МыйзамКүчүндө

КР 2013-жылдын 12-июлундагы № 136 «2013-жылдын 22-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы»Чек аралык кызматтарды региондук жакшыртуу«долбоорун каржылоо жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Мыйзамы

Редакция12.07.2013 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2013-жылдын 12-июлу № 136

 

2013-жылдын 22-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Чек аралык кызматтарды региондук жакшыртуу" долбоорун каржылоо жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу

 

1-берене.

 

2013-жылдын 22-майында Бишкек шаарында кол коюлган "Чек аралык кызматтарды региондук жакшыртуу" долбоорун каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Макулдашуу ратификациялансын.

 

2-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Азия өнүктүрүү банкына Кыргыз Республикасынын жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду аткарганы жөнүндө кабарласын.

 

3-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А.Атамбаев