Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 2-апрелиндеги № 69 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 1-июну № 88
"Тамак-аш азыктарын өндүрүү гигиенасы" техникалык регламенти
1-глава. Жалпы жобо
2-глава. Тамак-аш азыктарын өндүрүү боюнча ишканаларга карата гигиеналык талаптар
3-глава. Тамак-аш азыктарын өндүрүүгө карата жалпы гигиеналык талаптар
4-глава. Тамак-аш азыктарынын коопсуздук менеджмент тутумун киргизүү
5-глава. Корутунду жана өткөөл жобо
"Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кабыл алынган ушул Мыйзам техникалык регламент болуп саналат жана техникалык жөнгө салуу объекттерине карата колдонуу жана аткаруу үчүн милдеттүү болгон талаптарды белгилейт.
1-глава Жалпы жобо
1-берене. Ушул Мыйзамдын максаты
Ушул Мыйзамдын максаты болуп азык-түлүк чийки заттарын жана тамак-аш азыктарын өнөр жайлык өндүрүүдө пайда болуучу коркунучтуу жана зыяндуу факторлордун таасиринен адамдардын, айбанаттардын өмүрүн жана ден соолугун, өсүмдүктөрдү, курчап турган айлана-чөйрөнү коргоону камсыз кылуу саналат.
2-берене. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү
Ушул Мыйзам менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактар тарабынан азык-түлүк чийки заттарын жана тамак-аш азыктарын өнөр жайлык өндүрүүдө зарыл болгон шарттарды түзүүгө карата милдеттүү талаптарды белгилейт.
3-берене. Техникалык жөнгө салуу объекттери
Ушул Мыйзамдын техникалык жөнгө салуу объекттерине азык-түлүк чийки заттары жана тамак-аш азыктарын өндүрүү кирет.
4-берене. Негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамдын максатын аткарууну камсыз кылуу үчүн төмөнкү түшүнүктөр пайдаланылат:
тамак-аш азыктарын өндүрүү гигиенасы - өндүрүш процессинин бардык баскычтарында тамак-аш азыктарынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл болгон шарттар жана чаралар;
дезинфекция - микробдорду жок кылууга багытталган иш-чаралар;
дезинсекция - курт-кумурскаларды жок кылууга багытталган иш-чаралар;
дератизация - кемирүүчүлөрдү жок кылууга багытталган иш-чаралар;
кооптуу контролдук чекит - тамак-аш азыктарынын коркунучтуулугун алдын алуу же болтурбоо же аны калктын саламаттыгы үчүн коркунуч туудурбаган деңгээлге чейин төмөндөтүү үчүн маанилүү болуп саналган контролду колдонуу мүмкүн болгон баскыч;
мониторинг - кооптуу түйүндөрдө контролдук чен-өлчөмдөргө пландуу түрдө мезгили менен байкоо же өлчөө жүргүзүү;
коркунучтуу фактор - тамак-аш азыгындагы биологиялык, химиялык, физикалык агент; тамак-аш азыгынын адамдын ден соолугуна тескери таасир этүүгө жөндөмдүү биологиялык, химиялык, физикалык абалы;
тамак-аш азыктарын өндүрүү процессиндеги гигиеналык эрежелер - санитардык иштетүүнүн, дезинфекциялоонун, дезинсекциялоонун, дератизациялоонун көлөмүн жана тартибин жөнгө салуучу, сунушталган санитардык-гигиеналык талаптардын жыйындысы;
тамак-аш азыктарынын жарамдуулугу - тамак-аш азыгынын анын арналышына ылайык адамдын керектөөсү үчүн жарамдуулугунун кепилдиги;
өндүрүштүк контроль - азык-түлүк чийки заттарын, тамак-аш азыктарын аларды өндүрүү процессиндеги коопсуздук талаптарына ылайык продукцияларды жана өндүрүш процессин контролдоо;
тамак-аш азыктарын өндүрүү (даярдоо) - тамак-аш азыктарын алуу (өстүрүү, табуу), иштетүү, кайра иштетүү, өндүрүү жана таңгактоо процесстери жана коомдук тамактануу ишканаларынын кызмат көрсөтүүлөрү;
санитардык-коргоо чөлкөмү (СКЧ) - адамдын жашоо чөйрөсүнө жана ден соолугуна таасир этүүнүн булагы болуп саналган кандай гана болбосун өндүрүш объектисинен турак жайга, эс алуу чөлкөмүнө, курортко жана башка курулмаларга чейинки аралык (кеңдик);
технологиялык документтер (технологиялык нускамалар) - чийки заттын курамын жана мүнөзүн, технологиялык тартиптерин, тамак-аш азыктарын өндүрүүдө технологиялык процесстерди жана операцияларды жүргүзүү тартибин аныктоочу документтер;
тамак-аш азыктарын өндүрүүдөгү температуралык тартип азык-түлүктүн массасындагы; азык-түлүктү убактылуу сактоого арналган муздаткыч жабдуусундагы камерадагы; тамак-аш азыктарын өндүрүүдөгү технологиялык процессте колдонулуучу өндүрүштүк (кампада) жайдагы температураларды жөнгө салуучу көрсөткүчтөрдүн жыйындысы;
технологиялык чынжыр - чийки заттын сапаттык өзгөрүүлөрүн мүнөздөөчү, чийки заттарды, жарым фабрикаттарды керектөө азыктарына кайра иштетүү;
азык-түлүктөрдү даярдоо чөйрөсүндөгү чарбалык ишке катышуучу - тамак-аш өнөр жай ишканаларында тамак-аш азыктарын өндүрүүчү юридикалык же жеке жак.
2-глава Тамак-аш азыктарын өндүрүү боюнча ишканаларга карата гигиеналык талаптар
5-берене. Имараттарга жана жайларга карата гигиеналык талаптар
1. Тамак-аш азыктарын өндүрүү боюнча ишканаларды долбоорлоо жана куруу, алардын аймактарын көрктөндүрүү жана санитардык-коргоо зоналарын уюштуруу чыгарылуучу азык-түлүктү эске алуу менен жүргүзүлүүгө тийиш.
Тамак-аш азыктарын өндүрүү боюнча ишканаларды жайгаштырууда курчап турган чөйрөдөгү зыяндуу заттардын бар экенин, коңшу жерлерде кандай объекттер жайгашканын, алар эмне азык-түлүк чыгарганын жана мүмкүн болгон тобокелдикти аныктоо керек.
2. Тамак-аш азыктарын өндүрүү боюнча ишканаларды долбоорлоодо, курууда жана реконструкциялоодо чийки заттын жана даяр тамак-аш азыктарынын, булганган жана таза шаймандардын бет келген жана кайчылаш агымын болтурбоочу технологиялык процесстердин агымын сактоо зарыл.
3. Тамак-аш азыктарын өндүрүү боюнча ишканалардын имараттарынын ички түзүлүшү чыгарылган азыктардын коопсуздугуна таасирин тийгизүүчү түзүлмөлөрдө бууланууга жана көгөрүп кетүүлөрдүн пайда болуусун жок кылгандай күтүүгө, жууп-тазалоолор жана дезинфекциялоого оңтойлуу болушу керек.
4. Тамак-аш азыктарын кайра иштетүү, өндүрүү, сактоо боюнча ишканалардын дубалдарынын, тосмолорунун жана жертактайларынын үстү белгиленген тартипте колдонууга уруксат берилген, сууга чыдамдуу, суу өтпөгөн, ууландыруучу касиетке ээ болбогон материалдардан жасалышы керек.
5. Тамак-аш азыктарын кайра иштетүү, өндүрүү, сактоо боюнча ишканалардын дубалдары, тосмолору тегиз болуп, иштетүүгө жана дезинфекциялоого ыңгайлуу болушу керек.
6. Тамак-аш азыктарын өндүрүү үчүн пайдаланылуучу жайлар үзгүлтүксүз жыйналып, дезинфекцияланып, дератизацияланып жана дезинсекнияланып турушу керек.
7. Жайлардын жана жабдуулардын кайчы булгануу тобокелчилигин жокко чыгаруу максатында тамак-аш азыктарын өндүрүү боюнча ишканалардын микробиологиялык лабораториялары өндүрүштүк жайлардан өзүнчө бөлүнүүгө тийиш.
8. Тамак-аш азыктарын кайра иштетүү, өндүрүү, сактоо боюнча ишканалардын жертактайлары суу агып кеткидей жантайыңкы абалда курулушу керек.
6-берене. Суу менен жабдууга карата гигиеналык талаптар
1. Тамак-аш азыктарын өндүрүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына жооп берген ичүүчү суу пайдаланышы керек.
2. Тамак-аш азыктарын өндүрүү боюнча ишканаларды суу менен жабдуу борбордук тармактардан жана жергиликтүү булактардан (бургу булактардан) каралат.
3. Коопсуздук көрсөткүчтөрү боюнча суунун көрсөткүчтөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келиши керек.
4. Ичүүчү муздак суу жана ысык суу берилүүчү түтүктөр контрасттуу түстөр менен сырдалышы керек.
5. Тамак-аш азыктарын өндүрүү боюнча ишканага техникалык максаттар үчүн ичүүгө жараксыз суу колдонулган учурда, ичүүчү суудан ажыратылган суу менен жабдуу тутуму каралышы керек.
6. Тамак-аш азыктары менен тикелей катышта пайдаланылган буу тамак-аш азыктарынын булганышына алып келбөөсү жана адамдын ден соолугу үчүн коркунучтуу заттарды камтыбашы керек.
7. Тамак-аш азыктарын өндүрүүдө колдонулган идиштерди муздатуу үчүн ичүүчү таза суу колдонулушу керек.
7-берене. Каналдаштырууга карата гигиеналык талаптар
1. Ишканалар борбордук каналдаштырууга кошулган болушу керек, ал эми андай болбогон учурда, транспорттун эркин кирип-чыгуусун эске алуу менен, өндүрүштүк жайлардан 25 метрден кем эмес алыстыкта жылчыксыз бетондолгон агынды чуңкурларды жасоо каралышы керек.
2. Өндүрүштүк жана чарбалык-тиричилик агын суулары үчүн каналдардын ички тарамдары өзүнчө жабдууланат жана коллекторго өз алдынча чыгуусу тийиш.
3. Өндүрүштүк жана турмуш-тиричилик сууларын ачык көлмөлөргө тиешелүү тазалоосуз кое берүүгө жол берилбейт.
4. Өндүрүштүк агын сууларын каналдаштырууга жана жергиликтүү тазалоо курулмаларына кое берүүнүн алдында тамак-аш өндүрүшүнүн технологиялык процесстерине жараша механикалык тазалоодон өткөрүлүшү керек, май чыпкалары аркылуу өткөрүлөт жана зыянсыздандырылат.
5. Өндүрүштүк жана кампа жайларындагы агын суулар куюла турган тик түтүктөр текшерүүсүз сырты шыбалган тик тирөөчтөргө төшөлүүсү керек.
8-берене. Жарык берүүгө, желдетүүгө жана жылытууга карата
гигиеналык талаптар
1. Тамак-аш азыктарын өндүрүү боюнча ишканалар гигиена эрежелерин жана эмгек коопсуздугунун шарттарын сактоо менен жумуштарды аткарууга мүмкүндүк берүүчү жасалма жана табигый жарык менен камсыз кылынууга тийиш.
2. Тамак-аш азыктарын өндүрүү боюнча ишкананын өндүрүштүк жайларындагы шамдар аларды бузулуудан жана азыктарга айнектин түшүүсүнөн сактоо үчүн коргоочу калканчтар менен жабдылышы керек.
3. Тамак-аш азыктарын өндүрүү боюнча ишканаларда жайлардын функциялык багытын жана өндүрүш технологиясын эске алуу менен, табигый жана механикалык агынды-сормо желдетүү жана жылытуу тутуму каралышы керек.
4. Шамдарды ачылма технологиялык идиштердин үстүнө жайгаштырууга тыюу салынат.
5. Желдетүү тутумдарынын көзөнөктөрү өндүрүш жайларына курт-кумурскаларды жана кемирүүчүлөрдүн кирүүсүн болтурбоо үчүн майда торчолуу металл тор менен жабылышы керек.
9-берене. Турмуш-тиричилик имараттарына карата гигиеналык талаптар
1. Тамак-аш азыктарын өндүрүү боюнча ишканалардын өндүрүштүк цехтеринин жумушчулар үчүн турмуш-тиричилик жайлары иштегендердин санына жараша жана санитардык өткөрмө түрүндө жабдууланууга тийиш.
2. Бардык жумушчулар санитардык кийим менен камсыз кылынышы керек.
3. Санитардык кийимдер үчүн илгич жайлар жана жеке буюмдарды коюучу жайлар өз-өзүнчө болушу керек.
Иштеген аялдардын саны 100дөн ашса, аялдардын өздүк гигиенасы үчүн жайлар жабдылышы керек.
4. Жуунучу жайлар кийим илгич жайга ирегелеш жайгаштырылышы керек.
5. Ажаткананын кире беришинде дезинфекциялоочу суюктук менен нымдалган дезкилемче болушу керек.
6. Санитардык түйүндөрдү тазалоо жана дезинфекциялоо үчүн сигналдык түрдөгү атайын шайман бөлүнүп берилүүгө тийиш, аны сактоо үчүн өзүнчө жай аныкталат.
10-берене. Тамак-аш азыктарын өндүрүү боюнча ишканалардын
жайгашуусуна карата гигиеналык талаптар
1. Технологиялык операциялардын мүнөзүнө жана аларга байланыштуу тобокелдиктерге жараша тамак-аш азыктарын өндүрүү боюнча ишканалардын имараттары менен жайлары, жабдуулар жана техникалык каражаттар төмөнкүлөрдү эске алуу менен жайгаштырылышы, долбоорлонушу жана курулушу керек:
1) тамак-аш азыктарын өндүрүүдө булгануунун деңгээли керектөөчүлөрдүн ден соолугу үчүн коркунуч келтирбегидей төмөн болушу;
2) долбоор жана пландаштыруу инженердик коммуникацияларды техникалык тейлөөнү жүргүзүүгө мүмкүндүк бергидей болуусу;
3) тамак-аш азыктарына тийиштүү пайдалануудагы капкактар жана материалдар ууландырбагыдай жана иштетүүнү жана тазалоону жеңил жүргүзүүгө мүмкүндүк бергидей болуусу;
4) температураны, нымдуулукту жөнгө салуу жана башка чараларды камсыз кылуу үчүн техникалык каражаттардын болушу;
5) кемирүүчүлөрдөн жана башка зыянкечтерден коргоонун натыйжалуу болушу.
2. Тамак-аш азыктарын өндүрүү боюнча ишканаларды жайгаштыруу жөнүндө чечимди кабыл алууда мүмкүн болуучу булгануу булактарын эске алуу зарыл. Ишканалар бардык коргонуу чараларын жүргүзгөндөн кийин деле коркунуч сакталып калуучу жерлерде жайгаштырылбашы керек.
