттук коопсуздук органдарынын, экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жазык-аткаруу тутумунун органдарынын, коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өздүк коопсуздугун камсыз кылуучу изин суутпай издөө иш-чаралары Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган тартипте жүргүзүлөт. Жарандын кат жүзүндөгү макулдугу болгондо, ушул Мыйзамдын 8-статьясынын экинчи бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган негиздер боюнча ушул Мыйзамдын 7-статьясынын биринчи бөлүгүнүн 8-14-пункттарында көрсөтүлгөн аракеттерди соттун (судьянын) чечимисиз жүзөгө ашырууга уруксат берилет.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |