Редакцияот 12.07.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2013-жылдын 12-июлу № 136

 

2013-жылдын 22-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Чек аралык кызматтарды региондук жакшыртуу" долбоорун каржылоо жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу

 

1-берене.

 

2013-жылдын 22-майында Бишкек шаарында кол коюлган "Чек аралык кызматтарды региондук жакшыртуу" долбоорун каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Макулдашуу ратификациялансын.

 

2-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Азия өнүктүрүү банкына Кыргыз Республикасынын жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду аткарганы жөнүндө кабарласын.

 

3-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А.Атамбаев