11-берене. Өндүрүш калдыктарынын чогулушуна жана аны жок кылууга
карата гигиеналык талаптар
1. Таштандыларды чогултуу үчүн кыртышы катуу аянтчаларга орнотулуучу капкактуу темир контейнерлер колдонулат, анын чен өлчөмдөрү контейнерлердин ээлеген аянтынан үч эсе чоң келет. Таштандыларды чогултуу үчүн контейнерлер өндүрүштүк жана көмөкчү имараттардан окчунураак жайгаштырылат.
2. Тамак-аш азыктарын өндүрүү боюнча ишканада курт-кумурскалардын жана кемирүүчүлөрдүн болушуна жол берилбейт. Курт-кумурскалардын жана кемирүүчүлөрдүн пайда болушунун алдын алуу үчүн ал аймакта, өндүрүштүк, кампалык жана көмөкчү имараттарда санитардык тартип сакталышы жана мезгил-мезгили менен дезиштетүү жүргүзүү керек.
3. Контейнерлерге белги коюлуп жана аларды таза кармоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылынгыдай жана аларга жаныбарлардын түшүп калышын болтурбагыдай коюлушу керек.
4. Өндүрүш таштандыларын атайын бөлүнгөн жерге ташып чыгуу тамак-аш азыктарын өндүрүүчүнүн атайын жабдылган унаасы же таштандыларды чыгаруу боюнча ишкананын адистешкен унаасы менен келишимдик негизде жүзөгө ашырылышы керек.
3-глава Тамак-аш азыктарын өндүрүүгө карата жалпы гигиеналык талаптар
12-берене. Технологиялык жабдууларга карата гигиеналык талаптар
1. Жабдуулар техникалык тейлөө жана иштетүү үчүн аларга жетүү эркин болгудай жана белгиленген багытына ылайык иштетиле тургандай жайгаштырылышы керек.
2. Тамак-аш азыктарынын булгануусун болтурбоо үчүн технологиялык процесстер мүмкүн болушунча көбүрөөк автоматташтырылышы жана механикалаштырылышы керек.
3. Тамак-аш азыктарына тийиштүү технологиялык жабдуулар уулуу эмес, дат баспаган, тамак-аш азыктарын өндүрүүгө колдонууга уруксат этилген жана тазалоого жана дезинфекциялоого оңой болгон материалдардан жасалышы керек.
4. Булгануу тобокелчилигин болтурбоо үчүн технологиялык жабдуулар натыйжалуу тазаланууга, жуулууга жана дезинфекцияланууга тийиш.
5. Технологиялык жабдуулардын жайгашуусу технологиялык процесстердин агымын камсыз кылуусу, чийки заттардын жана даяр азыктардын каршы агымдарын болтурбашы керек.
6. Жабдууларды жайгаштырууда өндүрүштүк процесстердин, чийки заттардын, жарым фабрикаттардын жана даяр азыктардын сапатына гигиеналык контроль жүргүзүүнү камсыз кылуучу шарттар жана ошондой эле жайларды жана жабдууларды жууп-тазалоо, жыйноо жана дезинфекциялоо мүмкүнчүлүгү сакталышы керек.
7. Технологиялык жабдуулар тапшырылгандай деңгээлде өлчөөчү каражаттар жана технологиялык процесстердин берилген көрсөткүчтөрүн талаптагыдай кармоо жана контролдоо үчүн шаймандар менен камсыз кылынышы керек.
8. Бардык өлчөөчү каражаттарды колдонуунун мыйзамдуулугу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ырасталуусу тийиш.
9. Тамак-аш азыктарын өндүрүү боюнча ишканаларда төмөнкүлөрдү колдонууга тыюу салынат:
1) сымап термометрлерди;
2) айнек термометрлерди, ареометрлерди ж.б. ушундай коргоочу алкагы жок өлчөөчү каражаттарды.
13-берене. Технологиялык процесстерге карата гигиеналык талаптар
1. Азык-түлүк чийки заттарын жана тамак-аш азыктарын кабыл алуу, кайра иштетүү жана сактоо процесстеринин бардыгы аларды таза кармоо жана булгануудан жана бузулуулардан сактоо, ошондой эле аларга башка нерселердин жана заттардын түшүп калуусунан сактоо шарттарында жүргүзүлүшү керек.
2. Тамак-аш азыктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыгууга тийиш.
3. Ишканалар чийки заттарды андан ары иштетүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген документтери жок албоого тийиш.
4. Иштетүү үчүн келип түшкөн чийки заттар жана көмөкчү материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына жооп бериши керек.
5. Технологиялык процесстерге карата гигиеналык талаптардын сакталышы үчүн жоопкерчилик ишкананын жетекчиси тарабынан ыйгарым укук берилген жооптуу адамдарга жана ишкананын жетекчисинин өзүнө жүктөлөт.
