Редакцияот 30.07.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2013-жылдын 30-июлу № 168

 

"Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу

 

1-берене.

 

"Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 4, 337-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

1. 2-берене төмөнкү мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:

"- атаандаштыкты чектөөгө жана базарды монополизациялоого жол бербөө;".

2. 4-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:

"- атаандаштыкка таасир этүүнүн күтүлгөн натыйжаларына баа берүүнү;".

 

2-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик-укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А.Атамбаев