Редакцияот 02.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2015-жылдын 2-апрели № 69

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө

1-берене.

 

Бажы биримдигинин тиешелүү техникалык регламенттери Кыргыз Республикасынын аймагында күчүнө кирген датасынан тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

"Машиналарды жана жабдууларды коопсуз эксплуатациялоо жана утилдештирүү жөнүндө" техникалык регламент" тууралуу Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 29-декабрындагы № 280 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 10, 1108-ст.);

"Жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын коопсуздугу боюнча Кыргыз Республикасынын Техникалык регламенти" жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 29-майындагы № 178 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 5, 495-ст.);

"Жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын коопсуздугу боюнча жалпы техникалык регламент" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 18-майындагы № 61 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 5, 2285-ст.);

"Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун" техникалык регламенти" жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 29-январындагы № 18 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2010-ж., № 1, 18-ст.);

"Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу" техникалык регламенти" жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 27-июнундагы № 57 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 6, 552-ст.);

"Тамак-аш азыктарын маркалоо жөнүндө" техникалык регламент" тууралуу Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-майындагы № 86 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 5, 483-ст.);

"Тамак-аш азыктарын өндүрүү гигиенасы" техникалык регламенти" жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 1-июнундагы № 88 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 6, 594-ст.);

"Оюнчуктардын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент" тууралуу Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 177 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 7, 934-ст.).

 

2-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга жатат жана 2014-жылдын 29-майындагы Евроазиялык экономикалык бирлик жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу эл аралык келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет. 

 

Кыргыз Республикасынын

       Президенти

 

А.Ш.Атамбаев