14-берене. Азык-түлүк чийки заттарын кайра иштетүүгө карата
гигиеналык талаптар
1. Азык-түлүк чийки затын өндүрүүчүлөр төмөнкүлөр үчүн чара көрүүсү керек:
1) азык-түлүк чийки заттарынын абадан, жер кыртышынан, суудан зыяндуу заттар менен булгануусун болтурбоо же чектөө;
2) азык-түлүк чийки заттарын биологиялык жана башка булгануудан сактоо;
3) айлана-чөйрөнү өндүрүштүн зыяндуу таштандыларынан коргоону камсыз кылуу;
4) зыяндуу заттарды жана калдыктарды сактоодо жана утилдештирүүдө коопсуз шарттарды камсыз кылуу.
2. Азык-түлүк чийки заттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коопсуздуктун физикалык-химиялык, санитардык-микробиологиялык, мителик жана радиологиялык көрсөткүчтөрүнүн талаптарын канааттандырышы керек.
3. Азык-түлүк чийки заттарын кайра иштетүүдө тамак-аш азыктарын өндүрүүнүн гигиеналык шарттарын уюштурууну камсыз кылуу зарыл.
4. Гигиеналык шарттарга төмөнкүлөр кирет:
1) оор металлдар, пестициддер, микотоксиндер, радионуклеиддер, ветеринардык дары-дармектердин жогору болушу, потенциялдуу патогендик микрорганизмдер, микробдордун токсиндери жана гельминттер сыяктуу булгоочуларды контролго алуу;
2) колдонулуп жаткан сууну, органикалык калдыктарды жана жер семирткичтерди контролдоо;
3) өсүмдүктөрдү жана биоциддерди коргоо каражаттарын туура пайдалануу, ошондой эле аларды байкоого алуу;
4) ветеринардык дары-дармектерди жана тоют кошумчаларын туура пайдалануу жана аларды байкоого алуу;
5) өлгөн жаныбарларды, калдыктарды жана таштандыларды утилдештирүү;
6) саламаттык сактоо жаатында Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына факты боюнча маалымат жиберүүнү кошуп алганда, адамга тамак аркылуу жугуучу оору козгогучтардын түшүүсүн болтурбоону алдын алуу үчүн коргоо чаралары;
7) тамак-аштын тиешелүү гигиеналык шарттарды сактоо менен өндүрүлгөнүн, кайра иштетилгенин, таңгакталганын, сакталганын же алынып келингенин кепилдей турган дезинсекциянын, дератизациянын жана дегельминтизациянын натыйжалуу жол-жоболору;
8) малды жана канаттууларды союу алдындагы багуу жана союу боюнча ветеринардык-санитардык чаралары.
5. Азык-түлүк чийки затын өндүрүү, ташып кирүү жана аны жүгүртүү чөйрөсүндөгү чарбалык иштердин катышуучулары коопсуздук көрсөткүчтөрү боюнча лабораториялык сыноолорду жүргүзүүгө тийиш.
15-берене. Тамак-аш азыктарын ташып жеткирүүгө карата гигиеналык
талаптар
1. Тамак-аш азыктарын ташуу ушул максат үчүн гана атайын арналган, жабдылган унаа каражаты менен жүзөгө ашырылышы керек.
2. Тамак-аш азыктарын ташуучу кандай болбосун унаа каражаттары жана (же) контейнерлер тазалыкта кармалышы жана тамак-аш азыктарын булгануудан сактоочу шарттарда күтүлүүсү жана аларды тазалоо жана (же) дезинфекциялоо мүмкүндүгү бар жагдайда кармалышы керек.
3. Машиналардагы идиштер, таралар же контейнерлер тамак-аш азыктарын ташуу үчүн гана колдонулууга тийиш.
4. Эгерде унаа каражаттары жана (же) контейнерлер бир эле учурда тамак-аш азыктарынын ар кандай түрлөрүн ташуу үчүн пайдаланылса, анда бул азыктарды өз-өзүнчө бөлүү каралышы керек.
5. Көлөмдүү суюк түрдөгү тамак-аш азыктары, же гранул же күкүм түрүндөгү тамак-аш азыктарын ташууга арналган идиштерде жана же контейнерлерде ташылышы керек жана "тамак-аш азыктары үчүн гана" деп белги коюлууга тийиш.
6. Унаа каражаттарындагы жана (же) контейнерлердеги тамак-аш азыктары булгануу тобокелдиги өтө азайтылгандай жайгаштырылышы керек.
7. Тез бузулуучу тамак-аш азыктарын ташууда тамак-аш азыктарын ташуу үчүн пайдаланылуучу унаа каражаттарынын жана (же) контейнерлердин тийиштүү температуралык режимди кармоо боюнча шарттары болушу керек.
8. Унаа каражаттарын жана жүгүртүү тарасын жыйноо (жууп-тазалоо) жана дезинфекциялоо сапаты лабораториялык изилдөөлөрдүн жардамы менен аныкталат.
9. Белгиленген тартипте жууп-тазалоодон жана дезинфекциядан өткөн, унаа каражатынын үстүнкү бетинен жана тамак-аш азыктары салынган, жүгүртүүдөгү тарадан алынган изилденген материалда (пробаларда) адамда оору козгой турган шарттуу патогендүү жана патогендик козгогучтар болбошу керек.
10. Ташыла турган тамак-аш азыктарынын алардын чыгарылышын, коопсуздугун, сактоо шарттарын жана жарамдуулук мөөнөтүн тастыктаган документи болууга тийиш.
11. Ташуу учурунда тамак-аш продукциясын кармаган адамдар таза санитардык же атайын кийим менен камсыз болушу, ошондой эле медициналык китепчеге ээ болушу керек.
16-берене. Чийки заттарды, жарым-фабрикаттарды жана даяр тамак-аш
азыктарын сактоого карата гигиеналык талаптар
1. Тамак-аш азыктарын өндүрүү боюнча ишканаларда чийки заттарды, жарым-фабрикаттарды жана даяр тамак-аш азыктарын сактоо продукциялардын түрүнө жана өндүрүүнүн технологиялык процесстерине жараша жүзөгө ашырылат.
2. Тамак-аш азыктарын сактоо төмөндөгү талаптарга ылайык келиши керек:
1) кампа жайларын чаңдын кирүүсүнөн, буулануунун пайда болушунан, аларга суунун жана сарыккан тамчылардын агып кирүүсүнөн коргоону камсыздоого;
2) эркин аралыктын (дубалдар (жертактай) жана стеллаждар ортосунда) жана натыйжалуу желдетүүнүн болушуна;
3) азыктардын жүгүртүү көлөмүнө ылайык жана температуралык-нымдуулук режимди камсыздаган муздаткыч жабдуулардын, кампа жайларынын, ошондой эле саламаттыкты сактоо органдары тарабынан тамак-аш азыктарын салуу үчүн уруксат берилген таңгактоочу материалдардын болушуна;
4) тамак-аш азыктарын сактоо режимдери өндүрүштүн технологиялык процесстеринин талаптарына шайкеш келиши керектигине;
5) тамак-аш азыктарын желбөөчү, тазалап-жуучу жана дезинфекциялоочу каражаттардан башка өзүнчө сактоого;
6) колдонулган жерлерде гигиеналык талаптарга жооп берген поддондорду пайдаланууга;
7) тамак-аш азыктарын чекене соода түйүндөрүнө чыгарууда даярдоочу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайыктыгын тастыктаган документтердин негизинде алардын коопсуздугун ырастайт;
8) даяр тамак-аш азыктарын сатар алдында сактоо даярдоочу тарабынан көрсөтүлгөн режимдерде жүргүзүлөт;
9) тамак-аш азыктарын сактап, сатууга кайрылуу стадиясында, тамак-аш азыктарын даярдоочу тарабынан көрсөтүлгөн режимди жана сактоо шарттарын камсыздоо зарыл жана мындай талаптардын сакталышы өлчөө каражаттарынын көрсөткүчтөрүнүн тийиштүү жазуулары менен тастыкталат.
3. Тамак-аш азыктары жарамдуулук мөөнөтү бүткөндөн кийин сатылууга жатпайт.
17-берене. Кызматкерлерге карата гигиеналык талаптар
1. Тамак-аш азыктарын өндүрүү боюнча ишканаларга ишке орношуп жаткандар же иштеп жаткан кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген талаптарга ылайык медициналык текшерүүдөн өтүүгө тийиш.
2. Тамак-аш азыктарын өндүрүү боюнча ишканалардагы санитардык-гигиеналык эрежелерди аткаруу үчүн өндүрүүнүн бардык этаптарында тамак-аш азыктарынын булганышын болтурбоо максатында өндүрүш жумушчуларын санитардык кийим менен камсыздоо, өздүк гигиенанын эрежелерин сактоо шарттарын түзүп берүү зарыл.
3. Инфекциялык оорулардын, жугуштуу жаракаттардын, тери инфекцияларынын, жаралардын жуктургуч булактары болгон адамдар тамак-аш азыктарын өндүрүүдөн четтетилүүгө тийиш.
4. Ар бир жумушчунун өздүк медициналык китепчеси болуп, анда текшерилүүнүн жыйынтыктары такай жазылып турат, анын ичинде жугуштуу оорулары жоктугу жана гигиеналык даярдык программасына ылайык окугандыгы тууралуу маалыматтар болууга тийиш.
5. Тамак-аш азыктары өндүрүшүнүн чөлкөмүндө иштеген ар бир кызматкер өздүк гигиенанын эрежелерин сактоого жана таза санитардык кийимге ээ болууга милдеттүү.
18-берене. Тамак-аш азыктарын өндүрүүгө карата гигиеналык
талаптарды аткаруу боюнча чарбалык субъекттердин
милдеттери жана жоопкерчилиги
1. Тамак-аш азыктарын өндүрүү чөйрөсүндөгү чарбалык субъекттер алардын контролунда турган тамак-аш азыктарын өндүрүүнүн, кайра иштетүүнүн жана сатуунун бардык этаптары ушул техникалык регламент тарабынан белгиленген гигиеналык талаптарга ылайык келээрине кепилдик беришет.
2. Тамак-аш азыктарын өндүрүү чөйрөсүндөгү чарба субъекттери төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) коопсуз продукцияны өндүрүү жана кепилденген сапат үчүн зарыл шарттарды түзүүгө, ал төмөнкүлөрдү камтыйт:
а) тамак-аш азыгынын ар бир түрүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген органолептикалык, физика-химиялык, микробиологиялык, мителик жана радиологиялык көрсөткүчтөргө ылайык келүүсүн камсыздоону;
б) тамак-аш азыктарын өндүрүүнүн технологиялык процесстеринин талаптарын аткарууну камсыздоону;
в) жумушчулардын белгилүү бир мөөнөттө зарыл медициналык текшерүүлөрдөн өтүп туруусун, ошондой эле өндүрүш гигиенасы боюнча окуусун камсыздоону;
г) коопсуздук көрсөткүчтөрүнө жооп бербеген азыктарды чыгаруу жөнүндө маалымат келип түшкөндө аны жоюу боюнча чара көрүүнү;
д) ишкананын ар бир жумушчусун санитардык кийимдердин комплекттери менен камсыздоону, анын такай жуулушун, ал эми зарыл болгондо дезинфекцияланышын уюштурууну;
е) аймакты, имаратты тазалап туруу үчүн атайын персоналдарды бөлүүнү жана жабдууларды сапаттуу санитардык тазалоо үчүн шарттарды түзүүнү;
ж) аймакты шыпырып-тазалоочу жумушчуларды, цехтеги жууп-тазалоочу жумушчуларды продукцияларды өндүрүү боюнча иштерге катышууга жол бербөөнү;
2) техникалык регламенттин талаптарын, ошондой эле мамлекеттик контролдоочу органдарынын токтомдорун, талапкаттарын жана корутундуларын аткарууга;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген түрлөргө ылайык баалоодон өтпөгөн азык-түлүк чийки заттарын, тамак-аш азыктарын жүгүртүүгө чыгарбоого;
4) өндүрүштүк контролду жүзөгө ашырууга;
5) коопсуздук талаптарына жооп бербеген азык-түлүк чийки заттарын, тамак-аш азыктарын, анын ичинде сатылып кеткендерди да алып коюуга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аларды керектөөчүдөн кайтарып алууну камсыз кылууда аларды утилдештирүүнү же жок кылууну өз каражаттарынын эсебинен жүргүзүүгө.
3. Ушул Мыйзамды аткаруу үчүн жоопкерчилик чарба субъекттеринин жетекчилигине жүктөлөт.
4. Ташуунун жана сактоонун белгиленген эрежелерин сактоодо өнөр жайда даярдалган тамак-аш азыктарынын жарамдуулук мөөнөтүнүн бүткүл мезгили ичинде коопсуздуктун белгиленген талаптарына продукциянын ылайык келбегендиги үчүн даярдоочу (жөнөтүүчү) жоопкерчилик тартат.
19-берене. Тамак-аш азыктарын өндүрүү, алардын коопсуздугун
кепилдөө принциптери
Тамак-аш азыктарын өндүрүү төмөндөгү принциптерге ылайык жүзөгө ашырылууга тийиш:
1) өндүрүлгөн продукциялардын коопсуздугун камсыздоочу, тамак-аш азыктарын өндүрүүнүн бардык баскычтарында (участоктордо) аларды жүзөгө ашыруунун технологиялык процесстерин жана режимдерин тандоо;
2) өндүрүлгөн тамак-аш азыктарын жана чийки заттардын булгануусун болтурбай турган технологиялык процесстердин оптималдуу ырааттуулугун (агымын) тандоо;
3) өндүрүштү тийиштүү имараттар, коммуникациялар, жабдуулар, үйрөтүлгөн даяр персоналдар менен камсыздоо;
4) чийки заттардын, таңгактоонун, көмөкчү материалдардын коопсуздугун, алардын туура сакталышын жана ташылуусун контролдоо;
5) өндүрүлгөн азыктардын коопсуздугун камсыздоочу тартипте уюштурулган, технологиялык жабдуулардын ишин контролдоо;
6) чийки заттарды ташуунун жана сактоонун зарыл шарттарын камсыз кылуу;
7) тамак-аш азыктарын өндүрүү процессинде пайдаланылган имараттарды, жабдууларды, шаймандарды жана унаа каражаттарын алар азыктарды булгоочу булак болбой тургандай абалда кармоого;
8) продукцияларды өндүрүү процессинде алардын коопсуздугун камсыз кылуучу колдонулган имараттарды автоцистерналарды, жабдууларды жана шаймандарды санитардык тазалоонун (жууп-тазалоонун), дезинфекциялоонун, дезинсекциялоонун жана дератизациялоонун ыкмаларын жана мезгилдүүлүгүн тандоо. Санитардык тазалоо, дезинфекциялоо, дезинсекциялоо жана дератизациялоо продукциялардын булгануу тобокелчилигинен качуу үчүн жетиштүү аралыкта жүргүзүлүүгө тийиш. Санитардык тазалоонун, дезинфекциялоонун, дератизациялоонун жана дезинсекциялоонун мезгилдери өндүрүштүк (өздүк) контролдун тутумдарынын алкагында чарбалык иштин катышуучулары тарабынан белгиленет.
20-берене. Өндүрүш операцияларын контролдоо
1. Тамак-аш азыктарын өндүрүүнү жүзөгө ашыруучу өндүрүүчү өндүрүштүк-технологиялык процесстин ар бир этабында коркунучтуу тобокелчиликтерди жана кескин контролдук түйүндөр же тамак-аш азыктарынын коопсуздугу менеджменти тутумун талдоонун негизинде ушул Техникалык регламенттин талаптарынын сактоо үчүн өндүрүштүк контролду уюштурат.
2. Өндүрүштүк контроль уюмдун жетекчиси же жекече ишкер тарабынан белгиленген тартипте бекитилген өндүрүштүк контроль программасына ылайык жүзөгө ашырылат.
3. Өндүрүштүк контроль программасы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) технологиялык процесстердин контролдонуучу чен-өлчөмдөрү;
2) коопсуздук талаптары боюнча чийки затты, компоненти, даяр продукцияны лабораториялык өндүрүштүк контролдоонун мезгилдүүлүгү;
3) жууп-тазалоо, жыйнаштыруу, дезинфекциялоо жана дератизациялоо графиктери жана режимдери;
4) жабдууларды жана шаймандарды техникалык тейлөөнүн графиктери жана режимдери;
5) продукцияны кайра алуу, толуктап иштеп чыгуу жана кайра иштетүү жолдору;
6) персоналдардын гигиенасын камсыздоо боюнча иш-чаралар;
7) мүмкүн болуучу булгоочуларды контролдоочу пункттар (кескин контролдоочу түйүндөр);
8) продукцияны кайтарып алуу (жүгүртүүдөн алып коюу) жол-жобосу.
Өндүрүштүк контролдоо программасы ишкананын жетекчилигинин кароосу боюнча өндүрүштөгү өзгөрүлгөн кырдаалга байланыштуу кайра каралышы же толукталышы мүмкүн.
Өндүрүүчү өндүрүлгөн тамак-аш азыктарынын булганышын жокко чыгаруучу, технологиялык процесстердин тандалып алынган оптималдуу ырааттуулугун (агымын) контролдоону камсыз кылууга тийиш.
4. Жүргүзүлгөн өндүрүштүк контролдун натыйжалары ушул Мыйзамдын талаптарынын аткарылышын ырастоо үчүн документ түрүндө жол-жоболоштурууга тийиш.
4-глава Тамак-аш азыктарынын коопсуздук менеджмент тутумун киргизүү
21-берене. Тамак-аш азыктарынын коопсуздук менеджмент тутумунун
принциптери
Тамак-аш азыктарынын коопсуздугун камсыздоо үчүн тамак-аш азыктарынын коопсуздук менеджмент (башкаруу) тутумунун принцибине негизделген милдеттүү контроль тутумун киргизүү зарыл. Ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык келген продукцияларды өндүрүү үчүн тамак-аш азыктарын өндүрүү боюнча чарба субъекттери төмөндөгү принциптерге негизденген өндүрүштүк (өздүк) контроль тутумун уюштурушу, колдонушу жана колдоосу керек:
1) өндүрүү жана жүгүртүү процессинде ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык келбеген продукцияны жүгүртүүгө чыгарууга алып келүүсү мүмкүн болгон, ар кандай коркунучтарды аныктоо;
2) өндүрүү процессинде коркунучту болтурбоодо жана жоюуда контролдун зарылдыгын талап кылган кескин контролдук түйүндөрдү аныктоо;
3) технологиялык процесс тарабынан аныкталып берилген параметрлерди контролдоодо, аларды сактабоо ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык келбеген продукцияларды жүгүртүүгө чыгарууга алып келүүсү мүмкүн;
4) кескин контролдук түйүндөрдө аныктала турган жана контролдоно турган көрсөткүчтөрдүн чектүү маанисин белгилөө;
5) кескин контролдук түйүндөрдө контролдоно турган көрсөткүчтөрдүн мониторингин жүргүзүү;
6) азыктын ар бир түрү боюнча коопсуздуктун белгиленген көрсөткүчтөрүнөн четтеген учурда аракеттердин тартибин аныктоо;
7) өндүрүштүн технологиялык режимдерин жана параметрлерин белгилөөчү тиешелүү документтерди жүргүзүү.
5-глава Корутунду жана өткөөл жобо
22-берене. Ушул Мыйзамдын талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
1. Ушул Мыйзамдын талаптарынын сакталышы үчүн мамлекеттик көзөмөл Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте контроль жана көзөмөл жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Ушул Мыйзамдын талаптарын аткарбагандыгы үчүн тамак-аш азыктарын өндүрүү менен алектенген жеке жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликти тартат.
23-берене. Өткөөл жоболор
Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып тамак-аш азыктарын өндүрүүнүн санитардык-гигиеналык шарттарын жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар ушул Мыйзамдын талаптарына каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат.
24-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 12 айдын аралыгында күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 6 айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |